“Жаңы Ханзаада”, Экинчи бөлүк:

Никколо Макиавеллинин изин улай, сөзүн туурай…

Кыргыз эл сөзү: «Керегем, сага айтам, келиним, сен ук»

“Элди сүйүү зарыл эмес; элди түшүнүү маанилүүрөөк; күчтүү эл башчы – элин сүйгөн патриот эмес, элди окуп, анализдей билген дарыгер сыяктуу”

1. «Эл – улуу, эл – бийик, эл – алтын» деп сайраган саясатчынын канчасын көрдүк? Дээрлик ар бири ошентет, бирок чыныгы кыраан саясатчы бул сөзүн кооздук үчүн гана, жагынуу үчүн гана айтат. Элдин сүйүүсүнө татып калуу үчүн эмес, элге жагынып калуу үчүн – бул эки максаттын айырмасы өтө чоң. Элдин сүйүүсү эбегейсиз татаал, дээрлик мүмкүн эмес; ага жетем деген эл башчы бийлигинен ажырап калат. Элге жагынуу жетиштүү – жагынуу оңой жетишилет, кыска мөөнөткө созулат, саясатчыга элдин ошо кыска мөөнөт жактырганы жетиштүү – көздөгөн максатын ишке ашырып алат, мейли шайланып алуу болсун, мейли баалуу жерди менчиктештирүү болсун, же тескерисинче, жеке менчик бир нерсени улутташтыруу болсун, же – өзгөчө бат-бат кезикчү максат – атаандаш бирөөнү жолдон чыгара түртө салуу болсун. Жагынууга умтулуу керек, сүйүүгө эмес.

2. Элдин сүйүүсү эмне үчүн анчалык татаал, деп бирөө сураса, менин жообум даяр – сен канча кыздын сүйүүсүнө жетиштиң өмүрүңдө? Эми, ошондой сүйүүгө миллион киши тарабынан жетишип калуу кыялың барбы? Негизи, элдин сүймөнчүгүнө айлангандар да жок эмес – ырчылар бар, спортчулар бар, кээде саясатчы, эл башчылар да бар. Бирок кызыгы, ырчы-спортчуларга болгон элдин сүйүүсү ак булуттуу асмандагы күндүн нурундай – бир көз ирмемдей созулат, кайра жоголот, кайра чыгат, кайра кетет, башка жерден булут тараса, башкаларга нур чачылат.

А саясатчы, эл башчыларга болгон сүйүү ого бетер кызыктуу – андай сүймөнчүктөр көзү өткөндө гана, алардын элеси гана сүйүүгө сугарылат. Тирүүсүндө, тескерисинче, андай сүймөнчүктөр көбүнчө тепкиде калып, кыйналып, жек көрүнүп, акырында жалгыз, оорулуу, куугунтукта кетет. Эгер, сага ошондой жашоо, ошондой жол жакса, албетте, алга. Бирок, чындап рационалдуу, акылдуу эл башчы өлүмдөн кийинки даңаза үчүн бүгүн жашоосун канжыгага салбайт. Бүгүн эле элдин болор-болбос жактыруусуна жетишип, дооруна келген ырыскысын жеп, максатын аткарып калуу алда канча артыгыраак. Келечекте, албетте, мындай жагынган саясатчы деле улуураак даңазага да жетип калуусу мүмкүн.

3. Элге канткенде оңой жагынууга болот? Элдин сүйүүсү канчалык кыйын болсо, элдин жактыруусу ошончолук оңой. Көп саясатчы барбаган, укпаган жерге барып, ал жердин элин угуп эле койуу жетиштүү – сенден ашкан жакшы саясатчы жок болот. Сага чейин жакынкы убактарда өткөн башчыларды карап, аларды эл эмнеси үчүн жек көргөнүн же жактырбаганын ал (билип кой, дээрлик дайым терс элестер басымдуу болот), анан ошолордун тескерисин кыл.

