Саресеп
Исламский мир

Түркиянын тышкы саясаты кандай боло алат?

Жаңы тышкы саясат түшүнүгүндө майда-чүйдө эсеп-кысаптын ордуна жалпы жана кенен баамдоолор алдыга чыгарылышы керек. Мындай өзгөрүү тышкы саясатты ички саясат үчүн колдонуудан баш тартканда гана болушу мүмкүн

Түркиянын падышалыктан республикачыл башкарууга өткөнүнүн 100 жылдыгы маанилүү чек. 14-майдагы Президенттик жана парламенттик шайлоолор да жаңы чыйыр ачканы турат. Ал Түркиянын келечегинин жаңылануусуна да мүмкүндүк сунуп турат. Демократиялык, эркин жана дүйнөгө интеграция болгон Туркияны сагынгандар мунусун шайлоо сандыктарында көрсөтүү аркылуу чоң жоопкерчиликке орток боло алышат.

Эмне өзгөрөт?

Жоопкерчиликти моюндаган оппозиция күчөтүлгөн парламенттик системаны, бирге аракеттенүү планын жана парламенттик системага өтүүнүн жол картасын элге сунду. Президенттик шайлоого тарапкерин белгилеп, анын жардамчыларын да эмитен бекитти.

Бардык тармактагыдай эле тышкы саясаттагы кадамдары тууралуу да ачык айты. Бирок бийликтин баш айландырган саясатын жактагандар тигил же бул партия тышкы саясатта кандай кадамдарга барарына баш оорутуп отурат. Оппозициянын президентке талапкери тышкы саясатта кайсыл жолго түшөт деген маселе да кайра-кайра көтөрүлүп жатат.

Бул маселелердин баарынын аркасында жеке бийлик көйгөйү турат. Мында көңүл бурулбай калган маанилүү нерсе бар. Ал – негизги өзгөрүү жеке бийлик режиминин алмашуусуна байланыштуу.

Оппозициянын биримдиги жеке бир кишинин башкаруусу эмес, андай башкаруу болбойт дагы. Анын ордуна Түркиянын бай жана түркүн социо-экономикалык жана саясий курамы сыяктуу, бирдиктүү команда түшүнүгү келет. Мындан улам тышкы саясатта кандайдыр бир партиянын түшүгү эмес, кеңешилген бирдиктүү принциптер жана баалуулуктар ишке кирмекчи.

Тышкы саясатка ким жооп берет?

Албетте, тышкы саясатта Түркиянын алдына бир нече негизги маселе келет. Алардын эч бирин башкасынан артык дей албайсың. Алардын арасында Түркиянын тышкы саясатынын алдын тороп турган нерселердин бири – бул Батыш дүйнөсү, анын ичинде Европа биримдиги, НАТО, АКШ менен мамилелер. Түркиянын бүткүл дүйнө менен алакалары бул структура жана мамлекеттер менен кандай мамиле кураарына байланыштуу экенин унутпаш керек.

Мисалы, Эрдогандын жана АКП партиясынын бийлиги Финляндия менен Швециянын НАТО’го кирип-кирбешин Түркиянын террорго каршы күрөшү менен байланыштырып атат. Чындап келгенде, Түркия, Швеция жана Финляндия Мадридде кол койгон үчтүк меморандум, эки өлкөнүн түрк тарабынын чочулоолоруна көңүл бурганын көрсөтүп турат. Швеция менен Финляндиянын андан кийинки кадамдары ушул нукта болду.

Эки же көп тараптуу дипломатия

Түркия бул эки өлкө менен бирге террорго каршы күрөш үчүн эки тараптуу дипломатиялык аракеттерге өтө алат болчу. Бирок бийлик анын ордуна маселени көп тараптуу форматка алып барууну каалады. Көп тараптуу жана эки тараптуу дипломатияны аралаштырып алгандыктан, Түркия НАТО’нун иш-чараларына бут тосуп жатат деген пикирге жол ачылды.

НАТО’нун ичинде 70 жыл бою салым кошуп келе жаткан Түркия тууралуу мындай пикирдин пайда болуусу албетте туура эмес. Мындай пикир пайда болбош үчүн аракет кылбоо болсо – олуттуу кемчилик.

Тышкы саясатка көңүл бурган кишилер, Түркиянын Орусиядан S-400 абадан корунуу системасын сатып алуусу, АКШ менен бирге ишке ашырып жаткан F-35 тез учак программасынан чыгарылусуна себеп болду дейт.

Ошол эле эксперттер, АКШ Конгресси Туркиянын F-16 тез учактарын сатып алуусуна уруксат бербегенин, түрк бийлигинин Швеция менен Финляндиянын НАТОго кирүүсүнө тоскол кылганына байланыштырып жатат.

Натыйжада Туркиянын НАТО’догу мындай аракеттери айланып келип өзүнүн коопсуздугуна сокку уруп жатат. Демек, жаңы тышкы саясатта Түркия майда-чүйдө эсеп-кысаптын ордуна, жалпы жана кенен баамдоолорду алдыга чыгарышы керек. Мындай өзгөрүү болушу үчүн тышкы саясатты ички саясат үчүн колдонуудан баш тартуу зарыл.

Ünal Çeviköz, politikyol.com

Related posts

АР КИМ ӨЗҮНҮН МҮНӨЗҮН КӨРСӨТӨТ

Эсен Ырыскелди
1 год ago

Эрдоган готовится к огромным предвыборным расходам

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Садагасы, талакты гезит бетинен үйрөнбөйт.

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version