1999-жылы Фетхуллах Гүлен АКШ’га кетти.
Мевлана Желаледдин Руминин атасы шейх Бахауддин ажылыкка жөнөйт, андан ары Багдад анан Анадолуга анан Коньяга барып отурукташып калат экен. Шейх Бахауддин ошол доордун эң чоң аалымы катары белгилүү дейт. Бир жерден бир жерге көчүп жөнөгөндө жанында 500 киши кошулуп көчөт экен. Санаалаштары, окуучулары, алардын үй-бүлөлөрү болуп ошончо киши.
Хожа Эфенди да Америкага барып отурукташканда Ахмет Куружан, Осман Шимшеке окшогон окуучулары жана ага жакын болгондор артынан кетишкен. Маанавият да, руханият да көчүп кетти көрүнөт. Анткени Түркияда кызмат чоңойгондон чоңойуп, жаңы имараттар, окуу жайлар деп, сыртынан караганда өтө эле жайылып кеңейип, чоңойуп эле баратты. Хожа Эфендинин “бир киши бир позицияда үч жылдан ашык отурбасын”, же “бир миллион киши башка өлкөлөргө хижрет кылсын” сыяктуу насааттары көз жаздымда калды көрүнөт.
Халит Эсендир бир эскерүүсүндө (Кызыккандар ютубда каналы бар):“Хожабыз жанындагы 70-80’ге жакын чоң байкелерди топтоп алып: “Мындан кийин таин (кадрларды дайындоо) жана финансылык иштерге кийлигишпегиле, жалгыз эле насих болуп насаат айткыла”, – деген, бирок 10-15 байке ошону кылбай койду”, – деп айтат.
Бизди, байкелер болсун, окуу жайдагы агай-эжелер болсун: “Силер өлкөңөргө барып кызмат кылгыла, силерге муктаждык бар”, – деп кулакка куя берчү. Окууну бүткөндөн кийин Кыргызстанга келдим. Алты ай министрликтен дипломумдун тастыкнаамасын алалбай койдум. Өзү Түркияга студенттерди окууга жөнөтүп, диплом алып келсе тааныбай атканы кыжырымды келтирди.
Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, 2003-жылы кайтып Түркияга кеттим. Студенттик күндөрдөн бери эле программалоо жаатында иштеп жүрө бердим. Бирок, студент болбогонуманбы, же кесибим жаатында иштебегенименби, айтор интеллектуалдык азыктануу азая түштү көрүнөт. Бир күн кыргыз тилинде коомдук-саясий электрондук журнал чыгарууну чечтим. Биринчи, экинчи санын чыгардым. Өзүм макала жазам, анан котормолорумду да койом. Тааныштарга, туугандарга таркатам.
Кыргызстанда жүргөндө кыргыз тилинде биринчи сайтты (2003) Нурмухаммед экөөбүз “Заман Кыргызстандын” сайтын жасап бердик. Кыргызча тамгалар браузерден чыкпайт, арка планда атайын ASP менен коддорду жазып кыргызча тамгаларды чакырып аттык. Иттей кыйналганбыз. Эки жылдан кийин Микрософт кыргызча тамгаларды жаңы версияда орнотуп койду, кийин Гугл Хром чыкканда иш кыйла эле жеңилдеп калды.
Ошол кезде “Заман Бишкекте” журналист Нүргүл Максутова менен таанышкан элем. Электрондук журналымды ага жиберип окутсам. Кыргызча жазалбайт экенсиң. Ушул багытта өзүңдү өнүктүрүүң керек экен деп айтты. Ар макала жазганда Нургүлгө жөнөтөм, ал оңдойт, устаттык кылып көп эле жардам берди.
Макул деп кыргызча көбүрөөк окуп, жазганды үйрөнө баштадым. Эсенбай Нурушев агайды, Жайнак Касымовдун журналистика боюнча макалаларын, китептерин, Журналисттердин чөнтөк китептерин окуп баштадым. 2009-10-жылдары болсо керек Омор Султановдун дарегин таап алып “Жаңы Ала-Тоонун” электрондук варианттарын алып окуп жүрдүм. 2014’төн кийин журнал чыкпай калды окшойт.
Бала кезде айылда үйүбүзгө Ала-Тоо журналы келчү. Атам бүт окуп чыгат эле. Мен да анда санда аңгемелерди, ырларды окуп койом. Бирок ал кезде бала болчумун да. Кыргызстандан Чыңгыз Айтматовдун 8 томдук чыгармалар жыйнагын алдырдым. Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларынын электрондук варианттарын топтодум. “Сынган кылычты” бир канча жолу жиликтеп окудум.
(уландысы бар)
Нурлан Мусаев