Батыш компаниялары Орусияда таштап кеткен базарларды Кытай ээлеп, ал Орусиянын Украинага кол салуусун кыйыр түрдө колдоп, ошол эле убакта Батыштын Орусияга каршы койгон санкцияларына баш ийип, орустардын алсыроосуна салым кошуп келет…

Учурдагы орус бийлиги Кытайга мунай-газын сатып, анын аркасы менен капчыгын кампайтып, дүйнөлүк экономиканын катыштан биротоло чыгып кала элек. Кытайлар орустарга жарандык учак бере албаса да, батыш компаниялары бошоткон автоунаа базарын ээлеп жатат. Бул тармакта алектенген орус эксперттери Орусиянын авто-өндүрүшү эмитен эле Кытайдын карамагына өттү деп жатышат.

Андан сырткары өткөн жылдын этегинде Эйпл менен Самсунг орус базарынан кеткенде, кытайлар алардын смартфон базарынын 70%ын ээлеген. Ушундай аракеттердин арты менен былтыр орус-кытай соодасы 198 млрд АКШ долларга чыгып, рекорд койгон.

Кытай батыш саясатчылары менен да кылдат мамилесин улантууда. Орус-украин согушуна курал бербейт, керек болсо согушту колдогону тууралуу да саясий билдирүү кылган эмес. Ошол эле убакта кытай жетекчилиги Владимир Путиндин президент бойдон калуусуна кызыктар. Бул тууралуу Карнеги фондунун эксперти Темур Умаров: “Пекин орус-украин согушунун тезирек аякташын жана Орусиядагы учурдагы бийликтин сакталып калышын каалайт. Эбегейсиз узун чек-арасы бар жана учурдагы орус бийлиги менен жакшы мамиледе болгон Кытай, Путиндин утулуп калып, Орусияда белгисиз бир нерселер болуп кетүүсүн каалабайт”, – дейт.

Орус-украин согушунун биринчи жылдыгында Путин өзүнүн кытай коллегасына аябай көз каранды болуп калды. The Wall Street Journal: “Батыш санкцияларгына карабастан Кытай Орусияга согуштук технологияларын сатып жатат. Мисалы, тик учактар үчүн оптика жана радиотолкундарды баскан электроника жана СУ-35 учактарынын жабдыктарын сатып келет”, – деген.

Кытай орус-украин канына кириптер болуп атканын билгизкиси келбей, мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Ушул жылдын январында Financial Times , кытай компартиясында Владимир Путин менен аны колдогон орус элиталарына карата нааразылык артып бара жатыптыр деген кабар чыгарган. Анткени, биринчиден, бир жыл мурун башталган согуш тууралуу Пекинге кабар берилген эмес, ошондуктан алдын ала даярдык кыла албай калган; экинчиден, кытай бийлиги Путиндин элден чыгып калганын аңдап, аны менен катышты улантуу оорлошуп баратканын түшүнүп калды. Гезит менен сүйлөшкөн бир нече кытай аткаминери: “Путин акылдан адашты. Украинага кирүү чечимин бир нече эле киши кабыл алган. Ошондуктан Кытай аларды ээрчип кете бербеши керек”, – деген ойду айтышкан.

Ошол эле убакта Пекин орус-украин согушун өз кызыкчылыгына жакшы пайдаланууда. Бир жагынан, орустарга жакындап кетишим мүмкүн деп, Батышты коркутуп келет. Экинчи жактан Пекин, орус пропагандасындай эле, учурдагы согушка АКШ күнөөлү деген ойду айтып келет. Кытай элине “батыш империалисттерин” жаман көрсөтүп, Си Цзинь Пиндин авторидардык башкаруусун күчтөгөнү күчтөгөн. Андай башкаруу үчүн эң чоң коркунуч – Батыш демократиясы экени айтпаса да түшүнүктүү.

Учурдагы орус бийлигин колдогону жана Ирандын премьер-министри Раисини кабыл (өткөн аптада) алуусу менен кытай бийлиги дүйнөдөгү жеке, өзүм билемдик башкаруунун лидерина айланганын ашкерелеп келет.

Азыр кытай бийлиги орус-украин согушун кылдат байкап турат. Анткени 2-дүйнөлүк согутан кийин биринчи жолу ушундай глобалдык согуш болуп, Батыш коалициясы бул согушта украиндерге жардам берип жатат. Foreign Affairs журналы: “Эгер Тайваньга кол салса, Батыш экономикалык жана каржы санкциялары менен катуу жүдөтүп коерун Пекин эми түшүнүп калды. Санкциялар орус экономикасын талкалап жатканын да көрүп атат”, – деген.

Ошол эле убакта АКШ жана батыш өлколөрү Орусияны экономикалык жактан тез эле жабыркатса болорун, бирок Кытай туруштук берип кетиши мүмкүн экенин божомолдой баштады.

Быйылкы Мюнхен конференциясында: “Орусия менен Кытай дүйнөлүк лидерликке жарамдуубу?”, – деген тема да негизгилерден болуп каралды. Анда: “Эгер Кытай согушту тымызын колдобогондо, бул согуш болмок эмес. Балким жакында Кытайдын айынан Түштүк-Чыгыш Азия да Украинанын кейпин кийип калышы мүмкүн. Анткени, кытай элинин жакында болчу экономикалык көйгөйлөрдөн алаксытуу, Си Цзинь Пиндин жеке бийлигин күчөтүү жана коопсуздугу үчүн кытай бийлиги да согушка барышы мүмкүн”, – деген жүйөөлүү божомолдор айтылган.

Кытайдын авторитардык дамагынан улам Жапония орустардын Украинага кол салуусуна каршы чыгып, Орусияга каршы жеке корпоративдик санкцияларды киргизип, украиндерге чалгынчы дрондорду берип атат деген ойдо Карнеги фондунун сайтындагы макала. Анда: “Эгер авторитар Владимир Путин Украинага кирген болсо, демек, Си да ошондой эле авантюрага барышы мүмкүн”, – деп жазылган. Жапан премьер-министри Кисида да ачык эле: “Бүгүн Украина, эртең – Түштүк-Чыгыш Азия”, – деген.

Бирок Карнеги фондунун эксперти Темур Умаров: “Кытайдын Тайваньга каршы согуш башташы күмөн. Анткени Кытай согуштан башка жолдор менен деле Тайванга басым жасай алат. Мисалы, экономикалык, дипломатиялык жана Тайвандагы элиталар менен жеке катыштар аркылуу эпке келтириши мүмкүн. Кытай согушка кирип, өзүнүн экономикалык жана абройлук потенциалын талкалагысы келбейт”, – дейт.

Ошол эле убакта Мюнхен конференциясынын катышуучулары кытайдын авторитардык башкаруусунун тынчтык каалайбыз дегенине ишенип отура бербеш керек деген бүтүмгө келишкен. Анткени, Путин ачкан согуштун кесепети баарына тийип калышы мүмкүн. Конференциянын алдында мурунку орус аткаминери Михаил Ходорковский: “Эгер Украина согуштан утулса, кийинки аялдама Түштүк-Чыгыш Азия болот”, – деген.

Ошондуктан батыш мамлекеттери Украинагабы же Тайвангабы жардам беребиз деп эки анжы боло албайт. Себеби, экөө тең авторитардык жеке бийлик орнотуп алган коңшуларынын коркунучу алдында жашап келет. Башкача айтканда, Бахмут менен Угледардын согуш майдандарында Украинанын гана эмес, эркин демократиялык дүйнөнүн тагдыры чечилип атат.

Таалайбек Маматов