Ишемби, 19-ноябрда Кыргызстан жарандарынын 5-форуму өттү. Ага көбүнчөсүн жаштар катышты, сүйлөгөндөрдүн көбү орто жаштагылар болду. Алар “эки достун” саясатынан алысырак бололу дешти, бирок кыргыз бийлигинин феноменинин көлөкөсү залда дайыма жүргөндөй болду

Акыркы сессияда сүйлөгөн спикердин бири мени үч тамганын (азыр төрт тамга) өкүлү дедиби, улам кылчактап карап, капыстан эле укук коргоочу болуп калдым деп айта баштады. Себеби, жаштардан эмесмин жана ардактуу укук коргочулардын тусовкаларында анча көрүнбөчүмүн. Бирок ал айымдын өрнөктүү тагдырын уккан жаштардын көбү укук коргоочу болобуз деп кол көтөрүштү.

Баса, Форумду жаш активист Улан Үсөйүндүн “Баштан баштасы” “Сорос” фондунун колдоосу менен уюштуруптур. Сонун жана үлгүлүү имаратта өттү. Нанүштөсү, түшкү тамагы болду. Кечкиси да болот дешти, бирок башка иштер менен чыгыш керек болуп калды. Форумда көз, кулак, акыл, көкүрөк жана курсак тойду десек болот.

Алгачкы сөз “Сорос” фондунун орто жаштагы өкүлүнө берилди. Фонддун өкүлү Форум алардын идеясы эместигин жана жарандардын демилгеси жана талабы менен уюштурулуп атканын баса белгиледи. Жаштар көп экенин жактырып, алардын тагдырын “геронтократтар” чепеши керек дегенде, жаштар арка жакты карабаса экен деп ойлоп кеттим. Себеби, мага окшогон динозаврлардан 7-8 киши эле болчубуз. “-краттары” дал келбесе да, “геронто-”суна жарашып эле калмакпыз.

Андан кийин акыркы камоолордон аман калган эр жүрөк айымдар менен мырзалар катары менен спикерлик кылып, панелдик форматында суроолорго жооп берип, жаштарга жарандык туруктуулуктун жана активизмдин үлгүсү болушту. Элдин купулуна толгон укук коргоочу айым төмөнкүлөрдү айтты:

  • Форум 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет экен. Өкүнүчтүүсү бийлик менен коомдун арасында жети жыл мурун кандай көйгөйлөр бар болсо, ошолор эле, бир аз орун алмаштырганы менен күндемден тушпөй келет;
  • Туруктуу өнүккөн демократияны куруш үчүн мектеп менен ЖОЖдор чоң салым кошо алмак, бирок аларды башкаргандар баягы эле такымын жана окуу жайлардын бюджетин жеген автократтар;
  • Жаштардын энергиясы жана башынан мүшкүл өткөргөндөрдүн тажрыйбасы бириксе синергия жарата алат, ошондуктан баарыбыз өз демилгелерибиз менен чыгышыбыз керек;
  • Өзүн чыныгы жаранмын деп эсептегендер элдин жалпы мүдөсүн алдыга жылдыруулары зарыл.

Сурамжылоонун жыйынтыктары менен бөлушкөн спикер да болду. Алар “биз жарандуулукту кандай түшүнөбүз” деген суроого да жооп издешкен. Натыйжада, Молдова, Беларусь жана Украина менен салыштырмалуу кыргыздардын 1%га жетпегени гана “укуктарыбызды билбейбиз” деген. А тигил өлкөлөрдүн жарандарынын, орто эсеп менен 30-40%ы укутарын билбегени маалым болгон. Демек, биз укуктарыбызды билип туруп, алардын сакталуусун талап кылбайт экенбиз.

Изилдөө учурунда, толук радикал болбосо да, суроо жараткан исламий жамааттар кыргыз коомунун салттык катыш форматын жакшы колдонору билинген. Мисалы, түндүктө “шерине”, түштүктө “гап” деп аталган тууган арасы катыш форматынын алкагында ийгиликтүү иш алып барышат экен.

Жарандар менен мамлекеттик күч (“укук коргоо” дегенге ооз барбай калды) органдары менен мамиледе биздин жарандардын көбү телефондон сырткаркы бардык байланыштарын көзөмөлдөткөнгө кайыл экен. “Эмне болсо да, согуш болбосун” деген жатып өлмөй позициясын кармангандар көп деп айтылды.

