Саресеп
Исламский мир

Түрк бийлигинен жапа чеккендер уккусу келбеген чындыктар

Тайып Эрдоганды жеңип чыгат деп айтылган социалистик ЖХП партиясынын лидери Кемаль Кылычтароглу эл күткөндөй болбой калышы мүмкүн. Ал капастагы жүз миңдеген саясий туткундар тууралуу Эрдогандан да оор пикир билдирген

Кемаль Кылычтароглу 2016-жылдын 15-июнунда Эрдогандын тегерегиндеги саясий фигуралар уюштурган “аскердик төңкөрүш” спектакли тууралуу кызыктай сөздөрдү сүйлөгөн. Анысында: “ФЕТӨ (Түркия жана ага көз каранды бир нече мамлекет гана “террордук уюм” деген) менен байланышы бар аскерлердин аттары жазылган “калың папканы” ал кездеги Генштабдын башчысы Илкер Башбугка бергенин, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн”, – айтып, кейип кепчиген. ЖХПнын лидери: “Кимдер кайсыл жерде уюшкан, уюмдары кандай, Түркияда кимиси эмне кылып атканы, көчөмө-көчө жазылган”, – деген.

Муну “оппозициянын лидери, демократиянын үмүтү” делген Кылычтароглу сүйлөп атат. Башбугка берилген папка боюнча кылмыш иши ачылган эмес. Кимдер ачтырбай койгон дегенде, Кылычтароглу: “Учурда түрмөдө жаткандар”, -дейт.

Оппозициянын лидери муну менен тим болбой, сөзүн: “Өкмөт буларды билген эмес дебегиле. Башынан аягына чейин билген. Ким эмне кылганын да, эмне кылаарын да сонун билген! Эч ким эч кимди алдабай эле койсун. Бир максатта бара жаткандар, өпөң-чычаң ойноп атышкан (Эрдогандын АКПсы менен Гүлндин жамааты). Бири кулап түшмөк. Кулады ансыз деле. Чындык ушундай!” – деп улаган. Муну менен тим болбой, Кылычтароглу: “Ал папкада (аңдып жүрүп жыйналган маалымат) ушунчалык майда-чүйдөсү менен жазылган дейсиң, же ойлонушуң керек, же анын баарын өкмөт ансыз деле билген деген бүтүмгө келесиң. Билбей калышы мүмкүн эмес!”, – деп ызылдаган.

Сүйлөп аткан адам ким экенин билген кишинин чачы тик турат!

Ал “Алтылык үстөлдүн” талапкери, демократиянын үмүтү, “сонун киши” делген Кылычтароглу өкмөт баарынын аркасынан эч нерсесин калтырбай аңдып жүргөнүн айтып атат. Ал папканы өзү көргөн. Телестудияда сурагандарга да папканы бере аларын айткан. Демек өзүндө көчүрмөлөрү калган.

Өкмөт аңдыган, папкалаштырган, андан соң гана 15-июнь окуялары болгон, анан ал папкадагы кишилер капаска солонгон. Өкмөт кишилерди укум-тукуму менен бирге куугунтуктаган. Расмий маалымат боюнча, эки жарым миллион кишиге кине тагылган. Ал кишилерди тууган-туушканы, бала-чакасы менен алсак, эң азы он миллион болот. Үй-бүлө мүчөлөрүн да аңдышкан, анан алар жерилген, коомдун геноцидине кабылган. Кылычтароглу ушул кишилерди сөз кылып атат. Айтканда да, “жаман болуптур, буларга укуксуздук кылынды, биз келсек оңойбуз” деген жок. Тескерисинче, биз арыздансак, Эрдоган баш болгон бийлик эч нерсе кылбай койбодубу деп кейип кепчийт.

Айтылган нерселер үрөй учурат. Кылычтароглу бирилерине көз кысып “маселе эмес, токтогон жерден нары улантабыз” деп атат. Эрдогандан кийинки мөөнөт тууралуу маанилүү нерселердин учун кылтыйтып жатат. Эрдоган жакындары менен бирге 15-майда бийликтен кетсе, “ФЕТӨнун саясий канаты” операциясы башталат. “Биз айтканбыз” дегенин аркасында “бул республиканын чыныгы ээси” ким экенин каңкуулап атат. Мындай текеберликтин аркасында “ФЕТӨ менен күрөшүү стратегиясы” аягына чыгып, куугунтук мындан да нары күчөмөкчү.

Оппозициянын, өз жаранын аңдыган өкмөт менен сыймыктанган талапкери! Кээ бирилериңиз бул сөздөрүмдү уккуңуз келбейт.

Алар саясатты оюн, стратегиялардын таймашы, карта же шахмат катары көрөт. Ар нерсе ар жерде айтыла бербейт, ар айтылган сөздү айтылгандай кабыл албаш керек, кээде жөн эле гап кылып койсо деле болот, кээде көз кысты бармак басты кылып добуш алып койсо болот дейсиз. Мындай топтор Кылычтароглунун үрөй учурган сөзүн кагазга ороп, кишиге Түркиянын ээлеген орду, коңшулары, акыйкаттары башкача экенин эстетип кирет.

Мындай сөздөрдөн тажаган жоксуңарбы! Ойгонуш үчүн дагы эмне болуп кетиши керек? Каздын балапанына окшоп ар күнү дүйнөну кайра ачкандан тажаган жоксуңарбы?

Тактикалык оюндар үчүн Эрдогандын үчүнчү жолу шайланууга укугу жок экенин айткысы келбеген оппозиция жөнүндө сөз кылып атабыз!

Эй, Эрдогандын токтомдору менен жумуштан айдалгандар! Эй, күрттөр! Эй, учурдагы саясий режимдин зулумдугунан улам чар тарапка чачыраган инсандар! Эй, капастагылар! Эй НАТОнун мүчөсү болгон өлкөсүнөн 21-кылымда качканга мажбур болгон үй-бүлөөлөр! Эй, “аскердик төңкөрүш аракети” спектаклинин аркасы менен он миңдеп түрмөдө чирип аткан курсант, аскер, сот жана прокурорлор! Оппозицияңардын лидери Кылычтароглунун чыныгы жүзүн көрүп алгыла! Чындыкты уккуңар келбей чүмкөнө жата кеткиле кайра! Анткени мунун баары силер уккуңар келбеген чындыктар!

Профессор Мехмет Эфе Чаман. tr724.com

Related posts

Сурамжылоо түрк калкынын 23-35%’ы калп жооп берерин ашкереледи

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Түркиянын тышкы саясаты кандай боло алат?

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Путин в Тегеране получил поддержку Ирана по Украине

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version