Алла менен биргелик − Анын биз менен бирге экенин жан дүйнөбүздө сезүү дегендик. Аллага тиешелүү нерселерди ойлонгондо, сүйлөгөндө, жазганда, Улуу Жаратканга өзүбүздүн тар калыптарыбыз менен, чектелүү түшүнүгүбүз менен баа бербей, Аны жана Ага тиешелүү маселелерди өзүбүздүн адамдык критерийлерибиз менен өлчөбөй, максималдуу кылдат болушубуз керек. Алла Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) бизди Алла Тааланын өзү жөнүндө ойлонуудан тыйган. (Табарани, ал-Муъжамул Аусат 6/250; Байхаки, Шуабул ийман 1/136) Алланын ысымдары, сыпаттары жана жараткан нерселери жөнүндө гана ой жүгүртө алабыз. Улуу Жараткандын Өзү жөнүндө ой жүгүртө албайбыз. Анткени биздин акыл-эсибиз Аны түшүнүүдө алсыздык кылат. Ошондуктан, туура ойлоно албай, Кудай сактасын, байкоостон Аллага кээ бир адамдык, физикалык өзгөчөлүктөрдү ыйгарып алабыз. Алла менен биргеликти талдоодо да бул маселени көз жаздымда калтыруудан, бир нерсени так ушундай деп айтуудан сактанышыбыз керек.
Бул дүйнөдө бирге болуу
Пенденин руханий дүйнөдө Алла менен бирге болушу, Аны менен биргелигин сезиши – биз дубаларыбызда тилеген даража. Алла менен бирге болууну каалаган бардык пенделер Аны эңсейт, Аны ойлойт, Анын аты менен иштеп, Анын аты менен баштайт жана Анын ыраазылыгын гана ойлойт. Ооба, Алла менен бирге болуу пендеге өзгөчө аруулукту тартуулайт. Жан дүйнөсү терең улуу инсандар менен жолукканда да пенденин ички дүйнөсү тазарат. Башкача айтканда, кишинин сезимдери, ойлору, кыймыл-аракеттери андай инсандын жанында болуудан таасирленет. Анын жаркыган чөйрөсүнө бир жолу кирүү пендени ар тараптан өзгөртүшү мүмкүн. Сахабанын улуулугун да ушундан издөөгө болот. Анткени алар Пайгамбар менен бирге болуп, Анын боёгуна боёлушкан. Ал эми Алла Таала менен бирге болгон киши кандай сапатка ээ болорун элестетип коё бергиле.
Дубаларыбызда ар дайым Алла менен бирге болууну сурансак да, албетте, мындай бийик даражага жетүү оңой эмес. Бул дүйнөдө Алла менен бирге болуу даражасына, Аллага кемчиликсиз ыйман келтирүү, Алланы таануу жана Аны сүйүү менен гана жетүүгө болот. Тактап айтканда, Алла Таалага бекем ишенип, ошол ишенимин тереңдетип, Аны сүйүп, Ага жетүүнү, Аны менен бирге болууну эңсесеңер, Ал да силер менен бирге болот. Жашоосун терең изденүү, изилдөө менен өткөргөн кишилер муну Алла Таалага кайрылганда, кээде рукуда, кээде саждада, кээде түнкү бейпил, тынч мүнөттөрүндө сезе алышат. Мисалы, мындай биргеликти Андан келген эргүү катары сезишет. Пенде мындай эргүү менен таптакыр башкача абалга жетиши мүмкүн. Эгер андай сезимди саждада сезсе, “Аттиң, бул сажда такыр бүтпөсө эмне!” деп, саждада өмүр бою турууну тилеши мүмкүн.
Акыретте бирге болуу
Акыретте Алла менен биргелик кандай болорун так билбейбиз. Анткени ал жерде бардык нерселер өзгөрөт, өңү да, формасы да өзгөрөт, балким сыпаттар башкача болор. Бардык нерсенин табияты, акыйкаты өзгөрө турган дүйнөдө жакындык да биздин кыял чабытыбыздан ашып түшөт. Устат Бедиуззаман бейиштин миңдеген жылдык бактылуу жашоосу Алланын Нур Жамалын көрүүнүн бир мүнөтүнө тең келе албасын айтат. (20. Кат, 1. Макам) Акыретке салыштырмалуу бул дүйнөдө болуп жаткан нерселердин баары өтмө мааниге гана ээ болуп, Куранда айтылгандай, утурумдук оюн-зооктон тураарын унутпаш керек. (Анкабут, 29/64) Бул дүйнө жашоосу уйку сыяктуу. Өлүм болсо уйкудан ойгонуу. Чыныгы жашоо кийинки дүйнөдө болот. Демек, Алла менен чыныгы биргелик да ошол дүйнөдө болот. Ал жайдан жашоонун, кооздуктардын, кереметтердин башатын көрөсүңөр.
Бул жерде кылган ибадатыңарга, Аллага берилгениңерге, Алланы тааныганыңарга, Аны сүйүп, Аны менен болгон мамилеңердин тереңдигине жараша акыретте көптөгөн ийгиликтерге жетесиңер. Бул дүйнөдөгү силердин ар бир сөзүңөр жана жүрүм-турумуңар ал жакта күтүлбөгөндөй өзгөчө кубанычтарды тартуулайт. Кээ бир риваяттарга караганда, Алла Таала жума күнү (ал жерде күндүн да кандай болорун билбейбиз) Нур Жамалын момундарга көрсөтөт. Ал жерде момундар Улуу Алланы кандай абалда көрөрүн биз биле албайбыз. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) билдирүүсү боюнча, алар айдын он төртүнчү түнү асмандан толгон айды кандай даана, таптак көрүшсө, Алланы да так ошондой ачык, даана, көшөгөсүз көрүшөт жана бирөө-бирөөнө тоскоол болбойт. (Ибн Аби Шайба, Мусаннаф 1/477; Табарани, аль-Муъжамул-аусат 2/314)
Албетте, булардын баары маселени бизге түшүндүрүү үчүн колдонулган сөздөр. Болбосо ал жактагы көрүүнүн сыпатын, акыйкатын билбейбиз. Бизге белгилүү болгон бир эле нерсе, ал жерде баары тең өзү көргөн нерсеге арбалып, дендароо болот жана ар бир пенде Алланы тааныганына жараша таасирленет. Ислам акыйдасын ыр саптары менен баяндаган «Бадъул-Амали» поэтикалык чыгармасында айтылгандай, Алла Тааланын сулуулугун көргөн момундар ошол Нур Жамалдын алдында бейиштин бардык кооздуктарын унутушат. Башкача айтканда, ал убакта алар Бейиштеги сарайларын, бейиштин даамдуу мөмөлөрүн, үр кыздарын жана гылмандарды эстешпейт. Алар мунун баарын унутуп коюшат. Ошол учурда алардын эч бири көзүнө көрүнбөй калат.
Демек, Алла менен бирге болуунун бул дүйнөгө да, акыретке да тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Ага жеткен пенденин бул дүйнөдө да, акыретте да сезе турган өзгөчө сезимдери болот. Биз, биринчиден, бул дүйнөдө Алла Таала менен бирге болууга аракет кылып, муну Улуу Жараткандын Өзүнөн тилешибиз керек. Анткени, адам бул жерде эмнеге жетсе, эмнени көрсө, акыретте кездештире турган нематтар да ошого жараша болот. Албетте, ошол жердин өзгөчөлүгүнө жараша болот. Мисалы, бейиште Алланын Нур Жамалын көрүүгө ишенбеген киши акыретте бул насиптен куру калат. Ыйман жана ыкыласыңар, дубаңар, зикириңер, ибадатыңар, кулчулугуңар, Алланы сүйүүңөр бул дүйнөдө кандай болсо, акыретте ошону табасыңар. Алла бул дүйнөдөгү ар бир аракетиңер үчүн акыретте силер элестете албай тургандай сыйга бөлөйт. وَأَنْ لَيْسَ لِلإِنْسَانِ إِلاَّ مَا سَعَى وَأَنَّ سَعْيَهُ سَوْفَ يُرَى «Чынында, киши үчүн өз кылганынан башка эч нерсе жок. Кылгандарынын акыбети да алдыда жүзөгө ашат» (Наж сүрөсү, 53/39-40), – аятында да ушул нерсе айтылган эмеспи.
