Ар бир кыйынчылык менен оорчулуктун артынан жеңилдик кошо төрөлөт. Бирок кош бойлуулуктун машакатына чыдаган сыяктуу кыйынчылыкка чыдай билүү, канчалык оорчулук болсо да көтөрө билүү өтө маанилүү. Балканактай балалуу болгуң келсе, аны көкүрөгүңө кыса кучактоонун кубанычын жашагың келсе, бала төрөлгөнгө чейинки башыңа туш болгон кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңе билишиң керек. Бул, албетте, оңой эмес. Бирок артынан эле мурда эч кандай кыйынчылыктарды башыңан өткөрбөгөндөй болуп чоң кубанычка бөлөнөрүң да анык. Бедиуззамандын сөзү менен айтканда, кыйынчылыктар аяктагандан кийин бүт азабы кетип, жыргалы калат.

     Жеке адамдын башына же үй-бүлөсүнө келген кыйынчылыктар менен коомдук турмушта кезиккен оорчулуктар ар дайым ушундай жыйынтыкталат. «Саргара жортсоң кызара бөртөсүң» дегендей, канчалык түйшүк тартсаң ошончолук бийиктиктерге жана  жакшылыктарга жетесиң. Куранда: إِنّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا «Ар бир кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар» (Инширах сүрөсү, 94/6), – деген маанидеги аят аркылуу бул чындык билдирилген. Ооба, адамдын башына келген кыйынчылыктар менен кырсыктар канчалык оор болсо, анын артынан келе туган жеңилдик, ырахат да ошончолук арбын, терең жана көп кырдуу болот. Башкача айтканда, оор кыйынчыктын артынан жакшылыкка жеткенде, кудум көз жарган эне сыяктуу мурдагы баардык кыйынчылыктарыңды унутуп, эбегейсиз кубанычка бөлөнөсүң; Алладан келген ченемсиз жакшылыктарды көргөндө жан дүйнөң жадырап, Жаратканга мактоо-шүгүр айтып бүтө албай, сезимдериң күргүштөп толкуйт.

     Бүгүнкү күнгө чейин эчендеген пайгамбарлар жана алардын жолун жолдогон ыкластуу инсандар өз элин ыйманга, акыйкатка чакырганы үчүн ар кандай кордуктарга, куугунтуктарга жана кыйноолорго дуушар болушкан. Мисалы, азирети Исадан (алейхиссалам) кийин анын жолун улантып, өз вазыйпасын аткаргандарды жазалаш үчүн айкаш мамылар (кресттер) орнотулуп, от менен толтурулган аңгектер казылган. Мунун бир гана себеби – алар ошол доордогу кээ бир зөөкүр, зулумдар менен бир ишенимде, окшош пикир, бирдей дүйнө таанымында болбогондуктары эле. Бирок, алар канчалык зулумдукка кабылышса да кайраттуулуктан жазган эмес. Баарына чыдап, баскан жолунан кайтышкан жок. Моюндарындагы амантатты да татыктуу аткарышты. Чын ыклас жана жоопкерчилик сезими менен колдон келишинче дың жерлерге үрөн себишти. Башкалар үчүн жашоо философиясын карманган ал берендер өз керт баштарын ойлоп да коюшкан эмес. Ошентип, алар ар кандай кыйынчылыктар менен азап-тозокторду жеңген. Натыйжада, артындагыларга көптөгөн жакшы нерселерди аманат калтырып, бу жалган дүйнөнү таштап кете беришти.

     Ар бир доордун Фараондору, Намруддары, Дакянустары болот. Айлакерликтери менен аргаларын тынымсыз өзгөртүп турган эки жүздүүлөр ыймандуу исандарга ор казыш үчүн, алардын башын балээге тыгып, иштерин бузуш үчүн колдорунан келгендин баарын колдонушат. Биз башыбызга келген балээ-кырсыктарга карабастан, өз өмүрүбүздү арнаган чындыктарды чын ыкластан берилүү менен бүт адамзатка жеткизүүгө аракет кыла берсек, Алла Таала бул жаатта бизди ийгиликке жеткирет. Анткени Ал Өз жолунда жүргөндөрдү эч качан таштаган эмес. Сепкен үрөндүн түшүмүн алабыз деп да үмүт күтпөшүбүз керек. Үрөн себели, сепкен үрөнүбүздү бапастеп өстүрөлү, бирок аны ким оруп, түшүмдү ким кампага ташыйт деген ой менен ишибиз да болбосун.

