Менимче, мусулмандар буга чейин такыр ушунчалык кыска ойлуу, максатсыз, башаламан жана өзүмчүл болгон эмес. Кайда караба эмне кыларын билбей жүргөн немелер… баары тең кайдагы бир агымдарга, же идеологияларга илешип алган
Мехмет Акиф бир ырында:
Ээсиз калган мамлекеттин өлөрү чын,
Сен ээ болсоң бул элдин өсөөрү чын, − деген эмеспи. Анын сыңарындай, биз эмгиче эч бир жерге баш-көз боло албадык. Себеби, журтташтарыбыздын мындай ойлору да, санаалары да болгон эмес, боло элек дагы. Өздөрүндө болбогону аз келгенсип, башкалардын бул багытта кылган аракеттерин пайдасы жок жумуш, же бир жөн эле жасалып аткан шоу катары көрүшөт. Элдин келечеги үчүн жасалган иштерди өздөрүнүн мээси да жетпеген бир нерселерге байланыштырып, кайдагы бир негизи жок күнөөлөрдү, жалааларды жалгаштырышат. Болуп жаткан нерселерди көрүп туруп санааркабай, кайгырбай коё албайсың. Ойлоп-ойлоп отурсаң жүрөк лакылдайт.
Бизден башкалардын болсо дүйнөнүн жүрүшүн өзгөртүү, алмаштыруу багытында жасабаган иши калган эмес. Бир жагынан табияттын коюн-колтугуна чейин кирип иликтеп, илим менен так илимде баш айланткан ачылыштарды жасап атышса, бир жагынан Африкадан тартып Ырааккы Чыгышка чейинки элдин баарын өздөрүнө каратып алышкан. Ассимиляция кылчуларын ассимиляция кылышкан, эзчүлөрүн эзишкен, алчуларын алышкан, кул кылчуларын кул кылышкан. Биз болсо ушунун баарын көрбөмүш болуп отура бергенбиз. Унчукпай жаман көрүп отурдук деп айтуу да кыйын. Ушундай бир кайдыгерликке, тоготпостукка салдык дейсиң, тим эле аларды жалмап бараткан жалын өзүбүздүн үйгө кирип келгенге чейин былк этпей жашай бердик. «Чок түшкөн жерин күйгүзөт» деген маанидеги өзүмчүл түшүнүк кудум биздин турмуштук көз карашыбызга айлангандай.
Мунун баары акылы чолок кишилерге таандык теги жок ойлор. Эмнеге теги жок деп атам? Анткени бул ойлор биздин руханий жана түшүнүк баалуулуктарыбыз менен тамырлаш эмес, алардан азык алып, аларга таянган жок. Болбосо момун деген ушундай бир киши дейсиң, от кайдан чыкпасын аны дагы күйгүзөт. Айрыкча, мусулман эли жашаган жерге, өзү баалаган баалуулуктарга чок түшчү болсо, ал үн катпай, каршылык көргөзбөй туруп кала албайт. Себеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадисинде «Мусулмандардын күйүтүнө күйбөгөн киши алардан эмес»? – деген эмеспи. (ат-Табарани, ал-Мужамул-авсат 1/151, 7/270; ал-Хаким, ал-Мустадрак 4/356).
Кахты Рижал
Мурункулар чыгаан, айдың кишилердин жетишсиздигин «кахты рижал» (арапча) деп коюшчу. Азыр да ошол болуп жатат. Түшүнүгү кең киши жетишпейт. Өзүн улуу максаттарга арнаган жандар таптакыр аз. Анткени, мындай кишилерди өстүрүп чыга турган чөйрөнүн өзү жок. Эң биринчи мына ушуну түптөш керек. Низамулмулктун[1] Низамия медреселерин ачуусунун негизги себеби да ушул − сапаттуу, жетик кишилерди тарбиялап чыгаруу болчу. Чынында эле ошол медреселерден өтө кыйын, чыгаан кишилер чыкты. Аябай берекелүү учур болду ал. Кийинки доорлордо дагы илимге, изилдөөгө, табигый жана диний мыйзамдарды үйрөнгөнгө умтулган кишилер болушту. Бирок, бир канча убакыттан кийин бул дагы токтоду. Буга бир жагынан моңгол чабуулу менен кресттүүлөр чабуулу сыяктуу тышкы факторлор себепкер болсо, бир жагынан ичтен чыккан башаламандыктар себепкер болуп отуруп, акыры мусулмандар кайрадан түзөлө алгыс абалга келишти. Ушул азыркы убакта да өз доорун билген жетик, бышык кишилерди өстүрүп чыкчу билимдүү, түшүнүгү кең чөйрөнүн бар экенин айтуу оор.
Кээ бирөө туура эмес түшүнүп албасын. Азыркы учурда ар кайсы илим тармактары боюнча ортого чыгып аткан эмгектерди, изилдөөлөрдү паска урган жокпуз. Бирок, илим адамдарынын өз тармагында жасаган изилдөөлөрү, эмгектенүүлөрү башка маселе, ааламды туура окуп, инсан-аалам жана Алла байланыштарын туура түзүү жана ичинде аралаша жашап жаткан доордун шарттарына жараша аткарылчу иштерди жасоо өзүнчө маселе. Мындай нерселер башкача бир даярдыкты, башкача бир түшүнүктү талап кылат. Мындай кишилердин өсүп чыгуусу, өстүрүп чыгарылуусу оңой эмес. Исламдын алгачкы доорлорунда андайлардын саны миңдеп саналганы менен, бара-бара азайып жүрүп отурган.
Эми биздин милдет эл ичинде бекем кызыгууну, дилгирликти пайда кылуу, аларга улуу максатты жеткирүү, ийгиликке жеткендерди кубаттап сыйлап, талапка ылайык жай менен камсыз кылуу аркылуу жетик, түшүнүгү кең кишилердин өсүп чыгуусун камсыздоо. Илимий жана аң-сезимдик изденүүлөрүн ибадат руху менен жуурулуштурган, ошону менен Алланын ыраазылыгына, Пайгамбарыбыздын жолуна жана акыреттик нематтарга жетерине ишенген жана ушул марага жетүү жолунда бул дүйнөнү бейиштей абалга айландырууга өжөрлөнө аракет кылган кишилерди өстүрүп чыгышыбыз керек.
Жаңы көз караш менен жаратылышты жаңыдан окуп чыгуу
Эгер маселе бир гана материалдык жана бул дүйнөлүк кызыкчылык жагынан колго алына турган болсо, илим жана изилдөө арзуусу чоң мүдөө менен байланышпаса, анда жасалган иштер кайсы бир жерге баргандан кийин токтойт. Киши Жараткандын жаратылышка койгон буйруктарын ийне-жибине чейин иликтеп чыгып, табияттын кубулуштарын аябай жакшы билсе да, ал натурализм[2] менен позитивизмдин[3] чегинен нары өтө албайт. Булардын чегин аша албаган соң акыйкатты издөө аракети да аксайт. Эң негизгиси − илимге суусаганды суусаганына жеткирүү, шарияттык жана табияттык мыйзамдарды бирдей колдоно алуу. Анткени, Алланы табуу жолу ушулар аркылуу өтөт. Эгер бул жашоодо түшүнүгүңүздүн алкагын ушундай кенендикке жеткире алсаңар, анда аркы дүйнөдө Жараткан Алланын такыр башкача белектерине, тартууларына татыктуу болосуңар.
Башка учурларда да бир канча жолу айтылгандай, Батыш эли нерселерди жана окуяларды өнүктүрүп, өстүрүп отуруп билим жана технологияда кыйла жол басып кетишкен. Алар тапкан жетишкендиктерге суктанбай коюу мүмкүн эмес. Бирок, Алланын өзүн, сыпатын жана улуу ысымдарын билбей калышканы аз келгенсип, ортодогу себептерге байланып алып, натурализмдин чегинен такыр өтпөй калышкан. Кай бирөө болсо Алланын улуулугуна парда болуш үчүн жаратылган, артында терең-терең сырлары, хикматтары бар себептерди (Кудай сактасын) Алланын ордуна коюп алышкан. Негизи себептер бир нерсени жараткандай көрүнүшү мүмкүн, бирок чындыгында алар эч качан жаратуучу боло албайт. Чыныгы жаратуучу башка. Ал жараткан, жоктон бар кылган, бар кылганынын бар болуусун уланттырган чексиз кудуреттин (кудрети намутенахи), чексиз эрктин (ирадеи намутенахи) жана чексиз каалоонун (мешиети намутенахи) ээси – улуулугу чексиз Алла.
Илимий иштерге ишеним ээлеринин колу тиймейинче, билим натурализм, позитивизм жана материализмдин темир чеңгээлинен кутула албайт. Мусулмандар илим жаатында өздөрүнө таңууланган түшүнүктөрдү каалап-каалабаса да кабыл алууга мажбур болот. Кабыл алып эле тим болбой, өздөрүнүн илим уяларында окуган, таалим-тарбиясын мойнуна алган окуучуларына да ушуну үйрөтүшөт. Лабораториялары менен изилдөө борборлору тигилер айткан түшүнүктөргө жараша иштейт. Натыйжада, кандай кылышса да ээрчүүдөн, тууроодон кутулуп чыга алышпайт.
Тилекке каршы, бешинчи кылымдан кийин илим жана ой жүгүртүү жаатында олуттуу төмөндөө башталып, бир кылымдан кийин мусулмандар кудум уйкуда жаткан немелердей элдир-селдир болуп калышкан. Акыркы кылымда бир аз ойгонуу болгонун айтсак болот. Элмалылы Хамди Языр, Ахмед Наим, Филибели Ахмед Хилми, азирети Бедиуззаман сындуу инсандар алдыбызга жаңы пикирлердин чыйырын салып, жаратылышты башкача чечмелөө жолдорун үйрөтүштү. Мына ушулардын артынан бүгүнкү күнү себептердин өзөгүнүн кайрадан алдыга чыгуусуна, бардык себептерди жараткан жана башкарган Алла татыктуу таанылып билинүүсүнө, адам уулунун негизги милдетинин туура чечмеленүүсүнө, инсан-жаратылыш жана Алланын ортосундагы байланыштын туура баяндалуусуна өтө чоң муктаждык бар.
Билим көңүл бурууну талап кылат
Бул болсо ылайыктуу илимий чөйрөнүн түзүлүшүнө, кишинин илимге багытталуусуна, ийгиликтердин кубатталып, сыйлануусуна байланыштуу. Чынында эң чоң сый илимдин Алланы таануусуна, Алланы таануу Алланы сүйүүгө, Алланы сүйүү болсо Алла ыраазылыгына себеп болуусунда. Ушундан улам инсандарга эң алгач ушул сыяктуу чоң максаттар көргөзүлүшү керек. Бирок, ошону менен бирге материалдык сый акылар да унутулбаганы оң. Анткени менен, кеңири жайылган түшүнүк боюнча айта турган болсок, марифат (илим) көңүл бурууну талап кылат. Силер көңүл буруп турсаңар, алар да марифатка байма-бай жетишишет.
Чынында, илгертен бери мен бул сөзгө кошула бербейм. Себеби, эң негизгиси көңүл буруу марифатты (илимди) талап кылат. Тагырак айтканда, жасалган иштер Алла ыраазычылыгынан сырткары эч кандай материалдык үмүткө байланбашы керек. Бирок, баары эле мындай бекемдикке ээ боло албашы мүмкүн, мындай жыйынтыкка даяр болбошу мүмкүн, ойдогудай ыраазычылыктын талапкери болбошу мүмкүн. Ушундан улам аларды алдын-ала колдоо менен, мактоо менен, сыйлык менен иштегенге, изилдегенге, өндүргөнгө шыктандырса болот. Көпчүлүгү тастыктоого, колдоп турууга муктаж болорун да унутпайлы. Айып болбосо, жөндөмдүү кишилерге аккумулятор байлап энергия берилип, заряд кылынып, ошону менен аларды кыймылга келтирип туруш керек.
Бул ааламдагы бардык мыйзамдардын туура билинүүсү, туура пикирлер менен туура далилдердин чыгуусу, мурункулардан мурас калган илимдин кийинкилерге жеткирилүүсү, илим жана изилдөө жаатында жаңы багыттардын ачылуусу, арттан келгендерге терең ой жүгүрткүдөй чөйрөнүн даярдалуусу үчүн бериле турган материалдык жана моралдык колдоонун орду өтө маанилүү. Идеологияларга, секуляризмге, эгоизмге таянган негиздер менен узакка бара албайбыз. Эң негизгиси, бир жагынан адамзатты улуу максатка шыктандырып, бир жагынан аларга ар кандай колдоолорду көргөзүү ылаазым. Эгер сиз бул жаатта керектүү чөйрөнү даярдап, өзүңүзгө түшкөн милдеттерди орундатсаңыз, анда күчтүү, сапаттуу жана жетилген инсандар ортого чыгат. Болбосо, акыйкатка суусаган илимпоздорду өстүрүп чыга албай, ордубуздан жылбай тура беребиз.
которгон Насыпбек Асанбаев
[1] Низамулмүлк – Селчук мамлекетиндеги башкы вазир. Айтылуу саясий ишмер жана Саясатнаама аттуу эмгектин автору.
[2] Натурализм (лат. natura – жаратылыш) – Коомдун өнүгүшүн жаратылыш мыйзамдарын (климаттык шарттар, географиялык чөйрө, космостук телолордун нурлары, аракеттери, адамдардын биологиялык-генетикалык жана расалык ж. б.) өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүүгө аракет жасаган философиялык методологиялык принцип.
[3] Позитивизм (французча positivisme; латынча positivus – жагымдуу) – философиядагы агым; бардык тараптан жактырылган чыныгы (позитивдүү) билим – атайын илимдердин жыйындысынын натыйжасы деп эсептелет.