Саресеп
Исламский мир

Хизмет маңыроолуктан качан, кантип ойгоно баштады

Жамаат (Хизмет), буга чейин колдогон жана орток болгон АКП’дан (Эрдогандын партиясынан) жана жалпы эле түрк бийлигинен, 2016-жылдын 15-июлунан кийин гана башкалардын айрыкча күрддөрдүн жүз жылдап зулумдук чегип келгенин байкады

Хизмет калыптанган күнүнөн тартып өткөн кылымдын 90-жылдарында саясаттан алыс болчу. Өзүн саясий маселелерге кийлигише алганчалык таасирдүү эместигин билчү. Билим жана тарбия жаатындагы чоң көйгөйлөрдү кичине да болсо аракеттери менен чечкенге жардамдашкан тайпа катары көрчү. Ал үчүн курстарды жана мектептерди ачып, колунан келген аракетин кылган кичине бир жамаат болчу. Андай окуу жайларын күрттөр жашаган аймактарда да ачып, бул улуттун балдарына да билим-тарбия бере баштаган.

2000-жылдардан, айрыкча Фетхуллах Гүлен АКШга жайгашкандан кийин, Хизметтин Туркиядагы төбөлдөрү мамлекет, өкмөт жана бир саясий партия менен камыр-жумур боло баштаган. Хизметтин башында турган кишилер “биздин пикирибизди ишке ашырат окшойт” деген ой менен, ал кезде адам укуктары, демократия, ЖМК’лардын көз карандысыздыгын колдогон АКП’ны колдогон. Башында: “Бул саясат ишин алар кылсын, биз аларга жардам берели”, – деген сыяктуу болуп, кийин эле Хизметтен деген кээ бир кишилер, өздөрү жашаган жерлерде абройлуу болгондуктан, чекесинен депутат боло башташкан.    

Ошол эле учурда Хизметтин карапайым жөнөкөй жана билим-тарбия ишине баш-оту менен кирген кара катмары жогорудагылардын принциптерден тайып баштаганына анча көңүл бурбай “мен өз ишимди кылайын, алардыкына мээм жетпейт” дегендей мамиле кылган. Хизметтин негизин түзгөн бул калың тайпа ыкласынан жанбай келечек муунду өстүрүп кете берген. Муну билген жана өз жайына койгон Хизметтин төбөлдөрү “подставной” фирмалар аркылуу тендерлерге кирип, АКП’дагы досторунун жардамы менен мамлекеттик бүтжеттен мыйзамсыз алынган олчойгон акчаларды тегереткен мүчөлөрүнүн былык иштерине жамаатын калың катмары көз жума баштаган. Бул тууралуу Хизметтин ошол кезде Түркиядагы төбөлдөрүнүн кабары болгон эмес деп айтуу кыйын. Мисалы, ал кезде “Заман” гезитин башкарган Экрем Думанлы эч нерседен кабарсыз болгон деп айта албайсың.

Ошол эле убакта төбөлдөрүнүн апыртмасы менен Хизметтин 90-95%ын түзгөн жөнөкөй таза кишилер Тайып Эрдоганды арамга кол узатпаган пакиза жетекчи деп ойлошкон. Ошондуктан, мисалы, 2000-жылдын биринчи ондугунда Стамбул шаарынын Эсенюрт деген району ЖХПдан (социалисттик партия) АКПга өткөндө “пара алмайын токтотпой атыптыр” деп укканда, Хизметтин карапайып кишилери “оо, кокуй, муну Эрдоганга айталы, доор алмашса кайдагы пара” деп жан-далбастаган.

Анан эле 2013-жылдын “17-25-декабрь окуялары” деп тарыхта калган коррупциялык скандалда Эрдоган баш болуп төрт министри бала-чакасы менен Реза Зарраб деген ирандык шылуундан миллиондогон доллар жана евро пара алганы былтыйып чыгып калган. Мунун баарын Хизметтин Түркиядагы төбөлдөрү небак билген, бирок 2008-жылкы “дарскана окуялары” деп башталган Эрдоган менен тирешүүдөн мурун баарына көз жумуп келген.

Ал окуялардан, айрыкча 2016-жылдын 15-июлунан баштап “террор уюму” деген тамга басылып, он миңдеген карапайым кишилери капаска солонгондон кийин гана, улам алмашканы менен табияты заалым бойдон калган түрк бийлигинен башкалар да жүз жылдап жапа тартып келе жатканына көзү ачылган. Ошол кезден кийин гана мамлекеттин, өкмөттүн ар сүйлөгөн сөзү туура дегенден баш тартып, аларга сын көз менен карай баштаган.

Ага чейин болсо “бийлик болгон соң биз бибегенди билет да” деп, өкмөт менен мамлекеттин ар түрдүү топ жана тайпаларга (күрттөр, социалисттер, диндарларга ж.б.у.с.) карата зулумдугуна кээде унчукпай, кээде сөз менен коштоп колдоп келген. Террорго эч кандай тиешеси жок болсо да “террорчу” атанып, ачуу чындык менен капташканда гана мамлекет, өкмөт же саясий бийликтеги кишилер эбине келсе, каалаганына каалаганындай тамга баса берерин түшүнүшкөн. Ошондон кийин гана башка мазлум топторго карата эмпатиясы ойгонгон. “Аттан жыгылганды, аттан жыгылган гана түшүнөт”, – деген сөз ар бир көрпендеге тиешелүү экенин ошондо гана билишкен. Көрсө эч ким энеден туулганда эле башкасынын ооруп-сыздаганын сезгендей абалда туулбайт тура. Ошондон баштап Хизметтин карапайым мүчөлөрү ушундай абалга кептеген төбөлдөрүнүн да ар сөзүнө ишенбей, аларга ыңгайсыз суроолорду бере баштаган.

Жансакта Сарбашов

Related posts

Сурамжылоо түрк калкынын 23-35%’ы калп жооп берерин ашкереледи

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Протестующий в Иране: «Вы знаете, что можете никогда не вернуться»

Эсен Ырыскелди
2 года ago

БИЗДИН ЗАМАНДЫН ЖЕЗИТТЕРИ

Эсен Ырыскелди
4 месяца ago
Exit mobile version