Кишинин мүнөзү кыйын күндөрдө билинет. Жай учурларда колду тыюу, тилди тыюу, бир калыпта жүрүү оңой. Бирок башка кырсык түшкөндө, жамандык келгенде ары-бери кыйшаңдап кетпей, туура жолдон адашпай жүрүү кыйындайт. Абалдын катаалдыгына жараша ар кандай адашуулар болушу мүмкүн. Мисалы, карманган баалуулуктарынан күмөнсүрөп, Алла Таала тууралуу өйдө-төмөн ойлорго кабылышы ыктымал. Сабыр менен жете турган сооптордон куру калып, канчалык адашканына жараша күнөөлөргө батышы мүмкүн. Мына, колдо турган бакыт кушун үркүтүп жиберүү деген ушул. Анткени кыйынчылыктарга сабыр кылуу да ибадатка окшош. Ал кишини жай турмушта жете албаган чоң соопторго, улуу даражаларга жеткирет.
Бирок пенденин башка түшкөн кыйынчылыктарга чыдап сабыр кылышы да оңой эмес. Бул талбас аракетти жана тайманбаган күрөштү талап кылат. Баарыбыз тең эле пендебиз, кимдир бирөөнүн кыймыл-аракети, жүрүш-турушу, кылган мамилеси жакпашы мүмкүн. Башыбызга жамандык келгенде жазмышты унутуп, кимдир бирөөнүн кемчилигин издеп калабыз. Баштан өткөн нерселер тынчыбызды алып, жан дүйнөбүз алай-дүлөй болуп мүңкүрөйбүз. Ал тургай кээде абалыбызга, дилибизге, оюбузга, ишенимибизге туура келбеген терс пикирлердин тепсендисинде калышыбыз ыктымал. Мындай учурларда кажыбаган туруктуулукту, күчтүү ишенимди жана майтарылбаган эрктүүлүктү көрсөтүп, бул көйгөйлөрдөн аз убакыттын ичинде кутулууга аракет кылалы. Нервибизди сактап, ойлорубузду, түшүнүгүбүздү тынымсыз көзөмөлгө алып, Алла ыраазы болбогон нерселерди жан дүйнөбүзгө жакындатпайлы. Ишенимибизге туура келбеген ойлор түшүбүзгө да кирүүсүнө жол бербейли.
Башкалардын адамгерчиликке жатпаган кыймыл-аракеттери, кылык-жоруктары бизди да ошондой ойлорго, ошондой кылык-жоруктарга түртүп жаткан болсо, анда эркибиз да, ыйманыбыз да алсыз экени ошол. Башкалардын адашуусу биздин да ийри-буйру жолдорго кадам таштообузга себеп болуп жатса, башка түшкөн кысымдар менен кордуктар дилибизди, тилибизди бузуп жатса, анда жолубузда туруктуу эмеспиз. Ошондуктан رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا “Оо биздин мээримдүү Раббибиз, бизди туура жолго жеткирген соң жүрөктөрүбүздү адаштырба!” (Аалу Имран, 3/8) деген аят ар дайым биздин зикирибиз, дубабыз болушу керек.
Анткени, ким болбосун өзүнүн мүнөзүн көрсөтөт. Мейли, башкалар өзү билгендей, өзүнө жарашкандай жазсын, сүйлөсүн, жасасын! Кааласа кызылдай калп сүйлөсүн, кааласа жалаа жаап, келиштире көө сүйкөсүн. Оозго алгыс сөздөрдү айтып жемелесин, жамандыктын артынан жамандык кылсын. Алардын мындай адепсиз, ыплас, күнөө иштери ыйман менен Куран кызматына жан дилин берген каармандарды да ушул сыяктуу жорук-жосунга, жүрүш-турушка түртпөшү керек. Бирөөлөрдүн жүздөп, миңдеп жалган айтышы силерге бир да жолу жалган айтуу укугун бербейт. Башкалардын каапырлык сыпатка ээ болушу, ар кандай күнөөлөрдү кылышы силер үчүн аны адал кылбайт. Арам качан болбосун арам бойдон калат. Керек болсо бүтүндөй дүйнө жүзүнүн арам ишке сүңгүп кетиши да ал арамды силер үчүн адал кылбайт. Башкалардын баары көз көрүнөө арам жеп калган күндө да, андан бир үзүп жегениңер силерди өтө чоң жоготууга учуратат.
Ооба, Куран: كُلٌّ يَعْمَلُ عَلَى شَاكِلَتِهِ дейт. (Исра сүрөсү, 17/84) Башкача айтканда, ар ким өзүнүн мүнөзүнө жараша иш кылат, өзүнүн ким экенин көрсөтөт. Аяттын аягында мындай деп айтылат: فَرَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَنْ هُوَ أَهْدَى سَبِيلاً “Кимдин туура жолдо экенин Эгеңер эң жакшы билет”. (Исра, 17/84) Бардык нерсени билген жана жасалган иштерди же сыйлап, же жазалай турган Алла болгон соң, биз да ошого жараша иш кылышыбыз керек. Баары кылган ишинин акыбетин көрөт. Жаман жолдо жүргөн киши акыретте тарта турган жазасынын башталышы катары бул дүйнөдө эле ошого ылайык мамилеге кабылат. Бүгүн бейкүнөө кишилерди “кыянатчы”, “террорист” деп жаткандар, балким, бир күнү өздөрү да дал ошондой жалаага кабылаар. Анткени Алла адилеттүү. Алланын адилеттүү экенине Анын бар экенине ишенгендей ишенем.
