Саресеп
Кыргызстан

Никколо Макиавелли: Жаңы Ханзаада

Кыргыз эл сөзү: «Керегем, сага айтам, келиним, сен ук»

Биринчи бөлүк:

«Бийликке чейинки дос жана душмандар менен бийликке келгенден кийинки дос жана душмандар орун алмашып калуусу кадыресе нерсе, бийликке пайдалуу да…»

1. Бийликти сындап, бийликтен жабыр тарткандарды, басмырлоого кабылгандарды жактап жүрчү активист жарандар дайым эле жакшы мамиледе боло бербейт: ошол жабыр тарткан, басмырланган тараптар бийликке келсе, бул жарандар буларды да сындай баштайт. Эгер ошол жаңы эле бийликке келген, мурда сокку жеген, адилетсиздик көргөн тарап сен болсоң, айтаарым, мурда коргоду эле, жактады эле деп азыркы сынчыларыңа эч кандай карыздар сезимиң болбосун. Ал сезим аларды да жоошуптайт, сенин жигердүү бийлик сүрүүң үчун да пайдасы тийбейт. Кечээки күн менен жашаба.

Ошол сени бийлик куугунтуктап жатканда бирөөлөр сени тергеп, бирөөлөр камап, бирөөлөр жаманатты кылып жүрүп, эми бийликке келгениңде кечирим сурагандай маанайда сага баш-оту менен кызмат кылып баштадыбы? Сонун экен, кайра айтам, кечээки менен жашаба, азыркы мамилени биринчи орунга кой. Азыр сага туура кызмат кылып, колуңа кошумча кол, бутуңа бут, сөзүңө сөз болуп берүүгө ынтызарлар алда канча керектүү жана пайдалуу сага.

Ар кандай сынчылар, ишиңе бут тосуп, нааразы болгондор, эмне гана кылсаң да кынтык таап тургандарга жүрөк оорутпа, алардын сага кылган эски жакшылыгы өткөөл жакшылык болчу, алар азыр ошол жакшылыгын сенин душмандарыңа кылып жүрөт, андыктан, аларды керек болсо кысымга деле ал бираз: бийлик деген сүрдүү болот, а кысымга кабылгандан киши өлбөйт, жолу ачылса бийликке да келет, алкыш айтат!

2. Сага мурда жамандык кылган, куугунтуктаган, мурдагы бийликтин камчысы болуп келген аткаруучулар – бүгүн сенин аткаруучуларың, сенин оозуңдан чыккан сөздү жерге түшүрбөй илип алганга шашкан, ээсине берилген иттей болуп даяр турган жан жоокерлер. Сенин бийлигиң күчтөнсө, атагың алыска кетсе, атың тарыхта калса, капчыгың деле толуп кетсе – анын баары так ушул аткаруучулардын жардамы менен болот. Булар эски усталардын колдорунан өткөн аспап сыяктуу: туура пайдалансаң, «сенин атың ким эле?» деп сурабайт, эң сонун нерселерди жасаса болот булар менен, а буларды колдонууну билбесең, же буларды оңдойм десең, дагы да жакшыртам десең, сынып калат, же кылып жүргөн ишин мурдагыдай кыла албай калат. Арада, булар да жараксыз болот, сенин да ишиң токтойт, жөн да кетпейт, колуңду тиштетип, жаракат да алып калышың толук мүмкүн.

3. А булардын – сенин мурдагы душмандарыңдын – кандай кызматы болушу мүмкүн сага? Эбегейсиз көп. Биринчиден, сени кысымга алган бийлик сыяктуу эле, сенин бийлигиңдин да бирөөлөрдү кысымга алуу муктаждыгы болот, сөзсүз жана көп жолу болот. А бул жан жоокерлер – кысымга алуунун усталары! Сен көрсөткөн дарекке барып, жолтоо болуп жаткан кишиңдин тилин да, дилин да, үйүн да, бүлөсүн да, жүрөгүн да, акылын да – баарысын бүлгүнгө салып, жашоосун жагымсыз кылып, духун сындырып, бирок ошонун баарын кылдаттык менен, сага «мыкаачы» же «тиран» деген көө жукпачудай кылып чебердик менен аткара турган ыкмалары, тажрыйбасы бар. Булардын өнөрү керемет өнөр, чынында, аны барктап-баалап алган бийлик чындап бийиктикке жетет.

