Саресеп
Исламский мир

ФИТНАГА (БУЗУКУЛУККА) МУСУЛМАНЧА МАМИЛЕ

     Алла Таала эч бир мезгилде адамзатты бош таштап койгон эмес. Пайгамбарлары жана алардын чынчыл, туруктуу өкүлдөрү болгон аалымдар менен адамзаттын жолун жаркытып турган. Бул Алла Тааланын адамзатка мээрими, ырайымы жана жардамы болуп саналат. Фатыр сүрөсүндөгү:
     وَإِنْ مِنْ أُمَّةٍ إِلاَّ خَلاَ فِيهَا نَذِيرٌ
     “Ырасында, чындыкты айткан, жакшылыкка үндөп, жамандыкты эскертүүчүсү болбогон бир да коом жок” (35/24), – деген аятта бул ачык-айкын баяндалган. Ар бир пайгамбар жиберилген элдин көйгөйлөрүнө жана дартына ылайык даба менен келген. Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) пайгамбарлардын акыркысы болгондуктан, андан кийин өзгөргөн заманга жана шарттарга жараша диндин чечмелөөгө мүмкүн болгон жактары мужаддид жана мужтахид имамдар тарабынан чечмеленген.

     Ошону менен бирге, канчалаган инсандар убакыт өткөндөн кийин пайгамбарлардын жолун карманбай, айткандарын унутуп, руханий жашоодон алыстап кетишкен. Себеби жүрөккө жана рухка негизделген руханий жашоону бекем карманып, туура багыттан тайбай өмүр кечирүү бир гана Алланын буйругуна баш ийүү менен жүзөгө ашат. Көктөн түшкөн ыйык кабардан жүз бурган, пайгамбарлардын айткандарына кулак салбаган элдердин туура эмес, адашкан жолдорго түшүп кетери турган иш. 

     Өтмүштөгү элдердин жашоосунда буга мисалдар толтура. Пайгамбарлар тирүү кезде анын артынан ээрчиген элдер арадан белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин өздөрүнчө тотемдерди ойлоп таап, бутпарастыкка кирип кетишкен. Мындай тотемдер кээде таштан, жыгачтан жасалган айкелдер болсо, кээде ашкере улуулап отуруп ыйык кылып алган кишилер болгон. Алладан келген ыйык кабардын жаркыраган таасиринен алыстап бараткан бүгүнкү күндүн жашоочулары да кээ-кээде ар кандай нерсени тотемге, тагутка1  айландырып алышканында шек жок. Мисалы, бирөө “Баланча кишинин этегине тооп кылуу да ибадат” десе, дагы бирөөсү ага кадимкидей эле сыйынып алган, дагы бирөөсү аны эзелки жана түбөлүктүү лидер деп атап салды.

     Арийне, булардын баары итикад (ишеним) жагынан пендени ойрон кылчу өтө коркунучтуу сөздөр. Катардагы кишини мындай кой, пайгамбардын этегине тооп кылууну да ибадат дей албайсың. Себеби белгилеген Алла Таала ибадаттын эмне экенин. Алла мындайды ибадат деп буйруган эмес. Анын сыңарындай, пайгамбарлар баш болгон бир да адамга эзелкилик жана түбөлүктүүлүк сыпаттарды колдоно албайсың. Себеби мындай сыпаттар Аллага гана таандык. Ошондой эле, Алладан башка эч кимге сыйынууга болбойт, башкалар үчүн мындай сөздү кыйыр мааниде болсо да колдонуу туура эмес. Сыйынууга, кулдук кылууга ылайыктуу бир гана Зат бар. Ал – Алла Таала. Ибадат, убудият (кулчулук), убудат (сыйынуу) Алла Таалага гана жасалат. Акыйкатта биз күн сайын намаздарыбызда: “Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз” (Фатиха, 1/4), – деп айтып, бир күндө кырк жолу муну кайталайбыз. Негизи ар кандай кулчулуктардан арылуунун жападан-жалгыз жолу бул – Аллага чыныгы мааниде кул болууда турат. Аллага кул болбогондор, ар кандай нерселерге кул болуу кордугунан арыла алышпайт. Аллага кулдук кылуу жолунан адашкандар аңгыл-дөңгүл жолдорго түшүп жүрүп эч качан максатына жетпейт. 

     Бүгүн кээ бирөөлөр динди жамынып алып күнөө иштерди кылып жүрөт. Динди жамынып киши өлтүрүшүүдө, динди жамынып зулумдук кылышууда, динди жамынып ар кандай туура эмес иштерди жасашууда. Башкача айтканда, жасап жаткан жаман иштерин динди колдонуу менен туура көргөзүү аракетинде жүрүшөт. Жийиркеничтүү иштерин жасоодо динди кандайдыр бир баскыч катары колдонуп, аны пайдаланып жатышат. Өздөрүн ээрчибеген, макул болбогон, баш ийбеген кишилерди болбогон нерселер менен коркутуп, күнөөлөп, жадагалса аларды туура жолдон адашкан, каапыр деп жалаа жаап, андан кийин аларга жасалган ар кандай зулумдукту жана адилетсиздикти мубах2  деп жарыя кылышууда. Ойлонбой туруп аларга гыйбат кылып, уялбай туруп аларга жалаа жаап, билип туруп алардын аброюна доо кетирип жатышат жана да булардын баарын жасап атып өтө коркунучтуу күнөө экенин эске албай калышты. Мындай жүрүм-турумдар пайгамбардын жолунан адашуунун натыйжасы. 

     Дин адамдарынын унчукпастыгы 

     Баарынан таң калычтуусу – мына ушундай күнөө иштер диндин беткабы менен жасалып жатса, ага бир да теолог чыгып нааразылык билдирбегенинде. “Теолог” деген сөздү акыркы мезгилдерде чыга келген, диндин түпкү өзөгүнөн ат чабым алыс айрым дин таануучулар, таалимчилер, молдолор үчүн билип туруп колдонуп жатам. Эгер алар чындап дин таануучу болгондо, аалым болгондо, анда алган илиминин акысын өтөп, мындай туура эмес иштерге нааразы болмок. Тилекке каршы, буга чейин бирөө да: “Жетишет, токтоткула!”, – деп койбоду.  

     Биз ушундай бир мезгилде жашап жатабыз дейсиң, дин кармангандар, жадагалса дин аалымдары да жалганды жалган дей албай калды. Уурулук кылуу арам экенин айталбай калды. Сүткорлукка каршы сүйлөй албай, зулумдукка жана адилетсиздикке каршы чыгалбай калды. Чектен чыккан бирөө Кураны Каримди келекелеп жатса, теология жана диянат жактан эч кандай реакция жок. Дагы бирөө: “Пайгамбар текеберлик кылды, биз андай катага барбайбыз”, – деп жатат. Буга да эч ким жооп берген жок. Жооп берүү мындай турсун, айтылган сөздү чечмелеп, комментарийлерди жазып, мындай келесоолукту күнөөсүз деп көрсөтүүгө, айтылган сын пикирлерге жооп табууга, уурулукту, мыйзам бузууну туура, мыйзамдуу кылып көрсөтүүгө аракет кылгандар чыгып жатат. Мечиттерди, минбарларды, михрабдарды жасаган арам иштерин адалдоо үчүн колдонушууда. Ошого жараша кутба кылып, ошого ылайык баян айтышууда.    

     Мына ушундай арам иштерди жасаган заалымдарын убалы кыямат күнү алардын да мойнуна илинерин билбей жатышат. Зулумдукка дуушар болгон, кыйноо тарткан, адилетсиз мамиле жасалып кордолгон, азап тарткан кишилер кыямат күнү заалымдардан да, алардан да акы талап кылышат. Жадагалса балким бир тараптуу фатвалары менен, ачык же купуя колдоолору менен жолдон адаштырылган, көптүрүлгөн, жамандыкка шыктандырылган заалымдар да алардан өз акысын талап кылышат. 

     Негизги жигиттик 

     Исламий түшүнүктүн чеги билинбеген, бардык нерсе толугу менен чыйырынан чыккан мындай мезгилде, эч болбоду дегенде ыйманга, Куранга кызмат кылуу максатына бел байлаган адамдар жүрөктөрүнө, көңүлдөрүнө, дилине, сөзүнө, жүрүм-турумуна ээ тыкан болуулары керек. Аң-сезимине, ой-пикирине бат-баттан көз салып, Алла Таала ыраазы болбогон сөздөн, жүрүм-турумдан алыс болуулары абзел. Бүткүл адамдар күнөө иш кылып жаткан болсо да, бул күнөө иш кылса болот турбайбы дегендик эмес. Себеби ар кимдин кылган күнөөсү өзүнө. Акыретте баары өзүнүн сурагын өзү берет. Кураны Каримде айтылгандай, эч ким эч кимдин күнөөсүн мойнуна ала албайт.  

     Кайра башына келе турган болсок, Алла Таала адамзатты эч качан бош таштап койгон эмес. Жөнөткөн пайгамбарлары жана китептери аркылуу адамзаттын жолуна жарык чачып келген. Пайгамбарлар жеткирүү милдетин мойнуна алып, акыйкатты элге жеткирген, жүрөктөргө кубаныч тартуулашкан, момун пенделерди туура эмес жолго түшүп кетүүдөн тоскон. Эмне туура, эмне туура эмес, эмне жакшы да, эмне жаман, ак эмне да, эмне кара, булардын баарын бири-биринен ажыратып көрсөткөн. Биздин мойнубуздагы милдет – Алланын буйруктарына кулак салып, Алланын алдында кандай болушубуз керек болсо, дал ошондой болууга тырышып, кандай гана кыйынчылык болбосун өзүбүздүн карманган жолубузду таштабай, бараткан багытыбыздан адашпашыбыз керек. 

     Коомдун басымдуу бөлүгү жакшы болгон, туура ойлонгон, мусулманчылык, дин, динаят, акылмандык, адилеттүүлүк өкүм сүргөн жакшы заманда кишинин колу-бутуна, көзүнө, кулагына, тилине ээ болуусу да оңой эмеспи. Элдин баары бири-бирине ишенген, баары чынчыл, кайрымдуу болгон, эч ким эч кимди капа кылбаган, жардамдар “садага таштары”3  аркылуу кылынган коомдо, менимче шайтан да бузукулук кылууга батына албайт. Баарынан маанилүүсү − шарттар оорлошкон, сабырлар түгөнгөн замандарда бараткан багытты бекем сактоодо турат. Фитна, бузукулук оргуштап кайнаган, балээ, кырсык, жамандыктар бардык нерсени селдей агызып бараткан мезгилдерде да коопсуз, ишенимдүү кишинин өрнөгү боло алуу маанилүү.

     Ооба, кылынган гыйбаттарга, жабылган жалааларга, жасалган жамандыктарга дал ошондой жооп кайтарбай, өч алууга барбай, канчалык жабыр тартса да мөгдүрөбөй, чыныгы момун-пенденин мүнөзүнөн тайбай жашоо − анык жигиттик. Бирок муну талаптагыдай жүзөгө ашыруу оңой эмес. Адамдык табиятты, коомдун абалын көз жаздымда калтырып койбойлу. Ушундан улам көпчүлүк өтө катаал сыноолор жүрүп жаткан, бузукулук кайнап турган мезгилдерде турчу жерде бекем туралбай, жоготууга учурашат. Бирок жоготууга учурагандардын жанында ийгиликке жеткендер да болот. Мына ошолор бардык кыйынчылыктарга карабай, бекем турууну билген, үмүтсүздүккө учурабаган, бараткан жолун өзгөртпөгөн эр азаматтар болушат. 

     Фитна, бузукулук чар тарапты каптаган, бир гана заалымдардын ач-айкырыгы угулган тумандуу чөйрөдө мындай асыл инсандардын кадыр-баркы билинбей калышы мүмкүн. Бирок айлана тынчып, бузукулук токтогондо, бир аз болсо да жаздын жагымдуу жели сого баштаганда, же көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндөн кийин акырындап таң сүрүлүп баштаганда бардык нерсе так, ачык көрүнө баштайт. Мына ошол кезде канчалаган кишилер арман кылып тыбырчылап, кечирим сурашат. 

     Урушуп, сөгүнүп, кекенип, душмандык кылуунун адамзатка кыпындай да пайдасы жок. Биз жашап жаткан дүйнө сүйүүгө, тынчтыкка, ишенимге муктаж. Улуу максатка өзүн арнаган кишилердин мойнундагы эң чоң жоопкерчилик – мына ушундай асыл баалуулуктардын өкүлү боло алууда. Алар муну аткара алышса, кийин Алланын мээрими, жардамы менен баары кареги менен тең айланган, үлгү катары көрсөткөн кишиге айланышат. 


1Тагут − Жараткандан сырткары, ибадат кылынган жана өзү дагы башкалардын өзүнө ибадат кылуусун туура көргөн киши.

2Мубах – шарият боюнча аткарылуусуна тыюу салынбаган, жасалса күнөө болбогон, бирок сооп да болбогон иштер. 

3Садага ташы – Селчук мамлекетинин убагынан бери уланып келген, Түркияда Осмон империясынын убагында кеңири жайылган адат. Мечиттин оозуна үстү оюлган таштарды орнотуп, аны «Садага ташы» же «зекет ташы» деп аташчу. Каалаган кишилер ага акчасын садага кылып таштап, кайра жардылар, бей-бечаралар, муктаж болгондор андан өздөрү муктаж болгонунча алыша турган.

Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2014-жылдын 1-декабрындагы баянынан алынды.

Которгон: Сейитбек Идирисов

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев  

Related posts

Турция: Атлантика или Евразия?

Эсен Ырыскелди
2 года ago

ИСЛАМ ФЫКЫХЫНЫН ИЗИЛДЕНҮҮСҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭКИ ООЗ СӨЗ

Эсен Ырыскелди
1 месяц ago

Что нужно знать о предстоящих выборах в Турции

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version