Саресеп
Исламский мир

БИЗДИН ЗАМАНДЫН ЖЕЗИТТЕРИ

     Атаганат, баары жетишкен нерселерин Алварлы Эфе сымал кабыл алып:
Мен мындайга ылайык болбосом,
Мага бул тартуу эмнеге берилди?
– дей алса гана.

     Азирети Бедиуззаман көрсөткөн өлчөмдөрдү бир саамга да эстен чыгарбай, “Эй эки жүздүү напсим! Динге кызмат кылдым деп мактанба «Чындыгында, Алла бул динди күнөөкөр пенде менен да кубаттай берет»[1], – деп айтылгандай, күнөөдөн алыс, таза болбогонуң үчүн, балким өзүңдү да күнөөкөр деп билгениң дурустур. Кылган кызматыңды, ибадатыңды мурдагы нематтардын шүгүрчүлүгү, жаратылгандагы милдет, парз жана чеберчиликтин натыйжасы деп бил, менменсинүүдөн, жасалмалуулуктан кутул[2], – дей алса.

     Жеке жашоосун көз алдынан өткөрүп, “Мен бузуку, күнөөкөр кишиминби? Жүрөгүмдө эки жүздүүлүк барбы?” – деп өзүн-өзү суракка алган канча киши бар болду экен? Өзүнүн абалына көз салбаган, суракка албаган, дайыма өзүн жоопко тартпаган киши кылган катачылыктарын жана күнөөсүн кичине көрүп, маани бербейт. Өзүн тазаланууга муктаж, кемчиликтүү киши катары санабайт. Көкүрөгү менен жан дүйнөсүн, ой-кыялын, акыл-эсин булгадым деп ойлобогон киши эмнеге тазалануу жолун издемек эле? Өзүн периштедей кемчиликсиз, аруу көргөн киши башынан бутуна чейин булганып жүрсө да аны сезбейт. Ошондуктан тообо кылып, Аллага кайрылбайт; инаба менен авба (тобоонун даражалары) анын түшүнө да кирбейт.

     Өзүнүн ыпластыгын көрбөгөн киши тоободон да, инабадан да куру калат. Башкалардан шектенип, алар тууралуу жаман ойдо болуп, кемчилигин издөөдөн арыла албайт. Анткени айланасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн себептерин дайыма сырттан издейт. Өзүн карабайт, өзүнө суроо салбайт, өзүнүн катасын, кемчилигин көрө албайт жана  бул илдеттен арыла албайт. Башкаларды сындап, күнөөлөгөндү адатка айландырып алган мындай кишилердин көзүнө дүрбү кийгизсеңер да, өз кемчилигин көрө алышпайт. Анткени алар бул жаатта сокур.

     Дайыма башкаларды жаман ой менен караган, башка кишилердин кемчиликтери, алсыз жактары менен алек болгондор чындыгында аянычтуу абалда. Кара май төгүлгөн чуңкурга түшүп кетип дене-бою бүт булганган, балким, акыбети тозоктун оттуу казандары болгон бечараларга кантип боор оорубасын? Адамгерчиликтен ажырабагандардын аларга боору ооруйт. “Өлүп кетсин ошол. Ырас болуптур…”, – деген ой момун пендеге жарашпайт. Биз: “Алла аны оңдоп, көзүн ачып, ыпласытыкка батып отурганын өзүнө көрсөтсүн жана тазалануу жолуна багыттасын!”, – деп айтышыбыз керек. Болбосо, кимдир бирөө дайыма жанындагыларды күнөөлөп, кемсинтип, наалат айта берсе, беркилер да ага так ошондой жооп берип, зулумдукка-зулумдук дегенди эреже тутуп кайра өзүнө чабуулга өтсө, өлкө согуш талаасына айланбайбы.

     Жезиттешкен1  заалымдар

     Тилекке каршы, бүгүн жек көрүүнүн, көрө албастыктын жетегинде калган бир ууч киши ар бир терс көрүнүштү башка бирөөлөрдүн мойнуна жүктөп, жасалган кылмыштын баарын өздөрү күнөөкөр деп эсептеп алган бир топко жүктөп, аларды тынымсыз каралоо менен кудум африканын токоюндагы киши жегичтердей алардын этин жеп, ойго келбеген калптарды, жалааларды жаап отурат. Калп айтуу, жалаа жабуу, ушактоо, каралоо, кекенүү алардын мүнөзүнө, адатына айланган.

     Мындай адилетсиздиктер, зулумдуктар адамзат тарыхында ар дайым болуп келгени менен, кээ бир мезгилдерде ал өсүп-өнүгүп отуруп туу чокусуна жеткен. Мисалы, Жезиттин убагы да ошондой туу чокуга жеткен учурлардын бири. Жезит жана анын айланасындагы жезиттер Кербалада жетимишке жакын кишини, ичиндеги жаш балдардын, кыз-келиндердин убал-сообуна карабай мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Кармашайын деген курал-жарагы да, ниети да болбогон бир ууч кишиге жоон топ аскер менен барып, аларды кылычтын мизинен өткөрүү – акылга сыйбаган мыкаачылык эле. Анан калса алар жөнөкөй кишилер да болгон эмес. Алардын сап башында Пайгамбарыбыздын небереси азирети Хусейин келаткан. Жанындагылар болсо анын тууган-уругу эле. Бирок бул көзү тумандаган мыкаачылар алдында ким турганын карабай кырып салышты. Ал тургай азирети Хусейиндин башын кесип, денесин аттарга тебелетишти.

     Кийинки мезгилдерде да Жезит руху мезгил-мезгили менен кайра козголуп, ушуга окшогон зулумдуктар, жырткычтыктар пайгамбар жолун жолдогон азаматтарга каршы жүзөгө ашырылып келген. Бүгүн биздин заманыбыздагы жезиттер да ушундай кылып жатышат. Кааласаңар көзүңөрдү жумуп болуп жаткан окуяларды көз алдыңарга жандандырып чыккыла. Доордун жезиттери жана алардын ушуга окшогон зордук-зомбулуктары бир-бирден көз алдыңарга тартылат. Ой-чабытыңарды эркин койо берип, дүйнөнүн ар кайсы аймагын, анын ичинде өз өлкөңөрдү түрө кыдыргыла. Бир заматта адамдар бири-бирин жырткычтык менен жеп жатканын көрөсүңөр. Бийликти басып алган заалимдер аларга баш ийбеген бейкүнөө жандарды эзип жатканын көрүп өпкө-жүрөгүңөр куйкаланат.

     Учурдагы жезиттер да тарыхта жашап өткөн Жезит сымал мамлекеттин бардык күч-кубатын, бардык зордук механизмдерин колдонуп, аны менен ансыз да аянычтуу абалда турган бейкүнөө кишилерди эзип, өз бийлиги үчүн кооптуу саналгандарды түп-тамыры менен жок кылуу үчүн ойго келбес мыкаачылыктарды кылып жатышат. Ошол эле маалда, бул жезиттешкен залимдерден тышкары, алар жасаган зулумдуктарды көрбөгөн жана көрмөксөнгө салган сокурларды да унутпашыбыз керек. Ушунча калпка, ушунча кыянатчылыкка, ушунча таш боордукка, ушунча зулумдукка каршы унчукпай коюну, ал тургай аны колдоону катардагы көрүнүштөй санаган адамзаттын кара тактары кантип унутулсун! Каршылык көрсөтүүгө күчү да, согушууга да ниети жок бейкүнөө кишилерге кол салуу адамгерчиликтен ажыраган желмогуздарга гана мүнөздүү.

