Түркияда супер-президенттик башкаруу системасы өзүн актаган жок. 2023-жылы Түркиянын тагдырын күрт шайлоочусу багыттаганы турат. Диндар түрктөр да светтик демократиялык башкарууну колдоп калды.  

Түркия супер-президенттик башкаруудан баш тартчудай

2023-жылкы (же андан эрте) президенттик шайлоосунда оппозициялык күчтөр жеңип чыкса, Түркиянын жаңы саясий тарыхында биринчи жолу, батыштын кээ бир мамлекеттеринде болгондой, “улуу” коалициялык өкмөтү түзүлгөнү турат. Ага, учурда “Алтылык үстөл” аты берилген партиялар кирмекчи. Бул партиянын үчөө исламчылдардыкы, экөө демократиялык светтик идеологияны жактагандардыкы, бирөө ультра-улутчулдардыкы.

Ошентип, Тайып Эрдоган супер-президенттик жеке авторитардык, (айрым жагдайларда) диктаторлук бийлик орноткон кезинде, ага оппозиция болгон күчтөр парламеннтик башкарууну көздөп, Түркиянын баш мыйзамын кайра парламенттик республикага ылайык өзгөртөбүз деп турат. Эң кызыктуусу, шайлоого бир жыл калган кезде эле, алар мамлекеттин чечүүчү макамдарына (Жогорку сот, Улуттук банк, Эсеп палатасы, укук-коргоо органдары, коопсуздук кызматы ж.б.у.с.) кесипкөй адистерди чуктап жатышат.

“Алтылык үстөлдүн” өкүлдөрү, бул чечүүчү макамдагы арам кекиртек кишилерге кошуп, алардын коррупциялашкан командаларын да алмаштырылып, ыкчам жана чечкиндүү кадамдарга бараарын жар сала баштады. Ошон үчүн түрк шайлоочусу 2023-жылы бир гана президентке эмес, саясий системаны толугу менен өзгөртүүгө да добуш бермекчи. Андан сырткары, “Алтылык үстөл” азыртан эле экономикалык, коопсуздук, тышкы саясат программалары сыяктуу стратегияларын жазып, аларды коомчулуктун талкуусуна суна баштады.

Тайып Эрдоганды колдогондор аз эмес

Түркиянын “Метрополь” соц-изилдөө борбору узаткан “Президент Тайып Эрдогандын башкаруусун колдойсузбу”, – деген суроого түрк шайлоочусунун 44,2%’ы “Ооба, колдойм” деген, 51,6%’ы “Жок, колдобойм” деп жооп берип, 4,2%’ы “Пикирим жок”  деген оюн билдирген.

Дагы бир көз-карандысыз “PR” социздилдөө компаниясы: “Бул жекшембиде шайлоо болсо, кайсыл партияга ой берет элеңиз”, – деген суроо узаткан. Анда:

  1. АКП (Эрдогандын исламчылдарынын партиясы) – 36,4%;
  2. МХП (Эрдогандын өнөктөшү ультра-улутчул Бахчелиники) – 7,85%, – добуш алган.

Эки сурамжылоону салыштырганда, Эрдоган 2023-жылкы президенттик шайлоодо чын эле 42-44% добуш алуусу мүмкүн экени көрүнүп турат. Калган партиялар:

  • ЖХП (Оппозициялык социалисттер) – 24,8%;
  • ИЙ (оппозициялык ультарулутчулдар) – 15,5%;
  • ХДП (күрттөрдүн партиясы) – 11,2%;
  • ДЕВА (оппозициячыл исламчылдар) – 3,1%, – алып,

негизги оппозициялык ЖХП партиясы жылдар бою 25% добуштан жогору чыга албай келет. Мунун себебинен улам анын лидери Кемаль Кылычтароглу акыркы жылдары Тайып Эрдоганга каршы бардык күчтөрдү бириктирип, партиялаштарын ультра-улутул жана исламчыл коомчулук менен диалог кылууга көндүрдү. Эки анжы абалдагы күрттөрдү эсепке албаганда, оппозициялык партиялардын алчу добушу 45%‘дын тегерегинде калып жатат.

Ошондуктан, эгер 2023-жылы күрттөр да президенттикке талапкер чыгарса, шайлоонун натыйжасы экинчи турга калат. Экинчи турда күрттөр шайлоо сандыгына келбей койсо, Тайып Эрдоган үчүнчү жолу президент болуп калуусу ыктымал. Учурда Тайып Эрдоган шайлоо стратегиясын ушул опцияга карата жүргүзө баштаганы билинди.

Эгер күрт шайлоочу биринчи турда орток оппозициялык талапкерге добуш берсе, Эрдоганга каршы “Алтылык үстөлдүн” талапкери президенттик шайлоону биринчи турда 55-58% менен жеңип алмакчы.

Түрк жараны диний эмес светтик системаны жактырып турат

“Метрополь” соц-изилдөө борборунун түрк жарандарына узаткан: “Кандай өлкөдө жашагыңыз келет”, – деген суроосу, сунушталган жоопторго карата, төмөнкү пайыздарды топтогон:

  1. Демократиялык жана светтик өлкөдө – 72,9%;
  2. Динчил жана авторитардык өлкөдө – 18,5%;
  3. Пикирим жок – 8,5, – болуп чыккан.

Мында түрк президенти Тайып Эрдогандын жиктешүү саясаты түрк шайлоочусун тажатканын байкаса болот. Айрыкча диндарлар менен светтик идеологияларды колдогондордун ортосуна от жакканын эч ким жактырбай, андай саясат электоралдык утуш алып келбей калганы билинген.

Бул жооптордон исламчылдар да дин менен мамлекеттик иштер бири биринен ажыратылышы керектигин колдоп калганын көрсө болот. Буга чейин мындай зарылчылыкты түрк диндарларына ата-түркчүлөр он жылдап түшүндүрө албай келген. Албетте, элитардык светтик бийлик муну диндар калкына жогорудан төмөн карай таңуулагандыктан да жеткиликтүү түшүндүрө алган эмес. Ошондуктан диндар түрк калкынын басымдуу көпчүлүгү демократия менен светтик саясий системага терс өңүттө карап келген.

Кудай жалгап, өзүн супер-диндар катары сунган Тайып Эрдогандын саясий-экономикалык фиаскосунан кийин, эң консервативдүү диндарлар да демократиялык жана светтик мамлекеттик түзүлүштү туура көрө баштады. Эми түрк диндарлары да: “Биз кандай светтик түзүлүштөгү саясий система кура алабыз?”, – деп баш оорутуп кирди. Муну Эрдогандын Түркияда күчтүү светтик демократия орношуна кошкон эң чоң салымы десек да болот.

 Жансакта Сарбашов