Бизге чейинки улуулар өздөрү жашаган доордун шартына жараша олуттуу күрөш жүргүзүшүп, Жараткан Алланын атын дүйнөнун чар тарабына жеткирүү үчүн колдон келген күч-аракеттерин жумшашкан. Бул иш кээде суфийлердин жана олуялардын колу менен, кээде соодагерлер аркылуу, айрым учурларда күч менен багындыруу аркылуу да ишке ашырылган. Алар эң татаал жагдайларга карабастан жердин жети катмарына чейин жетишип, кайда барбасын тынчтыктын, бейпилдиктин жана адилеттиктин өрнөгүн көрсөтүшкөн.

     Бирок, биз жашап жаткан доор алардыкына таптакыр окшобойт. Баары өзгөрдү. Коомдук, саясий, экономикалык шарт-жагдайлар гана эмес, ар башка маданияттар, турдүү философиялар жана түшүнүктөр жарыкка чыкты. Мына ошондуктан, Алланын динин жеткирүүнүн жолдору менен усулдары да доордун талабына ылайык болууга тийиш. Талапка ылайык болбосо ийгиликке жетүү абдан кыйын. Алтургай, тескери натыйжа келип чыгышы мүмкүн.

     Бадиуззаман Саид Нурси: «Кылыч кынына салынды, маданияттуу инсандарды тек гана ынандыруу жолу менен жеңүүгө болот»? – деген сөзү аркылуу учурубуздагы туура усулдун кандай болушу керектигине багыт берген эле. Селжуктар болобу, Осмондор болобу, же Укба Ибн Нафи,Тарык Ибн Зияд болобу, алардын кимиси болсо да бүгүнкү заманда башкачараак ыкманы карманышмак. Алар маселелерди өз доорунун шарт-жагдайларына жараша чечиш үчүн айрым учурларда кылычка да таянып, күч колдонууга аргасыз болушкан чыгаар. Бирок учурубуздагы муктаж  адамдардын жүрөгүнө улуу баалуулуктарды уялатыш үчүн башка аргаларды табышыбыз керек болот. Ошону таптыкпы же таба алган жокпузбу, аны билбейм. Бирок азырынча тапкан жолубузга жараша аракет кылып жатабыз.

     Учурдагы глобалдык кырдаалга көз чаптырганыбызда, биз кандай позицияны карманышыбыз керек, жараянга кандай мамиле жасашыбыз керек экени ачык көрүнүп турат. Зордук-зомбулук менен радикализмдин бардык түрлөрүнөн таптакыр алыс болуу жана таалим-тарбия, диалог, сый-урмат аркылуу эзели чечилбечүдөй көрүнгөн көйгөйлөр да чечилет деген ойдобуз. Мына ушундай усулдар менен жүргүзлгөн иш-аракет диндин түпкү рухуна абдан төп келет деп эсептейбиз. Деген менен, эң жакшы иштерди биз эле жасап атабыз деп айталбайбыз. Алланын шарапаты менен жарыкка чыккан жакшы иштер эч качан кимдир бирөөлөргө байланыштырылбашы керек. Андай кылсак баарын текке кетирген болобуз.  «Биздин жолубуз эле Эң туура, кынтыксыз жана акылга төп, динге да эң ылайыктуу жол»? – деген сыяктуу өзүмчүлдүк менен текебердик жыттанган сөздөрдөн алыс болушубуз керек. Жаңы идеялар менен иш-аракеттер Имам Азамдын, Имам Газзалинин жана Бедиуззаман сыяктуу улуу инсандардын ойлоруна толук дал келип турса да, ыймандуу пенде ар дайым ак ниет жана кичипейил болууга милдеттүү. Учурдагы ой-толгоолорубуз менен көз караштарыбыздан дагы жакшыраагын таба ала турган болсок, ой-пикирлерибизди эч тайсалбабастан өзгөртүүгө туура келет.

