Учурда болуп жаткан зордук-зомбулуктардан көпчүлүгүбүз бирдей таасирленип, бирдей санаа тартып жашап келебиз. Уйкубуз качып, жаныбыз кыйналып, каңырыгыбыз түтөйт. Бирок, башыбызга түшкөн жамандыктарды сабырдуулук менен көтөрө алсак, бул дүйнөдө тарткан кыйынчылыктар акыретте биз үчүн олуттуу пайда алып келерине толук ишенебиз. Имам Газзалинин айтуусу боюнча, залымдар көрсөткөн зулумдуктар алардан жабыр тарткан жандардын акыреттик азаптан кутулуусуна себеп болот.
Тарыхта зулумдук кылгандар жана зулумдук көргөндөр дайыма болуп келген. Зулумдук кылгандар бул дүйнөдө же акыретте сөзсүз зыянга учурашат. Ал эми зулумдук көргөндөр болсо, туура жолдо болушса эле сөзсүз утушка ээ болот. Окуялар кызуу жүрүп турганда, же бул жашоодо кандай көрүнбөсүн, заалым дайыма жоготууга учурайт. Ал эми улуу максаттар үчүн күрөшкөн, укук жана акыйкат үчүн бекем турган, ушундан улам ар кандай кыйноого жана зомбулуктарга дуушар болгондордун тарткан кыйынчылыктары, кордуктары жана кысымдары, аларга пайда алып келет.
Куранда айтылган пайгамбарлардын кыссаларын караганыбызда, бардык доордо окшош эле окуялардын кайталанганын көрөбүз. Кудайдын мыйзамы илгертеден бери эле ушундай болуп келген. Алланын эң тандамал пенделери болгон пайгамбарлар ар түрдүү кордуктарга, куугунтуктарга дуушар болушкан. Бирде аларды “көзү ачык” дешсе, бирде “сыйкырчы” дешкен. Кээси мекенинен куулуп, кээси таш бараңга алынган, кээси отко ыргытылган, кээси араа менен жара бөлүнгөн. Сценарийлер менен каармандар мезгилге, шарттарга жана абалга жараша өзгөргөнү менен, жасалган жамандыктар жана жамандыктын философиясы эч качан өзгөргөн эмес.
Пайгамбарлар гана эмес, алардын ишенимдүү өкүлдөрү да ушундай тагдырга туш болушкан. Куранда айтылган Ухдуд каармандарын эстегилечи. Ухдуд – аңгек дегенди билдирет. Алардан динден кайтууну талап кылышкан. Бирок, канча аракет кылышса да алар дининен кайткан эмес. Ошондо аларды от жагылган чуңкурларга ыргытышкан жана ушундан улам алар Асхабы Ухдуд (бизче Ухдуд ээлери) деп аталып калган. Сахабаларга да эң оор, эт жүрөктү сыздаткан зулумдуктар жасалды. Бирок натыйжа өзгөргөн жок. Мезгилге жараша зулумдуктун куралдары гана өзгөргөн. Залим дайыма ырайымсыздык кылып, эзилгендер азап тартат. Алла жолунда тикесинен тик турган жана Жараткандын Куттуу Ысымы даңазаланышы үчүн ар кандай кыйынчылыктарга чыдаган азаматтарга да кандай кордуктарды ыраа көрүшөрүн ким билет!
Куранда, айрыкча ушул эки аятта, ыймандуулардын башына келиши ыктымал болгон түрдүү сыноолорго көңүл бурдурулат:
أَحَسِبَ النَّاسُ أَنْ يُتْرَكُوا أَنْ يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لاَ يُفْتَنُونَ * وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَلَيَعْلَمَنَّ اللهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ “Адамдар: “Биз ыйман келтирдик” дешсе эле сыналбай калабыз деп ойлошобу? Биз аларга чейинки болгондорду да сынаганбыз. Албетте, Алла чынчылдарды да, жалганчыларды да билет” (Анкабут, 29/2-3)
أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُمْ مَثَلُ الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلِكُمْ مَسَّتْهُمُ الْبَأْسَاءُ وَالضَّرَّاءُ وَزُلْزِلُوا حَتَّى يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ مَتَى نَصْرُ اللهِ أَلاَ إِنَّ نَصْرَ اللهِ قَرِيبٌ “Силерден мурда жашап өткөндөрдүн башына келген кыйынчылыктар силерге да келбей туруп бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы?! Алар ушунчалык оор кыйынчылыктарга, зор машакаттарга дуушар болушкан, Пайгамбар менен анын жанындагы момундар акыры аргасы кетип капсалаңга түшүп “Алланын жардамы качан келет?” дешкен. Билип койгула, Алланын жардамы өтө жакын”. (Бакара, 2/214)
Сыноолорду кандай кабыл алышыбыз керек
Аяттардын ачык маанисине караганда, Алла момундарды оор сыноолорго дуушар кылуу аркылуу алмаз менен көмүрдү бири-биринен ажыратат. Ким алсыз, ким күчтүү.. кимдин Алла менен тыгыз байланышы бар экени, ким өз милдетине кайдыгер мамиле кылары билинет. Мындай ажырым ар бир доордо болгон. Төгүлгөнү төгүлүп, эленгени эленип кала берген. Бирок алардын айрымдары тикесинен тик туруп, адамдыктын да, момундуктун да өтөсүнөн чыккан. Эгерде жүргөн жолуңардын туура экенине ишенсеңер, анда ушундай кылышыңар керек.
