Суроо: Пенде жашоосунун ар кандай учурларында, айрыкча куттуу күндөрдө, же айларда ойдогудай кулчулук деңгээлине жетүүгө колунан келишинче аракет кылганы менен, бир канча убакыттан кийин чарчап-чаалыгып токтоп калат. Ушундан улам кулчулукта туруктуулукту кантип карманууга болот?

Жооп: Куттуу күндөр менен айлар кулчулуктагы жигердүүлүгүбүздү жаңылап, Алланын мээримине жетүү үчүн өтө маанилүү бурсат. Бул куттуу маалдардын нурлуу атмосферасына кирип, бул түндөрдү жетишерлик деңгээлде колдоно алгандар ошол жасаган ибадаттары үчүн кабат-кабат соопторду да табат, жолду арбыта турган эңкейиштерге да жетет. Алланын мээрим эшиктери кере кулач ачылып, жүрөктөр жумшарып турган бул куттуу учурларда өзүбүздү дагы бир жолу эсепке тартып, кылган-эткен каталарыбыз, күнөөлөрүбүз үчүн чын жүрөктөн Аллага тообо кылып, истигфар айтып, өзүбүздү жаңылаганга аракет кылышыбыз керек. Дагы бир жолу өзүбүзгө өзүбүз көз чаптырып, дагы бир жолу Алла Таалага убада берип, өзгөрүү аракетин баштаганыбыз оң.

Тообо жана истигфар

Ким болбосун тообо менен истигфарга терең маани берип, ага олуттуу мамиле кылыш керек. Күнөөлөрү кечирилүүсү үчүн чын дилден Алла Таалага жалынып-жалбаруу зарыл. Жасаган күнөөлөрүнөн улам чучугуна чейин зыркырап өкүнүп, экинчи ирет кайталабоо үчүн ант үстүнө ант ичсин.

Анткени менен пенде Жаратканга берген убадасын аткара албай калышы да ыктымал. Кулчулугун бир калыпта алып кете албай калган учурлары болот. Напси менен шайтандын баш айланткан азгырыктарына алданат. Каалап-каалабай туруп тообосун бузат. Кулчулук жашоосун дайыма эле өзү каалагандай нукта алып кете албай калышы мүмкүн. Бирок, мындай абал мурун жасалган тооболорун жараксыз абалга салбагандай эле, кайрадан тообо жолуна түшүүгө да тоскоолдук кылбайт. Чын жүрөктөн тообо кылган киши Алланын алдында кылган тообосунун акысын алат. Акыретке ыйманы менен барса болду. Тообо менен истигфар деле ибадаттын бир түрү жана эң негизги маселе – анын шарттарын туура карманууда. Кийин жасалган күнөөлөр тообонун сообун жокко чыгарбайт. Ушундан улам биз Алла Таалага жакындоонун себептерин колдон келишинче колдонуп, ар бир мүмкүнчүлүктө тообо менен, истигфар менен дагы бир жолу Ага жүздөнүп, жаңыланган ыйман менен жолубузду улайлы.

Багыттан адашпоо

Бир жолу туура жолду тапкан соң, кайра адашпоо үчүн аябай аракет кылыш керек. Киши бир нерсеге жетүү үчүн канчалык аракет кылса, жеткен нерсесин жоготпоо үчүн андан да көп аракет кылууга мажбур. Бийик чокуларды багынтуу өтө оор. Бул үчүн жылаңач зоолорду ашып, ажал менен арбашып, укмуштуудай күч-кубатыңарды кетиресиңер. Бирок, туу чокуга чыккандан кийин, ал жерде карманып туруу андан дагы оор. Чокуга чыгуу үчүн кылынган тобокелчиликтердин, кетирилген күч-кубаттын, жасалган аракеттин баарын текке кетирбөө – мына ушул кыйынчылыкты жеңүүгө, ал бийиктикте туруктуу орун алууга байланыштуу. Кулчулук дагы ушундай. Тилекке каршы кай бирөөлөрдү карап турсаң, мисалы Рамазан айын кулчулук, ибадат жагынан аябай жакшы өткөрөт. Бирок, бул куттуу айдын пендени туш тараптан курчаган руханий атмосферасы бүтөрү менен ал баягы бекем ибаддатарынан алыстайт. Болбосо кулчулуктун бийиктигине жеткен соң, ал жетишкендигин сактоо үчүн мурункудан да көп аракет кылып, Аллага жалынып-жалбарып, бул маселеде өтө бекем, өтө ыкластуу болушу керек.

