1 февраля 2016 г. 12:28 447
Давосто өткөн экономикалык форумдун жүрүшүндө дүйнөнү жакынкы 5 жылдыкта эбегейсиз өзгөрүүлөр күтүп турганы белгилүү болду. Жакында дүйнөнү ким башкарат? Жаштарбы, аялдарбы, террорчуларбы же тымызын күчтөрбү?
Давос шаарчасынын арифметикасы
Жакында Швейцариянын Давос шаарчасында жылда боло келген Дүйнөлүк экономикалык форум (ДЭФ) өттү. Анда көтөрүлгөн маселелер боюнча пикир айтам, талкууга катышам деген адамдардын саны 10 миңге жакындаганы айтылды. Бул форумга негизинен окумуштуулар, уюм жетекчилери жана айрыкча экономика чөйрөсүндө алдыңкылар катышып келет. Мындан сырткары, жаңы доордо жаңы кадамдарды таштап, жаңылануу көрсөтө алган өлкөлөрдүн лидерлери да чакырылган. Алдын-ала кайрылуу аркылуу катышуу төлөмү бир кишиге 20 000 евро болсо, расмий уюмдар 100 000 еврого чейин чыгарышы керек. Андан сырткары жол, мейманкана жана тамак-аш чыгымы өз чөнтөгүнөн чыгат. Быйыл Давоско 40 мамлекет башчысы жана 2,5 миң бизнесмен катышты. Бирок, мейманкалар менен башка кызматтарга алдын-ала буйрутма берип, турак-жайды шаарчанын чет жактарынан ижарага алып, форумдун иш-чараларына коомдук транспорт менен барып-келүү менен каражатын үнөмдөп катышкан адамдар да жок эмес. Чындыгында Давостун туруктуу тургундары 30 миң болсо, экономикалык форум өткөн күндөрү калктын саны 50 миңден ашып кетет.
Окумуштууларды чочуткан роботтор
Быйылкы Давостун темасы «4-индустриалдык ыңкылаптын лидерлери» деп аталган. Анткени менен адамзат төртүнчү доорго жеттик деп кубангандын ордуна, терең ойлонуусу керек болуп калды. Айтмакчы, буга чейин биринчи ыңкылап «агрардык» деп аталса, экинчиси «өндүрүштүк» деп, үчүнчүсү «маалыматтык ыңкылап» деп белгиленген. Биз ошол маалыматтык доордобуз деп ойлоп жүрсөк, дүйнө окумуштуулары «жасалма аң-сезимдин доору» делген төртүнчү индустриалдык ыңкылапты жар салып койду. Быйыл Давосто жар салынган бул ыңкылап бизге анча билинбегени менен, тарыхий бурулуш маалында жашап атканыбыз белгилүү болуп калды. Айтмакчы, бул ыңкылап даамдуу жемиштери менен бирге экономикалык, саясий жана коомдук көйгөйлөрдү да алып келери айтылууда. 1971-жылы түзүлгөндөн бери Давос форумун жетктеп келген Клаус Шваб «Нью-Йорк Таймс» (The New York Times) гезитине берген маегинде: «Роботторду башкарууну кааласак, адамдык сапаттарыбызда бекем болуубуз керек. Себеби, адамдын мээси, руху жана жүрөгү бар. Ошондуктан акыл менен ойлонуп, жүрөк менен сезип, рух менен ой жана сезимдердин тең салмактуулугун сактай алышыбыз керек», – деп учурдун эки багыттуу тарабын белгилеген. Айткандай эле, эгер биз эркибизди колдонуу менен инсандык баалуулуктарыбызды сактап кала албасак, жасалма аң-сезим (искусственный интеллект) туура эмес колдонулуп кетүү да коркунучу бар. Ошентип, жаңы доор жаңы маселелери жана жаңы көйгөйлөрү менен кошо келүүдө. Эгер алардын алдын албасак, инсандыктан чыгып, айбандык инстинкттерге алдырып жиберүү ыктымалы бар. Натыйжада жаңы доор сунуп жаткан мүмкүчүлүктөрдүн кайсы бир кооптуу жактарынан алыс туруп, эң жакшы тараптарын пайдалануубуз жана пайдаланууга даяр болуубуз керек. Анткени бул экономикалык форумдун катышуучулары 5-10 жыл ичинде эле азыркы адамдар жасап аткан иштердин 60%ын роботтор аткара баштайт деп бир ооздон айтып өтүштү. Ушундан улам адамдардын бош убактысынын арбуусу эң негизги коркунуч деп божомолдоп атышат. Мурунку кылымдын 70-жылдары эле Тойнби «Шок» аттуу китебинде «адамдар технологиянын өнүгүүсүнөн улам пайда болгон бош убактысын инсандык сапаттарын жогорулатуу үчү пайдаланбаса, адамзаттын кыяматын даярдашат» деп жазган. Айткандай эле бүгүнкү күнү жаңы технологиялар күнүмдүк жашоого өтө тез аралашууда. Ошондуктан жаңы муунду окутуунун жана тарбиялоонун салттуу түрлөрү жакын арада талкууга алынып, толугу жаңы доорго ылайык өзгөрүлөт деп айтылды. Мисалы, ошол эле билим булагына жетүү кыйла жеңилдегендиктен билим берүүнүн мөөнөтү, формасы жана усулдары толугу менен өзгөрүү алдында турат.
Баарынын оюнан чыкпаган Кытай
Жасалма интеллект негизги тема болгону менен форумдун жалпы убактысынын 25%ын гана ээледи. Давосто глобалдуу көйгөйлөр, анын башында дүйнө экономикасы кызуу талкууланды. Глобалдуу экономиканын басаңдоосу жана жергиликтүү (локалдуу) экономикалардын кризиске кабылуусу кепке алынды. Локалдуу кризистер дүйнөлүк экономикалык кризиске себеп болуп калбайбы деген чочулоолор болуп, мунайдын арзандоосунан улам пайда болгон экономикалык кризис жана анын айрыкча, Орусия, Сауд Аравиясы менен Иранга тийгизген таасирлери каралды. Форум эң чоң көңүл бурган өлкө албетте Кытай болду. Буга чейин Кытай экономикасы өндүрүшкө багытталып, сырткы базарларга мелженген болсо, эми ал ички базарга кызмат көрсөтүү тарабына ооп баратканы жана сырткы экономикалык факторлорго көз карандылыгынан алыстагысы келип жатканы билинген. Жорж Сорос «Bloomberg» агенттигине берген маегинде: «Кытай бир партиялык саясий түзүлүшү менен мындан да эркин экономика кургусу келет. Бул экөө бир учурда болбой турган нерсе», – деп айткан. Серепчилер да эркин экономикалуу өлкөлөр алдыга чыгып атканын белгилеп, авторитардык башкаруудагы мамлекеттер жумшаруу жолуна баратат деп жоромолдошкон. Ошондуктан демократиялык түзүлүш экономиканын өнүгүүсүнө түздөн-түз оң таасирин тийгизери айдан-ачык болду.
Аялзаты менен атак алган канадалык премьер
Давос форумунда аялдардын тең укуктуулук (гендер) маселелери да кеңири каралып, Канада үлгүлүү өлкө катары сөзгө алынды. Канада эң жаш, жылдыздуу премьер-министри жана министрлеринин жарымы айымдар болуусу менен айырмаланат. Жылдыздуу премьери Жастин Трюдо Канада мунай кору боюнча дүйнөдө экинчи өлкө болгонуна карабай, экономикасын түрдүү тармактарда өнүктүрүп, мунайга байланып калуудан алыс болгонун айтуу менен баарынын көңүлүн бурду. Мындан сырткары, анын аялзатын саясат менен бизнес башчылыгына келүүсүн колдогон сөздөрү, «Баламдын феминист болуп чоңоюусун каалайм» дегени көпчүлүктү таң калтырды. Чынында Канаданын өкмөт башчысы коомдогу бардык тайпага жана топторго бирдей мамиле кылуу менен айырмаланат. Ал акыркы шайлоодо мечитке барып дуба кылганы, премьер болгон соң Канадага Жакынкы Чыгыштан учуп келген качкындарды жеке өзү тосуп чыкканы менен да белгилүү болгон. Анын министрлер кабинетинде ар улуттун, ар башка диндин өкүлдөрү бар. Мындай лидердин Давоско чакырылуусу уюштуруучулардын Жастин Трюдонун жогорудагы өзгөчөлүктөрүн баалап, дүйнөгө үлгү катары сунгулары келип жатканын айгинелеп турат.
Дин террорчулуктун себеби эмес
Жакында эл аралык экономикалык кысымдан (эмбарго) чыккан Иран өзүн тынчтыкты ыктаган, кагылышуулардан алыс, адамгерчиликти туу туткан өлкө катары суна алганын кеп кылышууда. Албетте, Иран Иракта, Сирияда, Йеменде, Бахрейнде жана Ливандагы согуш аракеттеринде жарым-жартылай активдүү саясат жасап жатканын Давосто жаап-жашырып, дипломатиялык чеберчилигин дагы бир жолу ийгиликтүү колдонуу менен, өзүнүн саясатын жагымдуу суна алды. Форум жүрүшүндө Иран маселесине туташ эле экстремизм жана террорчулук, суннийлер менен шииттер маселеси да каралды. Христиан динин тутунгандардын, сунний жана шиит багытындагы баяндамачылардын баары күч колдонууга, адам өлтүрүүгө, маданий баалуулуктарды талкалап жок кылууга каршы болгондуктарын бир ооздон айтышты. Алар бул кагылышуулар көбүнчө саясий-экономикалык себептерге байланыштуу экенин, террорчулук негизги себеп эмес, башка көйгөйлөрдүн натыйжасы болгондугун, ошондуктан мунун түпкү себептери менен күрөшүү керектигин баса белгилешти. Буга байланыштуу жолугушууларда демократиялык баалуулуктарды жайылтуу буга чейин диний аталып келген экстремизм жана террорчулукту алдын алчу эң негизги фактор катары каралды. Жумушсуздук, аял укугунун корголбоосу, азчылыктарга терс мамиле кылуу, жалпы адилетсиздик, ачык-айкындыктын жоктугу, жемкордук (коррупция), сөз эркиндиги менен пикир алышуунун жоктугу террорчулукка түрткөн себептер катары каралды.
Кыргызстандын Давостогу келечеги
Дүйнөнүн бардык олуттуу маселелери каралып, күндемдери белгиленген Давосто Кыргызстан да болушу керек эле. Биз жакынкы жылдары буга тиешелүү кадамдар тышталат деген үмүттөбүз. Биздин Президент жакында өткөн экология боюнча эл аралык саммитке катышып, дүйнөлүк башка иш-чараларга да дайыма чакырылып келгенин билебиз. Эми биз Давоско эмнебиз менен кызыкпыз, кандай артыкчылыгыбыз бар? Биз Орто Азиядагы бирден-бир чыныгы парламенттик башкаруу системага ээ, сөз эркиндиги жана эл менен бийлик ортосундагы активдүү диалогу бар, дүйнө талап кылган универсалдуу демократиялык баалуулуктарга бай, көчмөн маданиятынын салты менен спорттук оюндарын калыпка сала алган өлкө катары Евразиянын жаркыраган жылдызы болуп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээбиз. Мына ушул сапаттарды колдонуу менен Давос сыяктуу эл аралык форумдарга салымыбызды кошсок болот. Ошол эле маалда мамлекетибиз жаңы «акылдуу» технологиянын тез тароосуна даярданып, билим берүүсүн келечектин стандарттарына ылайыктуу өзгөртүп, жалпы дүйнөнүн алдыга жылуусуна активдүү катышуусу керек.
Эң керектүү 10 жөндөм
2020-жылы
1. Көйгөйлөрдү тобу менен чечүү
2. Сын ой жүгүртүү (Критическое мышление)
3. Чыгармачылык (Креативдүүлүк)
4. Кызматкерлерди башкара билүү
5. Башкалар менен ыкташуу Координация с другими
6. Сезимдерди аңдап, аларды башкара билүү
7. Чечимдерди ойлонуп кабыл алуу
8. Кызматтарды багыттоо
9. Сүйлөшүүлөр
10. Бир убакта ар тараптуу нерселерди ойлоно билүү
2015-жылы
1. Көйгөйлөрдү тобу менен чечүү
2. Башкалар менен ыкташуу
3. Кызматкерлерди башкара билүү
4. Сын ой жүгүртүү
5. Сүйлөшүүлөр
6. Сапатты көзөмөлдөө
7. Кызматтарды багыттоо
8. Чечимдерди ойлонуп кабыл алуу
9. Адамды түшүнүп угуу
10. Чыгармачылык (Креативдүүлүк)
Булак: Дүйнөлүк экономикалык
форумдагы “Келечектеги жумуш”