Сыноолор, кыйынчылыктар кишинин эркин бекемдейт, анын табиятына таандык күчтөрдүн жана жөндөмдөрдүн пайда болушуна шарт түзөт. Пенде жай турмушта бир калыпта, шашылбай ой жүгүртсө, капсалаң учурда кыйынчылыктарды жеңүүнүн ар кандай жолдорун издөөгө, ойлогондоруна жетиш үчүн чымырканууга жана изденүүгө мажбур болот. Бул анын табиятына катылуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дайыма айтып жүргөнүбүздөй, кыйналган киши көпчүлүк учурда генийлердин да оюна келбеген укмуштуу идеяларды табат. Анткени, басса-турса абалын кантип жөнгө салууну, дуушар болгон кыйынчылыктардан кантип кутулууну ойлойт. Натыйжада, Кудай ага оор абалдан чыгуунун жолун көрсөтөт. Башкача айтканда, кыйынчылык кишинин дараметинин өнүгүп, кемчиликсиз инсан болушу үчүн өтө маанилүү каражат.
Сыноолор Алла жолунда жүргөндөр үчүн өзгөргүс чындык болгондуктан, кыйынчылыктарга кабылганда өзүбүздү таштап салбоо, кемсинтүүлөргө көңүл бурбоо, зулумдукка жана кысым көрсөтүүгө алдырбоо, эч нерсеге карабай туура жолдо жүрүүнү улантуу биздин милдетибиз. Аларга көңүл буруп, дайыма алар менен алек болсоңор, энергияңарды текке кетирип, шайыңар оойт жана негизги милдеттериңерди аткарууга алыңар келбей калат. Милдеттериңерди, жоопкерчиликтериңерди жүзөгө ашырбай каласыңар. Биз алсыз жандыктарбыз, күчүбүз чектелүү. Бир эле учурда эки нерсени туура аткара албайбыз. Ошондуктан, колубуздагы мүмкүнчүлүктү эң маанилүү иштерге бөлүштүрүп, ошого басым жасашыбыз керек. Азыркы шартта көздөгөн максатыбыз, бийик идеалыбыз үчүн эмне кыла аларыбызды ойлонуп, ошого жараша мерчемдерди, долбоорлорду иштеп чыгып, ошол багытта аракет кылышыбыз зарыл.
Бул зулумдуктарга көз жумуп, аларга каршы эч нерсе кылбашыбыз керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, мыйзам тарабынан бизге берилген укуктарды толук пайдаланабыз, укугубузду коргош үчүн колубуздан келген нерсенин баарын кылабыз. Ар ким өз тармагына жараша аракеттерди жүргүзөт. Бирок андан тышкары, керектүү же керексиз дебей туруп баары эле ишке аралаша бергени, үргөндүн баарына таш ыргыта берүү иштерибизди баш аламан кылат. Нервибиз мынчалык жүктү көтөрө албайт. Натыйжада, кыла турган жакшы иштерибизде да арты-артынан мүчүлүштүктөрдү кетире баштайбыз.
Качан эмне кылуу керектигин аныктоо өтө маанилүү. Ыймандуу киши акылдуу болот. Ар бир кадамын ойлоп басат. Ал бош, керексиз нерселер менен алек болууну убакытты текке кетирүү деп эсептейт. Өзүнө карата пайдасынан зыяны көп иштерди кылбайт. Оозунан чыккан ар бир сөзү, жасаган ар бир кыймыл-аракети менен өзүнүн бийик мүдөөсүнө кызмат кылууга аракеттенет. Алла жолунда кылган эч бир кызматын аз көрбөйт. “Ушундан эмне болуп кетмек эле” дебейт. Себеби, натыйжаларды жаратуучу, эмгектерди жемиштүү кылуучу – Алла экенин билет. Алла кааласа, бирди миңге, тамчыларды мухитке айлантат.