Момун пенде Алла Таалага кылган кулчулугу менен акырындап жүрүп кандайдыр бир даражаларга жете алат. «Напси аммаранын»[1] караңгы түпкүрлөрүнөн чыгып, «напси лавваамага»[2], андан «напси мутмаиннага»[3], кулчулуктагы ыкласына, чечкиндүүлүгүнө жараша «напси раадия» жана «напси мардиййа»[4] даражаларына көтөрүлө алат. Ал тургай бизге окшогон катардагы кишилер үчүн уруксат болсо, «напси сафия» менен «напси заакия»[5] даражаларын да багындырат. Анткени менен булардын бирөөсү дагы кишини эч качан үзүлбөй турган ишеничке салбашы керек экенин эч качан унутпайлы. Ал дайыма ылдый кулап кетишим мүмкүн деген санаа менен жашап, бет алдынан соккон шамалга жеңилбеш үчүн жеткен бийиктиктерине бекем жармашсын. Ыйманы толук жетилген момун Алла Тааланын жардамы жана мээрими болмоюн карманган багытын сактай албасын бир көз ирмемчелик дагы жадынан чыгарбай, дайыма «Колумдан карма, айланайын колумдан карма! Сенсиз жашай албайм» деген түшүнүк менен жашасын. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Эй Хайй жана Каййум! Сенин мээримиңе корголойм! Бардык иштеримди оңдоп, мени көз ирмемчелик убакытка да напсим менен жалгыз калтырба» деген дубасы менен так ушул нерсеге ишарат кылат. Пайгамбарлардын Пайгамбары өзү үчүн ушундай деп жатса, анда бизге окшоп күнөөгө кирип-чыгып келаткан кишилер эмне деш керек экенин силердин абийириңерге таштадым.

Пенделик табиятыбыз менен кээ-кээде мүдүрүлүп, чалынып турабыз. Бирок, адам уулу күнөөнүн кичинесин да, чоңун да, купуясы менен ачыгын да эч качан жөнөкөй нерседей санабашы керек. Кандай мүдүрүлүү, кандай жаңылуу болбосун пенденин табиятына бузулуу алып келерин унутпасын жана күнөөнүн кандайы болбосун жек көрүп, жийиркенип турсун. Ошондо гана ал ошол ыпластыкта калбайт жана колунан келишинче ылдамыраак Жаратканына кайтат. Жаратканына ар бир кайтканында экинчи андай жаңылууга барбайм деген чечкиндүүлүк менен кайтып, Ага убада берсин. Тилекке каршы, жаңылып-жазууну ыпластыкка түшүү, баткакка батуу катары көрбөсө, анда өзүн таштап, акырындап руханий иммунитети түшөт да, убакыттын өтүшү менен күнөөлөргө каршы тура албай турган абалга келет. Мындай кишинин тообо, истигфар аркылуу өзүнө келүүсү, баштапкы багытын кармай алышы аябай оор.

Тазаланган чөйрөлөр

Руханий иммунитетибизди талкалай турган микроп, же вирус жугузбаганга аябай көңүл буруп, мындай абалга дуушар болгонубузда тез арада андан кутулууга аракет кылалы. Бул таза чөйрөлөрдө жашоого байланыштуу экени шексиз. Кулчулукту кармануунун, бекем туруунун негизги жолдорунун бири – пенденин аруулугун, тазалыгын сактай алгыдай жерлерде жашаганында. Ушундан улам жашаган жерлерибизди нур жааган үйлөргө, маектерибизди ыйман сабактарына айлантып, дайыма ишенимдүү инсандар менен бирге бололу. Ошондо жан дүйнөбүздү уулай турган вирустардан алыс болобуз. Алсырап алсыз болгон учурларыбызда алардан колдоо табабыз.

Айрыкча күнөөгө аралашуу өтө оңой болуп калган бул каргашалуу заманда таза жерлерде, таза кишилердин арасында болуунун канчалык маанилүү экени айдан ачык. Пенде жалгыз кезинде өзүн кармап турушу кыйын. Убакыттын өтүшү менен баштапкы жигердүүлүк жоголуп, эптекейликке көнүп кетиши мүмкүн. Жугузган вирустарына каршы жеткиликтүү каршылык көргөзө албай, жаңылып-жазган учурларын өзү да байкабай калышы ыктымал. Бирок эгер салих, ыймандуу кишилердин чөйрөсүндө болсо, анда башкалардын көзү менен да өзүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мисалы, Жараткан Алланын жолунан адашып, ибадаттарына жалкоолук кылып, чалынып жыгыла турган болсо, дароо бирөөлөр колдон алат. Күнөөлөрдүн оордугу аз убакытка эсинен чыкса да, жок дегенде жанында турган кишилерден уялат. Бирдей түшүнүктү, бирдей аң-сезимди карманган кишилер бири-бирин кубаттап турат. Мунаранын таштары сымал бири-бирине жөлөнүп жыгылышпайт.

