Таш-Рабаттын эмне максатта, качан жана кимдер тарабынан курулганы тууралуу арабызда ар ким ар нерсени айта бергенинен улам, бул жөнүндө анык бир нерсе биле албай бүдөмүк ойдо жүргөндөр арбын. Тарыхчыларыбыз ушул кезге дейре Таш-Рабат тууралуу маалыматтарды тактап, иликтеп, изилдеп туруп так бир нерсе айтпаганынан болсо керек, Таш-Рабатты көргөнү баргандар анын тарыхы жөнүндө билгиси келсе да жарытылуу бир нерсе биле албай, андан-мындан сураштырса ар ким ар нерсени айтып, божомолдоп урдурган кызыктай сөздөрдү деле угуп кайтышат.
Жадагалса Таш-Рабаттын кире беришинде олтуруп, саякатчыларга 10-20 сомдон билет саткандар дагы өзү эшигинде билет сатып олтурган бакыйган тарыхый имарат жөнүндө анык бир нерсе билбегендиктен, суроо узатылса бүдөмүк бир нерселерди айтып, барган элди кайдыгер калтырышат.
Аттиң, Кыргыз тарыхында маанилүү орду бар ушундай тарыхый мурас жайды кудум эле коңшубуз Өзбекстандагы тарыхый курулуштардай кылып толук капиталдык ремонттон өткөрүп, бир жакшына калыбына келтирип, анан имараттын кире беришине анын тарыхы жөнүндө бадырайта жазып койсо кандай сонун болор эле дегиң келет. Тарых да такталып, элибиз анык маалыматка ээ болсо, имараттын да көркү ачылса кандай жакшы! Анда Таш-Рабатка кызыгуулар ого бетер күчөп, ички жана сырткы туризмдин агымы менен кирешелер да арбып, ар тараптан чоң жылыштар болмок.
Эми аттын башындай арманды бир мындай койо туруп, Мырза Мухаммед Айдар Дуулатинин жазгандарынан кыскача үзүндү келтирели. (Автор 1499-1551-ж.ж. жашаган тарыхчы, саясий ишмер, ал Индиянын Кашмир аймагын чаап алып, бир топ жыл ошол аймакка өкүмдарлык да кылган). Ал жазып калтырган, 14-кылымдын ортосунан 16-кылымдын 40-жылдарына чейинки мезгилдеги Кыргызстан жана Чыгыш Түркстан, Ооганстан жана Индия тарыхы камтылган маанилүү тарыхый эмгек – “Тарих-и Рашиди” китебинин 1-томунун 152-153-беттеринде Таш-Рабаттын таржымалы тууралуу анык маалымат кездешет.
Анда айтылганы боюнча Таш-Рабат болжолу 15-кылымдын башында Мухаммед хан тарабынан кербен сарай катары курулгандыгы билинет. Анда мындай деп жазылган:
“Мухаммед хан Чатыр-Көл деген жердин түндүк жагына бир Рабат (кербен сарай) салдырган. Рабатка абдан чоң таштар колдонулуптур. Мен Кашмирдеги курулуштардан башка жерде мындай мыкты имараттан дагы бирин көргөн жокмун. Бул имараттын алды дарбазасынын бийиктиги эле 20 аршындай келет. Дарбазасынан киргенде ортодо бир көчө жолу бар, болжолу 30 аршындай келсе керек. Ал жерде 20 аршындай келген күмбөзү да бар. Бул күмбөз өтө көркөмдүгү менен башка күмбөздөрдөн айырмаланып турат. Кичине күмбөздөрдүн жан жактарында чакан үжүрө үйлөр салынган. Батыш жагында 20 аршынча бир мечити да бар. Курулуштардын баары таштардан салынып, эшиктеринин баш жагына да бирден бүтүн таш коюлган. Кашмирдеги курулуштарды көрө элегимде бул рабаттын курулушу мага ажайып кооз көрүнчү эле. Чатыр-Көл да ошол рабаттын аты менен Таш-Рабат айылы деген атка конгон”.
(Мында айтылып жаткан Мухаммед хан – 1408-1416-жылдар аралыгында борбордук Азиядагы моголстан хандыгын башкарып турган өкүмдар. Ал Чыңгыз хандын урпактарынан биринчилерден болуп ислам динин кабыл алган Эсен-Бука хан уулу Тоголок-Темир хандын небереси, Кызыр-Кожо хандын баласы болуп саналат).
Алмамбет Осмон уулу, аалым, котормочу, жазуучу
PS. Таш-Рабат деп аталып калган бел жазында Ат-Башы өрөөнүнөн Ак-Сай өрөнүнө кары ээрип эң биринчи ачылган бел. Соодагерлер үчүн товарын башкалардан эрте жеткирүү баардык доордо маанилүү болуп келген.
Биз бала кезде айылыбызга жакын белдерде кар жаткандыктан улам, малды жайлоого ушул бел аркылуу ашырчубуз. Ал кезде ичине кык толгондуктан жөрмөлөп кирип чыкчубуз. Намаз окулчу чоң бөлмөсүн куполун тегерете шыбагында арапча жазуулар бар болчу. Союз тарап, кайырдиндердин дааваты күчөгөн кезде, ал жазууларды бирилери атайын барып талкалап кеткен. Анан эле АКИ-прессте Таш-Рабат буддисттердин салган имараты деген макала чыкты. Ал жерге комментарий жазып, бир топ кырылышканбыз.(Саресеп)