     Тарых философиясын изилдеген окумуштуулар да баса белгилегендей, мусулмандар күч менен басып кирген жерлерден кандайдыр бир жолдор менен кайра кууп чыгарылган. Бирок адамдардын жүрөктөрүнөн түнөк таап, сый-урматтын жолу менен кирген жерлеринде болсо туруктуу кала беришкен. Андалусия бул жаатта мисал боло алат. Мусулмандар ал жерди кылыдмар бою байырлагандан кийин көрбөгөн кордукту көрүп куугунтук жешкен. Арадан кылымдар өтсө да, ал жерде болуп өткөн окуялар эсиме түшкөн сайын көзүмө жаш тегеренет. Өзүмчө ал окуянын кийинки  пайдалуу жактарын да издемиш этип, ичке толгон арманымды басууга аракет кылсам деле ушул убакка чейин Ислам географиясынан жоголгон бул аймак үчүн тарткан кайгы-муңумду жеңилдетиштин жолун таппай келем.

     Демек, дал ушундай жерлерде жашаган адамдар сени кабыл алган күндө да, жүрөгүнүн түпкүрүндө калган жаракаттан улам, убакыттын өтүшү менен сага каршы реакциялары тымызын өрчүй берет. Мындай реакция шарт-жайгдайга жараша барган сайын күчөп олтуруп, акыры бир күнү алар сени байырлаган жериңен кууп чыгышат. Атүгүл алар сенден калган теңдешсиз табериктердин да ойронун чыгарып, байлыктарыңды тоноп, миллиондогон адамдарды өлтүрүшөт. Бул абдан маани берүүгө тийиштүү маселе.

     Үлгүнүн күчү

     Жакшыбы-жаманбы, мурдагылар өз жоопкерчиликтерин аткарганга аракет жасашкан экен. Биз үчүн эң маанилүүсү – биздин эмне кылгандыгыбыз болуп саналат. Ыймандуу пенденин түпкү максаты – Алланын ыраазычылыгына жетүү. Бүт дүйнөнүн кожоюну болушту мындай кой, ал акыреттеги жыргалчылыкты да тикелей максат кылбайт. Алла Тааланын  ыраазычылыгына жетиштин эң чоң аргасы да Анын теңдешсиз улук ысымын төгөрөктүн төрт  бурчуна жеткирүү болуп саналат. Бул болсо өмүрлүк максат кылууга татыктуу иш-аракет. Демек. Буга эч ким кайдыгер карабашы керек. Тилекке каршы, бир нече кылымдан бери мусулмандар мындай маанилүү ишке көңүл бурбай калышкан. Буга чейинки шалаакылык мындан ары да уланып кете бербеши керек. Кимдир бирөөлөр бул маселеге баш оорутуп, олуттуу иш-аракеттерге аттанышы жана ушул жолдо кезиккен кыйынчылыктарды да көтөрө билиши зарыл.  Бугүнкү күндө Жараткан Алла ага кандай мүмкүнчүлүктөрдү берип жаткан болсо ошону жакшы пайдаланып, колдон келишинче дайым алдыга умтулууга жана ушул максатта жан үрөөгө тийиш. Мындан ары кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болсо аны да жакшы колдонуш керек. Адамдар  ашкере күнөөгө батышкан бул кылымда жашап жаткан биз сыяктуу кишилер үчүн асыл максатка жетүүнүн жана күнөөдөн арылуунун мындан да өткөн жакшы жолу жок.

     Биз исламдын толук жана кынтыксыз дин экендигине  чын жүрөгүбүз менен ишенебиз. Ошондой эле, Алла Тааланын ушул дин аркылуу адамзатка керемет дөөлөт тартуулагандыгына жана адамзаттын учурда да ага муктаж экендигине толук ынанабыз. Адамзаттын асыл Сыймыгы (саллаллаху алейхи васаллам) Бейишке барчу жолду көрсөткөн, ошондуктан бүт адамзатка өрнөк болгон чыныгы жетекчи экендигине да ынанабыз. Мына ошондуктан, Ал адамзатка телегейи тегиз, бардык өңүттөн таанытылууга тийиш. Биз ушул өзгөчө маанилүү милдетти аткарууга аттангандарбыз.

     Албетте, кээ бир обу жок ээнбаштар менен кежирлер бул маселеге тынчсызданат. Душмандык кылууга бел байлагандар да сени жолуңдан бурууга аракет кылышат. Бирок, биз маселени ушундай карамүртөздөр менен агрессорлорго гана байланыштырып, келечегибизди бүдөмүк элестетсек болбойт. Айтмакчы, биз жолуккан, чогуу болгон адамдар ар дайым ыраазычылыгын билдирип, жакшы тилектерин айтып келишет. Азын-оолак эле болбосо, айыптаган же жаман көргөндөрдү жолуктурган жокмун. Ошондуктан, терс көрүнүштөргө гана назарыбызды оодарып үмүтүбүзгө суу сеппешибиз, пессимисттикке жол бербешибиз керек.

     Адамзатка абдан жакшы идеяны сунуштайт элем дегендер башкаларга бир нерсени айтып, түшүндүрүштөн мурун өздөрүнүн жүрүм-туруму аркылуу кынтыксыз үлгү болууга аракет кылышы зарыл. Анткени айтылган сөз кээ бир адамдардын мүнөзүнө төп келбегендиктен жатыркоого себеп болушу мүмкүн. Балким айтканыңар ары-бери калчанып олтуруп, акыл-оюңарга да кирип-чыкпаган терс маанилер чыгарылышы мүмкүн. Үлгү – ишеним тартуулайт. Ошондуктан айткан сөзгө караганда үлгүлүү иш-аракеттин ишенимдүүлүгү алда канча жогору болот. Эгерде Алла Таала адамзаттын пайдасы үчүн түшүргөн куттуу түзүмдү үлгүлүү жашообуз аркылуу эч кемчиликсиз, кынтыксыз көрсөтүп бере алсак, адамдардын андан таасирленбей, ага суктанбай калышы мүмкүн эмес. Ушунчалык талкалангандыгына карабастан, биздеги үй-бүлөлүк тартип-эрежелер, адамдык мамилебиз, кайрымдуулугубуз башкаларга таасирин тийгизип жатса, башка сөздүн кереги жок деп ойлойм. “Келгиле, мындай болгула, тигиндей кылгыла!”, – дегендин ордуна, башкаларга сунуштамакчы болгон баалуулуктарыбызды жашоо өрнөгүбүз менен абдан жагымдуу жана көзгө толумдуу кылып көрсөтө билели. Муну башкаларга көрсөтүп мактаныш үчүн эмес, өзүбүз үчүн, Аллага жакындыкты арттырыш үчүн – Кудайга кулчулуктун талабы катары жасайлы. Өзүбүз өрнөк бололу да, эмне кылууну башкалардын өзүнө калтыралы.

     Туура усулду колдонуу

     Үлгү болуш өтө маанилүү болсо да, сөздүн ролун биротоло четке кагышка да болбойт. Жашоо өрнөгүн көрсөтүү менен бирге сүйлөш керек болгон учурлардын болоору анык. Же жашоо өрнөгүңдө түшүнүксүз болуп калган жагдайларды айтып түшүндүрүшкө да зарылчылык туулушу мүмкүн. Мындай абалда усулга өзгөчө көңүл буруш керек. Кайда, качан, эмнени айтуу зарыл экенин жакшылап болжоп алышка туура келет. 

     Оболу, маектешибиз менен биздин ортобуздагы орток маселелерди аныктап алып, ошого көбүрөөк басым жасаш керек. Анткени биринчи кезекте адам өткүс аркы өйүз менен берки өйүздүн арасын жакындатууга туура келет. Ал сен айтып жаткан нерселер менен өз түшүнүгүнүн ортосунда кандайдыр бир координаттарды таба алса, айтылгандарды оңой кабыл алат. Анүчүн маектешиң карманган дин, ал өскөн маданий чөйрө, анын билим деңгээли менен ой-сезимдери эске алынып, реакция жаратпай тургандай усул колдонулушу зарыл.

     Эгерде биз мамиле кылып жаткан адамдар динден алыс болсо, анда жалпы адамзаттык баалуулуктарга токтолуп, алар аркылуу көптөгөн маселелерди түшүндүрсөк болот. «Оорулууларга кат», «Карыларга кат», «Экономика жөнүндө» риселелеринде айтылгандай темаларга артыкчылык берип, дээрлик ар бир адамдын көңүлүн бура турган маселелерди тандап алсак болот. Намаз, орозо, зекет, ажылык жана курмандык чалуу сыяктуу ибадаттарды айта турган болсок, алардын сырлары менен артыкчылыктарын баса белгилеп, жеке адамга жана коомдук жашообузга келтире турган пайдалары тууралуу сөз кылсак болот.