Ынтымакташкан, чогуу иш кылган кишилердин адашуусуна караганда, куурап чөлгө айланган, Алланын мээрими жаабаган чөйрөдөгү кишинин адашуу ыктымалдуулугу абдан чоң. Жараткан Алла менен байланышыңыз укмуш күчтүү болсо да, жалгыз карманып турууңуз өтө оор. Ар бир мүнөттө жыгылышыңар мүмкүн. Ушундан улам Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жамаатта береке, жамааттан бөлүнүүдө болсо азап бар экенин[6], Алланын мээрими жамаатта экенин[7] айткан. Дагы бир хадисте болсо, сапарга чыккан бир же эки кишини шайтан оңой эле азгырып кетери айтылып, күнөөдөн сактаныш үчүн эч болбоду дегенде үч кишилик жамаат (топ) болушу керектигин буйруган.[8] Анткени, ыктымалдуулук теориясы боюнча, үч кишинин туура эмес бир нерсе үчүн макулдашуусу өтө оор. Натыйжада, биз эгер жандуу, жигердүү бойдон калып, жашообузга жаңы келбет берүүнү кааласак, анда бул каалообузду аткара алгыдай тазаланган, стерилденген жайларды да түптөөгө мажбурбуз.

Ниет жана максат

Кишинин өзүн таштабоосунун жана жалкоолукка алдырбоосунун негизги себептеринин дагы бири − үзгүлтүксүз кулчулук жана динге кызмат кылуу чегин дайыма бийик кармоо. Эгер койгон чегибизге анча кыйналбай, бир секирүү менен жетип жатсак, анда аны өйдөлөтүп, кыйналып жеткидей кылып жайгаштыралы. Ага жеткенден кийин чекти андан дагы жогору жылдырышыбыз керек. Мындайча айтканда, дайыма кыла турган мээнетиңердин чегин бийик кармагыла. Түз жол менен бараткандай жай баракат болсок, анда өзүбүздү таштап койобуз.

Кураны Карим напсибиздин айдагынан кутулуп, чыныгы кулчулук деңгээлине көтөрүлүү үчүн бизге периштелерди үлгү кылат. Эки аятта периштелердин күнү-түнү Алла Тааланы тасбих кылары жана мындан эч качан тажабай турган айтылат.[9] Биздин мойнубузга түшкөн милдет ушул максатты көздөө. Эгер ушул максатты мелжей турган болсок, анда аны жүзөгө ашыруу үчүн атылган октой түптүз кетебиз. Алдыбызга ушундай бийик максат койбосок, напсибиз менен эгобузга байланып, ушул экөөнү айланчыктап тура беребиз.

Белгилүү болгондой, кишинин сырткы дүйнөсү-ички дүйнөсү, физикалык жагы-метафизикалык жагы, бул дүйнөлүк жагы-акыреттик жагы, денелик жагы-руханий жагы сыяктуу ар кандай сөздөр менен айтылган өзгөчөлүктөрү бар. Кичинекей бир нюанстары болгону менен, булардын баары бирдей эле маанини туюнтат. Пенденин улуу мүдөө кылчу нерсеси – сырткы дүйнөсүн эмес, ички дүйнөсүн өнүктүрүү, тагыраак айтканда периштелешүү. Куттуу аяттарда көрсөтүлгөн максат дагы ушул. Бадиуззамандын айтуусу боюнча, муну айбанияттан арылуу, материядан ажыроо, жүрөк менен рухтун жашоо даражаларында саякатка чыгуу деп да түшүнөбүз. Ушундай багытты карманган, ушундай алкакты айланган кишинин ишенимдүү жолдо баратканы ошол. Жараткандын уруксаты жана ырайымы менен бараткан багытынан адашпайт. Оңго-солго кыйшаңдабай, түптүз кетүү үчүн мына ушундай максат коюу зарыл.

Эң акырында бийик мүдөөнү кармануу, периштелешүүгө умтулуу Жараткан Алланын мээрими менен ырайымын козгоору да бештен белгилүү. Алла Таала Өзүн карай аттанып чыккан кишилерди жарым жолдо таштабайт. Бул жолго чыкканда Алланын ырайымын (жардамы), назарын (көз салуусу) жана калкалоосун ала чыккан болосуңар. Жараткандын коноктору катары мамиле кылынат жана оңой менен эч ким будоо боло албайт.

Которгон: Насыпбек Асанбаев


[1] Напси аммара – жамандыкка чакырган жана мындан рахат алган напсинин аты.

[2] Напси лавваама – жамандык кылып алганы үчүн бушайман болуп, кечирим сураган напсинин аты.

[3] Напси мутмаинна – эч бир күмөнү калбаган, толугу менен канааттанган напсинин аты.

[4] Напси раадия – ыраазы болгон напси. Напси мардиййа – Алла Таала ыраазы болгон напси.

[5] Напси сафия даражасы – напси мындай даражага жеткен пенде дайыма Жараткандын назарында турганын сезип, ушундан улам «Адеп» абалын сактап жашайт. Напси заакия −  тазаланган, арууланган, кемелдикке жеткен напси.

[6] Ахмад ибн Ханбал, ал-Муснад 4/278; ал-Баззар, ал-Муснад 8/226

[7] Тирмизи, фитан 7;Ибн Хиббан, ас-Сахих 10/438

[8]  Тирмизи, жихад 4; Абу Давуд, жихад 86

[9] Фуссилат сүрөсү, 41/38; Анбия сүрөсү, 21/20