Университеттеги студенттик жашоо – бул эң чоң сабак. Жаманы жакшысы баары пайдалуу. Мүмкүн болушунча көбүрөөк китеп окуп, көп иш чараларга катышып, көп кишини таануу керек экен. Анткени окууну бүткөндөн кийин андайга убакытта таппайсың, колуң да бошобойт. Негедир Университетти бүткөндөн кийин көп убактым болот дейсиң, бирок андай эмес экен. Чыныгы турмуштун эшигин аттайсың…
Үйдө студент байкелер менен жашайбыз. Серкан байке үйдүн абиси. Багымдаттан кийин күндө жарым саат рисалелерден окуп сабак кылат. Мен кээде байкенин ката айтып алган жерин оңдоп койом чыдабай кетип. Байке болсо унчукпайт да, сабактан кийин мени башка бөлмөгө алпарып алып “кичине урушуп алат”.
Шамши экөөбүз башта бир болгеде (шаардын кызмат сунуу үчүн бөлүп алган секторлору) болчубуз. Мен Рисаледен, ал болсо Курандан эч кимге биринчиликти бербейбиз. Кийин, мен Мертерге которулуп кеттим.
Үйгө Заман газетасы менен Сызынты (журналы) келет. Сызынтыны лицейде жүргөндө калтырбай, тиешелүү – тиешелүү эмес бут окуй берчүбүз. Анткени ар бир материалы кызыктуу эле. Заманды университетти окуп баштаганда окуй баштадым, мурда көп маани берчү эмесмин. Спорт бетинен башка баарын эле карайт болчумун. Дем алыш күндөрү пазар эклери болот эле. Ал эклер бир шедевр болчу.
1995-жылы Заманда Эюп Жандын Хожа Эфенди менен болгон “Уфук туру” маеги чыккан болчу. Ал 1996-жылы өзүнчө китеп болуп басылды. Хожа Эфендинин “Уфук туру” маеги ар бир кызматтагы кишинин сөзсүз түрдө окушу керек болгон китептердин арасында болуш керек. Ушул маек интеллектуалдык чөйрөдө болсун, кызматтын ичинде болсун укмуш реакция алып келген болчу. Ой жүгүртүүнүн, интеллектуалдык өнүгүүнүн жол картасы (жыдыбалы – Саресеп)сыяктуу болду.
Ошол жылдары “Хожа Эфендинин сунушу менен окулчу китептер” деген тизме колдон колго өтүп жүрдү. Эсимде Достоевскийден, Сабахаттин Заимдин экономикалык анализдери (университетте сабак катары окудук), батыштын чыгыштын адабий классиктеринин, тафсир (Куранга комментарий), сиер (Пайгамбардын өмүр баяны), фыкх (ислам укугу). Ошол тизмени Хожа Эфендиден келгенине күмөн санай берчүмүн. Бирок кийин Ахмет Куружан бир маегинде, Хожа Эфенди шакирттерине дүйнөлүк классик адабиятты окутчу , окугула деп айтчу эле деп тастыктап койду.
Алтунзадеде Хожа Эфендиге ушул жаатта көп суроолор бериле баштадыбы, же күнү келдиби билбейм, ошол кишинин буйругу менен кызмат, Аксарай ФЕМ курстарынын ичинде “Ниагара душунже окулун” (ой чабыт мектеби) ачылды. Уюштурган байкелер деңгээли өтө жогору болчу, өздөрү аспирантура, докторантура окуучулары эле. Максаттары Кызмат же жалпы эле чөйрөдө (эл аарсында – Саресеп) ой жүгүртүүнүн академиялык ыкмасын окутуу десем болчудай. Курска көбүнчөсү докторанттар катышчу. Мен биринчи, Руслан экинчи курста барып катышып алганбыз.