Алла жөнүндө баян
Алла менен биргелик өтө чоң немат, өтө чоң өзгөчөлүк жана бул өзгөчөлүккө жетүүнүн негизги жолдорунун бири – ардайым Алла жөнүндө маек куруу. Ал үчүн Алланы акылдан адашчудай сүйүп, ар дайым Аны ойлоп, ар дайым сөздү айландырып Ага бурушуңар керек. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) сыяктуу дубаларыңарда ар дайым: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ حُبَّكَ، وَحُبَّ مَنْ يُحِبُّكَ، وَالعَمَلَ الَّذِي يُبَلِّغُنِي حُبَّكَ “Оо, Жараткан Алла, Өзүңдү сүйүүнү, Сени сүйгөндөрдү сүйүүнү жана Өзүңдүн сүйүүңө жеткире турган иштерде ийгиликти насип кыл” (Тирмизи, Даават 75), – дешиңер керек. Эгер силер сөздү айландырып келип Аллага, Алланын Элчисине, Куранга бурсаңар, андан башка сөздөрдү бекер сөз, андан башка жыйындарды курубекер убарагерчилик деп санасаңар, ошондо Алла дагы силер менен бирге болот.
Алла жөнүндө баян айтуу, сүйлөшүү кээде түздөн-түз Алла тууралуу сөз козгоо аркылуу, кээде сөздү Аны тааныта турган нерселерге байланыштыруу аркылуу жүзөгө ашат. Мисалы, Куранга тереңдеп кирсеңер, ал силерди Алланы тааныткан маалымат мухитине алып барат. Куранга сүңгүп кирип, анын аяттарын араласаңар ушул максатыңарга жетесиңер. Кээде Адамзаттын Асыл Таажысын (саллаллаху алейхи ва саллам) эрчип, Анын жол башчылыгы астында Сүйүктүү Жаратканга барасыңар. Кээде табият китебинин сөздөрүн, саптарын кыдыруу, анын аяттары жөнүндө ой жүгүртүү силердин Алланы таануу насибиңерди арттырат. Кээде Алла жөнүндө баян жаатында Ал тууралуу жазылган китептерди талдап, талкуулоо менен алек болосуңар. Жыйынтыгында булардын баары силерди Алла менен бир болууга алып барат.
Жыйынтыктай турган болсок, адам жүрөгүн, башын, рухун, акылын, дилин, кыскасы, Алла Таала берген ички жана тышкы сезимдерин Ага тиешелүү ойлор менен каныктырбай туруп Алла менен бирге боло албайт. Ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Аны таанып-билүүгө, Аны сезүүгө, Аны менен бирге болууга аракет кылышы керек. Алла Таала ага тартуулаган бардык жөндөм жана сезимдер аркылуу Аны менен бир болууга умтулуу зарыл. Дүнүйө менен алек болуудан арылып, бул турмуштун муктаждыктарынан да күчтүү зарылчылык сезими менен Аллага жүздөнүп, Аны менен бирге болууга аракет жасоо – Анын акысы, биздин мойнубуздагы милдетибиз жана карызыбыз.
Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2018-жылдын 18-февралындагы баянынан алынды.
Которгон: Канат Аманбаев
Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев
АЛЛА ТААЛА МЕНЕН БИРГЕЛИК