1996-жылы январь айында Түркияенын Болу шаарындагы лицейди бүтүрдүм. Планым майга чейин Анталияга барып иштеп, май айында университеттин экзаменине кирип, анан каникулга үйгө кетмекмин.

Эртең жатаканадан чыгам деп атканда, көчөдөн Мурат байкени көрүп калдым. Ал киши студент убагында бизге көп эле жардам берчү. Ошол жылы ал университетти аяктап кызматтын университетке даярдоо курсуна мугалим болуп кириптир. Анан ошол курстун жатаканасында директордук кызматын да кылып атыптыр.

Менден: “Кийинки пландарың кандай”, – деп сурап калды, мен: “Стипендиям токтоду, жатаканадан чыгарып атышат, экзаменге чейин Анталияга барып иштейм”, – дедим. Ал дароо эле: “Эртең оокаттарыңды алып жатаканага кел, Анталияга барба, барсаң экзаменге даярданалбай каласың, мен сага кичине бурс (стипендия) табайын, мени ук”, – деди. Мен макул деп эртеси оокаттарыңды көтөрүп Мурат байкенин жатаканасына бардым.

Эми жатакана укмуш, жаңы салынган, 3 маал тамак. Түшкө чейин курска барам, университеттин экзаменине даярданам, түштөн кийин китеп окумай. Бир күнү Мурат байке кийинип чык, чаршыга барабыз деп калды. Шаарга чыктык, түз эле китеп дүкөнүнө бардык. Хожа Эфендинин (Фетхуллах Гүлен) ошол кезде 27 китептен турган “Пырланта” сериясы жаңы чыга баштаган экен . “Ушунун баарын июнга чейин окуй алам десең сага алып берем “, – деп салды. Мен да карап жарымын окуп койгон экем. “Макул” дедим. Экзаменге чейин дээрлик баарын окудум. “Фасылдан фасыла” китеби жаңы чыга баштаган болчу, жаттап алгам. Кайсы тема канчанчы бетте экенин шар айтып берет элем.

Майдын аягында экзаменге кирип, Стамбулга Мирлан менен Нурлан Абдикенин жанына бардым. “Быйыл биз каникулга кетпей калдык, кел чогуу кампка (эс алганча китеп окуган лагерь) барабыз”, – деген болчу. Мен да үйгө кетеалбайт болчум. Ошол жылы 3 ай толук камп кылдык. Төртөөбүз жалаң “Рисале” (Саид Нурсинин китептери) “Созлерден” “Ишаратул ижазга” чейин окуйбуз дедик. “Мурат дагы” деген тоонун башында камптабыз, андан келебиз, Эдремитте капмтабыз. Эч жака барбаганда жатаканада камптабыз. Мирландын бир байкеси бар эле, каерде камп бар бизди ошол жака жөнөтчү. Окуган жерлерибизди кечинде чогуу окуп, талкуу кылабыз. Рисаленин 14 китебин окуп бүттүк.

Сентябрдын башында болсо керек, Мирлан экөөбүз экзамендин жыйынтыгын билүү үчүн жатаканадан чыгып Авжыларда карт сатып алып көчөдөгү телефондон Мурат байкеге чалдык. Байке: “Сүйүнчү, биринчи тержихиңе (тандоо) өттүң, тез келип справканы алып кет, ансыз сени окууга алышпайт”, – деди. Биринчи тандоом Стамбул университетинин Эл аралык карым катнаш факультети болчу. Эртеси күнү мен Болуга жөнөп кеттим.

Барсам байке сүйүнүп алган “бас” деп, чоң дарсхананын сыртына алып чыгып, килейген он чарчы метрдик плакаттагы аттарды окуп атат эң баштан төртүнчү менин атымды көрсөтүп: “Анталияга барганыңда муну көрмөк эмессиң”, – деди. Кайра Стамбулга жөнөп атканда Мурат байке: “Семестр бүткөндө каникулга үйүңө барып кел”, – деп колума акча берди.

Ошол жылы кышкы каникулда Кыргызстанга келип кеттим. Кийин, көп жылдар өткөндөн кийин түшүндүм, Мурат байке жол көрсөтпөгөндө тагдырым такыр башкача болмок экен. Жаштарга ардайым туура жолду көрсөтүп койуу парз экен. Анткени ал жаш, көп нерсеге жакшы маани бералбай калышы мүмкүн. Керектүү жерде кеңешти берип койсоң, балким туура жолго түшүп, анын келечеги өзгөрөт.

(уландысы бар)

Нурлан Муса