     Ар түрдүү диндердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууларыбызда алар да макул болгон ишеним принциптерине көңүл бурсак да болот. Баардык диндерде эле Жараткан тууралуу тигиндей же мындай түшүнүктөр бар болсо да, эч бир динде Улуу Жараткан Өз ысымдары жана сыпаттары менен исламдагыдай кеңири айтылган эмес. Алла Тааланы ар кандай ысымдар жана наамдар менен айтышса да башкалардын Жараткан Алланын улуулугу жөнүндөгү ойлору ислам дининде түшүндүрүлгөндөй айкын эмес. Маектештерибиздин деңгээлине жараша бул маселелер боюнча алар түшүнө тургандай маалымат берилсе болот.

     Ар бир дин өкүлү өз пайгамбарын эң улуу деп эсептегендиктен, Адамзаттын асыл Сыймыгы жөнүндө сөз болгондо алар беймазаланып, бул жаатта каршы пикир айтышы да мүмкүн. Ошондуктан алар менен чогулганыбызда пайгамбарлык акыйкатына токтолуп, пайгамбарлардын сыпаттарын түшүндүрүү пайдалуураак болот. Ошол сыяктуу эле, Христиандык менен Иудаизмде да Исламдагыдай ачык-айкын айтылган жана майда-чүйдөсүнө чейин баяндалган кайра тирилүү ишеними жок. Аяттарда жана хадистерде баяндалган маселелерди “Куранда мындай, Алланын Элчиси мындай деген” деп олтурбастан, теманы шыдыр баяндасаңыз алар муну жеңил эле кабыл алышат деп ойлойм.

     Маектештер менен жакын мамиле түзүп, достук орноткондо аларга айтылган маселелердин таасири күчтүүрөөк болот. Өз ара зыярат кылуу, белек берүү, өз ара көмөктөштүк негизинде иш алып баруу аркылуу айныгыс, бекем  достук мамилелерди түзүшүбүз керек. Бул жатта башкаларга мүмкүн болушунча сылык-сыпайы мамиле кылууга тийишпиз. Карандай каршы пикирлердин жок болушу жана адамдардын бири-бирин уга алышы үчүн достуктун мааниси өтө чоң. Муну кыла алсак, биз жеткире турган нерселер алар үчүн абдан баалуу абалга келет. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) чакырыгынын ошол доордогу коомчулук тарабынан жакшы кабыл алышындагы эң негизги себептердин бири – анын пайгамбарлыкка чейин эле адамдардын сүймөнчүгүнө ээ болгондугу экенин унутпашыбыз керек. 

     Эс-акыл жана себептерди аткаруу

     Алла Тааланын ысмын бийик көтөрүү жолунда жанын аябастан, жасаган ар бир ишин ак ниеттүүлүк жана ыкластуулук менен аткаруу адамдын бул жаатта ийгиликке жетиши үчүн абдан маанилүү. Ыклас жана ак ниеттүүлүк менен жасалган майда-барат иштер да Алла Таала тарабынан кабыл алынып, баа жеткис наркка ээ болот. Бирок ташталган кадамдардын натыйжага жетиши жана үзгүлтүксүз уланып турушу үчүн ниет менен ыкласка кошумча билим, тажрыйба жана логика да абдан маанилүү. Мисалы, зордук-зомбулук адамгерчиликке да, исламга да төп келбегендей эле, күч колдонуу жолу менен динге чакыруу да акылга сыйбаган жорук. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө кимдир бирөөлөр тарабынан жасалып жаткан, ислам динине таптакыр төп келбеген террордук чабуулдар, жанкечтилер динге да, эс-акылга да толук каршы келет. Анткени терроризм менен зордук-зомбулуктан эч бир майнап чыкпайт. Чыккан күндө да ал көпкө барбайт. Себеби мындай иш-аракеттердин артында жек көрүү, өчүгүшүү жана арылбас кек калат. Күндөрдүн биринде мындай жек көрүүгө себепкер болгондордун өздөрүнүн да башын жутуп тынат. Эгерде жасаган иштерибиз адамдар тарабынан жылуу кабыл алынып, үзгүлтүксүз уланышын каалай турган болсок, анда ар ишти жакшы ниет жана асыл ой менен баштоого, дайыма Жараткандын буйругуна ылайык иш кылууга, ошондой эле, эс-акылдын чегинен чыкпай  аракеттенүүгө туура келет.

     Эгерде жасаган жакшы иштериңиздин жылуу кабыл алынышын же болбосо жок дегенде ишиңизге башкалардын кедерги туудурбашын кааласаңыз, анда иштериңизди ааламда бүт баары көңүл бура турган деңгээлге алып чыгышыңыз керек. Башкача айтканда, бүт ааламга гегемония орноткусу келген, кагылышуулардан пайда тапкан же болбосо өчүгүү менен жек көрүүгө берилип алган кээ бир залимдер менен чабуулчулар жолуңарга тоскоол болгусу келгенде, башкалар силерди жактап: «Жок, буларга тоскоол болбогула, булар адамзат үчүн абдан пайдалуу иштерди жасап жатышат», – деп айтып чыгышы керек. Бир жагынан адамзаттын тынчтыгы, бейпилдиги үчүн тынымсыз аракет жасап, экинчи жагынан жасап жаткан жакшы иштериңерди башкалардын талкалашынан коргош үчүн колдон келген арга-себептин баарын аткарууга тийишсиңер.

     Албетте, биз Жараткан Алланын ырайымы менен коргоосуна толук ишенебиз. Бирок, бизге сый катары бериле турган Алланын ырайымынын негизинде план-программа түзбөйбүз. Ар дайым эле айтып келгенибиздей, динибиз ар иштин арга-себептерин ошого толук ишенип алган сыяктуу аткарууну, бирок натыйжасын тагдырчылар сыяктуу бир Аллага тапшырууну үйрөтөт. Бардык нерселер Алла Өзү жаратып, ырайымын төгүп, шарапатын тийгизгенде гана жарыкка чыгат. Бирок пенде Алладан келиши мүмкүн болгон шарапатты күтүп отурбастан, жасай турган ишин мыкты пландашы керек болот. Эгер Алланын сый-шарапатын күтүп отуруш керек болгондо, муну эң биринчи Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кылмак. Бирок Ал мындай кылган эмес. Тактап айтканда, ал иштерин эч качан ойдо жок кереметтердин алкагында пландаштырган эмес. Алла каалаган болсо Меккенин айыгышкан душмандарынын төбөсүнө асмандан метеорит жаадырып, алардын ишин бүтүрмөк. Бирок, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) инсандардын бири катары адамзатка жолбашчы болгон. Ал арга-себептер аткарылышы керек болгон дүйнөдө жашаган. Ал ошол талапка жараша жетекчи болуууга тийиш эле. Алла Таала ар дайым ыймандуу пенделерине ойго да келбеген жакшылыктарын тартууласа да, алар жасашка тийиштүү иштерин өздөрүнүн жашоо шартына жараша кынтыксыз  жасаганга, жаңылыштык кетирбегенге жана алдын ала бардык чараны көргөнгө милдеттүү.

     Жалпы адамзат коому үчүн жакшылык алып келе турган иштерди колдоого алып, далай мээнеттердин аркасында жарыкка чыккан жемиштүү иштерди текке кетпеши жана анын эртең кимдир бирөөлөр тарабынан талкаланып кетпестен адамзатка үзгүлтүксүз үзүрүн тийгизе бериши үчүн бүгүнкү күндө колдон келген бардык чараларды көрүүгө туура келет. Арам ойлуу адамдардын сук колунан сакташ үчүн жетишкендиктерди бекем коргош керек болот. Алланын ырайым-шарапаты менен жакшы башталып, азыр да уланып келе жаткан майнаптуу демилгелерди бөөдө жерден бүлүндүрбөө, бүт дүйнөдө жанын аябай адамзатка кызмат кылып жаткан  асыл инсандардын мээнеттерин да текке кетирбөө зарыл.

     Мындай баалуу ачылыштардын мындан ары да токтобой уланышы үчүн ар дайым чогулуп акыл калчап, зарыл чаралар жөнүндө баш катырышыбыз, акыл-эстүү кишилер менен такай кеңешип, реалдуу, жүйөөлүү жолдор менен арга-чараларды табууга аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле, тиешелүү адамдардын баарынын ой-пикирлеринен туура пайдаланышты да билишибиз зарыл. Акылга-акыл кошкон жакшы идеяларды, басаар жолубузга багыт берген маанилүү сунуштарды жана кадамыбызды тездете турган альтернативалык ой-пикирлер менен башкача ыкмаларды колдоно билишибиз керек.

