Мобилизация, саясий термин катары айтылган “тоталдуу (жалпы, чоң) согуш”термини менен тыгыз байланыштуу. Аны жар салган башчы жарандарына, кандайдыр бир согуштун, чектүү кесиптик аракет чөйрөсүнөн чыгып, жалпы элдик ишке айланганынан кабар берет

Мисалы, жакынкы тарыхтагы мобилизацияны Европа мамлекеттери биринчи дүйнөлүк согуш учурунда жар салышкан. Албетте, экинчи дүйнөлүк согуштун алдында жана учурунда да мобилизация жар салынган, бирок адамзат мобилизацияны биринчи жолу андан мурунку дүйнөлүк согушта көрдү.

Бул жерде бир кызык проблема бар. Эгер кайсыл бир өкмөт мобилизацияны согуштун алдында жар салса, бузуку ою же корккону алдын ала билинип калат. Ошондон улам мамлекеттин көпчүлүгү жалпы мобилизацияны жүргүзсө да, аны болушунча тымызын кылганга аракеттенет.

Эгер согуш башталгандан кийин жар салган болсоңуз, убакыттан уттурасыз. Анткени, мобилизация, эң биринчи кезекте, аябай татаал жана көп тараптуу адистик жана техникалык иш-аракеттерди талап кылат. Ал үчүн алдын ала да көп иш-аракет кылынуусу зарыл. Мисалы, келген кишилерди бир жерге жайгаштыруу, кийинтүү, ичинтүү жана, эң маанилүүсү, согушканды үйрөтүп, баштарына адис-согушкерлерди дайындаш керек.

Мобилизация боюнча адистешкен Советтер союзу, аны ишке ашыруудан мурун элин ондогон жылдары бою буга даярдап келген. Бул иш аракетте андан мурун адистешкен Прусия менен Германия жалпы элин чындап милитарлаштырган (согуштанткан) дөөлөттөр болгон. Элиңиздин ар согушта мобилдүү болуусун кааласаңыз, анда эч качан демобилизация кылбашыңыз керек.

Мобилизация ишинин теориясы менен практикасын катырган прусс жана немис мамлекеттик ишкери Гельмут фон Мольтке жүлүнүнө чейин милитарист (согушкер) болгон. Ал согуш талаасында жеңилген эмес, ошондой эле согуш теориясын иштеп чыгып, анысын саясатчыларга таңуулоодо да алдына ат салдырган эмес. Ал, кийин бир нече ийгиликтүү жоо башчыны тарбиялап чыккан китептердин да автору болгон.

Мольтке биринчи дүйнөлүк согуштан мурун, согушту башкаруунун жаңы структурасы катары, германдардын Генералдык штабын түптөп аны жетектеген. Ал жетектеген герман армиясы өтө көп согуштарды утуп чыккан. Анын аркасы менен герман элдерин (прусс, немис ж.б) бириктирип, мисалы Дания менен согушту уткан. 1870-1871-жылкы франк-прусс согушун да Германия ийгиликтүү жеңип алган.

Анын негизги китептери катары “Аскердик кеңештер” жана “Франк-Прусс согушунун тарыхы” айтылып калган.

Мольткенин дооруна чейин Генштаб прусс королунун кайрылууларына жооп берип, ага жараша план түзгөн гана уюм болгон. Мольткенин учурунда бул уюм дайыма иштеген аналитикалык борборго айланган. Албетте, согуш багытында дайыма иштеген мындай структураң пайда болсо, ал жерде иштеген генералдар жакшы айлык алса, анан премияга да жетип, званияларын улам чоңойткусу келсе, өлкөң бара-бара согуштан башы чыкпай калат.

Мольтке, философияны жакшы көргөн генерал катары “согуш, маданиятты жогорулатууга чоң салым кошот” деген аныктамага катуу ишенген. Албетте, бул ою ал кездеги Европадагы абалга да байланыштуу болгон. Себеби, Мольткенин учурунда Европа мамлекеттери бири-бири менен үзгүлтүксүз согушуп турган. Анын теориясы боюнча – согушпаган өлкө өнүкпөйт.

Мольтке “тоталдуу согуш” деген терминдин да ээси. Тоталдуу согуш – армиялардын эмес, улуттардын согушу. Бул терминдин баары, ага чейин калыптанган “кан жана жер”, “улуттук рух” деген сыяктуу импердик жана этникалык идеяларга негизделген. Ал кезде жаңыдан калыптанып келе жаткан герман улутунун жетекчилерине Мольткенин идеологиясы майдай жаккан.

Демек, тоталдуу согуш учурунда улут мындай согушка болгон ресурсун мобилизациялайт. Ошол эле убакта душманынын бардык ресурстарын талкалоого киришет. Башкача айтканда, кандайдыр бир согуш майданына эки армия чыкпайт, бир улут башка улуттун болгон мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде духун да баш көтөргүс кылып жанчып салганга аракеттенет.

Бул, албетте, Германияны кийин башкарып калган фашисттик идеология болгон эмес. Мисалы ошол эле 1871-жылы прусстар менен немистер француздарды жеңгени менен аларды кырып салууга аракеттенген эмес. Болгону (!) өзүнө ылайыктуу тынчтык келишимине кол койдуруп, Франциянын бир топ жерин Германияга коштуруп алган.

Тоталдуу согуш – маалыматтык согуш, жарандык инфраструктураларды (плотина, электр станциялары ж.б.у.с.) талкалоо жана башка террордук аракеттер аркылуу, душман улутту өз бийлигине “болду согушпайлы” дедиргенге мажбурлайт.

Акылай Бактыбек кызы