Түркиянын 14-майдагы шайлоосуна катышмакчы болгон партиялар менен талапкерлердин чыныгы жүздөрү ачыла баштады. “Душман” тарапта бугуп жаткан каармандар “өзөктөн чыккан өрт” болуп, өз “журтуна” кайта баштаган чак
Өткөн аптада саясий исламчылардын байыркы партиясы менен аны негиздеген Нежметтин Эбакандын уулу Фатих Эрбакан, партиясы парламенттик шайлоого катышаарын, бирок президенттик шайлоодо өзүнүн талапкерлигин Тайып Эрдоган үчүн алганын жазганбыз. Ал үчүн Эрдоган Эрбакандын партиясына парламентте 20-30 кишилик орун берип, радикал исламчылардын сунуштарына макул деген.
Бул аптада оппозициянын лидери катары буга чейинки президенттик шайлоого аттанып, бирок кийин Эрдоганга “спойлер” талапкер экени билинип калып, шерменде болгон Мухаррем Инже деген персонаж кайра сахнага чыкты. Башында оппозициянын учурдагы бирдиктүү талапкери Кемаль Кылычтароглуна, мурунку партиясынын боссу катары опаалык кыларын айткан. Эми көз ирмебей туруп, 3%’дык колдоочусу бар шылуун, “экинчи турга мен чыгам” деген апыртма сөздү балп эттирди.
Мындан бир аз убакыт мурун Мухаррем Инженин өзү жана партиясы 1%’га да жетпей, саясий сахнада такыр көрүнбөй турган. Эми алар 14-майдагы шайлоонун тагдырына таасир берчү 3-6%’дык абалга жете келди. Анткени бул пайыз менен шайлоону экинчи турга чыгарса болот. Экинчи турда эки эле талапкер болгондуктан, Эрдоган үчүн шайлоо арифметикасы бир топ жеңилдейт. Себеби, президенттик менен бирге өтчү парламенттик шайлоодо Эрдогандын “Жумхур иттипагы” көпчүлүк орунду алып кетсе, бул жагдай президенттик шайлоонун экинчи туруна таасир этет деп күтүлүүдө.
Мухаррем Инже бир нече аптада мындай деңгээлге жеткенинин себеби – марттын башындагы Мераль Акшенер айымдын оппозициялык “Алтылык үстөлдөн” ойт бегени себеп болду. Ал, ошол күнгө чейин “атамдай болгон киши” деп келген Кемаль Кылычтароглунун талапкерлигине капыстан каршы чыгып, элди дүрбөткөн. Ошондон улам анын партиясын колдогондордун 5-6%’ынын бир бөлүгү Кемаль Кылычтароглунун ЖХП’сына кетсе, экинчи бөлүгү Мухаррем Инжеге жана анын “Мемлекет” партиясына кетип калган.
Ошол кезде Мераль Акшенер туура кадамдарга барса, партиясы бүгүн 15-20%’га жетмек, дейт эксперттер. Азыр болсо, мындай эбегейсиз катанын кесепетинен улам ИЙИ партиясы 12-13%’дан 8-10%’га түшүп, оппозициялык “Миллет иттипагына” да залакасын тийгизди. Бирок оптимисттер Мераль Акшенер оппозициялык блоктун талапкерине каршы чыккан күнү ага жинденип, бул айымдан Мухаррем Инжеге кеткен шайлоочулар 14-майга чейин Кемаль Кылычтароглуна кайтып, президенттик шайлоо биринчи турда Эрдогандын жеңилүүсү менен аяктайт деп жатат.
Ал арада Тайып Эрдогандын оппозициялык партиялардын ичине киргизип койгон дагы бир “Гүлчөтайынын” жүзү ачылды. Мераль Акшенердин ИЙИнин лөктөрүнүн бири болгон Али Агыроглу партиясынан чыгып, эки жылдан бери бир дасторкондон даам сызып, колдоп келген Кемаль Кылычтароглуна каршы экенин жар салды.
Ошентип, Эрдогандын кол баласына айланган спойлер лидерлер менен партиялардыр бирилери оппозиция тарапта сыяктуу болуп, Кемаль Кылычтароглунун добуштарын азайтса, башкалары Эрдоган тарапка өтө качып, анын тарапкерлерин көбөйтүүдө. Тактап айтканда, “шайлоону жеңген машина” атаккан Тайып Эрдоган 14-майга багытталган өзүнө жараган эсеп-кысабын ишке ашыра баштады.
Кечээ Кемаль Кылычтароглу Мухаррем Инжени зыярат кылды. Албетте, Кылычтароглу мурунку партиялашын Эрдоганга оюнчук болуп бербе, ал дагы бир мөөнөт өлкөнү башкарса, мамлекеттин дайыны табылбай калат деди. Бирок Мухаррем Инженин кишини угайын деген ниети жоктой.
Ошол эле убактарда Эрдогандын “Жумхур иттипакындагы” партнеру ультра-улутчул МХП партиясы билдирүү кылды. Ал боюнча иттипакка кирген бардык партия (Бүйүк бирлик жана Йениден Рефах да) парламенттик шайлоого Эрдогандын АКП’сынын алдында эмес, өз логолору менен катышмакчы болду. Демек алар Эрдоганга парламенттик шайлоо “кечмелигинен өткөн соң сен бизге керексиңби, көрөбүз” дегенсип турушат. Эксперттердин айтымында, мындай бириндеме саясатынан улам “Жумхур иттипагы” парламентте 15’тин тегерегинде орун жоготот.
Мындан улам, ар кошкондон турган оппозициялык “Миллет иттипагы” да парламенттеги орундарды алдын ала бөлүшүп, бекитип алуусу кандай маанилүү экенин сезиши керек дейт билермандар. Эми баарысы түрк Бошайкомуна сунулчу партиялык тизмелерди күтүп отурат. Алар элге жарыя болгондо, шайлоо арифметикасынын негизиндеги саясий соода менен жарыш күч алат.
Жансакта Сарбашов