Үстүбүздөгү май айында Түркиянын президенти Режжеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга зыяратка келмекчи. Анын ички жана сырткы инвесторлорду качырып, өлкөсүн экономикалык кризиске кантип батырганы жөнүндө айтып туруу зарыл. Биздин бийлик ким менен кандай алака түзүп жатканын билсин. Анда казынадагы сансыз алтынды кайда кетиргени белгисиз жана казынаны минус 60 млрд АКШ долларына түшүргөн киши тууралуу бир окуяны окуп коюңуздар.

Түркиянын президенти Эрдоган жана анын кол алдындагылары мамлекттин каржы, укук-коргоо жана сот системасын колдонуп, тартып алышкан ишкананын аты – Naksan Holding. Бул Түркиянын Газиантеп шаарында түптөлгөн, пластиктен баштап энергосекторго чейинки түрдүү тармактарга инвестиция кылган ири холдинг. Naksan Holdingге тиешелүү 51 ишкана бар. Көз-карандысыз рейтинг борборолору, рейдерлик жол менен тартып алынган 2016-жылы, бул холдингдин ишканаларын $3,6 млрдга бааланган.

Naksan Holding Хизмет жамаатына тиешеси бар деген шылтоо менен тартып алынган ири бизнестин бири. Эрдогандын жакындары, мамлекеттик механизмдерди колдонуп, ири бизнестерди кантип тартып алып, кийин өздөрүнүн кишилерине кантип каттатканын жана, аны менен тим болбой, тартып алуу маалында мамлекеттик бюджеттен кантип акча чыгарып кеткенин айтып бермекчибиз.

Бул холдингге карата чабуул Тайып Эрдогандын уулу Билалга чалып, “биздин төрт министрдин балдарын полис кармап кетиптир, үйдөгү акчаларды башка жактарга каткыла” деген 2013-жылдын 17-декабрындагы дүйнөгө дүң болгон коррупциялык окуядан кийин башталган. Бул тууралуу биздин видеону төмөнкү шилтемеден корсөңүз болот https://www.youtube.com/watch?v=JTP1S7beA8s.

Бул эбегейсиз арам кекиртектик окуясынан кийин, укук-коргоо органдарынын бардык башчыларын алмаштырып, сот системасын толугу менен өзүнө караткандан кийин Тайып Эрдоган ири ишкерлерден баштап, маданият өкүлдөрүнө чейин “же мен тарапта болосуң, же жок болосуң” деген ишарат берген.

Мындай талап Naksan Holdingдин кожоюндарына да коюлган. Эрдоган жакындары менен бирге бул холдингдин бизнесин гана тартып албастан, ал каржылаган эки университетти да өз карамагына алуу максатын койгон. Анткени, ал бийликке келгенден бери, өлкө жана мамлекетке эмес, өздөрүнө кызмат кылган кадрларды окутуп чыгуу максатын көздөп келет (Маариф фондунун окуу жайлары сыяктуу).

Тартып алуу, салык жана башка мамлекеттик кызматкерлерин ишканаларды текшерүүгө жиберүүдөн башталат. Ошентип бир аз жүдөткөндөн кийин, өкмөт Naksan Holdingдин 51 ишканасына кредит берген мамлекеттик жана жеке менчик банктарды бир убакта кредиттерин доолаганга мажбурлайт. Мисалы, бир ишканасы банктан $100 млн алып, инвестиция катары жаңы ишкана түптөп баштаган, бул жылдар бою аз-аздан төлөнчү кредитти, банк тезден кайтарып бер деген.

Naksan Holdingдин кожоюндары буйрук кайсыл жерден келип атканын билгендиктен, бир туугандарынын бирин борбор шаарга, б.а. өлкөсүнүн президентине жөнөтүшөт. Ал, Тайып Эрдогандын байлыгынын баары катталган, “Тайыптын беш шайкасы” деп атаккан топтун биринин башчысы Хасан Калйонжу аркылуу өлкөсүнүн президентине жолугат.

Тайып Эрдоган жана Хасан Калйнжу

Naksan Holdingдин кожоюнун бири Хасан Калйонжу менен бирге Тайып Эрдогандын үйүнө барганда, өлкө президенти талап кылып жаткан паранын суммасын жана башка кошумча шарттарын айтат. Эрдоган, эгер бер дегенди бербесеңер, силерди террор уюмуна жардам берген деп айыптатып, баарыңарды капаска тыгып, болгон байлыгыңарды тартып алабыз дейт. Андай болбош үчүн: биринчиден – Хизметти колдогонду токтотуп мен тарапка өтөсүңөр; экинчиден – мага $250 млн наличный бересиңер; үчүнчүсү – Газиантептеги Хизмет иштетип жаткан эки университетти менин фонддорума (Маариф, Тургев сыяктуу) каттатасыңар дейт. Кыскасы, эки университет менен кошо баалаганда, $500-700 млндук пара бергиле дейт.

Президентинин оозунан мындай сөздү уккан Naksan Holdingдин кожоюндары – Накибоглу үй-бүлөөсү шок болуп алапайын таппай калат. Бир аз өзүнө келген соң, Тайып Эрдогандын партиясында (АКП) ал кезде бирин-серин калган таза кишилер менен кеңешишет. Алар, анкеталарга караганда, жакынкы шайлоодон кийин биздин партия өзү жалгыз өкмөт кура албайт, социалисттер (ЖХП) менен бирге курабыз, ошол шайлоого чейин тил эмизип тургула деген кеңеш беришет.

Чын эле ошондой болуп, 2015-жылдын 7-июнунда АКП өзү жалгыз өкмөт түптөй албай калат. Бирок буга ыраазы болбогон Эрдоган, партиясына ой бербей койгон Түркиянын түштүк-чыгышында “атайын аскердик операция” деген сыяктуу согуш чыгарып, ал жактын бир нече шаарынын таш-талканын чыгарып, элинин жүрөгүнүн үшүн алып, ошол эле жылдын 1-декабрында кайра шайлоо өткөрүп, өздөрүнө гана тиешелүү өкмөттү курат.

Бул шайлоодон кийин Naksan Holdingге каршы мамлекеттин чиновниктери колдонулган чабуулдар кайра жанданат. Холдинг акыры банкроттук абалга келгенде, 2016-жылдын 15-июлунда түрк билиги өзү уюштурган, Эрдоган “Алла Тааланын белеги” деген, Түркиянын тарыхындагы акыркы аскердик төңкөрүү аракети ишке ашат. Бул тууралуу биздин видеону төмөнкү шилтемеден корсөңүздөр болот https://www.youtube.com/watch?v=v8MRRWJGVTc.

2016-жылдын 15-илюдан кийин мамлекет тарабынан Naksan Holdingдин 51 ишканасына жана кожоюндарынын жеке мүлктөрүнө бирдей арест коюлуп, Накибоглу үй-бүлөөсүнүн мүчөлөрү камакка алына баштайт.

Эми Эрдоган Naksan Holdingдин кожоюндарынан мамлекеттин эсебине алынган ишкана жана мүлктөрдү жакындарына каттатуусу керек болчу. Бирок Тайыптын жакындары каттатуу менен гана тим болбостон, мунун шылтоосу менен мамлекеттик казынадан $1,5 млрдды да сууруп чыгып кеткен. Ал кантип ишке ашканы тууралуу макаланын келерки аптадагы уландысынан окуңуздар.

Жансакта Сарбашов