Алгач бир айылда молдо болуптур деп айткандай болгон. Бирок, менин эсимде аким болгон дегендей калыптыр. Дагы бирөө молдо да эмес, аким да эмес, брезидент дейт. Кыскасы, бир айылда молдо болгонбу, же аким болгонбу, же келиним айтмакчы, брезидент болгонбу, айтор бирөө болуптур да. Анан ал болгон соң болгондой эле жашайт да. Өзү айыл болсо, жашоо өтүп жатса, аш-той, шерине, майрам токтобосо. Айрыкча күзгү учур болгон бейм. Же кышкы согум учуру болгонбу. Айтор бир учур болгон го. Болбой да койчубу десең, өлүгүң көрөйүн. Ооба. Болуптур. Молдобу, акимби, брезидентпи, айтору бир учурда болуптур. Анан жел чыгыптыр. Күүлдөп-даалдап конокто отурган жеринен эле жели чыгып кетиптир. Эми анын кандай чыкканын ит билиппи? Имиш-имишке караганда катуу эле чыккан окшойт. Баягы брезидентпи, акимби, же молдобу, иши кылса төрдөн орун тийген неме да. Ошо төрдө дардактап отурган жеринен эле жели чыгыптыр. Эми чоң жомоктогудай даңк эттире бир коюп, оң жагынан алтыны, сол жагынан алтыны жайлап кетиптир деп айта албайм. Мен уккандан молдо болчу. А молдо дегениң сыпаа болот эмеспи, алты-алтыдан кишини ыргыта койбосо керек. Бирок, ким билсин! Киши тойгон соң, эмнени гана кылбайт. А тиги келиндин айтуусу боюнча, брезидент болуптур да, алты тургай жүздөн ашык кишини жайлап кетиптир. Кең Ала Тоонун боору канабайрам болуп эле жатып калган дейт. Апыртасың го десем болбойт. Жайлаган эле жайлаган дейт. Ал тургай санап да кирет. Балан өлгөн дейт, төлөн өлгөн дейт. Базарчы өлгөн дейт, кабарчы өлгөн дейт. Айтор ушундай болуптур.
Төрдө тайраңдап отуруп эле бир күнү капилеттен даң эттире бир коюптур. Анан эл деген эл да. Элек тургай эчтеме жок да эл дегениңде. Оозунда да эчтеме жок, мээсинде да эчтеме жок. Кыргыз ушунтип койот эмеспи. Эчтеме жок болгон соң сүйлөйт да. Ал буга айтат, бул наркыга айтат. Наркы андан аркыга айтат. Айта берет, дей берет. Ии. Элек жок деп ошону айтат эмеспи. Даң эттирди дейт, тарс эттирди дейт, татыратты дейт. Курманбек болчу дейт, Аскар болчу дейт, Алмаз болчу дейт. Сырттан келди дейт. Ичтен келди дейт. Үйдө отуруп эле даңылдатты дейт.
Жүз киши оңойбу. Өзүнчө бир айыл болчу калк да жүз деген. Бир согумга тойобу жүз дегениң. Согумга келбеген го анча киши. Жаны ачыгандан келгенби дейм. Же азыгы жок калганынан келгенби. Анан баарын бир күндө жайлап салды деп атпайбы. Канабайрам эле болуп калды дебедиби. Мен анысын кайдан билейин. Молдо болчу деп эле жүрбөймбү. Менде кайдагы мээ?! Тиги телебизир деген неме какшап атып түгөтпөдүбү мээни. Жууп таштабадыбы. Кытыр дейби, котур дейби, көтүр дейби, өлүгүң көрөйүндү. Койсоң эле жашоо жыргал. Бирөө бирөөнө медал таккан болот. Бирөө бирөөнө орден таккан болот. А наркы бала гөтүнө пакта койду деп алыптыр аны. Ботом пактаны да ошол жакка койчу беле? Илгери бир көрүп ката койгонго пакта табылчу эмес. Азыр баары эле пакта коюшуп калыптыр. Тиги кытыры деле жалаң пактачылар деп атышпайбы. Кыскасы ошол неме кишинин мээсин алып бүттү, айланайын. Анан деги бүгүн айтканынан эртең айныган немелер да келиптир. Муну айтсам тиги келин ошол башыңды жегирдин эле кишиси булар деп айтпабы. Экөө тең ошонун эле машкеси дейт. Же кайсы экөө десем айтпайт. Мен эмес, менден жаштар мээден калган заманда ого бетер мээни чагышат. Эки дос дейт, үч зек дейт, беш каман дейт. А мен молдо деп эле жүрө берипмин.
