Момундун эң биринчи милдети – Жараткан Алла менен байланышын дайыма бекемдеп турууга аракет кылуу. Себеби кулчулуктун баасы пенде менен Жараткан Алланын ортосундагы мамиленин бекемдигине түздөн-түз байланыштуу. Жараткан менен канчалык байланышта болсоңор, кулчулугуңар да ошончолук күчтүү болот. Ушундан улам көңүлүңөр ошол батып кетпеген түбөлүк сулуулукка суктанып, тилиңер дайыма Аны зикир кылып, дене-мүчөңөр дайыма Ал ыраазы боло турган амалдарды жасасын. Эгер жүрөгүңөр, тилиңер жана башка мүчөңөр дайыма Аны менен болсо, анда жамгырдай төгүлгөн берекеге жолугасыңар. Сопулар айтмакчы, зикири болбогондун берекеси да болбойт, аврад-у азкары[1] болбогон киши алар алып келе турган пайда-батадан, бекереден куру калат.
Жүрөктөрү катыган, сезимдери соолуган, көзүнүн нымы кургаган жансыз дилдердин кыйрап жок болбой тик турушу өтө кыйын. Ушундан улам пенде Жараткан Алла менен байланышын күчөтүү жаатында «дагы эмне кылып ийсем» деп талпынып турган жан болушу керек. Тойгонду билбеген дил менен алдыга умтулуп, дайыма «дагы эмне кылып жиберсем?» деп изденип, Аллага ыйман келтирүү, Алланы таанып билүү жана Аны сүйүү жолунда тереңдөөгө аракет кылсын. Ыйман менен Жаратканды таануу жаатында ушул күнгө чейин уккан, окуган, үйрөнгөн эмне бар болсо, ошонун баарын ички маңызы менен бирге дагы бир жолу кайталап, аларын андан дагы тереңдетсин. Анткени турган жеринен жылбай, өзүн мелтиретип токтотуп койгондор (Кудай сактасын) бир канча убакыттан кийин бараткан багытынан адаша турган абалга келиши мүмкүн. Дайыма Алла менен байланышын чыңдоого аракет кылбай, дайыма Аны карай талпынбагандар, утурумдук нерселердин азгырыгына алданып жок болушат.
Азыркы ара жолдо калган кишилердин көпчүлүгүнүн багытынан адашуусунун эң чоң себеби – Жаратканы менен байланышындагы алсыздыгы. Иштебеген, кыймылы токтогон нерселер кандай чирисе, же туш келди тоголонуп жатса, Аллага жакындоо аракетин кылбаган кишилер да же чирип, же ар кайда жерде жатып жок болушат. Барчу багытын кармана алышпаганы үчүн бир күнү туура кетип баратышса, бир күнү туура эмес жерде турган болушат. Бүгүн ооздорунан башка кептер чыгып жатса, эртең анысына кайчы келген нерселерди сүйлөп калышат. Ыйман жана Алланы таануу жөндөмүн чыңдоо жаатында жылбай калгандар алдындагы чыйырынан да адашып, башкалардын шарына түшүп, ошолордун агымы менен кетет. Эгер ушундай темселеп калууну каалабай, туура жолдон адашпоону эңсесеңер, анда Жараткан менен байланышыңарды чыңдоодо жигердүү болууга мажбурсуңар.
Аллага жакындык менен жөнөкөйлүктүн байланышы
Ошол эле маалда, Аллага кулчулук кылууда кандайдыр бир даражаларга жеткен киши бул абалын жеткиликтүү деп ойлобосун. Ал тургай кылган амалдарын жактыруу маанисине келген «ужбга» кабылуудан Аллага корголосун. Момун Алла Таалага жакындап, Аны менен байланышын канчалык күчтөсө, ошончолук карапайым болот. Канчалык карапайым болсо, ошончолук Алланын назарындагы даражасы артат. Пенденин ыйманы, Алланы таануусу, сүйүүсү арткан сайын ышкы да артат жана мындай киши кыямы менен, рукусу менен, саждасы менен, дубасы менен кулчулугун далилдейт. Бирок кандай гана ибадаттарды кылбасын, жеткиликтүү кулчулук кыла албаганын билет. «Сага татыктуу ибадат кыла албадык. Сени татыктуу тааный албадык. Сага татыктуу шүгүр кыла албадык», – деген сыяктуу түшүнүктөр менен жашайт. Күнүгө беш жолу Жараткандын алдында моюн сунуп, тизе бүгүп кулчулугун аткарса да, сый-урматын көрсөтүп, улуулулугун даңазалап, таазим кылса да, Жараткандын улуулугунун жанында өзүнүн кылгандарын таптакыр жеткиликсиз көрөт.
Алланын алдында өзүнүн болбогон нерсе экенин билип, жер менен бир болуп жөнөкөйлөшкөн кишини Жараткан барган сайын көтөрө берет. Өзүн өйдө сезип, текеберликтин дайрасына чумкуган кишини болсо, барган сайын ылдый ныгырат. Пендени жөнөкөйлүкчөлүк Аллага жакындаткан башка сыпат болбогондой эле, текеберликчеликтен да Алладан алыстаткан башка сыпат жок. Бир Кудси хадисте айтылганы боюнча, улуулук менен кибир Аллага таандык сыпаттардан[2]. Бул сыпаттарга ээ болгусу келген киши билип-билбей Жаратканга таандык өзгөчөлүктөргө ээ болгусу келип, ушуну менен Аллага ширк кылган болот.
Улуулукту жөнөкөйлүктөн издегендер
Жөнөкөйлүк, кичипейилдик жана ыйбаалуулук Адамзаттын Асылынын (саллаллаху алейхи васаллам) өзгөчө сыпаттары болгондой эле, анын жолун бекем карманган Рашид Халифалар да жөнөкөйлүк менен кичи пейилдикте туу чокуларды багынтышкан. Азирети Абу Бакирдин (радиаллаху анху) Ал-Кулубуд-Дарияда[3] орун алган төмөнкү жалбаруусу анын жөнөкөйлүктөгү деңгээлин эң сонун билдирип турат:
Жардамыңды аяба, оо Жараткан
Бул кулуңдан, ырысы аябай аз.
Сызга отурган болсо да, оо Кудурет,
Босогоңо келди кулуң – куураган таз.
Күнөөлөрү тоодон чоң, чачынан көп,
Өзүң кечир аларды, Мээримдүү Зат.
Абалы да эң жаман, күнөөкөр да,
Куурап турган куураагыр, болбогур ит.
Кежирликтин артынан кежир болуп,
Кылгандары катага калган толуп.
Өзүң гана мээрим төк арты–артынан,
Кумдан ашкан күнөөсүн Өзүң кечир.
Сан жетпеген күнөөлөрүн кечире көр;
Бир Өзүңө корголойм, Өзүң жашыр.
Жалбарайын көз жумба, көңүлүң бур,
Өчүрүп сал катасын, Улуу Жамил.
Кандай болот абалым, алда кокуй!
Дептеримде жарактуу амал жоктур.
Күнөөлөрүм ташкындап чалкып жатат,
Кулчулугум өлмөсөк, таштай катат.
Жаратын таң рухумдун, көтөрмөлө,
Керегиме жарай көр, Өзүң түздө.
Сен чыныгы Шафиисиң, Жараткансың,
А мен болсо бузулган араң жанмын.
Мунун баарын ким айтып жатат дейсиз? Вахий түшө баштаганда эле Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) нурлуу алкагына кирген, Савр үңкүрүндө аны менен чогуу болгон, өмүр бою Алла Элчисине калкан болуп, жанынан карыш жылбаган, Сыддык наамына татыган азирети Абу Бакир айтып жатат. Азирети Абу Бакир менен азирети Умардын убагында Ислам дини үчүн жасалган кызматтар Амави менен Аббаси доорунда жасалгандар менен Осмондуктардын алты кылымдык мезгилде жасагандарына тең келет. Алар Алланын уруксаты жана ырайымы менен 12 жылда 12 кылымга батпай турган иштерди жасап кетишкен. Бирок ошого карабай азирети Сыддык өзүн эч бир жарактуу амалы жок, сызга отурган кул катары көрүп, өзүн жерден алып көргө уруп, кежирлиги, күнөөлөрү үчүн Алладан кечирим тилеп отурат. Эмне дейбиз, өзүн бир нерсе сезип алгандар уялсын.
