Түркия республикалык башкаруунун 99-жылын майрамдап атат. 29-октябрь Мустафа Кемаль Ататүрк дал-дал бөлүнүп бараткан Осмон империясынын калдыгын чогултуп, учурдагы Түркияны түптөй баштаган дата

Жүз жылга бир жыл калганда Түркия султандык же башка болобу жеке бийликтен чыгып, “республика” деген аталыш талап кылгандай, элдин калың катмары катыша алган башкарууга өтө алдыбы? Бирок, ойлонуп көрсөк, биз учурда: “Түркия демократиялык же авторитарлык республикалык башкарууга келдиби”, – деген суроону гана бере алабыз.

Азыркы түрк коомунун басымдуу көпчүлүгү авторитардык башкарууну колдогону ачык билинип турат. Чындап келгенде, демократиялык башкаруу өтмүшү жана тажрыйбасы болбогон эл жана элита менен демократиялык республика куруу оорго турат экен. Андан берки 99 жылда да түрк коомчулугу өз турмушунда демократиялык салттарды орното алган жок.

Түркиянын эң тажрыйбалуу коом изилдөө компаниясы “Метрополь” өткөн аптанын этегинде кезектеги цифраларды жарыялады. “Ушул жекшембиде добушуңузду кимге берет элеңиз” деген суроого жооп бергендердин арасында, Тайып Эрдогандын АКП партиясын колдогондондор 36,3%га жеткен; негизки оппозициялык ЖХП партиясы 23,2% алган; улутчул оппозициялык ИЙ (Жакшы) партиясыныкы 12,4%; учурда чечүүчү партия болуп аткан, көбүнчөсү күрддөрдөн турган ХДПныкы 11, 9%; Эрдоганды колдогон улутчулдардын МХПсыныкы 10% болгон.

Акыркы апталардагы сурамжылоолордо Эрдогандын өзү жана партиясынын алган добуштары аз-аздан арта баштады. Аны менен бирге бийликтин АКПсы менен тандемде болгон Девлет Бахчелинин МХПсынын да добушу көбөйүү үстүндө. Серепчилерди эң таң калтырганы да бул партиянын өткөн айдагы 5-6дан ушул 10%га жеткени болуп турат.

Башка изилдөө компанияларынын анкеталарында да Эрдоган менен анан АКП партиясынын добуштарынын артканы талашсыз жана таң калтырбаган нерсе деп айтылууда. Демек, экономикалык себептерден улам АКПдан баш тартып, башка партияларды караштырып баштаган анын шайлоочусу кайра идеологиялык себептерден улам көнгөн партиясына кайтып баштады.

АКПдан айрылган шайлоочу экономикалык шарттары жакшыргандан эмес, начар шарттарга көнүп баштагандан жана оппозициялык партиялардан экономиканы тез арада оңдоп кете алчу долборлор тууралуу укпагандан улам кайра кайтып барууга аргасыз.

Таң калычтуусу, 2001-жылы мындан жеңилирээк экономикалык кризистин учурунда бийликтеги партиялар бир заматта 1-2%дык добушка чейин түшүп кеткен, Эрдогандын партиясы болсо 30%дан төмөн түшпөй турат.

Ал арада экономикалык абал Эрдогандын: “Европадагы эң аз айлык маянага иштеген жумушчуларыбыз менен арзан товар чыгарып, экспортту көбөйтүн, экономиканы учурабыз”, – деген стратегиясы ишке ашпай турат. Экспорттон импорт 68%га көбөйдү. Ошондон улам, валюта чет элдик товар үчүн төлөнүп, сыртка чыгып кетип жатканына байланыштуу түрк лирасынын доллар менен еврого карата курсу кайра-кайра түшүп келет.

Учурда түрк үй чарбалары менен мамлекетинин бюджети түрк лирасын баскан станоктун тынымсыз иштөөсү жана сырттан алынган карыз менен толукталып, жылдык инфляциясы 100%дан жогору кетти. Мисалы, азык-түлүктөгү инфляция 135%дан ашкан.

Дүйнөлүк “жакырчылык” рейтингинде Түркия быйыл 1-орунга чыкты. Бул индекс жумушсуздук жана инфляциянын бирдиктүү көрсөткүчүнөн куралат. Түркия 93,3% менен тизменин башында. Аркасынан сая түшкөн Аргентинаныкы 89,9%. Андан кийинки Түштүк Африка бул эки өлкөнүн жакырчылыгынан эки эсе төмөн көрчөткүч менен үчүнчү орунга жайгашкан.

Акыркы 20 жыл ичинде жакырчылык каралганда, Түркия жакырчылык индескинин биринчи ондугуна кирип, бир нече жылда биринчи орунга чыкты. 20 жылдык жакырчылыкта канча пайызга жеткени төмөнкү таблицада көрүнүп турат.

Жансакта Сарбашов