     Ооба, калп менен жалаа, жамандык менен пастык, жырткычтык менен мыкаачылык кадимки эле нерседей көрүнгөн заманда жашап жатабыз. Чындыгында макиавеллисттик көз караштагы залимдер булардын баарын жийиркеничтүү максаттарына жетүү үчүн зарыл жолдор деп ойлошот. Керек болсо муну жихад катары да санап жатышкандыр. Өч алуу сезими менен уктап, өч алуу сезими менен ойгонушат. Балким түшүндө да, кыялдарында да душман деп жарыялагандарын жок кылуу сценарийлери менен алек болушаар. Эртеси ойгонгондо ошол сценарийлердеги ролдорун аткарышаар. Алар күн сайын элүү түрдүү интригаларды, кутумдарды уюштуруп, көз карашы өздөрүнүкүнө окшобогондорду жок кылууга аракеттенишет. Ошондуктан алар жасаган иштери менен айланага тынымсыз баткак чачышат. Андан да жаманы − алар бардык жамандыктарын Исламдын атын жамынуу менен аткарып, Исламдын жүзүн булгап жатышат. Ислам пайда болгондон бери мынчалык булгана элек болсо керек.

     Акылдуу Мехмет

     Ислам тыюу салган күнөөлөрдү эч ойлонбой кылып коюп, кайра Исламды тикелеймин дейсиң. Мындай болбойт да! Бул наадандар Исламды билбегендей эле, жашаган дүйнөсүнөн да кабары жок. Алар Куран менен Сүннөттүн маңызын да, социалдык географиянын шарттарын да түшүнүшпөйт. Ошого карабай, алардын оозунан зор ийгиликтер түшпөйт. Мындай ийгиликтерди азирети Абу Бакир да, азирети Умар да оозго алган эмес. Колдорунан келбеген нерселерди айтып алып, анан ошол сөздөрдүн өтөсүнө чыга албай кыйналышат. Адамзат ушунча сабатсыздыкка, кайдыгерликке каршы үн да катпайт. Натыйжада, балээнин баары улуттун башына, мусулмандардын башына келип жатат. Көйгөйлөр түйүнү күн сайын чоңоюп, чечилгис болуп баратат.

     Акылдуу Мехметтин окуясы алардын бул абалын таамай чагылдырат. Илгери бир акылдуу Мехмет деген киши болуптур. Бирөөлөрдүн жардан түшүү үчүн жол карап жатканын көрүп, өзүнүн пикирин сунуштайт. Ылдый кыялап жүрүп отургандан көрө, тик эле түшө калсак болот дейт. Ошентип, анын сунушу менен бирөө жардын кырын кармап ылдый карай салаңдайт. Ага дагы бирөө жабышат. Экөөнө үчүнчүсү уланат. Ошентип алар бири-бирине жармашып типтик ылдый салаңдашат. Бир маалда эң башындагы кишинин колу ооруп чыдай албай койо берип жиберип, баары кулап түшөт. Он чакты киши каза болуп, бир эле киши тирүү калат. Бирок, анын да колу-буту сынып оңбой калыптыр. Аларды көрүп жакын жердеги кишилер чуркап келишет. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй иштин чоо-жайын сурашат. Анда баягы акылдуу Мехмет кебелбей туруп, “Кудай сактады! Аз жерден кырылып кала жаздадык”, – деп койот имиш.

     Ишенип койгула, азыркы башчылардын кылыгы мындан көп деле айырмаланбайт. Канчалаган кылымдардан бери Исламдын туусун көтөргөн, адамзатка олчойгон жакшылыктарды тартуулаган, мамлекеттер аралык теңдикте маанилүү роль ойногон куттуу өлкөнү урандыга айлантты. Бирок “эмне болуп кетти, канчалык зыян тарттык?” деп сурасаңар, кудум акылдуу Мехметче баары жакшы деп кутулушат. Анткени менен тарых анын баарын кер какшыкка салып жазат. Аны окугандар бир жагынан ыйласа, бир жагынан күлкүсүн тыя албай кыткылыктайт.

     Адилетсиздикти көрүп туруп унчукпаган тилсиз шайтандар

     Жогоруда Жезиттин Ал-и Байтка жасаган зулумдугу тууралуу сөз кылдык. Бирок бул жерде азирети Хусейинди чакырган жана аны коргоого убада бергендерди да унутпашыбыз керек. Чакырарын чакырып алып эмнеге коргогон жоксуңар? Алар кылычтан кырылып жатканда эмне үчүн аларга жардам берген жоксуңар? Эмне үчүн аларды жалгыз калтырдыңар? Жезит – зулумдугу ашып-ташкан Кудай урган киши. Бирок силердин кылган ишиңер да жезитчилик эмеспи? Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) чүрпөсү кескиленип жатканда, алыстан карап турганыңар кандай? Кыла турган ишиңерди кылбаган соң, анын шейит кеткенине кантип кошок кошуп атасыңар?