Заалымдардын сабак болор акыбети
Бүгүн биз күбө болуп жаткан кыянат иштердин программасын түзүп, долбоорун даярдап чыккандардын, элди бири-бирине тукургандардын, өздөрүнүн жаркын келечегин түптөө үчүн башкаларды зар какшатып, кан төккөндөрдүн бир күнү болбосо бир күнү өтө жаман абалга түшкөнүн, тагдырдын ар түркүн соккуларына туш болуп күм-жам болгонун көрөсүңөр. Ал тургай алардын абалын көрүп туруп, “Мынчалык жаман иштерди кылбай эле коюшса болмок. Шайтандын оюнчугуна айланып жүрүп жоготууга учурагандардан болушпаса эмне, атаганат ай!” деп аяйсыңар. Силерге мынчалык жамандык кылгандардын, ар түркүн зомбулук көрсөткөндөрдүн бороондо калган бактардай биринин артынан бири кулаганын, жалбырактай сапырылганын, даңазалап жүргөн салтанаты өздөрүн басып калганын көрүп туруп кантип “Байкуштар ай!” дебей койот элеңер! Аларга ишенип алып аянтка агылган жана дайыны жок зыянга учураган жаштарга кантип бооруңар оорубай койот эле!
Башыбызга келген бул катаал мезгилде ушунчалык зулумдук кылып, ушунчалык түшкө кирбеген жамандыктарды кылышты дейсиң, жакшы жагынан эстегидей да эч нерсе калтырышпады. Анысы аз келгенсип, кийин жардам сурай турган эшиктерди да бүт бойдон жаап алышты. Атаганат, бизге жок дегенде артынан Фатиха окуп койгудай сезим калтырышса гана! Ортодогу көпүрөлөрдү толугу менен талкалап салышпаса эмне! Бүткүл өмүрүн бирөөлөрдү каралоо менен өткөргөн кишилер өтүп кеткенден кийин, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам): “Көзү өткөндөрдүн артынан жаман сүйлөбөгүлө” деген хадисин да аткара албай кыйналасыңар. Алардын атын укканыңарда пенде катары тарткан кыйынчылыктарыңар эске түшүп, сезимдериңер козголот. Балким ошондо эрктүүлүк кылып, диндин негизги тартибине каршы чыкпаш үчүн көөдөнүңөрдөгү терс сезимдерди жөнгө саларсыңар. Дагы бир ирет “Оо, Алла Таалам, сабыр бере көр!” деп, жан дүйнөңүздү жарып чыкчудай көбүрүп келаткан жек көрүүңөрдү басып, алардын артынан каргыш жаадыруудан, жаман сөз айтуудан сактанарсыңар. Анткени биздин негизги мүнөзүбүз ушундай болушу керек.
Эгер баары табиятына жараша иш кылса, анда заалымдар кыйрап жок болгонго чейин зулумдугун улантат, бузукулар бузукулугун таштабайт, эки жүздүүлөр эки жүздүүлүктөн баш тартышпайт. Ысымдар, каармандар алмашканы менен, жалпы көрүнүш ушундай бойдон эле калат. Ошондуктан ыйманга, Куранга дит койгон момундар момундугун таштабай, ыйманга жараша турган абалын улантууга тийиш. Биз бардык кыйынчылыктарга карабай өзүбүзүн табиятыбызды чагылдырып, адебибизди сактоого милдеттүүбүз. Аллага тобокел кылуу, таянуу жана ыйман келтирүү аркылуу башыбызга түшкөн кыйынчылыктарды жеңип чыгууга аракет кылалы. Башкалар кылган жаман мамилелер бизди да жамандык кылууга түртпөсүн. “Мүмкүнчүлүк болору менен өчүбүздү алабыз” деген ой түшүбүзгө да кирбеши, кыялыбызга да келбеши керек. Көкүрөгүбүздө эч кандай кекенүүгө, жек көрүүгө орун бербейли. Анткени биз кандай абал, кандай кырдаал болгонуна карабай жан дүйнөбүздү, оюбузду, сезимдерибизди таза бойдон сактоого милдеттүүбүз.
Бийик максаттарын ишке ашыруудан, улуу мүдөөлөрүн орундатуудан башка эч нерсени көздөбөгөн кишилерге бут тосуп, алдына ор казган, мойнуна укурук салып колу-бутун тушоону каалаган кишилер дайыма болуп келген жана андайлар силерге да жолугат. Мындай мамилеге дуушар болгон Куран менен ыйман кызматкерлери бир жагынан дасыккан күрөшчү сымал өздөрүнө жасалган чабуулдардан коргоно турган ыкмаларды өнүктүрсө, экинчи жагынан кылып жаткан кызматтарын такыр тыным албай улантууга аракет кылышы керек. Жок, эгер мындай кылбаса, оңунан, солунан, алдынан, артынан келген чабуулдар менен гана алек болуп калса, анда ал жоготууга учурайт.