     Чыдамдуулук жана натыйжаны күтө билүү

     Бул жаатта баса белгилениши керек болгон дагы бир жагдай ушул: Билим берүү, диалог, маданий иш-чаралар же гуманитардык жардамдар аркылуу ак кызматыңарды кылып жаткан чөйрөлөр менен элдердин силер сунуштаган долбоорлорду жылуу кабыл алышы жана өздөрүнүкү сыяктуу коргошу үчүн бир топ эле убакыт талап кылынат. Баарынан мурда башкаларды ишендире билишиңер керек. Бул үчүн өзүң ичинде жашап жаткан коомдун ажырагыс бөлүгүнө айлынып, жергилктүүлөр менен бир денедей интеграцияланышың керек. Эгер өзүң ичинде жашап жаткан коомго жат бойдон, бөтөн орган сыяктуу болуп кала турган болсоң, акыры бир күнү арасынан кууласың. Алар сени өз койнуна алып, өздөрүнүн бири катары санай баштаганда гана сага каршы турушпай, аларга жеткирген нерселериңдин тууралыгынан да күмөн санашпай калат.

     Коомчулукка камыр-жумур жуурулушуп, эч бөтөнсүнбөй алардын ажырагыс бөлүгүнө айлануу кыйла убакыт алат. Ошонүчүн шашылбастан, конъюнктура мүмкүнчүлүк берген өлчөмдө аракет кылыш керек болот. Айрым учурларда өтө тез көтөрүлүп, алдыга кетүү башкалардын  реакциясын жаратышы да мүмкүн. Айрыкча, каада-салттары менен динине болгон байланышы бекемирээк кишилер өздөрүнө жат эсептеген адамдар сунуштаган демилгелерди кабыл ала алышпай, аларга терс мамиле жасашат. Мисалы, кайсы бир өлкөдө аз убакытта эле ондогон мектептерди ачышыңар ал жердеги күчтүү лоббилердин тынчын алышы мүмкүн. Бийликке, саясатка эч кандай тиешеңер болбосо да, алар муну билбегендиги үчүн, силерди да толук тааный электигинен улам чочулашы мүмкүн. Силер тууралуу балким кандайдыр бир шойкондуу иштерди жасап жатышат деп ойлошу мүмкүн. Алардын өздөрү тээ илгертен бери кылып келаткан айрым шойкондуу иштери бар болгондуктан ошонун бузулушун да каалашпайт.

     Мына ошондуктан, силер өзүңөргө идеал туткан долбоорлоруңар менен демилгелериңерге гана баш катырып, бүткүл иш-аракеттериңерде өзүңөр ичинде жашаган коомдун кызыкчылыктарын, силерден күткөндөрүн жана бул дүйнөдө алардын кылмакчы болгондорун  да ойдон чыгарбоого тийишсиңер. Жасап жаткан иш-аракеттериңердин ошондой жагдайлар менен шайкеш келишине көңүл бурушуңар керек. Башкача айтканда, жалпыга орток маселелердин чегин абдан жакшы аныктап, ошого жараша аракет кылышыңар зарыл. Алардын жолунда тоскоол эмес экениңерди, дүйнөдөгү жалпы саясат тутумдарына каршы эмес экениңерди көрсөтүүгө туура келет. Болбосо, өз мекениңерде деле силерди тынч койбогондой, чет өлкөлөрдө да тынчыңарды алып беймаза кыла беришет.

     Корутундулап айтканда, туура идея жана жигердүү иш-аракеттерибиз аркылуу идеалдарыбыздын артынан сая түшкөн жолубузда, жогоруда айтылган маселелерди дыкат талдап чыгууга туура келет. Ар кандай иште тең салмактуулукту сакташ кыйын болгон азыркы дүйнөдө ар бир маселени терең ойлонуп, таамай жолун таба билүү жана ийгиликке жетүү чындап эле кыйын. Жараткан Алла баскан кадамыбызды байсалдуу кылып, туура жолдон тайдырбасын.


Мухаммад Фетхуллах Гүлен

Которгон: Алмамбет Осмон уулу