     Тилекке каршы, бул жаатта да эч нерсе өзгөргөн жок. Кээ бирөөлөр зулумдук, адилетсиздик кылып жатса, кээ бирлери тилсиз шайтан болуп адилетсиздикке шерик болушат. Заалымдар өздөрүнө мүнөздүү ишти кылып жатышат. Бирок ушунча зомбулукту көрүп, билип туруп үн катпай, жада калса ар кандай жолдор менен аларды колдоп жаткандар бар! Мен алардын абалына зулумдук кылгандардан да катуу таң калам. Ушунча мыкаачылыкты театр көргөндөй көрүп жаткан байкуштарды аяйм.

     Жезиддердин, хажжаждардын, шимирлердин, ибн мулжамдардын жана лулулардын кылган мыкаачылыктарын эстегенде, “Алла силерди үйрү-тобуңар менен жер жуткурсун” дегиң келет. Бирок, Куран менен Сүннөттө да, Ахли сүннөт акыйдасында да Жезитке, же башка бир залимге наалат айтуу сооп деген өкүм жок. Ахли сүннөт аалымдарынын кээ бирлери Жезитке наалат айтышкан жана наалат айтууга болот дешкен. Ал эми көпчүлүк аалымдар буга уруксат болгону менен, ага үндөөгө эч кандай жол жок экенин, бардык нерседе болгондой эле, бул жаатта да этият болуу, чектен чыкпоо, тилди тыюу чыныгы момундун позициясы экенин айтышкан. 

     Биз бир нерсе десек да, дебесек да, алар эмнеге татыктуу болсо, Алла аларга ошондой өкүм чыгарып, ылайыктуу жазасын берет. Адамгерчиликтүү, дурус, адамдык акыл-эси бийик момундун милдети: “Оо, Жараткан Алла, бизди жана чектен чыккан бул залимдерди Өзүңдүн жолуңа сал жана аларды оңдо! Эгер алар оңолуу жөндөмүн жоготсо, аларды Өзүңө койдук. Туура жолду тандабай, бузукулуктарын улантышса, тез аранын ичинде жазаларын бер! Колун байла, буттарына кишен сал, акылын колдоно албай тургандай, тилдерин сүйлөй албай тургандай, калемдерин жаза албай турган кыл. Бейкүнөө кишилерге каршы канчалаган айла-амалдары, ыкмалары, мүмкүнчүлүктөрү, каражаттары болсо, баарын колдорунан ал. Карөзгөй максаттарына жетишине мүмкүнчүлүк бербе жана бардык бейкүнөөлөр, эзилген, жапа чеккен байкуштар дуушар болгон зулумдукту жок кыл жана алардын ыйын токтот. Алсыз, бечара пенделериңди коргоп, колдо, оо Аллахым!” – деп айтуу. Бул биздин адамдык касиетибиздин талабын орундатуу жана ошол эле маалда жабырлануучуларга, эзилгендерге кайрымдуулук милдети.


1Язид бин Муавийа – Муавиянын уулу. Бийликке келиш үчүн көптөгөн зулумдуктарды жасаганы менен тарыхта калган. Айрыкча, Кербала чөлүндө азирети Алинин уулу азирети Хусейинди жанындагы 72 кишиси менен өлтүрүлүүсүнө жол берген башкаруучу. 

Мухаммад Фетхуллах Гүлен

Которгон: Канат Аманбаев

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев  


[1] Бухари, Жихад 182; Муслим, Иман 178

[2] Бедиуззаман, Сөзлер, 26. Сөз, Хатиме

Related posts

Түрк бийлигинен жапа чеккендер уккусу келбеген чындыктар

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Поможет ли Турции украинский кризис во вторжении в Сирию

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Түрк менен оруска арачылык кылууга ал бардыр…

Эсен Ырыскелди
3 года ago
Exit mobile version