Ультра-социалист Догу Перинчек айтмакчы: “Түрк соту өзүнүн алтын доорун жашап жатат. Ал саясаттын короочу итине айланды”. Тайып Эрдоган баш болгон аткаруу бийлиги сот бийлигин небактан бери жапмага басып, ар каяша айткан оозду башка чапкан чокмор катары пайдаланып калды
6-7 жыл мурун күрт саясатчылары утуп алган ондогон акимиятка Эрдогандын ополдомочтору аталып, эл берген бийлик колдорунан жулунуп алынганда түрк демократиясы катуу жаракат алган. Андан бери далай суу агып, эми Ататүрк негиздеген партиянын эң күчтүү жаш саясатчысына ачылган, бирок дымып турган негизсиз кылмыш иши кайра тутанды.
Бийлигинин ажаан итине айланган түрк соту Эрдоган “фас” дейри менен бугуп жаткан жеринен атып чыгып, анын эң күчтүү атаандашы болгон, Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну талап жатып калды. Эки күн мурун аны 2 жыл 7 ай капаска солоо чечимин чыгарды. Эми түрк калкынын ага жан тарткан 70%га жакын катмары Жогорку соттун чечимин күтүп отурат.
Капаска солонуу менен бирге Экрем Имамоглуна саясатка аралашууга да тыюу салынды. Ошентип Эрдоган режими саясий кумар оюнунда ставканы дагы жогору көтөрүп, оппозициянын жүрүшүн күтүп калды. Ооба, туруктуу демократиядагыдай эмес бул жерлер. Саясий кырдаал он жыл алды эсептелип, ошого жараша иш кылынбайт. Айбандык туйгу менен жел бойлогон жытты алып, ошого жараша же куйрук шыйпаңдатмай, же ырылдап тиш көрсөтмөй.
Экрем Имамоглун 200 миңдей киши чыгып колдоду, учурдагы түрк бийлигине кыр көрсөттү. Бирок 20 млн тургуну бар шаарда бул канчалык көрсөткүч экени белгисиз. Түрк Жогорку сотуна элдин чогулганы, слогандардын курчтугу, кайчсыл күчтөр канчалык деңгелде Имамоглуну колдогонуна жараша буйрук берилмекчи.
Баары ошол буйрукту күтөт, ошого жараша же кайраттанат, же сынат, же ийилип берет. Имамоглу капаска солонсо, буга чейин капаска солонгон жүз миңдеген кишинин эң белгилүүсү – күрт лидери Силахаддин Демирташтай реакция болобу? Ага жалпы эл реакция кылганы менен, Демирташтын камагы канчалаган таасирдүү күчтөрдүн тегирменине суу куюп, ишине жарап кетти?
Калың эл Экрем Имамоглун канча апта, ай же жыл күндем кыла алат? Кайсыл таасирдүү топтор анын капаска солонуусун тымызын колдойт, канчасына анын президенттик шайлоого аттанганы маанилүү. Учурдагы Түркияда жалпы түрк калкынын таламы деген бир нерсе калдыбы?
Буга окшогон толгон токой суроолорго жалпы түрк эли, анын активдүү катмары, саясаттагы таасирдүү күчтөр бир аз ойлонуп жооп берсе, түрк саясаты аз-аздан демократиялык нукка түшмөк. Бирок бардык тармагы ойлонгонго убакыт бербей ойрон болуп, айбандык сезимдер менен гана аракет кылууга үлгүрүп калган түрк саясатынын буга дарманы калдыбы, дарамети жетеби?
***
Түрк соту аябай үйрөтүлгөн ит. Кожоюну ким экенин баары билсе да, ага баш ийип жатканын эч билгизбейт. Сүйлөшүп алган ишараттар менен же жөн эле каап алат, же багалектен алып аксатат, же балтырды жулуп өтүп узак жолго жараксыз кылат, же кокодон алып саясатка аралашпагандай кылып биротоло “өлтүрөт”.
Жансакта Сарбашов