Орусиянын президенти Владимир Путин эмнеге 9-майда ставкаларды көтөргөн жок? Орус-украин кагылышуусу башталгандан бери орус калкынын бул кагылышууга карата мамилеси кандай өзгөрдү? Согуш орусиялыктардын психикалык абалына кандай таасир этип атат?
Дүйнөлүк масс-медиа, эксперттик топтор жана саясатчылардын көбү Путин 9-майда же тактикалык өзөктүк куралды колдонууну, же жалпы аскердик мобилизацияны, же экөөнү бирдей жарыялайт деп күткөн. Чакан өзөктүк куралды колдонуу Батыш менен украиндердин жүрөгүнүн үшүн алууга, учурдагы “атайын аскердик аракетти” ачык эле “согуш” деп атап, жалпы мобилизация кылуу менен эки тараптын тең жоготууларын көзгө илбей, Украинаны тыптыйпыл талкалоого мүмкүндүк берет дешкен.
Эмнеге бул нерселер жарыяланган жок дегенде, эң негизкиси, бул майрамда орус калкынын сиркеси суу көтөрбөй турат. Анткени, ар бир майрам сүйүнчү кабар менен коштолбосо да, жок дегенде өкүнүчтүү кабар менен коштолбоосу керек. Өзөктүк куралды колдонууну билбейм, бирок жалпы мобилизация менен жүз миңдеген жаштарды согуш майданына чакыруу ар бир үй-бүлөгө кедергисин тийгизмек. Ансыз деле, айрым военкоматтары молотов коктейлдери менен өрттөлүп аткан Орусияда, мындай чечимдин кесепетин өлчөп көрүүгө эч кимдин эрки жетпейт.
“Левада-центр” аналитикалык борборунун бул жылдын март менен апрель айына тиешелүү сурамжылоосу боюнча, орусиялыктардын орус-украин согушуна карата кызыгуусу бир айдын ичинде: “бир аз карап коюп атам” дегендердин арасында 29’дан 27%’га төмөндөгөн; “такыр караган жокмун” дегендер 8’ден 10%’га жоголуган. Бул кагылышууну “колдойм” дегендер 53’төн 45%’га төмөндөп, психологиялык 50%’дан ылдый түшкөн; “көбүнчөсүн колдойм” дегендер 33’төн 27%’га азайган.
“Групп-М” рекламалык тобунун изилдөөлөрү боюнча, март-апрель ичинде “эң туура маалыматты телевизордон алам” деген орусиялыктардын саны 33’төн 23%’га төмөндөп кеткен. Бир айдын ичинде 10%’га төмөндөөнүн согушка байланыштуу экени шексиз. Бул жерде мамлекеттик телеге карата орто жана чакан шаарлардагы кедей орус жарандарынын ишеними эң көп төмөндөгөнүн баса белгилөө керек (34’төн 20%’га). Себеби согушка көбүнчөсүн алардын жакындары кетет же кетүү ыктымалы жогору. Ошол эле убакта интернет булактарына карата ишеним 19’дан 23%’га жогорулаган.
Адам баласы бара-бара бардык нерсеге көнүп кеткендей эле, орус калкы да бул согушка көнүп, аны турмушунун бир бөлүгү катары карай баштады. Владимир Путиндин согуш башталган 24-февралда “Украинаны денацификация жана демилитаризация” кылабыз деген кеңири максаты 9-майда “Луганск жана Донецктеги орус калкын коргоо” максатына чейин кичирейгени эксперттердин көбүн сүйүнттү. Эгер биринчи максатка жетиш үчүн Украинанын аймагын толугу менен көзөмөлгө алып, украин бийлигин жок кылуу керек болсо, экинчи максатта Луганск-Донецк аркылуу Крымга жана Преднестровьеге чыгуу көздөлөт.
Өз калкына кеңири репрессия кылган өтмүшү бар мерес авторитардык режим орногон кездеги жүргүзүлгөн коомдук сурамжылоолор туура маалымат берет деп ойлобош керек. “Хомо советикус” деп аталган постсоветтик кишинин аң-сезиминин эки жүзү бар. Ал начальнигинин жанында ыкластуу колдогон нерсесин, үйгө кайтканда ошондой эле ыклас менен каргайт жана муну психикасынын табигий абалы катары кабыл алат. Мисалы, сурамжылоодо “украинага каршы аскердик аракетти жан дилим менен колдойм” дейт да, аскер курагына чыккан баласын Грузия же Кыргызстанга качырат.
Ошондуктан “Путинди эч күмөнсүз колдойм” дегендер, эртең орус бийлигине келген жана, учурда Путин кылып жаткан иштин тескерисин кылган, Х‘ти да жан дили менен колдоп чыгаарында шек жок. Анткени алар Путинди эмес, кандай экенине жана эмне кылганына карабай, “бийлик” деген феноменди колдошот. Алардын аң-сезиминде бийликке келген киши ким болбосун, ал туура кылат. Путин бийликтеби, демек, ал туура кылып атат, “ээрден көтү кынтайгандан” тартып ал туура эмес кыла баштайт жана колдоого арзыбай калат.
Таалайбек Маматов