Ниагарага келип семинар бергендердин арасында Али Үнал Куран перспективасы менен социалдык окуялар жөнүндөгү көз карашты, Али Булач Саясий ислам, Искендер Пала Тасаввуф адабияты, Жемил Меричтин кызы профессор Үмүт Мерич социология, Замандан (гезит – Саресеп) Мемет Ниязи агай тарыхий перспектива менен социология, Замандын адабият эдитору жана жазуучу Мехмет Эрдоган поэзия, коплочу Эрол Мүтержимлер ж.б., кыскасы, философия, тарых, антропология, социология, эл аралык карым катнаштар, адабият, тасаввуф, социалдык илимдердин эң алдыңкы адистер менен жолугушуу болуп, семинарлар өтчү. Руслан экөөбүз бирин дагы калтырбай бардык.
Жеке өзүмдө Ниагаранын жашоомдо, ой жүгүртүүмдө эбегейсиз салымы болду. Ниагара кийинки жылы негедир улантылбай калды. Ушул жерде бир күлкүлүү окуя эсиме түштү. Мехмет Нияз агай, башбакан (премьер-министр – Саресеп) Месут Йылмаздын группалашы экен. Сөз саясатка келгенде, Месут Йылмаздан сөз кылат эле да, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кирет эле, өзүн токтото албай кетет болчу. Биз угуучулар болсо, жерди карап уялып кетебиз. Эч ким эчтеке дей албай унчукпай отуруп берет элек. Чыккандан кийин каткырып алабыз. Агайды дайым же Университеттин китепканасында же Бейазыт китепканасындан көрчүмүн, бир эле отурганда беш-алты китепти жайып алып, ар бир жериң кагазга жазып түшүрүп иштечү.
Университеттеги оку программасы да кызыктуу болчу Платон, Аристотель, Сократ, Ибн Халдун, Ибн Рүшт, Шериф Мардин, Жемил Мерич менен тааныштык. Европа ойчулдары менен ислам ойчулдарынын айкалыштары, бир бирине болгон таасирлери, булардын тарыхка болгон таасирлери. Саясий тарых, агай-эжелердин сунуштаган жана сабактарда булак катары колдонгон китептери да укмуш эле. Мисалы Хенри Киссенжерди, Фукояманы, Бзежинскийди сабактарда тааныган болчумун. Алардын теориялары сабакта узун узуун талкууга алынчу.
Терроризм боюнча Түркиянын учурда эң белгилүү адистеринен Деңиз Арыбогандын сабагы толуп ташып, аспиранттар, кошуна группалар да келип угушчу. Явуз агайдыкы да ошондой аудиторияга окуучулар батпай калчу. Деңиз эже: “Келечекте НПОлор эл аралык мамилелерге таасир берүүчү күчүнө айланат”, – дегенде, бир туруп ишенбей кетчүмүн, же Явуз агай “мындан ары мамлекеттер суу үчүн согушушат” дегенде да кулакка жомоктой угулчу.
Атын унутуп калдым, саясий тарых агайыбыз өзүнчө стили бар. Ронесанстын таасирдүү фигураларындан Волтерди айтып атканда, Париждин көчөлөрүндө өзүңдү революционерлер менен чогуу элестетесиң, ичинде эл менен кошулуп жүргөн болосуң же Реформаны айтып баштаганда маңдайында кадимки эле Мартин Лютердин Рим Папасына койгон манифестосун окуп аткан болосуң. Ронесансты айткандачы, Микеланджело Давинчинин келечек муунга таасир этүүчү чыгармаларынын арасында чиркөө-чиркөө кыдырып жүргөн болосуң… Агай жай, акырын сүйлөйт бирок, сабакта чымын учса угулчу, аудиторияны кезип, басып бир тиги учуна бир бу учуна, студенттер отурган арка тарапка басып жүрүп лекция окуйт эле. Ушундай кызыктуу тарых сабагы кийин көрбөдүм.
Юнус Эмреден:
Мен дервишмин дегенге
Бир үн катткым келет
Сергидубен үнүнө
Барып, жетким келет
Нурлан Муса