Алар акылдуусунуп, элди тоотпогондой, илимпоз сыяктуу болуптурбу – сен чала окуган, эл сыяктуу эле көчөдө өскөн, жокчулук көргөн, мектептин ордуна талаада иштеген бала болуп чоңойгонуңдү айт. Алар жарашыксыз кийинип сынга кабылыптыр – сен чыкыйтып саркеч кийим кий, сендей жарашыктуу, келишкен киши болбосун. Сага чейинкилер элге жеткиликтүү ой айталбаптыр – сен жөнөкөй, жалпак, азилдеп же күйдүрүп сүйлө. Алар ар кандай татаал стратегияларды, концепцияларды, реструктуризацияларды, реформаларды сөз кылып жоголуптур – сен элге «чөнтөгүңөр акчага толот» де, же жок дегенде «азыркы жашооңор бир жылда 50% оңолот» де. Жашоонун 50% оңолгонун ким кантип билмек эле, эч кимде – менде деле – аны эсептөөнүн ыкмасы жок. Бирок бул өтө түшүнүктүү, жагымдуу сөз, бир жыл бүткөнгө чейин эл сени жактырып турганы жетиштүү, жыл акырында эл бул сөзүңдү унутуп деле калат (ойлору арам «эстеткичтер» эле болбосо).

Башкача айтканда, эскиден бир сөздүн адашканын түшүнүп, бул чындыкты бекем эске тут: эл курсагы менен эмес (курсагын эл өзү тойгозуп алат), көзү менен, кулагы менен жактырат. Элдин эс тутуму ашып кетсе бир жумалык, көңүл буруу күчү ашып кетсе бир сааттык, элдин ачуусу, жек көрүүсү бираз узагыраак болушу мүмкүн – бирок жагынайын деген сен жек көрүнүүдөн оолак болсоң жетиштүү.

4. Элге жагынуу эмне үчүн мынчалык керек экен деп ойлонуп турган чыгарсың, Ханзаада. Элдин жактыруусу – эл башчынын эң күчтүү куралы. Эл жактырып турганда, душмандарың сындагандан коркот, досторуң көбөйөт, өзгөчө зыяндуу сынчы, атаандаш, душманыңды жок кылууга колуңда уруксат болот, кай бир билбей же билип туруп деле кылган одоно ишиңе кечирим дайым берилет. Элдин жактыруусу бат тарайт, бирок ал тараганча сенин эшегиң кечүүдөн өтүп, дагы жаңы жактыртып алуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот.

Баса, албетте, башка өзүңө тиешелүү, биринчи кезектеги иштериңди кылганча, дайым оюңдун бир бөлүгү «элге эмне кылсам жактырышат?» деген суроо менен жүрсүн. Кээде, дээрлик бир секунддун ичинде ошондой бир ыкманы сууруй чыгуу керек болот, «жүрүп баратып» кырдаалды өз пайдаңа оңдоп кетүү зарыл болот. Ошон үчүн, көптөгөн жактыртуу жолдору дайым даяр болуусу пайдалуу.

5. Элдин эс тутуму кыска дедик, бирок, тактай кетчү жери бар: эл жакшы нерселерди бат унутат, а жагымсыз, терс терселерди бираз узунураакка чейин эсте тутат. Кээде, чынында орун албаган, ойдон чыгарылган болсо деле, «тээ өткөндөгү жамандыкты эстечи» десең, чын эле эстегендей тура калат. Муну кантип колдонсо болот? Эс тутум деген өткөн чактын маселеси эмеспи. Бүгүн, эл башчым, сенин тушуңда кандай гана кырдаал болбосун, ошол өткөн чактагы жамандыктарды элдин эсине салып туруу пайдалуу, чын болсо да, ойдон чыккан болсо да. Сенин тушуңда элди түйшүккө салган кыйынчылык болуп калса, «мурдагылар ондогон жыл бою ушул маселени чечпей, мага калтырыптыр» деп айтканда, кеминде элдин нааразылык сезиминин жарымы мурдагыларга даректелип калат. Сенин алдыңда жакшылык орун алганда, «мага чейинкилер эч качан жакшылык кылбаптыр, ушул бүгүн гана мен элим менен жетиштик ушул жакшылыкка» деп койсоң, бул жакшы ишиң үчүн элдин жактыруусу эки эсеге көбөйөт. Башкача айтканда, элдин унутчаактыгын пайдаланып, жакшыны да, жамандыкты да эскилердин эсебинен өзүңдүн пайдаңа буруп калсаң болот.

Эмилбек Жороев