Дин өкүлдөрү саясатка олуттуу таасир берип келген Европада, орто кылымдардан тартып, динди өзүнүн, саясатты өзүнүн чөйрөсүнө жайгаштыруу аракеттери башталып, ийгиликтүү ишке ашкан. Учурда мунун “ислам же мусулман чөлкөмдөрү” деп айтылган мамлекеттерде ишке ашыруу мүмкүнбү деген суроо турат. Анткени дин адамдарынын саясатка тикелей кийлигишүүсү мамлекет менен улуттун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизгенин таарых көп жолу далилдеди десек болот.
Орто кылымдагы Европада дин лидерлери менен топтору саясатка баш-оту менен киришип, мамлекеттер менен анын башкаруучуларын каалагандай калчап калган. Саясатка жана андагы чечим чыгаруучу механизмдерге кийлигишүүсүнүн айынан, дин лидерлери менен чиркөөнүн аброю коом жана саясий элита алдында эбегейсиз түшүп, алар жерилген объекттерге айланышкан. Акыры мындай кырдаалдан улам христиан дини түрдүү чиркөөргө айрылып, улуттук жана географиялык мүнөзгө ээ болгон тайпалар пайда болгон.
Батыш Европа мындай туңгуюк кырдаалдан, эң биринчи кезекте, билим менен чыкан. Орто кылымдагы Европада билимдүү кишилердин диний караңгылыкка каршы берген күрөшүн байкоого болот. Башында ар түрдүү жер төлөлөрдө такшалган техникалык-гуманитардык илим жана илимий тажрыйба акыры сыртка чыгып, тайманбастан коомду агартып, аны диний фанатизмден арылткан.
Мындай кырдаал учурдагы ислам чөлкөмдөрүндө ишке ашуусу мүмкүнбү? Андай болуусу өтө оор. Анткени бул өлкөлөрдө билим жана илимге кайдыгер мамиле кылынганын, билимдүү киши куугунтукталып, эң эле жакшы дегенде, сыртка чыгып кетүүгө мажбур болгонун көрүп турабыз.
Ошондуктан ислам чөлкөмүнүн билим менен илимди көтөрүп кете алганчалык потенциалы жок десек болот. Ал эле эмес, мындай кырдаалды коомдук талкууга алып чыгып, тайманбастан талкуулай алчу лидерлери менен уюмдары да жокко эсе.
Айрыкча исламдык укук системасы болгон, бирок орто кылымдын жеке башкаруу чөйрөсүнө жараша калыптанып калган фикх илимин кайра жаңыча жоруп чыгууга мусулмандардын аң-сезими да, эрки да, акторлору да жетпей турганын байкасак болот. Фикх системасын жана анын усулулун коомдун заманбап динамикалары менен эриш-аркак кылуу, керек болсо, аларды кубаттай алгандай деңгээлге алып чыгуу – эң негизги көйгөй болуп турат.
Эгер мындай реформа ишке ашса, эң оболу диндарлардын абалы жакшырып, алар коомдун лидерлерине айлана аларын түшүнгөн ислам аалымдары жокко эсе. Тескерисинче, учурда мындай жаңыланууну динди талкалоо катары көргөндөр, бул тууралуу коомдук талкууну да жерип, андай талкуунун капкагын да ачкандан коркуп турган кишилер көп.
Ислам аалымдары жаңылануудан чочуп, консервативдүүлүктү жалгыз альтернатива катары көргөндүктөн, мусулмандардын жаш мууну барган сайын динден алыстаганы алыстаган. Техникалык жана гуманитардык илимдердин бетин ачпаган диний аалымдар, ички реформаны жетектегенден корккон диний лидерлер ислам чөлкөмүн кайра орто кылымдагы жеке, өзүм билемдик саясий башкарууга багыттап бара жатканы ачуу чындык.
Жансакта Сарбашов