Мен өзү айыл өкмөт болуп иштейм. Мурункусу жүдөгөн бир байкуш жоош неме эле, таптакыр эле башкара албай калганда? түрмөдө отурган жеримден сууруп келип эле отургузуп коюшкан. Акталган кагазым деле жок, эмгиче. Аны сураган киши деле жок. Анча-мынча сурагандарына иттеримди агытып койсом “иттерге теңелмек белек” деп тим болушту. Ит багуу деген жакшы өнөр экен өзү. Анткени ит дегениңе анча-мынча жугунду эле керек, эмнеге үргөнүн өзү деле түшүнбөйт. Түшүнсө уялып кетип ит болбой калбайбы. “Айдак!” деп койсоң болду, кимисин болбосун талайт го, чиркин.
Ушу иттерди жакшы пайдаланганым болбосо, тажрыйбам деле жок. Тээ илгери ушул айылдын балдарын атып өлтүрүп качып кеткен айыл башчыны досум экөөбүз аябай колдоп жүргөнүбүз эле, болбосо… Катуу колдогонбуз, каршы чыккандын баарына жумуртка ыргытып… Баласы бизди “Бригада” деп мактачу. Азыр деле ал киши салам-дубай айттырып, акыл-насаатын айтып, көз салып турат, бакыйып.
Досум кыйын, күпүлдөп. Илгери калп эле митинг кыла коюп айыл өкмөттү басып алалы дебейбизби. Ошондо өз кабинетине эшиктен кирбей тешиктен кирем деп шымын айырып алып элдин эсинде калган. Ага деле болбой дымагы тоодой, атаңгөрү. Мен келгенден бери күзөттү тапшырып, эки тизгин бир чылбырын колуна карматып койгом, жыргап жүрөт, кийген фуражкасына ыраазы болуп…
Айыл өкмөт болуш оңой эле экен. 50 баланы тиягынан бир айдап келип, кайра чачыратып биягынан бир айдап келип кыйкыртып койдум эле, элдин баары мен тарап сыяктуу болуп эле жатып калды. “Киши өлтүргүчтүн досу эмес белең” деп сураган деле киши болгон жок. Иттерим көп да, иттер турганда кишинин эмне кереги бар? Жанагы досум келип отургузуп койду, экөөлөп башкарып атабыз.
Жакында кошуна айыл менен жер талашып калдык. Жер талаш деген кыйын болот экен. “Чоочундарга бир метр жерди бербейбиз!” деп эле айылдаштарым айламды алты кетиришти эй, эч нерсе боло электе эле. “Сен билесиңби же селсебет билеби?”, – дей берип тажадым, тобо.
Кошуна айылдын башчысын бекер эле жаман көрүшөт экен, бузукулар. Кудай жалгап, биздин айылдагы алма бак, өрүк бак, шабдаалы бак, жаңгак бак биротоло биздин айылга өтмөк болду. Кенендик кылды кошунабыз, калп айткан менен болобу. Ниети бузуктар айта берет экен да.
Биздин айылдагы суунун кулагынын жарымынан көбү кошуна айылга өттү. “Каалаган убагыңда чогуу пайдаланабыз, менин балансыма өткөрүп кол коюп берсең эле болду, каалаган убагыңда уруксат берем”, – дейт башчысы. Эми ушунча чоң айылдын башчысы калп айтмак беле, кол коюп бердим. Бузукулар ар кайсыны айта берет да.
Негизи кулактын башы биздин айылдыкы эле экен. “Илгерки советтик айыл башчы берип коюптур” десем да болбой тээ кайдагы документин сууруп чыгышпадыбы, биздики экенин көрсөткөн. Сары майдай сактап жүрүшүптүр суволуштар. Эми бербептир деп кошунам менен урушайынбы? Чакырып сыйлап атса, чапанын жаап, топусун кийгизип, байкуш… Пайдаланып жүргөн экен, пайдалана берсин да. Досум айтмакчы, 50 гектар менен 100 гектардын эмне айырмасы бар? Кенен болуш керек адам деген. Мага эмне, мен кетчү убакта кетем, жер болсо айылдыкы. 30 жыл бою талашкан жер эле, кошунаны ыраазы кылып чечип берейин десем да болушпайт, бузукулар. Берген тамагын да аш кылышпайт.
Айылдык кеңешке салдым да, кыстап туруп өткөрмөк болдум. Өзүбүздүн балдар көбү. Бар эми арасында кежирлери, “ачыктык керек” деп, тимеле. Кежир болсо боло берсин, добушка салганда колунан эмне келмек эле, калганы биздин балдар да. Булар турганда кылым кыйшайбайт. “Хоп братан” деп гана турушат го байкуштарым, баарына макул, кошуна айылдын балдарындай болуп…
Бирок ушу кийинки күндөрү сестене баштадым. Бу биздин айылга эч нерсе жакпайт өзү. Бирдеме болсо эле алып ыргыталы деп турушат. Алып эле ыргытмак, ордуна кимди коебуз деп гана кармалып турушат да. Булардын жини келсе таш менен кубалачу эле. Андайда иттериң да жардам бербейт, “каңк” этип качкан бойдон изин суутуп, жаңы кожоюн издеп. Ушул жагынан утулуп калбасам эле болду. Болбосо кошуна айылдын башчысы экөөбүз уттук, калп айткан менен болобу. 99% уттук. Кошунам утканы менин утканым да…