Чынында нары жагында бир нерсеси бар кишилер ушундай кылат. Толуп ташып турган киши болгондуктан, бышып турган буудайдай башын төмөн ийет. Бош кишилер болсо, кудум короздой койкоңдоп турганы менен, канчалык канат кагып талпынса да жерден көтөрүлө албайт. Карт тарыхта мунун мисалдары толтура. Силер деле айланаңардын мындайдын толтура үлгүсүн көрсөңөр керек. Көк асманда көкөлөп жүргөндөй көрүнгөн текеберлердин жер сүзүп жыгылганына далай эле күбө болдуңар да. Азыркынын текеберлеринин акыбети деле ушундай.
Азирети Умар (радиаллаху анху) болуп жаткан кургакчылыкка да өзүн күнөөлүү сезип, «Менин күнөөлөрүмдүн айынан үммөттү кыйнаба, Аллахым», – деп жалбарчу. Жамгыр дубасына чыгышканда Пайгамбарыбыздын абасы азирети Аббастын колун кармап алып, аны себепкер кылуу менен Алладан жамгыр тилеген. Эл эмне жеп, эмне менен жашаса, ал дагы ошону менен чектелчү. Акса мечитинин ачкычын алганы баратканда бир кул менен жолго чыгып, бир төөнү алмак-салмак минип барышкан. Зарылчылык болуп калганда жыртылган көйнөктөрүн деле өзү жамап алчу. Эмне буларды шарты жоктугунан кылчу дейсиңерби? Жок. Азирети Умар халифа кезде бир эле Шамда керектүү маалда минүү үчүн кырк миң ат кошумча багылып турган. Өлкөдө жашоо аябай эле оңолгон. Ошого карабай, жалпы элдин мүлкүндө акым жок деп ойлогону үчүн болушунча жөнөкөй, кара кылды как жарчудай калыс жашап, Жараткан Аллага берчү эсебин эсинен чыгарган эмес.
Азирети Абу Бакир, азирети Умар сындуу улуу инсандар карапайымдык канаттарын жерге жайган сайын Алла Таала аларды көтөрдү жана алардын колу менен Исламдын туусун бардык жерде желбиретти. Алланын улуу аты, Пайгамбарыбыздын улуу аты алардын арты менен алыскы аймактарга чейин жетти. Ар кандай маданиятты кармангандар, ар түрдүү улуттун кишилери топ-тобу менен Исламды карай чуркады. Алла Таала алардын колу менен ошол маалдын эң күчтүү эки мамлекетин, Византия, Сасанини тизе бүктүрдү. Азирети Умардын жол жүрүп келишин, турган турушун жана жалпы көрүнүшүн көрүп туруп, Кудустун кечилдери: “Мына Акса мечитинин ачкычын тапшырчу киши ушул!”, – дешти. Ушул жерден “Алар кайда дагы, биз кайдабыз?!”, – деп айтууга уруксат берсеңер. Аларды жакшы көрөм, алардын изин улайм деп ойлогондор өздөрүн дагы бир жолу карап коюушу керек эмеспи?
Азирети Осмон менен азирети Алинин абалы деле булардан айрымаланчу эмес. Азирети Осмон өтө бардар киши болчу. Ойлосоңор, Мута жортуулунун алдында кошуунга жардам катары 500 төөнү жүгү менен берген. Меккенин да, Мадинанын да байларынын катарында турчу. Ошого карабай ал өтө жупуну жашап, Набави мечитинде кум жазданып жатып эс алчу. Хансарайларда эмес, катардагы бир үйдө өмүрү өттү. Ушундай жупуну үй болгондуктан, көзүн туман баскан мыкаачылар анын үйүнө оңой-олтоң кирип барып, Куран окуп отурганда шейит кылышкан.
Азирети Али бала кезинде эле Пайгамбарыбызга ыйман келтирип, алгачкы момундардын арасынан орун алган. Кийин уламдан-улам жогорулап отуруп туу чокуларга жетти. Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) ал тууралуу ушунчалык көп мактоо сөздөрү бар дейсиң, баарын чогултсаң өзүнчө бир китеп болот. Мына ошол Алланын арстаны, Пайгамбардын күйөө баласы, Хайбардын жеңүүчүсү, Олуялардын башчысы сындуу наамдар менен айтылып келген азирети Али (радиаллаху анху) сезимдерди козгогон бир касыйдасында мындай дейт:
Аллахым, бир гана жакшыларды кечирем десең эгер,
Ышкына алданган күнөөкөрлөрдү ким кечирет?
Аллахым, мээримиңди эстегенде бардык санаам жоголуп,
Күнөөлөрүмдү эстесем көзүмө ачуу жаш толот.
Ооба, алар улуу инсандар болчу. Улуулуктарын жөнөкөйлүк менен кулпуртушчу. Алар жөнөкөйлүктө бийиктиктерди багынткан сайын Алла Таала да аларды көтөрө берчү. Алар болсо жогорулаган сайын өздөрүнүн атын ого бетер чийип өчүрүп турушар эле. Ийгиликтери, жашаган жашоосу, өздөрүнө кандай көз карашта болгону баарына белгилүү. Ал-Кулубуд-Дариядагы дубаларды карасаңар, Шахы Гейлани, Имам Газзали, Хасан Шазели, Мухаммед Бахауддин Накшибанди жана дагы көптөгөн Алланын досторунун дайыма өздөрүн жокко чыгарып турганына күбө болосуңар. Аларды карап туруп өзүбүзгө көз салганда, «Алар кайда да, мусулманчылыкты карманып жүрөбүз деген биз кайдабыз?», – дебей койо албайсың.
Кептин оролун доорубуздун сөз султанына берсек. Ал: «Эй менин эки жүздүү напсим! Динге кызмат кылып койдум деп текеберленбе! «Алла Таала бул динди күнөөкөр пенде менен деле тууралап койот», – деген сөзгө ылайык, арууланган киши болбогондон кийин, балким өзүңдү ошондой күнөөкөр деп билишиң керектир», – деген[4]. Муну ким айтып жатат? Бир доордун жандануу кыймылын туу кылып желбиреткен жана жазган эмгектери менен миллиондогон кишинин илхам булагы болгон зат айтып жатат. Демек, бир кишинин Аллага жакындыгы, Аны менен байланышы канчалык күчтүү болсо, анын жөнөкөйлүгү, кичи пейилдиги да ошончолук терең болот тура. Алла Таалага жакындаган кишинин милдети – өзүн жокко чыгаруу экен. Элдин мактоосун, даңктоосун, же өтөгөн кызмат ордуна, берилген даражаларга алданып өзүн бир нерсе сезип алуу − Жараткан Аллага көлөкө түшүрүү деген мааниге келет. Жараткан Алла Өзүн бизге билдиргенчелик өлчөмдө бизди карапайым, кичи пейил жана жөнөкөйлүккө жеткирсин жана өз ордубузду билүүнү насип кылсын! Оомиин!
[1] Аврад-у азкар – күндүн белгилүү убакыттарында жасалган теспе тартуу, Куран окуу, салават айтуу, дуба кылуу, кайсы бир аяттарды окуу сыяктуу туруктуу кылынган ибадат түркүмү.
[2] Абу Давуд, Либас 27
[3] Ал-Кулубуд-Дария – Азирети Баддиуззаманга аябай окшогон азирети Гүмүшханевинин «Мажмуатул-ахзаб» аттуу үч томдук дуба жыйнагынан кай бир кайталанган жерлерин кыскартуу менен Фетхулла Гүлен агай чогултуп чыккан китептин аты. Ал-кулубуд-дариянын сөздүк мааниси «ыйлап, сыздап, Жараткандан жалбарып дарман суроо» дегенди билдирет. «Күйүттүү жүрөктөр» деп которсо да болот.
[4] Беддиуззаман, Сөзлер, 26-Сөз