Акыркы учурларда, балким, соцтармактарды колдонуу артканданбы, изилдөөнүн суроолоруна жарандар жаш, жыныс жана билимине карабай бирдей жооп бере баштаган. Бул көрүнүш жакшылыктын же жамандыктын жышаныбы, белгисиз. Орто жаштагылардын 37-38%ынын жана жаштардын 27%ынын үлгү катары көргөн инсаны жок. Үлгүсү болсо да, анысын кыска мөөнөттө алмаштыруу адаты күч алыптыр.

Демократияны кыргыз коомчулугунун көбү өзүнөн узак абстракция катары кабыл алат. Көбүнүн коомдук көйгөйлөргө карата жеке пикири жок, башкалардын чолок пикирдерин ого бетер чолойтуп трансляция кылмай адат болуп калган.

Жаш муундан чыккан спикер кыздын кыска-нуска сөздөрү жакты:

  • Биз Кыргызстандын тагдыры тууралуу сүйлөгөндө үчүнчү жак менен эмес, биринчи жак менен, б.а. “меники” деп айтууну үйрөнүшүбүз керек;
  • Эмне үчүн ар бирибиз локалдуу ойлонобуз, жалпы Кыргызстан тууралуу ойлонбойбуз. Мындай абалды биз (мен) жаштар өзгөртөбүз;
  • 1937-жылы ар бир жаран жоопкерчиликтүү болсо, репрессияларга чечкиндүү каршы чыкса, аракет кылса, бүгүн башкача Кыргызстанда жашамакпыз;
  • Ар бирибиз “туура жарандуулук” вирусун ташып, аны башкаларга жугузалы, жарандык жоопкерчилик менен ооруган кишилер көп болсун;
  • Бизге башчы эмес, баш керек.

Дагы бир спикер: “Кыргыздын аң-сезими эмдигиче деколонизация боло алган жок. Эмдигиче эле “большой браттын” көзүн кароо, алардын бири банкрот болсо, башка “братты” издөө менен алек. Учурда эски усул жана ыкма менен ошол эле СССРдин тарыхы мектеп жана ЖОЖдордо окутулуп келет. Тарыхий акыйкатты иликтөөдө Ата-Бейитте жаткан 137 чыгаан менен чектелдик, бирок 1933-жылдын алты айында эле КРде 232 киши атылган, алардын 156сы “үч машак” терип, үй-бүлөсүн ачарчылыктан куткарып калам дегени үчүн жок кылынган”, – деди.

Кийинки спикер: “Ата-Бейит комплекси жогорудан жактан караганда бата берип жаткан баатырга окшойт. Кыргызстандагы үркүнгө арналган барельефтер кээде улуттук аң-сезимди ойготот, кээде, колониалдык өтмүштү жашырып, тарыхий чындыктан жаңылтат. Кайсыл болбосун, эл өзүнүн чыныгы тарыхий аң-сезимин калыптоого, түшүнүүгө жана сактоого укуктуу. Ал үчүн ар бир үй-бүлөнүн ооз эки тарыхын жазуу жана мамлекеттик архивдерди толугу менен ачуу зарыл. Ошол эле үрөйдү учурган ГУЛАГдын эки абагы Бишкекте, бири Кара-Балтада болгон. Алар тууралуу маалыматтар эмдигиче жабык. Тарых бир гана ата-бабанын баатырлыгынан турбайт, ал элдин мүңкүрөп жүдөп, кырылган убагын да чагылдырышы керек. Жалпы элдик зээн ойгонсо, кыргыз өзүнүн ким экенин билип, өзүнө ишенүүсү жогоруламак жана туура эмес нерселер кайталанбай, эски травмалардан арылмак болчу. Ошондо гана манкурттуктан алыс, жоопкерчиликтүү жаран пайда боло алат”, – деп жакшы нерселерди айтты.

Дагы бир спикердин айтымында жарандарды: кыймылдабаган, кыймылдаган жана кыймылдаткан – деп үч түрдүү караса болот. Эли менен мамлекетине күйгөн жаран пайда болуш үчүн кыргыз тилинде чыккан китептерди окуу, билим берүүнүн сапаты жогорулатуу жана дүйнөлүк агымдарга интеграция болуу зарыл.

Тың жаран болуш үчүн мектептер оңолуп, экономикалык абал жакшырышы керек деп да айтылды.

Форумда балким, мындан да жакшы нерселер көп болду. Менин байкаганым ушунча. Кечээ бул сонун уюштурулган иш-чара тууралуу жазгандар көп эле чыкты. Бул жазууну да талкуулап, толуктап койсоңуздар жакшы болот эле.

Эсен Омуракунов