Кыскасы, ошол молдо, ой молдо да болду. Жанагы молдобу, же брезидентпи, же акимби, кыскасы ошол элдин кебине чыдабаганбы, же чыгарган желинин жытына чыдабаганбы, же теке сүзгөнбү, же бүлдөзүр челгенби, айтор көчө качыптыр, бечара. Бечара дегенимди кара, куруп кеткирди. Бир айылды быкшытып таштап басып кеткен немени бечара дечүбү. Шордуу айыл анын азабын канча тартты экен десең? Оңойбу анан? Бир айыл болчу кишини жайлап кетсе! Төрдө отурганы аз келгенсип, тайраңдап бийлегени аз келгенсип, укум-тукуму менен жыргаганы аз келгенсип, даңылдатып кетсе. Эл деген эл да. Элек тургай эчтеме жок эл дегениңде. Оозунда да эчтеме жок, мээсинде да эчтеме жок.
Ошону ойлогонбу, же ойлобогонбу, айтор көчө качыптыр. Ак орустун үйүнө кире качты дейт бирөө, акианды ашып качты дейт бирөө. А мен бул эле Ак-Моюнга качкан го деп жүрүпмүн. Молдо неме болсо, ак оруста эмне бар деп атпаймбы. А бирөө аким болгон дейт. Анда андан нары ак оруска качкандыр. Өлгөн болуп катталып, кайра башка ат менен дардаңдап жүрөт дегендер да бар. Ой тобо, өзүн-өзү өлдү дегендер болот тура. Эл дегендин оозунда эчтемке жок да. Данияр болобу, Маниял болобу, айтор адам аттуу өлбөсүн дегендин ордуна, өлүптүр эле өлүптүр дешет. Өлсө өлсүн эми, өлгөндүн өз шору деген киши жок.
Бирок, адам деген баары бир сагынат тура. Жыты сиңишкенинен сагынабы, же курсактуу неме болчу дешет, курсагы ачканынан сагынабы, ким билсин. Кекиртеги кернейдей эле деп атышпайбы. Кекиртеги куураган го бечаранын. Баласы атасынан, атасы агасынан өткөн жулуңдаган немелер тура. Ошол күнү деле баарылап жеп отурган го. Бир согумду өздөрү эле жегидей опкок немелер болчу дешет.
Анан бир күнү жел чыгарып качышкан тура. Качкан соң келгиси келип, аңдышпайбы. Кычык издешет, тешик издешет. Табылбайт. Андайда табылабы.
Анан молдоң кургур кемпирин жиберген тура. Айылды барып карап кел кемпир, аяк-башты санап кел кемпир. Желдин жыты кеткенби кемпир, элдин эси өчкөнбү кемпир деп кемпирин жибербейби. Муну айтсам жанагы келин күлөт. Брезидентте кемпир болобу деп кытылдайт, какмар. Кемпирин эмес, эки досун жиберген деп атпайбы. Мен кайдан билипмин. Брезидентпи, молдобу, акимби мен кайдан билипмин. Элдин түрүн билип кел деген деп жүрбөймбү.
А тиги кемпири келсе айылдыктар анын жел чыгарганын унутмак тургай, калиндар кылып алган тура. Бу айылдын эли да бир кокуй да катыгүн, бири «баягы молдонун жели чыккан жылы туулган» деп букасын айтса, дагы бири «молдонун жели чыккан жылы жоголгон» деп айгырын айтат имиш. Калиндар дегениңер ошол тура, айланайын. Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, молдо экөөбүз түшүнгүчө качан кокуй. Аны айтсам жанагы какмарлар ого бетер эзилип калды, энем гелтирет дешип. Эки досун жиберип айласы кетип атат дешет. Дубайда болуптур дештиби, же Кудайга коюптур дештиби, иши кылса, аңдып, кылчактап атышкан имиш. А мен молдо эле болчу дейм. Молдонун чыгарган жели калиндар болуп унутулбай калганын эле эстейм. Молдонун жели ошончо болуп атса, жүз кишини жайлап кеткен неменики кайдан унутулсун деп келиним кытылдайт… Өүххх! Ошол айланайын, бизде ушундай кеп…
Насыпбек Асанбаев