Саресеп
Исламский мир

Жумушта жана согушта каза болгонго бейиш сүйүнчүлөгөн түрк бийлиги

Түркияда көмүр шахтасы жарылып, 41 киши каза болду. Башкалар менен салыштырганда, бул кандай мааниге ээ?

Түркияда жумуштан улам каза болгон кишилердин өлүмү тууралуу сөз кылгандар бат эле жек көрүндү болуп калат. Себеби “киши өлүп атса, саясат кыласыңар” деп, андай жаранды туш-тараптан жеримей башталат. Мындай психолгияны бийликтеги саясатчылар жакшы колдонуп, басып-сатып алган медиасы жана троллдору менен каяша сүйлөгөн ооздун баарын жаап коет.

Кишинин өмүрү арзан бааланган өлкөдө жумушка байланыштуу авариялардын артуусу таң калдырбайт. Анткени Түркияга окшогон өлкөлөрдө олигархат менен бийлик биригип алып, негизги максаты – акча таап баюу болуп калат. Мындай өлкөлөрдө, колдон келип турганда, жердин үстүндөгү жана алдындагы кендерди наличкага айлантуу сезими үстөмдүк кылып кете берет.

Адистиги жана кесипкөйлүгү жок кишилердин арбын болгону, алардын кекиртектен артпаган акчага иштеш үчүн эшиктин алдындагы кезекте басырык болуп даяр турганы бийлик аркылуу баюуну ого бетер жеңилдетет. Кара жумушчу жүнүн жеген жерде, бийликке аркасын такап алган олигархтар, жумуштун шарттарын жакшыртайын, жумушчулардын коопсуздугуна каражат жумшайын деп ойлоп да койбойт.

Жакынкы жылдарда эле Сома деген көмүр кенинде жүздөгөн киши өлгөнүнө карабай, шахаталардын ээлерине эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн, бул аптада көмүр казган жерде кайра газ жарылып, 41 киши набыт болду. Жаңыртылган конституция боюнча бийликти менчиктеп, дооранын сүрүп жаткан Тайып Эрдоган өлгөндөрдүн жакындарын: “Аллага шүгүр, Сомада жаназаларга жетүү узап кетти эле, бул жерде 41 шейитибизди 24 саатка жетпей таап алдык”, – деп жооткатты.

Экономикалык кризистин сазына батып, баардык нерсе күн санап кымбаттап жаткан Түркияда, бийлик ар бир негатив кабарды ушинтип позитивдүү жеткиргенге маш болуп алды. Жогорудагы сөз менен тим болбой, Эрдоган сүйүнүчтүү кабарды: “Иншалла, өлгөндөр шейит макамына жетип, бейиште сүйүктүү пайгамбарыбызга кошуна болуп калды. Мындан да жакшы жагы – бардык үй-бүлөөсү менен бирге ал жерде тирилишет”, – деп улады.

Түрк аналитиктери: “Эрдогандын иши өлгөндөрдү бейиш менен сүйүнчүлөө эмес, шахта иштеткендерди контролдоп, мындай жарылууларды алдын алуу болчу. Алардын үй-бүлөсүнө сак-саламат кайтуусун камсыздоо эле. Бейишке киреби же кирбейби шахтерлордун жана алардын жакындарынын жеке иши”, – деп айтып чыкты.

Шейиттик макамы колунда жок кембагалдар менен алардын балдарына гана буюрганы кызык. Саясатына керек болгон убакта согуш чыгарса да, Эрдоган баш болгон төбөлдөрдүн балдары аскерге жараксыз болуп чыгат, ошентип кайра эле томаяк тайпанын балдары кырылат. Шахтада да, албетте, кедей-кембагалдын балдары менен күйөлөрү шейит кетип, бейишке кирет.

Жасалма видеолорду тарттырып: “Батыштын дүкөндөрүндө эл азык-түлүк таппай, кезекте кырылып атат”, – деп бакырган Эрдоган, шахталардагы жарылуудан кийин адатынча Батышты жамандай албай турат. Анткени, мисалы, Түркиядан да көп көмүр казган, түрктөргө караганда эселеген калкка ээ болгон Германиянын шахталарында акыркы он жылда 6 (алты) киши каза болгон.

Албетте, бул Эрдоган менен анын табакташтарынын гана маселеси эмес. Эртең Түркияда бийлик алмашса да мындай абал улана бермекчи. Анткени мусулмандар көпчүлүктү түзгөн өлколөрдө кишинин өмүрү баалу эмес. Батышта кишилер шахтага жана башка нерселерге байланыштуу себептер менен капыстан өлүп атса, Түркияга окшогон мамлекеттерде капыстан жашап келатышат.

Капыстан өмүр сүрүп жаткан өлкөлөрүбүздө бийлик алмашканы менен кишин өмүрүнүн куну ошол бойдон кала бермекчи. Мындай абалдын өзгөрүүсү үчүн, капыстан болуп кеткен, же бийлик чыгарган согушка байланыштуу ар бир өлүмдү жарандар жана жарандык коом мыйзамдуу жолдор менен териштирип, себепкерлерин табылуусу үчүн бийлик бутактарына басым кылуусу шарт.

Жансакта Сарбашов

Related posts

АР КИМ ӨЗҮНҮН МҮНӨЗҮН КӨРСӨТӨТ

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Эрдоган, анын молдокелери жана динчил калкы жөнүндө

elzioesen
3 года ago

БООРДОШТУК

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version