Жолуңарды уланткыла
Эң негизги сыпатыбыз жана эң негизги дараметибиз – берилгендик. Башкача айтканда, башкалардын жыргалчылыгы үчүн өз жыргалчылыгын унутуу. Биз башкаларды жакшылыкка жеткирүү үчүн жашайбыз. Башкаларга материалдык жана руханий жардам көрсөтүүнү негизги милдетибиз деп эсептейбиз. Бир жагынан биз эзелтен мурас болуп калган баалуулуктарыбызды муктаждарга жеткирүүнү, экинчи жагынан төгөрөктүн төрт бурчунда кыйын абалда калган, кайдыгер мамиле жасалган, кордук көрүп жабыр тарткан кишилерге жардам берүүнү эң башкы милдетибиз деп эсептейбиз. Түркөйлүк, билимсиздик жана жакырчылык менен дүйнөлүк масштабда күрөшүүнүн маанилүүлүгүнө ишенебиз. Биз бүткүл адамзаттын арасында чыр-чатактарды жана кармаштарды болтурбоо үчүн тынчтык көпүрөлөрүн курууга, кайгы толкундарын тосуп калууга аракет кылып жатабыз. Адамзат диалогго, тынчтыкка жана сүйүүгө мурдагыдан да көбүрөөк муктаж деп ойлойбуз жана ага жетүү үчүн ар кандай жолдорду издейбиз. Булардын баарын динибиздин буйругу, ошондой эле адамгерчиликтин талабы катары көрөбүз. Жүргөн жолубуздун тууралыгынан эч кандай шек санабасак, куугунтукка, зулумдукка, кыйноого алдырбай, бошоңдобой, багытыбыздан тайбай, туруктуулук менен баарына чыдап жолубузду улантышыбыз керек.
Силер туура деп билген жолдо бара жатканыңарда, жолуңарды тосуп, тоскоолдуктарды пайда кылгандар болушу мүмкүн. Шаркырап аккан дарыялар сымал, ал тоскоолдуктарды жеңүүнү жана жаңы жолдорду табууну билишиңер керек. Дарыяларды таштар да, аскалар да тосуп кала албайт. Алдынан чыккан тоскоолдуктардын кээ биринин астынан, кээ биринин четинен өтүп, кээде ошол тоскоолдукту агызып, такыр болбосо жаңы жолдорду таап жүрүп отуруп, акыры деңиздерге жетет. Силер да жолуңардан чыккан тоскоолдуктардын оңунан, солунан, үстүнөн, астынан өтмөк таап жолуңарды уланта беришиңер керек. Эгер жолдор такыр бүтөлүп калса, турган жериңерде кыймылдап Алла Тааланын жардамын күтөсүңөр. Бирок эч дүрбөлөңгө түшпөгүлө, коркпогула, баш тартпагыла жана артка кайтпагыла.
Эгерде бул руханий абалда туруктуу болсоңор, эч бир карөзгөй аракеттер силердин жолуңарга тоскоол боло албайт. Анткени ушул убакка чейин туура жолдо жүргөн кишилерге эч ким тоскоол боло алган эмес. Мусага (алейхи салам) тоскоол болгусу келгендерди Кызыл деңиз талкалады. Нухка (алейхи салам) тоскоол болом дегендерди топон суу алды. Мындай окуялар Адам атадан бери болуп келген, мындан ары да боло берет. Алла Өз жолунда жүргөндөрдү, жүргөн жолунда туруктуулук көрсөткөндөрдү эч качан жалгыз калтырган эмес.
Тирандардын аянычтуу акыбети
Коомдордо көптөн бери үстөмдүк кылып келген залимдердин жасаган иштери бири-бирине окшош. Алар жалпы адамзаттын баалуулуктарына, адилеттүүлүккө туура келеби же жокпу дебей, өздөрү чыгарган мыйзамдар менен башка пикирдегилердин жана душман деп санагандардын укуктарын тебелеп келишкен. Өздөрүн улуу жана ыйык деп эсептеген бул байкуштар элди кул кылып, өзүнө каратып алуунун ар кандай жолун сынап көрүшкөн. Алар өздөрүндөй ойдо болбогондордун мойнуна каргы, буттарына кишен тагып, алардын үнүн басуу үчүн кандай гана жамандыктарды кылышкан жок. Бирок, акыры өз кылгандары өз буттарына чалынып, аянычтуу абалдарга дуушар болушкан.
Тарыхта жашап өткөн залимдердин акыбетине көз чаптырсак, алардын баары кандай аянычтуу абалга түшкөнүн жана жүргүзгөн бийликтери өз баштарына муш болгонуна көрөбүз. Бийлик колуна тийген соң кылбаган зулумдугу калган жок. Бирок, бир күнү алардын ойлоп чыгарган жалгандары, жалаалары, кылган зулумдуктары өздөрүн селдей агызып кетти. Өмүр бою сый-урмат, алкыштын артынан чуркашканы менен, шерменде болуп өлүштү. Аларды тургузган көркөм сарайлары да, ишенген кишилери да, орноткон бийликтери да куткара алган жок. Учурдагы фараондордун, намруддардын акыбети да мындан башкача болбойт. Анткени Алла мөөнөт бергени менен эч качан кайдыгер калтырбайт. Каапырлык уланса да, зомбулук көпкө созулбайт.
Бүгүн куттуу жерибизди кара жиндей каптаган залимдердин акыбетинин да башкача болбостугуна ишенип койгула.
Мухаммад Фетхуллах Гүлен
Которгон: Канат Аманбаев
Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев