Адам баласынын бул дүйнөнү сүйүүсүндө чек жок. Ал бул дүйнөгө такыр өлбөчүдөй байланып, аяк-башы жок кыялдарын, каалоолорун кубалап жүрө берет. Анан калса, жашы кыйлага барса да ал каалоолору солгундабайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадисинде адам баласынын бул абалын “Адам баласы канчалык картайса да, жүрөгүндөгү эки сезим дайыма жаш бойдон калат. Ал сезимдер жашоону сүйүү менен ач көздүк” (Бухарий, Рикак 5), – деп сүрөттөйт.
Дүйнө сүйүүсү менен ач көздүк бири-бирин толуктап турган нерселер. Бул дүйнөнү сүйгөн киши такыр өлбөчүдөй сезимге кабылып, түбөлүк жашачудай болот. Ач көздүктүн нары жагында да түбөлүктүүлүк сезими бар. Тагыраак айтканда, пенде өзүн такыр өлбөй тургандай сезет.
Белгилүү болгондой, устат Бедиуззаман бул дүйнөнү үчкө бөлүп карайт жана анын тулку-боюбузга тиешелүү жагы менен кайдыгерликке түрткөн жагынан сактануубуз керектигин эскертет. Бул дүйнөнүн пендеге биротоло жашачудай сезим берип, түбөлүккө ыктаган кыялдар менен алек кылып, Алладан алыстаткан тарабы да мына ушул жагында.
Устат Бедиуззаман дагы башка жерде бул дүйнөгө мындай аныктама берет: “Бул дүйнө – өтө мерез жана жеткен амалкөй. Бир татым лаззат берсе, артынан миң татым кайгы ууртатып, азапка салат. Оозуңа бир үзүм жүзүм салса, жонуңа жүз жолу таяк урат.” (Бедиуззаман, Месневийи-Нурие, 155-б.) Тилекке каршы, азыркы адамдар акыретте жете турган нерсени бу жалган дүйнөдөн издеп, ушул дүйнөдөн эле ээ болгулары келет.
Дүйнөнү акыреттен артык көргөндөр
Бул дүйнөнүн убактылуу ырахаты көпчүлүктү алдап келет. Айрыкча азыркы учурда бул өтө жогорку деңгээлге чыгып калганына күбө болуудабыз. Бир аятта мындай айтылат: الَّذِينَ يَسْتَحِبُّونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا عَلَى الآخِرَةِ وَيَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللهِ وَيَبْغُونَهَا عِوَجًا أُولَئِكَ فِي ضَلاَلٍ بَعِيدٍ “Алар билип туруп акыретин бул дүйнөгө алмашышат. Аллага жеткирчү жолдон адаштырып, аны ийри-буйру көрсөтүүгө аракет кылышат. Мына ушулар туура жолдон такыр адашкандар!” (Ибрахим сүрөсү, 14/3) Негизи бул аят түздөн-түз ыймансыздарга түшүрүлгөн. Башкача айтканда, аят биринчиден Алланы тааныбаган, акыретке ишенбеген, бардык нерсени бул дүйнөдөн күткөндөргө багытталган. Ошондой эле, мусулмандар үчүн да бул аяттан ала турган олуттуу эскертүүлөрү бар.
Аят эки маселеге да токтолууда. Биринчиси – адамдарды Аллага жеткирчү жолдон тосуу, экинчиси – акыйкат жолду ийри-буйру көрсөтүүгө аракет кылуу. Демек, билип туруп бул дүйнөгө берилген киши өзү байкабаса да олуттуу жаракат алып, жан дүйнөсүн жабыркаткан вируска дуушар болот. Мындай жаракат алган киши бара-бара динден алыстап, дин жаатындагыларды жактырбай баштайт. Кайра эле Бедиуззаман устаттын айтканына көңүл бурсак, ар бир күнөөнүн ичинде каапырлыкка алып барчу жол бар. Жүрөктөн орун алган ар бир күнөө ал жерде руханий жара пайда кылат. (Бедиуззаман, Жарыктар, 9-б.) Ушундан улам эң биринчи баса турган жол туура аныкталып, дүйнө менен акыреттин таразасы кылдат орнотулушу керек.
Бул дүйнөгө чындап берилип, болушунча ыктап алган жана динден оолактаган киши убакыт өткөн сайын бузук чөйрөгө тартылып, өзүндөй кылып башкаларды да Алла жолунан алыстата баштайт. Ал өзү да билип-билбей башкалардын туура жолду табуусуна тоскоол болот. Ушуну менен эле чектелбей, дин көрсөтүп кеткен түз жолду ийри-буйру көрсөтүүгө далалат кылат. Динге каршы сүйлөп, андагы акыйкаттарга сын айтып, элди адаштырууга аракеттенет. Ошентип тээ башында бир аз кыйшайган кыйчалыш жол бара-бара аны укмуштай чоң катачылыктарга кириптер кылат. Бир аз өткөн-кеткенге сереп салып, калк катмарын көз алдыңарга тартып, баштан өткөн нерселерди талдап көрсөңөр, күнүбүздө мындай окуялар канчалык көп экенине күбө болосуңар. Канчалаган киши ушундай чуңкурлардан чыга албай темселеп жүрөт.
Чынында бул дүйнө билип туруп тандай турган жер эмес. Себеби анын аягы кандай бүтөрү бештен белгилүү. Пенде канчалык каалап, канчалык тырышса да бул дүйнөдө кала албайт. Алдында мүрзөнү карай кетчү жол турат. Бедиуззаман устат чеги жок ач көздүк жана такыр өлбөчүдөй жашоо арзуусу менен бул дүйнөгө үзүлүп түшчүдөй жабышкандардын, көр оокат үчүн өлүп-тирилгендердин кандай гана чоң адашууда жүргөнүн төмөнкүдөй баяндайт: “Аттиң ай, алдандык! Бул жашоону өзгөрбөчүдөй көрүп жүрүп кандай гана зыяндарга учурадык. Ооба, бул жашоо дегениң уйку сымал. Түш көргөндөй өтөт да кетет. Бул оопасыз дүнүйөң бир күнү барып жок болот…” (Бедиуззаман, Сөздөр, 227-б.)
Бүгүн бул жалган дүйнө бардык азгырмалуу кооздугу менен адам баласынын алдына ачылып бергендиктен, көбү ага алданып, бул дүйнөдө өлбөчүдөй жашап калышты. Жыргал жашоо, кара жандын камын көрүү, жеке тынчтыгын бузгусу келбөө, жылуу үйүнөн чыкпай жата берүү, жандын таттуулугу сыяктуу нерселер кишилерди дин үчүн жасай турган күжүрмөн эмгектен алыстатууда. Нечендери ач көздүктүн айынан акыретин талкалап, жоготууга дуушар болду. Бир гана бул дүйнө менен алек болуп, ага үзүлүп түшүп берилгендиктен, ойлоруна башка эч нерсе келбей, башка нерселерди көрө албай да калышты. Көрүп турушса да дүйнө таттуу сезилгендиктен, дүйнөнү гана тандап, дүйнө кызыкчылыгын гана көздөп келишет.
Мындай кишилер ушул көз-карашы менен акыреттеринен ажырагандай эле, бул дүйнөсүнүн да көркүн кетирип, зынданга айлантышууда. Себеби алар өздөрү издеген жыргалчылыкты, бейпилдикти да бул дүйнөдөн таба алышкан жок. Кээде ушул дүйнөгө берилген кишилерге таң калам. Өздөрүнөн бир аз мурда жашап өткөндөрдүн чириген сөөктөрүн көрүп, алардын мүрзөсүндө жыландар, курт-кумурскалар жойлоп жүргөнүнө күбө болуп турушса да бул жашоого берилип, акыл-эстен адашчудай болуп сүйүп жүрүшөт. Балким дүйнөнүн кооздуктарына мас болуп, эстен танчудай арбалган абалда болушкандыктан иштин канчалык опурталдуу экенин аңдабай жүрүшкөндүр. Болбосо, аягы барып бир чуңкурга тыгылуу менен бүтө турган кыска өмүрдү жашоо деп айтууга да болбойт. Андай жашоо бейиштегидей жыргалчылыкка бөлөнүп турса да, адамды толук бактылуу кыла албайт. Себеби, бейишти бейиш кылган нерсе – анын түбөлүктүүлүгүндө жана Алла менен байланышта болуусунда.
Дин безерлер бул жагынан толугу менен адашууда. Аларга кошулуп кээ бир мусулмандын да башы айланып дүйнө деп жүрөт. Жадагалса өздөрүн акыйкат жолго арнагандардын арасында дагы белгилүү чекке чейин бул дүйнөгө байлануучулук жана секулярдык түшүнүгү болууда. Кээде карасаң такыба деген кишилер деле кыла турган иштерин бул дүйнөгө жараша мерчемдей баштайт. Бул дүйнөнүн жыргалчылыгы менен кара жандын камына туткун болушууда. Ач көздүгүнө, бүтпөгөн каалоолоруна жеңилип беришүүдө. Андыктан дин безерлердин бул оорусу ыймандууларга да жугуп, жан дүйнөсүн жабыркатып келет десек болот. Бардык каталардын артында ушул нерсе тургансыйт.
Дүнүйөгө каршы бекем туруу
Дүнүйөгө берилүү, ага болгон чексиз сүйүү, бүтпөс каалоо сыяктуу руханий оорулардан сактануунун эң маанилүү жолу – Алла Таала менен байланышты бекемдөө. Адам баласы карыган сайын Аллага жакындоосу дагы артпаса, түз жолдо баратып чалынып жыгылганы ошол. Илгери мечит-медреселерде (илгери дегенимдин себеби, бүгүнкү күнү алар өз функцияларын толук кандуу аткара албай келет) мындай вируска чалдыгуу ыктымалы барлар теске алынып, напсини тизгиндөө жана жүрөктү тазалоонун натыйжасында дарттарынан арылып кетишер эле. Тилекке каршы, азыр андай мүмкүнчүлүк да жок. Көпчүлүк дүнүйөнүн аркасынан түшүп, напси үчүн гана күн көрүп, жашоолорун сая кетиришүүдө. Акыреттин ордуна утурумдук дүйнөнү тандоо модага айланды. Ким болбосун жанталашып, бул жашоодон бир нерсе алып калууну, жулуп калууну көздөп жүрөт. Эгер эртерээк көзүбүздү ачпасак, биз да бул дүйнөгө багытталган сезимдердин, ой-пикирлердин радиоактивдүү таасирине чалдыгып калышыбыз толук мүмкүн. Акыретте көрө турган сый-урматты ушул дүйнөдө жок кылып алабыз.
Дүнүйөнүн көз тайыткан азгыруучу кооздугу элди тузагына түшүрүп жаткан доордо өзүңдү бекем кармап туруу өтө маанилүү. Албетте, бул оңойго турбаган иш. Тайгаланып жыгылгандар көп болгон жерде, бутумду жерге бекем койдум деген киши деле өтө кылдат болушу керек. Бул жаатта олуттуу аракет кылып, Алла берген эркти болушунча колдонууга туура келет. Жүрөктөрүбүздү динибиз Ислам менен тааныштыргандан кийин, ошол жолдо бекем болуубузду Алладан жалбарып сурануубуз абзел.
Кыскасы, киши канчалык картайбасын, анын дүнүйөгө берилүүсү, түбөлүк жашоо сезими жапжаш бойдон кала берет. Балким ал барган сайын жашараттыр. Ошондуктан мындай зыяндуу сезимдерди тизгиндөө, тарбиялоо жаатында кажыбас кайрат талап кылынат. Анын жолу болсо, мал-мүлк сүйүүсү, бийлик арзуусу жана түбөлүк жашоо каалоосу арткан сайын дүнүйөнүн убактылуу экенин эстеп, өзүнө эскертүү берип, Аллага жана акыретке жетүүнү самап, ибадатты сүйүп жашоодо. Басса-турса Алла жолунда жан үрөп кызмат кылуу түшүнүгү менен өмүр сүрүүдө. Мына ушундай жол менен гана пенде өмүрүнүн акырына чейин түз, туура жолдо боло алат. Эгер ички дүйнөбүздү дайыма көзөмөлгө алып, өзүбүздү эсеп-кысапка тартып, Алла жолунда пайдалуу иш жасоого өзүбүздү зордобосок, хадисте баяндалган руханий кеселдерден кабарыбыз да болбой, кантип оңкобуздан сайылганыбызды түшүнбөй да калабыз. Алла Таала баарыбызды жаман акыбеттен сактасын!
Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2007-жылдын 10-майындагы жана 2010-жылдын 6-мартындагы баяндарынан алынды.
Которгон: Алтынбек Жумалиев
Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев