Түрк президенти Тайып Эрдоганга эң күчтүү атаандаш болгон Силахаддин Демирташ капаска солонгондон бери жылдар өттү. Аны келечектеги шайлоодо эң катуу уйпалап койчу талапкер, Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуна эмнеден экени белгисиз кылмыш иши ачылган. Эми эң алсыз делген Кемаль Кылычтароглу да Эрдогандан өтүп бараткандыктан, депуттаттык кол тийбестиги алынганы турат
Бул аптада түрк мажилисине эң күчтүү оппозициялык партиянын (ЖХП) лидери Кемаль Кылычтароглунун депутаттык кол тийбестиги алынсын деген арыз түштү. Бирок түрк саясат таануучулары ал кабыл алынса да, кабыл алынбаса да 2023-жылдагы президенттик жана парламенттик шайлоого олуттуу таасир бербейт деген ойдо.
Ошол эле убакта “негизги оппозициялык партиянын башчысынын кол тийбестиги алынды, эми кылмыш иши ачылып, соттолот экен” деген кабар ансыз да чочуп турган инвесторлорду биротоло үркүтөт. Анткени мындай кадам, кыска мөөнөттө олуттуу саясий толкундоолорго, узун мөөнөттө экономикалык кризистин ого бетер тереңдешине себеп болот.
Ансыз да келечекте бардык спектрдеги шайлоочудан ой чогулта алчу Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуна, анын айтканы далилденбеген, сын сөздөрү үчүн кылмыш иши козголуп, азырынча тергөө баштатылбай турат. Анткени бийликте, тергөө башталып, иш сотко өтсө, ал түрк жарандарынын олуттуу реакциясын козутат деген божомолдор бар.
Учурдагы Эрдоган курган улутчул-исламчыл бийлик, Түркияны буга чейин бийлеп келген аскердик опузачыларын да чаңында калтырды деген пикирлер айтылууда. Түрк соту буга чейин, Эрдоганды жактаган радикалдардын бири сыймыктанып айткандай, мынчалык деңгээлде “саясаттын байланма ити” болгон эмес.
Ошондуктан учурда түрк саясат таануучулардын башын үч негизги суроо оорутуп турат:
- Эрдоган жана анын АКП партиясы укутук талаага кайта алабы;
- Эрдоган жана анын партиясы демократияга кайта алабы;
- Эрдоган менен партиясынын укукка жана демократияга кайтабыз деген сөзүнө ишенсе болобу.
Биринчи жооп: Эрдоган менен АКП укукка кайта албайт. Анткени аябай көп кылмыш кылышты. Жалган кылмыш иштерин ачып, өзүнө каршы келген тайпалардан 8 айлык баладан тартып, 80 жаштагы аксакалдардан бери каматышты. Коррупция менен “мамлекеттик” каракчылыкты шариаттык өкүм менен актап, башка кишилердин мал-мүлкүн тоношту. Алар, эгер көз-карандысыз сот негизделсе, буга чейин түзүп алган ууру-кески схемалары өздөрүнө каршы иштеп кетерин жакшы билишет.
Экинчи жооп: Демократияга да кайта албайт. Жыйырма жыл мурун “элдин добушунан коркосуңарбы” деп бакырып-өкүрүп бийликке келген Эрдоган менен анын табакташтары, акыркы жергиликтүү шайлоодо Стамбулду оппозицияга тарттырып жибергенде, шайлоо комиссиясынын ишин токтотуп, болбойт мындай деп, шайлоону кайталатты. Анысында ого бетер чоң айырма менен уттуруп жиберди. Эми өздөрү элдин добушунан чочуп, бийликти колуна берген демократияны жакшы көргөнү менен бийликти алган демократияны жек көрүп “каапырдын системасы” деп жерип турган чагы.
Үчүнчү суроого да жооп берилген сыяктуу болду. Көз-карандысыз укук менен чыныгы демократия келсе, үзөңгүдөн бут тайып, жоопко тартыларын жакшы билген Эрдоган менен жакындарынын укук менен демократияга кайтабыз дегенине ким ишенет? Интернеттеги бир пост үчүн студенттен бери одиночка камерага тыккан кишилердин “демократиясы” өздөрүнө буюрсун. Булардын андай убадаларына эч ким ишебейт.
Учурда Эрдогандын айласы куруп турган кези. Согушта талкаланып, бардык тарабынан банкрот болгон Владимир Путинди колтуктап: “Акебай, быйылкы газыңдын акчасын 2024-жылы берип баштасак кантет?”, – деп жалдырап жүрөт. Максаты, түрк жаранын эптеп бир-эки ай алдап, 2023-жылкы шайлоону утуп алуу. Уттуруп жиберген күнү да бийликке келем деп чамынып аткан бирдиктүү оппозицияга миллиарддаган доллар карызы бар казынаны таштайт. Анан өз медиасын, өкмөт, парламент жана соттогу тарапташтарын колдонуп, оппозицияны жаман көрсөтүп, 2027-жылы кайра бийликке келүүнү да пландап койгону маалым болду.
Жансакта Сарбашов