Быйыл казак боордоштор түркчөдөн орусчага которгон “Ажы-ата” деген эмгекти редакцияладым. Китеп 2000-жылдардын башында кыргыз жигиттеринин Кызматка келишине аябай жардам берген Хажи Кемаль Эримез абанын өмүр баяны экен.

Билгениңиздердей, ал Фетхуллах Гүлен Хожаэфендинин жетекчилигиндеги Кызматка бүт өмүрүн арнаган киши. Түркияда ал катышпаган бир да маанилүү окуу жай же мекеме ачылган эмес десек болот. Баардыгына кандайдыр бир салымы болгону ал китепте да кеңири айтылган.

1990-жылдары Хожаэфендинин Совет бийлиги ыдырап баратат, Борбор Азиядагы боордошторубузга оор болот, барып аларга жардам бергиле деген тариздеги чакырыгын буйрук катары кабыл алып, эң биринчилерден аттанган да Кемаль Эримез аба болгон.

Кыргызстанга да келип, ошол кездеги билим берүү министри Чынара Жакыпова менен иштешкен. Бирок негизги ишмердигин Тажикстандагы өзбек калкы көп жашаган аймактарда мектеп ачуу менен өткөргөн. Бир мектептеги иш-чарада элдин баары кубанып атса, жыйын залынын биринчи катарында чекесин алаканы менен таяп алып, буркурап ыйлап отурган ак сакалды билет болушуңуз керек. Ошол аксакал – Хажи Кемаль Эримез аба.

Мен редакциялаган китептеги Кызматтын мутавалилери (демөрчүлөрү) таштап кетүүгө мажбур болгон эки мектептин окуясын айтып бергим келип турат.

Биринчиси, Хажи Кемаль аба Кызматка жаңы аралашкан кездеги 1960-жылдардагы Айдын шаарындагы мектеп. Түркиянын шарттарында кичи шаарларга кирген Айдында мутавалилер башка бир жамааттан мектептин имаратын ижарага алып, иштетип баштайт. Ал кезде Кызматтын калың катмарында негизги сөздү мутавалилер сүйлөгөн. Бардык ишти алар бүтүрүп, мекеменин кирди-чыкты каражатын да тыкыр көзөмөлдөп турушкан. Бөлге системасы тамыр ала элек. Мектептен эки-үч класс бүтүрүүчү чыгып, окуу жайдын аброю Айдын шаарында көтөрүлгөн кезде, берки жамаат имаратты өзүбүз иштетебиз деп баштайт. Бир заматта ызы-чуу түшүп калышат, анан кеңешке отурушат. Мутавалилер Кызматтын келечеги үчүн имаратты кандай болсо ошондой таштап кетели дешет. Жаңы эле күч алып келе жаткан хожалар, болгон нерсенин баарын ташып чыгып кетели дешет. Хажи Кемаль аба өзүнүн акыркы салмактуу сөзүн айтып, ал кезде Кызмат эптеп жанданып келе жаткан Айдында акча-каражат тартыш болсо да, ошол бойдон калтырып, мектеп жамааты чыгып кетет. Күзгө чейин башка имарат сатып алынып, жарым-жартылай оңдоп-түзөп кирип кетишет. Бир жылга жетип-жетпей Айдында мурунку мектептен да күчтүү окуу-жай түптөлөт.

Экинчиси, 2000-жылдардын башындагы Стамбулдагы Фатих коллежи. Хажи Кемаль Эримез аба Тажикстанда 3-4 мектеп ачып, ал мектептер тажик элин таң калтырган кез. Ал өлкөнүн ысык-суугу, жарандык согушуна байланыштуу ызы-чуу стресстеринен улам Хажи Кемаль аба сыркоолоп калып, Стамбулдагы үй-бүлөсү менен бала-чакасын зыярат кылат. Аны менен учурашкысы келген Фатих коллежинин мутавали тобу “ушул күнү жыйналышыбыз бар эле” дешет. Дайыма колунан береке төгүлүп, бапырап жүргөн Хажи Кемаль аба: “Анда меникинде топтоло бергиле, эки иш бир жерде бүтөт”, – деп калат. Ошентип, аксакалды зыярат кылып, жеп-ичип жыргап, анан чай-таттуу үстүндө кеңешин башташат. Ал 2000-жылдары бөлгө системасы небак курулуп, хожалар “байкелер, акчаны бергиле, андан наркысы менен ишиңер болбосун” деп калган заман. Фатих коллежинде да жогорудагы Айдындагы мектепке окшогон абал болгон. Мурун иамаратты ижарага бергендер, мектепти өзүбүз иштетебиз дешет. Ошондо Хажи Кемаль аба, Фатих коллежинин хожасынын жетегине кирип алган мутавали хейети ал имараттын эмерегин чыгарып кеткени аз келгенсип, эшик-терезесин да омуруп алып чыгып кеткенин угат. Угаары менен жүрөгү кармап, бейтапкананын реанимациясына жеткирилип, бир нече күндөн кийин жарык дүйнө менен кош айтышат.

Ошентип, Айдындагы биринчи окуяда Кызматтын келечеги менен кишилердин көңүлү биринчи орунга коюлган болсо, Стамбулдагы экинчи окуяда эмне эсепке алынганы белгисиз. Өч алуудан маашыркануу сыяктуу бир нерсе байкалат. Биринчисинде, акча-каражат тартыш убак, экинчисинде, Кызматтын коюнун үстүндө торгой жумурткалап калган заман.

(уландысы бар)

Эсен Саресеп