Саресеп
Глобальный мир

Мухаммад Фетхуллах Гүлен: “Менин өлгөн күнүм менин тоюм болот”

Кечээ 20-октябрь түнү, саат 21:20’да белгилүү чөйрөлөрдө “Хожа Эфенди” деп таанылган, ислам аалымы жана ойчулу Мухаммад Фетхуллах Гүлен дүйнө салды.

Пикирлери, максаттары жана жүрөктөрү бул улуу инсанга жакын кишилерге жана жакын туугандарынын баарына көңүл айтабыз!

Акыйкатта баарыбыз Алла Таалага таандыкпыз жана Ага кайтуучуларданбыз!

Бардык эле мындай жигердүү инсандардыкындай, Фетхуллах Гүлендин ишмердүүлүгүнө расмий жана чыныгы көз-караш бар. Түрдүү саясий себептерден улам учурдагы түрк бийлиги аны жана анын максаттары менен пикирлерин колдогон кишилерди “террорчу” деп атап жүрөт. Бирок Фетхуллах Гүлендин пикирлештери, ислам аалымдарынын басымдуу көпчүлүгү (анын ичинде ыраматылык Чубак ажы Жалилов устаз да бар) аны доорунун улуу жана ыкыластуу аалымы катары, ислам дини менен мусулман коомчулугуна албан кызматтарды өтөгөн инсан катары таанышат.

Фетхуллах Гүлендин идеялары менен аракет кылган кишилер Кыргызстан менен дүйнөнүн 150’дөн ашык мамлекетинде  ишмердүүлүк кылып, билим жана тарбия жаатында жаңы чыйырларды ачып, адамзаттын туура жолдо өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келүүдө.

Алардын баарына көңүл айтып, сабырдуу болууга чакырабыз. Алла Таала Хожэфендинин жанын жаннаттан берсин! Ыйманы саламат болсун!

Related posts

ДИНГЕ ЖАНА АДАМЗАТКА КЫЗМАТ КЫЛУУНУН ПРИНЦИПТЕРИ

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Баскынчыны же когронуучуну колдойсуз

Эсен Ырыскелди
3 года ago

О временной эмиграции в Кыргызстан из России

Эсен Ырыскелди
3 года ago
Exit mobile version