Алардын канча кылымдан бери урандыга айланып жаткан чепти оңдоп-түздөгөнүн, кайра калыбына келтиргенин бирөөлөр жактырбай, ар кандай тоскоолдуктарды, чабуулдарды жасашы мүмкүн. Мына ошол чабуулардын катаалдыгына жараша кай бир учурларда кыйроолор да болор. Чын дилден кызмат кылган момундардын кийинки муун үчүн кылган аракеттери, төккөн тери, короткон каражаты, төгүлгөн көз жашы жана канчалаган мээнет менен жасаган нерселери тартылып алынышы мүмкүн. Ушулардын баарына каршы биз бекем ыйман, өчпөгөн үмүт, кажыбаган эрктүүлүк көрсөтүп, бир жоготуунун ордуна он нерсе жасоого аракет кылышыбыз керек. Жаңы-жаңы альтернативдик жолдорду таап, сапарыбызды уланта бергидей бололу. Бизден бир кишини бөлүп кетишсе, ордуна он кишини катарыбызга кошолу. Заалымдар кекенүү, кыжырлануу менен чабуул жасаган сайын биздин туруктуулугубуз да, дилгирлигибиз да күчөсүн. Кызматыбызга дагы көбүрөөк убакыт бөлүп, ылдамдыгыбызды ансайын арттыралы.
Мындай эрктүүлүккө, бекемдикке, берилгендикке Алла Таала колдоосун көрсөтчү күн да келет. Кылган тайманбастыгыбыз, чечкүндүүлүгүбүз үчүн себеп-натыйжа принциби менен түшүндүрө албай тургандай зор нематтарга күбө болобуз.
Акыйкаттык, адилеттүүлүк жана туура багыт
Эң негизгиси – акыйкаттык, адилеттүүлүк жана туура багыт. Өзүбүздүн зыяныбызга карабай акыйкатты талап кылган акыйкатчыл болууга милдеттүүбүз. Адилеттүүлүктөн эч качан кол үзбөйлү, багытыбыздан такыр тайбайлы. Бирөөлөрдүн, же жалпы элдин укугун тебелебөө, акысын жебөө жаатында өтө кылдат бололу. Качан болбосун акыйкатка берилип, ыйман менен Куран кызматын такыр токтотпойлу. Дүнүйө көз жоосун алган кооздугу менен алдыбызга тартылса да учурда кылып жаткан кызматтарыбызды андан артык көрбөйлү. Адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алууну бүткүл дүйнөнүн өкүмдарлыгы келсе да алмаштырбоого тийишпиз.
Мына ошондо гана Алла Таала кылган аракеттерибиздин жемишин эселеп берип, эмгектерибиздин кайтарымын насип кылат. Таптакыр күтпөгөн ийгиликтерди тартуулап, мүлдө адамзат көптөн күткөн баалуулуктарды силердин колуңар аркылуу сунат. Мунун баарын кайдан билишет дейсиңерби? Албетте билебиз, себеби бул пайгамбарлардын жолу, сахабалардын изи. Алла алардын жолунда жүргөндөрдү ара жолго таштабайт, жасаган аракетин натыйжасыз калтырбайт.
Акыйкаттыктан, адилеттүүлүктөн жана туура багытынан ажыраган, бийлигине, саясатына, күч-кубатына алдангандар болсо, убактылуу бир нече ийгиликтерге, жеңиштерге жетсе да, аягында баары бир жоготууга учурайт. Бул дүйнөдө эле маскара болот, коркот, титирейт, кача турган тешик таппай, кылган-эткендерине өкүнөт. Жан дүйнөсүн кирдетип, моралдык баткакка баткан кишилердин кылган иштери бир күнү жүздөрүнө чабылат. Тигил дүйнөгө барганда аянычтуу абалга түшүп, андан кутулар арга таппай калышат.
Ооба, аятта айтылгандай, такыбалардын акыбети жакшы болот. Бирок ага жетүү зор сабырды талап кылат. Ал эми анын натыйжасы менен жете турган сыйлыктар андан да оор, андан да зор болуп, пенденин сооп таразасындагы салмагына салмак кошот. Эң негизгиси, абдан чоң кыйынчылыктарды да көңүлүбүздү чөктүрбөй тосуп алып, жаныбыз кыйналып турса да “Каапырлык менен адашуудан башка бардык нерсеге шүгүр” дейли. Бизди шайтандын коркунучтуу орлоруна түшүрбөгөн, байлык-бийликке азгырбаган, уурулук менен талап-тоноочулуктан сактаган, зулумдукту жакшы көргөзбөгөн, заалымды жактатпаган Эгебизге миңдеген мактоолор болсун!
Которгон: Канатбек Аманбаев, Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев