Саресеп
Исламский мир

Ишеним кору

СЫР АЯК11. 12. 2023

Кишилер башкалардын ал-абалын, кылык-жоругун баалоодо өздөрүн критерий катары карманышат. Өздөрүнүн эсептери, максаттары, сезимдери, түшүнүгү кандай болсо, башкалардыкы дагы ушундай деп ойлошот. Мисалы, болгон күч-кубатын, аракетин бул дүйнөдөгү белгилүү бир макамдарга жетүүгө, кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга жумшаган киши жанында бараткан кишилерди да ушундай эле максатта жүрөт деп ойлойт. Атак-даңкка, мал-мүлккө, күч-кубатка, кадыр-баркка, ар кандай мүмкүнчүлүктөргө жана жыргалчылыктарга баш байлагандар тууралуу да ушул эле кепти айтсак болот. Ал эми болгон дитин Алла ыраазылыгына коюп, чын дилден кызмат кылгандар эч качан мындай нерселерди негизги максатына айлантпайт. Ал тургай буларды жүрөктү катырып, ыйманды өлтүргөн вирус катары көрүшөт. Бирок ошого карабай алардын мындай ниетине дүйнө кууп жүргөндөр ишенбейт. Анткени, көр дүйнөгө берилгендер абийир, жан дүйнө, ынсап, айкөлдүк жана башкалардын бактысы үчүн баш саюу сыяктуу сыпаттардын акысына эмне бериш керек экенин билишет. Алар бул дүйнөгө да, анын ичиндегилерге да өзүнүн калыптанып калган жөндөмдөрүнө жана жашоосунун нугуна жараша мамиле кылат. Өздөрү мындай дүйнөлүк кызыкчылыктар үчүн кандай ойдо болсо, аларды канчалык баалап, аларга жетүү үчүн канчалык күйүп-жанып жүргөн болсо, башкаларды да ошондой ойлоп, ошондой көрүшөт.

Ооба, адам баласы өзүнүн зээнинен алып ыргыта албай турган түшүнүктөрдү башкалардын да баш тарта албай турган мүнөзүндөй көрөт. Натыйжада материалдык баалууктардын кулуна айланган дүйнө куугучтар бул тууралуу: «Киши болуп туруп бийликти ойлобосо, киши болуп туруп атак-даңкты, мактоо угууну ойлобосо, киши болуп туруп байлыкка умтулбаса, киши болуп туруп жыргалчылыкты, кененчиликти ойлобосо… Жок, мындай болушу мүмкүн эмес» деп ойлойт. Өмүр бою ушундай дүйнөлүк нематтардын артынан чуркаган жана бул түшүнүк жан дүйнөсүнө чыккыс болуп орноп калган киши башкалар тууралуу кеп кылганда буларды ашып өтүп, башкача ой жүгүртүүсү аябай оор. Айтылган нерселердин туткунунда калгандар мындан башкача ойлонгон кишилердин бар экенин да элестете албайт. Натыйжада, бүткүл өмүрүн ыйман жана Куран кызматына арнагандар жападан-жалгыз Алланын ыраазылыгы үчүн гана жандалбастап чуркап жүргөнүн канча айтса дагы аларга жетпейт.

Абал ушундай болгон соң, бул дүйнөнүн күйүтүнө түшкөндөр акыретти көздөгөн айкөл жандардын сүйлөгөн сөздөрүн да, кылган кыймыл-аракеттерин да өздөрүнө жараша чечмелешет. Эсеби маселен, ыйман менен Куран кызматына зыяны тийип калбасын деген ой менен бут алдыңарга чейин келген кай бир макамдардан, кандайдыр бир байлыктан баш тартып, кетенчиктеп койдуңуз дейли. Муну алар: «Мындан да чоңуна жетиш үчүн баш тартып жатат» деп түшүнүшөт. Жөндөмүңүзгө жараша кандайдыр бир орунга келип калсаңыз, бул жолу күчкө салды, мүмкүнчүлүктөрүн аябай пайдаланды, акчанын күчүнө салды, жогорудагыларды колго алып коюптур деген сыяктуу жүз түрдүү күнөөлөрдү айтып чыгышат. Силер бул дүйнөнүн жыргалчылыгын көздөбөгөнүңөрдү чын дилиңер менен түшүндүрсөңөр, алар бул жолу чындыкты жаап-жашырып жатат, куйтуланып жатат деп күнөөлөшөт. Деги кандай кылып, канча какшасаңар да аларды ишендире албайсыңар.

Ошону менен бирге, ар ким өзүнүн жүрүм-туруму, кылык-жоругу үчүн жооп берерин да унутпайлы. Ким эмне кылса кылсын, кандай ойлосо ойлосун, Алланын ыраазылыгына дитин койгон эрендердин мойнуна илинген озуйпа − Алла жолунда кылган кызматтарындагы чын ыкласын аягына чейин кармануу, ишенимге доо кетире турган эң кичинекей кыйшаюулардан да алыс болуу жана ар бир мүмкүнчүлүктө бул ак пейил түшүнүгүн башкалар менен бөлүшүүнү улантуу. Сүйлөгөн сөздөрүндө, кылган кылыктарында, жүргөн жүрүштөрүндө туптуура болуп, ар бири бараткан багытынын таштай катыган эстелиги болуп жашасын жана ушуну менен ниети бузуктардын колуна эң кичинекей дагы бурсат бербесин.

Алла жолунда кызмат кылгандардын эң чоң таянычы ишенимдүү кишилер болушу керек. Ушундан улам алар бул ишенимге доо кетире турган ар кандай кылык-жоруктардан ат чабым алыс турууга милдеттүү. Мисалы канааткерлик менен токпейилдикти эң чоң байлык катары көрүп, эч кимден эч нерсе сурабоо, эч кимге күнкор болбоо бул ишенимди сактоонун эң негизги шарттарынан. Күнкор болсоңор, кимдир бирөөгө карыздар болсоңор, өзүңөрдү күрөөгө койгон болосуңар жана аны төлөп кутулушуңар керек болот. Натыйжада өз колу-бутуңарды байлап, кызмат кылчу аянтыңарды тарытып аласыңар. Киши колунан келсе атасына да, апасына да, эң жакын кишилерине да карыздар болбогонго аракет кылышы керек. Материалдык болобу, моралдык болобу, бардык карыздар силердин кыймылдачу аянтыңарды тарытат. Аласасы бар кишилер кадыр-көңүлүн салып, кылган-эткендерин айтып бир нерсе сураганда, аларга жок дей албай каласыңар. Мына ошону менен эркиндигиңер колдон чыгат. Кээде өз баалуулуктарыңарга терс келген каалоолорго моюн сунууга аргасыз болосуңар. Мына ушунун баары канчалаган жылдар менен жеткен ишеним коруңарды жок кылат.

Ошол эле маалда эгер коом алдындагы кадырыңарды, ишенимиңерди сактагыңар келсе, дайыны жок жалаалардан алыс тургуңар келсе, анда жашооңордун эсебин бат-баттан берип тургула. Кудум азирети Беддиуззаман сымал. Ал өзүнө багыттала турган жаман ойлордун, айыптоолордун алдын алуу үчүн эмне жегени, эмне кийгени, кандай жашаганы тууралуу жалпыга бир-бирден эсеп берип турчу. Муну азыркы учурдагы чоң кызматка жеткен кишилердин декларация тапшыруусуна окшотсок болот. Чынында алар муну мажбур болгону үчүн жасоодо. Ал эми азирети Бедиуззаман өз эрки менен декларация тапшырчу. Эгер жашоо ыкмаңар, турмуштук стандартыңар башкаларды шектендире тургандай болсо, анда алардын сизге болгон ишеними, сый-урматы жоголот. Сый-урматтан ажыраган кишилердин сөзүнө эч ким кулак салбайт.

Жараткандын атын жер жүзүнө жеткирүү мүдөөсүн көздөгөн кишилер жашоолорунун ар кандай учурларында муну кылып турганы оң. Аларда эсебин бере албай турган эч нерсе болбосун. Кай бир ниети бузук кишилер аларды жамандаш үчүн бүткүл жашоосун карыш-карыш тинтип чыкса да кенедей бир кынтык таба албасын. Бир гана өздөрүндө эмес, бүткүл үй-бүлөсүндө, айланасындагы жакындарында да эсебин бере албай турган нерсе болбосун. Алардын да өздөрүндөй абийири, ар-намысы таза бойдон жашашына кылдат көңүл бурсун. Себеби алардан чагылган кай бир каталар силердин да эсебиңерге жазылат. Ошолор аркылуу сокку урушат силерге. Ошондуктан айрыкча белгилүү бир даражаларга жеткен кишилер тээ башынан эле жашоолорун ушуга жараша мерчемдеп, артында күмөн жарата турган эч нерсе таштабоосу, кудум ар-намысын, адамдык абийирин коргогондой кадырын, ишенич корун коргоосу өтө маанилүү. Алар тууралуу эмне айтылса айтылсын, эсеби берилбей турган эч нерсе жок экени көрүнүп турсун. Болбосо бир кишинин катасы ал катышкан, же өкүлдүк кылган бардык жамаатка жазылып, натыйжада жалпынын акысына доо кетирген болуп саналат жана мунун эсебин Алла Таалага берип кутулуусу өтө оор болот.

Азирети Беддиуззаман жашоосун канааткерлик, токпейилдик сыпаттарына ылайыктап жашагандыктан, ага эң жакын кишилер да ушул жолду карманган. Буга чейин бул бактылуу жандардын абалдары тууралуу көп эле баяндагам. Алар эч качан өздөрүн ойлогон эмес. Болгон мал-мүлкүн ыйман жана Куран кызматына колдонушту. Өздөрү өтө жупуну өмүр сүрүп өтүшту. Макам, бийлик, мал-мүлк сыяктуу нерселерге көз артышпады. Кай бирлери тизелери жамаачы шымдар менен жүрүшкөнүн көргөм. Кай бирөөлөрү кийген күрмөлөрдүн жеңинен жиптери чыгып турчу. Эч кимдин өздөрү тууралуу өйдө-төмөн кеп кылуусуна мүмкүнчүлүк беришпеди. Ошондуктан алардын сүйлөгөн сөздөрү, кылган жүрүм-турумдары да таасирлүү болчу.

Жыйынтыктай турган болсок, биздин эң чоң байлыгыбыз − ишеним корубуз менен абийирибиз. Ыйманга кызмат кылуу мүдөөсүн улантууда муктаж болгон кай бир материалдык мүмкүнчүлүктөр болбосо деле бул кызмат жүрө берет. Булар кийинчерек кандайдыр бир жолдор менен толукталат. Бирок, абийир, ишенич, кылган-эткениң үчүн эч нерсе күтпөө, баш байлоо, ар-намыс, уяттуулук деген нерселер мындай эмес. Булар бул мүдөөнүн абийири, ар-намысы. Ошондуктан ар бирибиз өз намысыбызды кандай коргосок, буларды да ошондой коргойлу. Башкалар силердин жашооңорду канчалык чукуласа чукуласын, дайыма ошол эле тазалыкты, ошол эле берилгендикти көрсүн. Тээ башында айтканыбыздай, ушунун баарына карабай дагы эле силерге ишенбегендер, күмөндүү карагандар болот. Бирок, силер ушундай кылдат болсоңор, анда көпчүлүктүн көңүлүн алып, ишенимине кирип, колдоосуна ээ болосуңар. Алланын уруксаты жана ырайымы менен…

Мухаммад Фетхуллах Гүлен

Которгон Насыпбек Асанбаев

Related posts

ЗУЛУМДУККА КАРШЫ КҮРӨШ

Эсен Ырыскелди
4 месяца ago

Садагасы, талакты гезит бетинен үйрөнбөйт.

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Инттелект жана кызмат-8

Nurlan Musa
1 год ago
Exit mobile version