10 жыл мурун, 2013-жылы 17-25-декабрь күндөрүндө Түркиянын жакын тарыхында чукул бурулуш болду. Түрк полициясы уюшкан кылмыштуулук жана коррупция беренелери менен иш козгоп, иштеп аткан төрт министрдин балдарын кошуп бир кыйла кишини камайт. Эрдоган муну “жамааттын өкмөткө каршы атайын уюштурган төңкөрүшү” деп жарыялайт. Бул окуяны кыскача тарыхий перспектива менен Рухеш сайтында макала түрүндө жазгам. Кызыккандар болсо бул жерден окуп алгыла.
2016-жылдын 15-июлунда Түркияда ишке ашпайт калган аскердик төңкөрүш аракети болду. Так ошол күнү Улук байкелер менен чогуу Стамбул аркылуу Женевага учтук. Женевада кечинде отелге киргенден кийин Түркиядагы ызы-чууну уктук. 10 күндөн ашуун Европанын ар кайсы шаарын кыдырып жүрүп, Дортмундда бир колеждин жатаканасында 2 күн эс алып туруп калдык. Эки күндүн ичинде 10 чакты үй-бүлө Түркиядан качып келди, биз кетээрде дагы деле келип атты. Ошондо бул окуянын кызматка таасири чоң эле болот окшойт деп ойлодум. Кийин эч кимдин оюна келбеген окуялар болуп кетти. Бүгүнкү күнгө чейин Кызмат жамаатындагы адамдарга 500 миң кылмыш иши козголуп, 150 миң киши жумушундан чыгарылды, 60 миң кишини камашты, ошолордун 17 миңи аял, аялдардын ичинен 800’үн эмчектеги баласы менен бирге камашкан. Күйөөсүн издеп барып таппай, аялын кармап кеткен учурлар жүздөп эмес, миңдеп саналат.
2017-жылы Түркияда бизнес менен алектенген ирандык бизнесмен Реза Зарраб Америкада кармалып, Нью-Йоркто соттоло башталды. Зарраб Американын Иранга каршы эмбаргосун турк чиновниктер менен чогуу бузган болчу. Ошонун айынан түрк бюрократиясын бүт бойдон коррупцияга аралаштырган, ошо кездеги премер-министирден тартып бир канча министирлердин балдары менен кошо кылмыш иштерине аралаштырган.
Заман газетасынын мурдакы Вашингтон кабарчысы Адем Явуз Арслан Нюйоркто болуп аткан соттук процесске күн сайын катышып, эшике чыгып чөнтөк телефону менен видео-отчёт кылып атты. Мен процесстин биринчи күнүнөн баштап Адемд Явуздун видео-отчетун түз эфирде көрүп аттым. Адем Явуз эбегейсиз журналистикалык эрдик кылып атты десем туура болсо керек. Кээде Адемди түз эфирде күтүп биздин саат менен эртең мененки 4-5’терде туруп алам. Сот экинчи аптага жылганда, процессти текске түшүрүп кыргызча которуп баштадым. Бир-эки отурумдан кийин “буга ким кызыктар болмок эле” деп токтотуп койдум. Ошол күндөрү биздеги күндемдер такыр башка болчу.
Резанын сотунун менин үчүн мааниси мындай, ошол кезде мен тааныган түрк досторум, байкелерим, 17 жылда таныш билиш болгон дээрлик баары же камакта, же качып жүргөн болчу. Мисалы университетте чогуу окуган, студент убакта чогуу жашаган, үй-бүлөм менен катнашкан Мутталип досум, бир министрликте чоң кызматта иштеп аткан, камашты, аялы жаталак болуп ооруп калды, 18 ай түрмөдө отурду. Эптеп чыккандан кийин балдарын аялын тыштап качалбады. Былтыр Түркияга барганда жолуктум, эч жерге жумушка алышпайт экен. “Балдар мектепти бүтүрүп атат эми эмне кылам”, – деп ойго батып кетиптир. “4-5 жылдан бери жашоо ушундай азап болуп калды”, – дейт. Эмне дээримди билбедим… мындай тагдырлар жүздөп, миңдеп саналат.
Кийин ушу төңкөрүш боюнча көп материалдарды көрдүм, окудум. Баарыбыз эле күбө болуп атабыз. Мурда Кызматтын медиа органдарында иштеген журналисттер өз алдынча иликтөөлөрдү чыгарып атышат. Ушул окуялардын баары биригип кишинин көз-карашын өзгөртпөй кое албайт. Эч нерсе мурдагыдай болбойт экенине көзүм жетти.
Ахмет Куружанга сурашыптыр “биринчи китебиңиздеги көз-карашыңыз менен азыркыңыз бирдейби” деп. Акыркы фыкх жөнүндө видеосунда “албетте бирдей эмес” деп жооп берди. Мезгил, шарттар белгилүү бир темада кишинин оюн, көз-карашын өзгөрөт, өзгөрбөгөндүн өзү табиятка тескери болсо керек.
Ататүрк доорунан 2000-жылдардын аягына чейин, Түркияда расмий органдары расмий идеологияны туу тутушкан үчүн динден узак саясатты карманышкан. Диний жамааттар да ошого каршы өзүлөрүнүн метод, методикаларын өнүктүрүшкөн. Андай аракеттер ошол системанын продукциясы болчу. 2000-жылдардагы Туркиядагы Кызмат бюрократиясынын каталарын биздикилер кайталабашы керек. Мектептер бүт оту менен коммерциялык болуп кетүүсү, абилик системасынын апыртылышы, болор-болбос нерселерди жаап жашыруу (масондук жашыруун секта сыяктуу), мунун кесепетинен улам ачык-айкындуулук аң-сезиминен куру калуусу. Замандын талабына жооп бербеген ар-кандай структура жана адаттардан арылуу, жаңылануу, жаңы нерселер менен элди алдыга тартуу аркылуу гана кызмат өнүгөт.
Негизги максат унутулгандай… максат “илимдүү, билимдүү, ыймандуу муундун келүүсүнө шарт түзүү” эмес беле…
(уландысы бар)
Нурлан Мусаев