Кандайдыр бир системада, же бир тартипте убакыттын өтүшү менен думугуу башталат. Муну иштердин көндүмгө айлануусу, дайыма кайталана бергендиктен маани берилбей аткарылуусу деп түшүнсөк да болот. Жасалган иштер күн сайын бир калыпта, бирдей агымда кайталана берсе, ал бара-бара монотон абалга келип калары турган иш. Мына ушул кайталанма жүрүш белгилүү бир убактарда бир сыйра каралып, кем-карчы толукталып, бузулган жери түздөлүп турбаса, убакыттын өтүшү менен системанын думугуусу жүзөгө ашат. Бул болсо изденүүлөрдүн, жигердүүлүктүн эшигин жаап, кызматкерлерди аң-сезим жагынан да, ой жүгүртүү жагынан да тукулжуратат.
Керектүү чаралар көрүлүп, жаңылануулар жүргүзүлбөсө, акыретке тиешелүү жагынан да, бул жашоого тиешелүү жагынан да бардык системалар кызматкерлерин думугууга алып барат. Бардык нерсенин формалдуулукка айлануусу, дайыма бирдей калып, бирдей шаблон менен иш жүргүзүлүүсү ал жердеги кишилерди аң-сезим жагынан да, ой-жүгүртүү жагынан да шалга айлантышы мүмкүн. Бул болсо убакыттын өтүшү менен жүрүп турган жумушту иштен чыгарып, акырындап-акырындап бузуп тынат. Системалык думугууга каршы чара көрүлбөсө, эң мыкты деген системалар да, эң күчтүү деген мамлекеттер да, эң мыкты деген түзүмдөр да аксап, мүдүрүлүп отуруп жыгылып жок болоор.
Сааттай так иштеген күчтүү системаны түзүп чыгуу албетте жемиштүүлүк жагынан өтө маанилүү. Бирок, дайыма жаңыланып туруунун да тартиби иштелип чыкмайын, бара-бара жаңы нерселерди таап чыгууга жана ишти андан да мыкты деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк түзүлбөйт. Баары орду-орду менен кетип баратканын көргөн кишилер изденүүгө барышпайт. Натыйжада алар өз колдору менен алдыларына ашып өтө албай турган тосмолорду тургузган болушат да, айланадагы кемчиликтерди, жаңылыштыктарды байкабай калышат. Заманга жараша өнүгүү жолуна түшүшпөйт. А бул болсо түзүлгөн системанын эскирүүсүнө жол ачат.
Мамлекеттик түзүлүштөн калктын турмушуна, технологиядан коомдук байланыш түзүмүнө чейин чоң-кичине дебей кандайдыр бир тартип, эреже болгон бардык жерде, аймакта системалык думугуу болушу мүмкүн. Мындай системалар түптөлгөндөн кийин борбордук күчтөн, же жеткиликтүү шарттардан алган кубаты, ылдамдыгы менен кайсы бир бийиктикке чейин жетет. Эгер системанын мүчөлөрү «баары өз жолунда баратат» деген ой менен анча деле акыл-эсин чыйралтпай, түзүлгөн системанын ооматын гана көрүп отура берсе, бул жүрүш көпкө узабайт. Улам бир жерден көйгөй чыгып, улам бир жерден тоскоолдук пайда болуп отуруп, акыры бүткүл система кыйроого дуушар болот.
Кандайдыр бир системада, же мекемеде иштеген кишилердин кайсы убакта кандай иш жасаары аздыр-көптүр белгилүү болуп калат. Ошону менен алар оңой менен көнүмүш иштеринен сыртка чыкпайт. Натыйжада, бир эле иштин кайра-кайра кайталана берүүсү белгилүү бир мөөнөттөн кийин кишини да чарчатат, жигердүүлүктү да мокотот. Айрыкча, мындай жерде кызматкерлердин жөндөмү да, күч-кубаты да толук колдонулбайт. Мындай натыйжадан алыс болуу үчүн айтылган сөздүн, жасалган иштин, басчу ылдамдыктын, иштечү ыкманын баары жаңыланып турушу керек. Орчундуу кемчилик пайда болгонго чейин кызматкерлердин орун алмашуусу, жаңы-жаңы орундарга барып иштөөсү, жаңы милдеттерди алуусу системалык думугуунун алдын алышы мүмкүн. Алар барган жерине тажрыйбаларын ала баргандай эле, алардын ордуна келгендер да жаңы маанайды алып келип, мурункулар такыр баш бакпаган, же ишке ашыра албаган нерселерди ишке ашырып койоор. Болгону түзүлгөн система жаңы келгендердин жөндөмүн колдонууга мүмкүндүк берип, алардын дем-күчүн мокотпосо болду.
Эгер кишилер өз эрки, өз тандоосу менен муну жүзөгө ашырбаса, Алла Таала кээде жабр-и лутфу1 менен аларды мындай акыбеттен куткарат. Ал түзүлгөн системаны астын-үстүн кылып көңтөрүп туруп, ушундай бир сокку урат дейсиң, баарын кайра баштан карап, карманган баалуулуктарына, ишенген руханий жашоолоруна ылайыктуу жаңы эрежелерди, жаңы тартиптерди иштеп чыгыш керек экенин түшүнүшөт. Өздөрү түзүп алган жыргалчылыктан чыгуу алардын көзүн ачат. Алмаштырылчу, жаңыланчу жерлерди дагы жакшыраак көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Натыйжада түзүмдөрдү, эрежелерди өзгөртүп, чыныгы жаңылануу түшүнүгү менен иш жүргүзүшөт.
Бир тартипке түшүп алган кишилер замандын талабына жараша жүрүшүн өзгөртө алса, түзгөн системаларына көз салып, улам-улам жаңылай алышса, анда алар көп убакытка чейин жашап кете алышат. Чилдеканалардын, дервишканалардын кылымдар бою уланып келишинин да себеби ушул. Алар өзгөртүү, жаңылоо аркылуу жигердүүлүккө жетүүнү, дем-күч алууну билишкендиктен, көнүмүш адатка айыгышкан душманындай каршы турушчу. Ооба, көнүмүш адат, нары-бери бүтүрө берүү деген нерсени жоготуунун жолдорун тапкандар өзүн да сактай алат, дайыма жаңылануу жолун издеген системанын жашоосу да кыйла убакка созулат.
Анткени менен бул тарс эткире жасай салчу оңой-олтоң иш эмес. Себеби, кынтыксыз иштеп жаткандай көрүнгөн система кээде кээ бир нерселерди карап чыгууну, аралашчу жерине аралашып, өзгөрчү жерин өзгөртүп, эскирген жерлерин жаңылап чыгуу түшүнүгүн жок кылып, акылга салуу, таразалоо жөндөмдөрүн иштетпей салат. Ошону менен толгон-токой акылга сыйбас иштер болуп жатса да көздөрү көрбөйт. Баары жатталган бойдон аткарылып, күнүгө жасалган иштер күнүгө кайталана берет. Ушундан улам жаттама нерселерди буза турган кишилердин болуп турганы да абдан маанилүү. Жат болгон эрежелерден, тартиптерден чыга алган, баарын кайра башынан карап чыга алган кишилер болуп турганы жакшы.
Мисалы, мамлекеттик иштерде, саясий системаларда, партияларда ж.б. жерлерде иштин жүрүшү мурдатан калыпка салынган бойдон жүрүп отурат. Ушундан улам мындай жерде иштегендердин көбү жаттама кишилер болот. Ошондуктан өкмөттө көпчүлүктү түзгөн партиялар, мамлекеттик кызматта отургандар оңой менен саясат жаатына жаңылык киргизе алышпайт, жаркын келечекке алып барчу жолдорду таба алышпайт жана коомдук инициативаларды да колдоно алышпайт. Жатталып отуруп жедеп көндүм болуп бүткөн нерселерди бузууга, бараткан багыттан алыстабоо шарты менен изденүүгө жана жаңылануунун жолунда болууга муктаждык бар.
Негизи, баарына даяр, күч-кубаты чың, ичинде карама-каршылыгы болбогон системанын болушу өтө маанилүү. Эң негизгиси, аны жогорку деңгээлде колдонуу, дайыма анализдөө, синтездөө жолу менен жаңы нерселерди таап туруу.
Киши эң жакшы билем деген темаларында да «балким, мындай эместир» дегенди, эң жакшы билген маселелерди да тактап бышыктаганды унутпашы керек. Керек болсо жердин тартылуу күчү сыяктуу тээ илгертеден бери өзгөрүлбөгөн табигый мыйзамдарды да кайрадан карап чыкканга даяр болсун. Адам пенде чыгарган жыйынтыктардан дайыма кемчилик, катачылык табылышы мүмкүн. Эгер баарын тең туптуура деп кабыл алып, акыл-эсибизди кыймылсыз, изденүүсүз абалга алып келсек, анда өз колубузду өзүбүз байлап, зээнибизди шал кылып, жаңылануунун маанилүү негизи болгон эркин ой-жүгүртүүнүн алдына тосмо койгон болобуз. Киши далилдүү вахий өкүмдөрүнөн сырткары эч бир нерсенин эркин ой-жүгүртүүгө тоскоол болуусуна жол бербей, дайыма жаңы пикирлерге, жаңы табылгаларга, жаңы өнүгүүлөргө даяр турушу керек.
Ушул жерден төмөнкүдөй негиздерди да эскерте кетүүнүн зарылдыгы бар деп ойлоп турам. Өзгөрүү менен жаңылануу өз нугу, табигый жолу менен жүрүшү керек. Буга муктаждыктарды чен-өлчөм кылып алууга болот. Эмнелер өзгөрүп, эмнелер өзгөрбөй калышы керек экенин да жакшы аныктоо зарыл. Сөзсүз бир нерселерди жаңылашым керек деп эле кыйнала берүүнүн, укмуштуу нерселерге умтулуунун же шумдуктуудай иштерди баштап жиберүүнүн кереги жок. Өзүңдү көрсөтөм деп атып башкалар жасап аткан жакшы нерселер бузулбасын, таптакыр тескери келген иштер аткарылбасын. Алтернативдүү долбоорлорду иштеп чыкпай туруп, иштеп жаткан долбоорлор ойрондолбосун. Эптеп бир жандануу болуп кетсин деген ой менен жакшынакай иштеп жаткан системага тескери иштер кылынбасын. Болбосо системаны мокотпойбуз деп жатып, андан да чоң кырсыкка, башаламандыкка себепкер болуп калабыз.
1Жабр-и лутфи − пенденин эркинен, тандоосунан сырткары Алла берген жакшылыктар, белектер.
Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 29-мартындагы баянынан алынды.
Которгон: Насыпбек Асанбаев