4. Экинчиден, булар дайым бийликтин кызматкерлери болгон жана боло берет – эгер сен токтотуп калбасаң. Мурдагы бийликтин буйругун аткарып жүрүп сага кыйынчылык жараткан булар, бирок өз каалоолору менен эмес, чындап сени жек көрүүдөн эмес, жөн гана жумушун аткарган. Сен бийликке келээриң менен булар сенин алдыңда өздөрүн карыздар, күнөөкөр сезишет. Камап салабы, жумуштан айдап салабы, башкача дагы жазалайбы деп коркуп келишет алдыңа. Ошондой сезим менен келгендерге кең пейилдик менен, айкөлдүк менен «Эркинсиңер, мага силерден эч нерсе керек эмес, жумушуңарды гана кылгыла, менин элге кылган кызматымды алгалаткыла» деп койсоң, булардан өткөн сага берилген жоокерлер табылбас. Убагы келген сайын, ошол кызматты алгалатуу максатында кимди эмне кылуу керегин бир сөз менен кыйытып эле койсоң жетиштүү – булар тапшырмаңды бир сөздөн түшүнүп, аткарып келүүгө шашылат.

5. Ооба, адилеттүүлүк дегенди талап кылышат эл, калың элдин көзүнө да өзүңдүн мурдагы тарапташ, таламдаштарыңды обу жок кысымга алганың жаман көрүнөт. Бирок мунун баары кыска убакытта өтөт, а бийлигиңдиң тизгини узакка созулушу керек. Узакка созулчу бийлик «ляппай» деген кызматкер, жардамчыларга муктаж, сынчыларга эмес. Сынчылардын сынынын мизин кайтарууну да бийлигиңдин жан жоокерлерине буюруп койсоң жетиштүү – калың элде элек жок, сынчылардын, бут тосуучулардын, оппозициянын салмагын сенин жоокерлериң бат эле жеңилдетип салат. Калың элдин кулагын да, көрөөр көзүн да, сүйлөөр сөзүн да сенин жан жоокерлериң – өзгөчө маалымат майданындагы башкесерлериң – башкарып, туура жагына бат эле буруп коюшат. Эч камыраба «Эл эмне дейт?» деп.

6. «Калың эл» деп бекеринен айтылбайт – калыңдыгынын айынан көпчүлүк эл татаал, учугу узун маселелерди түшүнө бербейт, түшүнүүгө кызыкпайт да. Адилеттикти талап кылганы менен, анын татаал жолдорун, узак мөөнөт талап кыларын, комплекстүү нерсе экенин түшүнбөй, аны күтүп, акырына чейин талап кылып турууга чыдамы да болбойт. Андыктан, сынчыларыңды кысымга алаарда, «Эл эмне дейт? Эл нааразы болбойбу?» деп камыраба. Калың эл ар дайым жакшы нерселерди каалайт, алар белгилуу эле: адилеттик, чындык, бакубаттык, кайрымдуулук, мекенчилдик, ушу сыяктуулар – демек, ЭМНЕ ГАНА кылбагын, сөзүң эле туура болсун – «Мен адилеттүү, мен чынчыл, мен элим үчүн, мен мекенчилмин» деп, дагы анан сынчы-душмандарыңды «булар саткын, булар эл душманы, булар жалганчы» деп койсоң жетиштүү. Калың эл далил сурабайт, ага эл башчынын айтканы жетиштүү. Элден коркпо, элди жетеле, падыша!

Эмилбек Жороев

Related posts

Два года Садыра Жапарова: Достижения и провалы

Эсен Ырыскелди
2 года ago

По свободе СМИ Кыргызстан опустился с 122 на 72 место

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Албарсты технологиясы жана анатомиясы

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version