     Көңүл бурушубуз керек болгон негизги маселе – баскан жолубуздун Курандын рухуна жана пайгамбарыбыздын сүннөтүнө төп келиш-келбестиги. Эгер кылган ишибиз Алланын ыраазычылыгына төп келип, Пайгамбарабызыдын руху алардан кубана турган болсо эле, залимдердин, бузукулардын, эки жүздүүлөрдүн кысымдарына көңүл бурбашыбыз керек. Кайратыбыздан жазбай, чыдамдуулук менен өз жолубузда тайсалдабай бекем туруп, баш-аламандыкка жол бербестен негизги ишибизге көңүл бурууга тийишпиз. Болгондо да утурумдук кызыкчылытарды гана көздөп жашаган адамдар тарабынан кемсинтүүгө учурап, кысымга жана куугунтукка алынууну Алланын жакшылыгы катары кабыл алып, тигилерден башка тарапта болгонубузга шүгүр кылып, жолубузду андан ары улай беришибиз керек. Демек, Алла Таала силерди ушундай адамдар менен сынап жаткандыгы Анын силерди жакшы көрөгөндүгүнөн. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) хадистеринин биринде يُبْتَلَى الرَجُلُ عَلَى قَدْرِ دِينِهِ «Адам дининин күчүнө жараша кыйынчылыктарга кабылат»,- деп айтылган. Хадистин башында эң оор сыноолорго пайгамбарлар, андан кийин алардын жолун жолдоп, изинен ээрчигендер туш болоору айтылып, уландысында кишинин дининин күч-кубатына жараша кыйынычылктарга дуушар болоору баяндалган. (Тирмизий, Зухд 57; Ибн Маажа, Фитан 23).

     Мына ошондуктан, башкаларга жамандык кылууну адатка айландырган кээ бир залимдер менен зөөкүрлөр баскан жолуңарга сөзсүз тоскоолдук жасайт. Алар кээде сенин адамдык абийриңе көө жапса, кээде өмүрүңө кол салабыз деп коркутат. Кээде ар кандай басым-кысымдарды жасаш аркылуу үнүңдү өчүрүүгө, жолуңдан артка кайтарууга аракет кылышат. Ошондой кездерде иммундук системасы начарыраак кээ бир адамдар анча-мынча эле басымга чыдай албай өз жолун өзгөртүп жиберет. Арадан көр дүйнөнүн утурумдук пайдасы үчүн оңой эле сатылган, орун-мартабага алданган адамдар да чыгат. Күч кимде болсо ошол тарапта болушту каалаган айрым досторуң да эң кыйчалыш учурларда сени жалгыз таштап кетет. Жакшылыкты унутпайт дегендердин да чыккынчылык кылганын көрөсүң. Анткен менен, мунун баары айланаңдагы адамдардын чыныгы мүнөзү кандай экенин таанышыңа мүмкүнчүлүк түзөт. Жан күйөрүң менен  жакшылык билбестер ким экени, ыймандуулар менен эки жүздүүлөр ким экени анык билинет. Ошентип, адамдардын анык кадыр-баркын биле аласың.

     Адамдардын ички дүйнөсүн ачып, алардын түпкү табияты кандай экенин бизге көрсөткөндүгү Алла Тааланын эбегейсиз чоң жакшылыгы. Демейки жайбаракатчылык, кененчилик учурларда адамдардын чыныгы мүнөзүн таанып биле албайсың. Ыйман жана Куран кызматын жан аябас, ыкластуу, сабырдуу, майтарылбас адамдар гана алга жылдырат. Мүнөзү туруксуз кишилер чоң иштерди аркалап кете албайт. Юнус Эмренин сөзү менен айтканда, бул жол өтө узак, ар жерде тузак, кечүүсү да жок, терең суулар бар. Алла Таала мына ушундай оор мезгилдерде бул узак сапарда жолуңарга жолдош болуп силерди коштой албай турган адамдарды алардын башкалардан айырмаланган мүнөздөрү, кебете-кешпирлери менен бирге силерге ачык көрсөтүп, алардан сак болушушуңар керек деп чакырык таштаган өңдүү. Ал Ибни Салулдардын бетин ачып берүү аркылуу силерге эскертүү жасаган. Демейки убактарда боо-боо акча бересеңер да ким экенин биле албай турган адамдарды мына ушул кыйын кезеңдерде анык билесиңер да, аттанып чыккан узак жолду кимдер менен чогуу басып, кимдер менен баспаш керектигин байкайсыңар.

     Албетте, биз ар бир адам жөнүндө жакшы ойдо болууга буйрулганбыз. Бизге жакындашкысы келген ар бир адамга жан дүйнөбүздүн каалгасын кенен ачышыбыз, кечирим сураган ар бир адамды кечиришибиз, кимге болсо да адамгерчиликтүү мамиле кылышыбыз, бизге карай бир кадам таштаганга эки кадам таштап жакындообуз зарыл. Биздин түпкү мүнөзүбүз ушундай. Андыктан, алигилерге да келечекте жан дүйнөбүздү кенен ачабыз, жылмаюу садакабызды аларга деле аябайбыз. Анткени, ыймандуу пенде айкөл, дили таза, кең пейил болот. Өзү алданса да эч кимди алдабайт. Кек сактоо, жек көрүү менен иши да жок, өч алуу сезимдерине алдырбайт. Бирок, бир жолу чыккынчылыгы билинген адамдардын кийин кайра чыккынчылыкка барышы ыктымалдыгын эске алып, сактык менен этияттыкка да эч качан кайдыгер карабайт. Ошондуктан, андай адамдырдын узак сапарда жол коопсуздугуна коркунуч туудурушуна жол бербейт. Анткени, ыймандуу пенде бир жолу жылаанга чактырган тешиктен кайрадан чактырбайт. Ошол эле адамдарга кайра алданып калбаш үчүн бардык чараларды көрөт. Чынчыл көрүнгөн эки жүздүү адамдардын кайрадан өзүн тузакка илишине жол бербейт.

     Кыскасы, ар ким өз мүнөзүнүн талабына жараша иш кылат. Кек сактоо жана жек көрүүгө берилип кеткен, көрө албастык, кара ниеттик илдетинен арыла албаган, шайтандын тукуругу менен иш кылган байкуштар Алланын жолунда жүргөндөрдү бет алган багытынан айнытыш үчүн эч ойго келбеген интригаларды уюштурушат. Алардын чабуулдарына туш болгондо пайдуаблы бекем, урабас имараттай болуп бири-бирибизди жөлөп-таяп, толук биримдик жана ынтымактыкта аракеттенишибиз зарыл. Бир эмес, элүү жолу  чабуул уюштуруп, ынтымагыбызды ыдыраткысы келишсе да бул алардын колунан келбегидей болушу зарыл.

     Мындан тышкары, башыбызга түшкөн кыйынчылыктар менен машакаттар алдында эч качан чочулабашыбыз, дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек. Бүт дүйнөнун бардык шайтандары чогулуп келсе да, Алладан уруксатсыз алар бизге зыян келтире албай тургандыгы, баскан жолубуздан артка кайтара албай тургандыгы анык. Андыктан дүрбөлөңгө алдырып, үмүтсүздүккө түшүүнүн да, коркуунун да кереги жок. Тескерисинче, биз кайраттуу болушубуз, үмүтүбүздү бекем сакташыбыз керек. Ал тургай айланабыздагы адамдардын баарына үмүт булагы болуууга тийишпиз. Ошондой эле, Алла Таала бизге ыроологон мүмкүнчүлүктөр менен ыңгайлуулуктарды туура пайдалана билишибиз зарыл. Керек болсо базарда темир устачылык, бут кийим тазалоо, жип ийрүү сыяктуу жумуштарды кылып, чын жүрөгүбүздөн ишенген ыйман, Куран кызматын уланта беришибиз керек. Эгер баскан жолубуз туура эмес болсо, ушул кезге чейин кылган иштерибиз үчүн деле Алланын алдында эсеп бере алмак эмеспиз. Бирок жолубуз туура болуп туруп, өзүбүз кыйшык кетип жатсак, Алла Өз ырайымы менен багыттаган бул жолдо түз жүрө албай же артка кете турган босок, анда бул иштин эсебин эч качан бере албайбыз. Кудай сактасын, анда тарыхтын таштандысы болуп калабыз.


Мухаммад Фетхуллах Гүлен

Которгон: Алмамбет Осмон уулу