Түрдүү пикир жана дүйнө таанымына ээ адамдардын башы биригишин диалог деп айтып келгенибиз менен, көнүмүш сөзгө айланып, маани берилбей калбастыгы үчүн, түрдүү синоним сөздөрдү таап чыгып колдонууга да болот. Эң негизгиси – ак ниеттерибизди жана сезимдерибиздеги жана ойлорубуздагы чынчылдыгыбызды ачып берүү
Мисалы, биз кээде толеранттуулук түшүнүгүн диалогдун синоними катары колдондук. Бирок айрымдар муну ылайыксыз деп тапты. Алар толеранттуулук сөзү, маектештин жагымсыз кыймыл-аракеттери, ишенимдерине чыдаганыңыз дешти. Кудум эле, тиги тараптын тиекендери бардай, сиз аны роза гүлүндөй кабыл аласыз. Бул болсо, купуя түрдө экинчи тарапты күнөөлөп, басынткандай мааниге келиши мүмкүн. Эч нерсе эмес, сөзгө такалып калбашыбыз керек. Талкууну дагы бир ирет карап чыгып, дагы сылыгыраак сөз табууга аракет кылабыз.
Мисалы, биз толеранттуулуктун ордуна “кишинин позициясын сыйлоо” деген сөз айкашын колдонсок болот. Себеби бул сөздүн өзөгүндө, ким кандай гана дүйнө таанымы жана жашоо философиясына ээ болбосун, алар сый-урматка татыктуу деген ой жатат. Башкача айтканда, мунун мааниси, биз мамиле кылган адамдардын адамгерчилигин урматтоо болуп саналат. Анткени ар бир адам потенциалдуу баалуулуктардын жыйындысы. Кимдир бирөө бул потенциалды өзүндө өнүктүрө албаса керек. Бирок, ал да Жараткандын бир чеберчилиги экендигин унутпаш керек, ал да өзүнчө уникалдуу. Адамды урматтоо, бир жагынан, жаратканга болгон сый-урмат.
Буга кошумча, “достук көпүрөлөрүн куруу” жана “минималдуу шарттарда да элдешүү” сыяктуу ар кандай сөздөрдү колдонсо болот.
Жол коопсуздугун камсыздоо
Усулуд дин аалымдарындай, орунсуз ойлорго жана кыжалатчылыктарга жол бербеш үчүн, колдонулган түшүнүктөрдү жана сөздөрдү нюанстарын эске алуу менен кылдат тандап алышыбыз керек. Аткарылган иштердин маани-маңызын жана максатын туура белгилеп, муну башкаларга да түшүндүрүүгө тийишпиз. Ишти баштоодон мурда аргументтерди, материалдарды аныктап, тар чөйрөдө да жалпы элге да бирдей сунуу зарыл. Маселе тууралуу жакшы ойдогу адамдарды адаштыра турган же кара ниеттүүлөр карөзгөй максатта колдонуп кете турган сөздөрдөн сактанышыбыз керек. Ниет жана максаттарыбыздын тууралыгын принциптерибизде да чагылдырып, отурган-турган жерибизде муну кайталап туралы. Ошого карабастан, жумурткадан кыр издеген адамдар да чыкпай койбойт. Эң негизгиси, биз өз милдетибизди аткарып, маселелерди өтө кылдат кароого тийишпиз. Калганы Аллага тапшырылат. Биз натыйжага кийлигише албайбыз.
Ыйман жана Куран кызматына өмүрүн арнаган Бедиуззаман жана анын жанындагы, ошол күндөрдө саны аз болгон азаматтарды айыл күзөтчүсү аңдып жүрчү. Силер канчалык тынчтыкка умтулсаңыз да, кээ бирөөлөр өз ой-пикирлерине жараша кабыл алышат. Эгерде жөнсүз күмөн санаган адамдардын бар экендигин эске албасаңар, кыймыл-аракет жана сөздөрүңөрдү ошого жараша жөнгө салбасаңар силерге иш кылууга эч кандай мүмкүнчүлүк беришпейт.
Кээ бирөөлөр түрдүү иштерди кылып жүрүшү мүмкүн, бирок аларга эч ким эч нерсе дебейт. Анткени, алардан эч ким кооптонбойт. Ниети жаман адамдар кимден күмөн санаса ошону менен алек болушат. Жолуңардын коопсуз болушу үчүн ушулардын баарын эске алышыңар зарыл.
Силер туура жолдо болушуңар мүмкүн. Алла ыраазылыгынан башка эч нерсени ойлобошуңар да мүмкүн. Исламдын аруу жүзүнө ыргытылган баткактарды тазалоого ант беришиңер мүмкүн. Эл-жериңер жана бүтүндөй адамзат үчүн эң жакшы ойдо болушуңар да мүмкүн. Адамзат бири-бири менен бычакташпасын, тынч, ынтымакта жашасын деп, көп нерсеге чыдашыңар да мүмкүн. Бирок, бул эле жетиштүү эмес. Муну менен бирге, башкалардын ой-пикирлерин да эске алгыла. Аларга өзүңөрдү туура таанытуу, аларда болушу мүмкүн болгон шек-күмөн жана коркууларды жоюу милдетиңер бар экендигин да унутпагыла. Ким экендигиңерди, кандай жолдо жүргөнүңөрдү, кандай максатты көздөгөнүңөрдү, адамдарга түшүндүрүүгө тийишсиңер.
Ошондой эле кээ бирөөлөрдүн, Алла жолунда жүргөн азаматтар тууралуу айткан жалган-жалааларына орду менен, канааттандыраарлык жооптор берилиши өтө маанилүү. Адамзат үчүн, адамдык баалуулуктарды жашатуу үчүн кылган аракетиңерди жана аны ишеним системаңардын бир буйругу катары көргөнүңүздү баарына билдириңиз. Биз, адамдардын ортосунда суйүү жана ынтымак орното албасак, Алланын алдында жоопко тартылабыз, дешибиз керек. Алланын, бул дүйнөнү, түбөлүктүү ааламга кеткен жол катары жаратканына ишенип, ага жетүүнү, бул жердеги милдеттерибизди орундатууга байланыштырабыз. Биздин башка бир максатыбыз жок.
Диалог көпүрөлөрүн куруу
Бүгүнкү күнүбүздүн эң чоң көйгөйлөрүнүн бири – келишпестик жана жаатташуу. Адамдар түрдүү партияларга, топторго, идеологиялык агымдарга бөлүнүп, чачырап турган абал. Ар ким өзү каалаган жол менен кетип баратат. Мындай коомдо эч кимге тийгизбей, эч кимдин тынчын албай, маселени белгилүү бир ыңгайда алып кетүү да оңой болбойт. Бирок, дин тыюу салбаган ар кандай жолду пайдалануу менен адамдардын ортосунда кайрадан диалог көпүрөлөрүн куруу, келишимдерге шарт түзүү – биздин милдетибиз. Мисалы, бул үчүн демократиялык баалуулуктарды көкүрөккө сиңирүү өтө маанилүү. Биз, өз баалуулуктарыбызды да кошуу менен бирге демократияны колдоп, анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышыбыз керек. Чынында мындан да тынчы кеткен айрым топтор болот. Бирок, жогоруда да айтылгандай, баарын ыраазы кылуу мүмкүн эмес. Биз, таза көңүлдөр кабыл ала турган мындай системага кайдыгер кала албайбыз.
Ошондой эле, өзүбүздү туура таанытуунун, коомдун түрдүү топтору менен диалог кылуунун жана аларга адамзаттын орток көйгөйлөрүн сунуунун жолу өзүбүздү жакшы өнүктүрүү нугунда жатат. Эгерде маектешибизди жакшы таанып, алардын жан дүйнөсүнө кайрыла алып, кемчиликсиз урмат көрсөтө алсак, бул адамзат үчүн эң пайдалуу кадам болот. Бүгүнкүгө чейин мунун мисалдарына көп күбө болдук.
Бул жаатта көңүл бурула турган дагы бир маселе, диалог кылган адамдар бузукулук кылып, түзүлгөн руханий келишимди бузушканда дароо силер да так ошондой жооп кылбашыңар шарт. Сабырдуу болушуңуз керек. Куран Каримде,
وَإِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُمْ بِهِ وَلَئِنْ صَبَرْتُمْ لَهُوَ خَيْرٌ لِلصَّابِرِينَ
“Эгер жазаласаңар, силерге жасаган мамилелерине ылайык жазалагыла. Эгер сабыр кылсаңар – сабырдуулар үчүн жакшы болот” (Нахл, 16/126) деген аят сабырдуулуктун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Жакшылык жолун тандоо жана “таш менен урганды аш менен уруу” биздин милдетибиз. Түрдүү сыноолор болушу мүмкүн. Негативдүү пикирлерге жооп берип, бизге карата айтылгандарды оңдоп-түзөшүбуз керек, бирок бул учурда да жумшак болуубуз зарыл.
Диалогду улантуу
Түрдүү жолдорду табуу менен, коомдун бардык топтору менен диалогду улантышыңар керек. Кээде аларды чайга чакырып, кээде аларга баргыла. Бул жаатта колдонула турган канча аргумент, канча жолдор бар болсо анын баарын колдонууга тийишсиңер. Эгерде бирөөлөр силердин бар экениңерден да тынчы кетип жаткан болсо, тынчы кетпей турган адамдар менен жолуңарды улантышыңар керек. Же кайрыла турган адамдардын маданиятын, ой-пикирин эң жакшы ким билсе, аларды арачага салышыңар зарыл.
Акыйкаттын баркы жогору, аны башка нерсенин кадырына садага чабууга болбойт. Эң негизгиси, бирге отуруп, белгилүү бир маселелерди талкуулап, бирге экендигиңизди, бирдей максатты көздөгөнүңүздү аларга көрсөтүүгө тийишсиз. Алыс турганда өзүңөрдү тааныта албагандай эле, силер тууралуу мурда билген маалыматтар да унутулат. Мына ошондуктан диалогду үзгүлтүккө учуратпастан, кандай жол менен болсо да, коомдун түрдүү топтору менен байланышыңарды улантышыңар керек.
Адатта көшөрүү, көктүк, жактырылбаган сыпат болсо да, мындай жакшылык алып келе турган иштерде уруксат берилет. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жашоо жолун карай турган болсок, Анын бул жаатта кандай зор аракет кылгандыгын көрүүгө болот. Анын Абу Жахилге канча жолу барганын билбейбиз. Элүү жолу барганын айтсак, аша чапкан болбойбуз. Мына ошондуктан, мүмкүн болушунча коомдун бардык топтору менен диалогду улантууңар зарыл. Жек көрүүгө себеп болбогондой, усулду өтө жакшы тандоо менен акыйкаттарды талбай түшүндүрүү биздин милдетибиз. Кабыл алуу-албай коюу аларга тиешелүү.
Түрдүү ой-пикирлер, түрдүү түшүнүктөр диалогго тоскоол болбошу керек. Эч ким өзүн башкалардан жогору койбосун, маектешине мындай нерсени сездирбесин. Ушул күнгө чейин бул жаатта кээ бир иштер жасалды. Бирок, мындан кийин маселелер мындан да мыкты каралып, мусулмандык милдеи катары, олуттуу аракет кылуу керек. Пайгамбардын жана сахабалардын өрнөктүү жашоо философиясына жараша маселени кайра карап, бул жаатта алек болгон адамдарга жакшы таалим-тарбия берилип, адамдык баалуулуктарды бекем кармап, жаңылыштыктан сактануу керек.
Баалуулуктарыңардан күмөнүңөр барбы?!
Момундар диалогдон коркпошу керек. Диалогдо бир жагынан баалуулуктардын жарышы бар. Эгерде баалуулуктарыңардан күмөнүңөр бар болсо, анда Аллага чындап ыйман келтирбеген болуп саналасыңар. “Баланчалар менен чогуу жүрсөк, алардын терс жактарынан таасирленип, диний жашообузга зыян келет”, – десеңер, анда өз диниңерге толук ишенбейсиңер. Баалуулуктарыңардын, баалуулуктар базарында алдыга чыгарына ишенсеңер, башкалар менен чогуу жүрүүдөн, диалог кылуудан коркууга эч кандай себеп жок. Башкалар менен кол кысышып учурашканда, бир жагынан силерге таандык жакшы сапаттар башкаларга өтүшүн, экинчи жагынан башкаларга таандык жакшылыктардан пайдаланууну ойлосоңор, диалогдон коркушуңардын кереги жок.
Эгерде көкүрөктөрүңөрдү башкаларга ачсаңар, башкалардын да кучак жайганын көрөсүңөр. Муну жоготуу деп айтууга болобу? Баарына кучак жайып, көкүрөгүңөрдү ачкыла! Анткени, силердин көңүлүңөргө кирген адам, ошол эле учурда андагы жакшылыктар менен таанышат. Аларды кабыл албаса да, эң жок дегенде аны сыйлайт. Сыйлабаса да зыян келтирүүдөн баш тартат. Мындай нерселер келечек муундар үчүн катаалдыкты жоюп, кагылышуу, коогалаңдарды токтотот, ортодогу ажырымдарды жок кылат. Булардын ар биринин өтө маанилүү бир пайда экендигинде күмөн жок.
Адамдардын кол кармашып, бир жолдо жүрүшү, адамзаттын орток көйгөйлөрүн чечүүдө өтө зор мааниге ээ. Эгерде силер, адамдардын көңүлүнө сүйүү жана урмат-сыйдын үрөнүн сепсеңер, бирге жашоо пикирин орнотуп, Алланы жана Анын элчисин ыраазы кыла аласыңар.
Кээде силер диалог кылалы деген кишилердин жашоосу, ишеними, сезим жана ой-пикирлери силерге карама-каршы келиши мүмкүн. Жадагалса алар, биз ишенген баалуулуктарга тил тийгизген, сөз жана кыймыл-аракеттери менен бизге зыян келтирген адамдар да болушу мүмкүн. Мындай, качууга мүмкүн болбогон абалдарда бизди ниетибиз менен максаттарыбыз куткарат. Эгерде алар менен түзө турчу мамилелердин акыбетинде кээ бир зыяндардарды алдын алууга же кээ бир пайдаларды камсыздоого мүмкүнчүлүгүбүз бар болсо, диалогдон кайтпашыбыз керек. Анткени, силер менен отуруп-тура баштаганда кээ бир нерселерди дагы жакшыраак түшүнүп, силердин кыймыл-аракетиңерге карап, силер ишенген баалуулуктар тууралуу ой-пикирге ээ болушу мүмкүн. Буларды кабыл алышпаса да, эң жок дегенде аны менен таанышышат. Эгерде силер тууралуу жаңылыш ойдо болуп жүрүшкөн болсо андан кутулуп, душмандыктан баш тартышат. Ошентип, келечекте болушу ыктымал кагылышуу жана уруш-талаштарды алдын алууга болот. Биздин негизги максатыбыз ушул болушу керек.
Ошондой эле учурда ыймандан таптакыр кабарсыз доор өтүп жатканын да унутпашыңар зарыл. Азыр мусулмандык туура түшүндүрүлбөгөнү жана туура жашап көрсөтүлбөгөнү өкүнүчтүү. Бул жаатта канааттандырарлык нерсе жок. Мындай абалда башкалардын биздин чөйрөбүзгө келип, бизге кулак салаары жана өздөрүнөн өздөрү эле “акылына келери” реалдуу эмес. Мына ушул себептен адамдарды, динге жана бизге карата көз караштарына карап түрдүү категорияларга бөлбөстөн, баары менен бирдей байланыш түзүүгө аракет кылышыбыз керек. Адам болгону үчүн баары менен урмат-сыйда болуубуз зарыл. Жадагалса, ортодо бир кемчилк болсо, аны өзүбүздөн көрөлү. Эмне үчүн ушул күнгө чейин аларга өзүбүздү таанытууга аракет кылбагандыгыбыз үчүн өзүбүздү өзүбүз жоопко тарталы.
Кыскасы, тар түшүнгөн, тар ойлонгон адамдардын айткандарына көңүл бурбастан, кыйынчылыктарга алдырбастан, дүнүйөнүн төрт бурчуна хижрат кылгыла, бардык жерге үрөн сепкиле. Бир күнү карасаңар уруктар бой керип өсүп, түшүм берет. Анын түшүмүн жыйнап алуу силерге насип болоор же болбостур, бул анча маанилүү эмес. Анткени силер ниетиңердин, хижратыңардын жана жасаган жакшы иштериңердин сообун аласыңар. Кийин анын түшүмү кимге буюрса, мейли.
Силер милдетиңерден гана жооптуусуңар. Силер сунган жакшылыктар толук түшүнүлүп, таанылганда дүйнө жүзү өзгөрөт. Эгер абалтадан ойлонуп, беш-алты миллион адамды төгөрөктүн төрт бурчуна жөнөтө алганыбызда, аларга барган жерлеринде жол көрсөтүлгөндө, жумуш шарттарын түзө алганыбызда бүгүн дүйнө жүз да башкача болмок.
Мухаммад Фетхуллах Гүлен (түркчөдөн которулду)