Саресеп
Глобальный мир

Украина үчүн күч жана сабыр заманы башталды

Украинанын президенти Владимир Зеленскийди АКШ жетекчилиги эбегейсиз бийик деңгелде тосуп алды. Ал жактан кошумча катары 48 млрд долларга жакын жардам пакетин жана эң тез учкан орус ракетасын атып түшүрчү Patriot комплекстерин алмай болду

Мындай деңгелде 30 жыл мурун Орусиянын президенти Борис Ельцин жана 7-8 жыл мурун Рим папасы гана тосулган. Владимир Зеленский Вашингтондо өткөргөн 10 саат ичинде АКШнын президенти Жозеф Байден менен жолугуп, аны менен бирге пресс-конференция берди. Андан кийин АКШнын Конгрессинде сөз сүйлөп, орус аскерлери менен катуу салгылашып жаткан Бахмут шаарынан ала келген украин желегин АКШ Парламентине берип, дүйнөнүн эң күчтүү өлкөсүнүн Когрессинин үстүндө желбиреген желегин белекке алды.

Серепчилердин баары Зеленскийдин АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзүн “тарыхий” деп аташты. Анын америка элине карата кайрылуусу мазмуну жана эмоционалдык жагынан катуу резонанс жаратканы даана билинип калды. АКШнын журналисттеринин көбү Зеленскийдин сөзүнө байланыштуу Ельцин менен Рим папасын эмес Англиянын атактуу премьер-министри Уильям Черчилдин 1941-жылы Вашингтонго келип сүйлөгөн сөзүн эстешти.

Черчиль Экинчи дүйнөлүк согуш катуу тутана баштаган ал жылы АКШга келип кайрылган, эми ошондой эле резнансты орус фашизминен жапа чеккен Зеленскийдин сөзү жарата алды. Украин президентине көрсөтүлгөн сый-урмат, анын өлкөсүн НАТО аскердик альянсынын мүчөсү деңгелине чыгарбаса да, аябай жакын жана ысык өнөктөшү экенин баса белгиледи.

Орустарга каршы согуш үчүн Зеленский биринчиден, АКШ Конгрессинин, б.а. республикачыл менен демократтардын кош колдоосун тапты; экинчиден, Украинага 48 млрд доллардык жардам пакети берилмей болду; үчүнчүдөн, эң тез учкан орус ракеталарын атып түшүрө алчу Patriot комплекстерин алмакчы.

Америкалык эксперттердин айтымында, Украинага Patriotко окшогон коргонуу комплекстери берилгени менен өлкөсүнүн энергетикасын талкалап жаткан Орусиянын аскер учак майдандары менен ракета аткан кемелери жана жерлерине сокку ура алчу курал азырынча берилбейт. Аларга танктар, учактар жана, азыркыдай 80 чакырымга эмес, 300 чакырымдан нары жайгашкан буталарды талкалаган ракеталар кирет.

Бирок АКШнын расмий болбосо да коомдук күчтүү спикерлери мындай куралдар бериле башташы керек экенин бир ооздон айтып кирди. Чын эле, Байдендин чабуул кыла алган куралдар берилсе, өзөктүк 3-дүйнөлүк согуш тутанып кетет дегени куру шылтоо деп бааланды. Анткени, Украинадан жеңилип жаткан орус армиясы НАТО менен салгылашууга даай алары өтө эле күмөн.

Бул визиттен бир күн мурун Орусиянын президенти Владимир Путин өз аскер башчыларынын кеңейтилген коллегиясында согушка керектүү бардык нерсе, айрыкча каражат жетиштүү деди. Муну сүйлөп жатканда “ошого каражатка жараша натыйжа күтөт элек” деп наалыды. Бирок учурда аскерлердин гана жеңиш алып келе алышы куру күтүү десек болот.

Орусиянын курал чыгарган ишканалары эң биринчи кезекте батыштын даяр технологиясы келбей калганынан жапа чегип атат. Ошондуктан, убакыт, бир караганда, орус жетекчилиги тарапка иштеп жаткансыганы менен, чынында, убакыт Украина жана анын партнерлорунун ишине жарап атат десек болот.

Акылай Бактыбек кызы

Related posts

Мухаммад Фетхуллах Гүлен: “Менин өлгөн күнүм менин тоюм болот”

Эсен Ырыскелди
1 месяц ago

Путиндин Евразия ажосу болуу аракеттери

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Кечирим 

Эсен Ырыскелди
3 года ago
Exit mobile version