Казакстанда Конституциялык реформа жана аны өзгөртүү боюнча референдум өтөөрү жар салынды. 1993-жылы кабыл алынган казак Баш мыйзамы буга чейин да бир нече жолу өзгөргөн.

1995-жылкы референдумдан кийин, ал кездеги президенти Нурсултан Назарбаев бийликти бир колго топтоп, өлкөсүн суперпрезиденттик республикага айланткан. Конституциянын андан кийинки өзгөртүүлөрү референдумга чыгарылбай эле, парламентте кабыл алынып калган. Алардын акыркылары 2017-жылы киргизилип, бийликти Назарбаевдин колунан Токаевге өткөрүп берүүнү камсыздаган.

Касымжоомарт Токаев 2019-жылы президент болду. Назарбаев бийликти өткөрүп берип жатканда “жаңы кылымда бийликти жаш муунга бериш керек, алар эмне кылыш керек экенин бизге караганда жакшыраак түшүнөт” деген. Ошондуктан Токаев мурунку принцип жана методдорду сактаган консерватор эмес, жаңы өзгөчөлүктөрдү киргизген рефоматор лидер катары келген.

Учурдагы конституциялык реформанын негизги жүйөсү катары, казак жарандары мамлекеттик бийлик менен кызматташып, кабыл алынчу чечимдерди талкуулап, ага таасир бергиси келип атат деген ой айтылган. Ошонун аркасы менен “элге кулак салган мамлекет” деген термин да пайда болгон.

Казакстан унитардык мамлекет экени Баш мыйзамында бекитилген. Ошондон улам облус, шаар, район жана айылдардын акимдери президент тарабынан бекитилет. Президент өкмөттүн курамын түптөйт, парламентти тарката алат, жогорку даражадагы сотторду дайындайт жана куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы.

Унитардык мамлекет болгону менен, Казакстанда эки палаталуу парламент бар. Адатта эки палата федеративдүү мамлекеттерде болуп: биринчиси – саясий, экинчиси – регионалдык өкүлчүлүктү камсыз кылат. Регионалдык өкүлдөрдөн турган Сенаттын депутаттары казактарда облус менен республикалык маанидеги шаарлардын кеңештери тарабынан шайланып келет, кеңештерде партиялардын өкүлдөрү отурат. Межлистин депутаттары толугу менен партиялык тизмелер аркылуу шайланат.

Эксперттер бул жылдын башындагы, январь айындагы козголоң, элдин Токаев жарыялаган реформаларды көрбөгөгүнө да байланыштуу болгон дешет. Казактарды мурунку эле президенттин тууган-туушкандары менен жакындары бийликте отурганы нааразы кылган. Ошондуктан январдагы козголоңдо “Шал кет!” деген ураан негизги чакырык болуп, эски кишилердин бийликтен кетүүсүнө багытталган болчу.

Февралда Токаев програмдык сөз сүйлөп, өлкө терең реформаларга муктаж экенин айтты. Ал сөзүндө конституциялык реформа болорун да билдирген. Учурда реформанын максаттары катары бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын кайра бөлүшүп, парламентке көбүрөк укук берүү керектиги айтылууда.

Ошентип, 5-майда референдум болору айтылып, 6-майда Конституциянын жаңы долбору талкууга коюлуп, 5-июнда референдумда добуш берилээри жар салынды. Референдумда казак Баш мыйзамынын 33 беренеси жаңыртылып, 3\1’не өзгөртүү киргизилмекчи болду. Алардын баарына, биздикиндей эле, дүңүнөн добуш берилмекчи.

Казак мыйзамы боюча, референдум өттү деп эсептелиши үчүн ага шайлоочунун 50%’ы келип, алардын 50%’ы жана +1 киши “макул” деп добуш берүүсү зарыл. Кыска мөөнөт гана берилген, 5-июнга чейинки талкууда киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү сындагандар да аз эмес.

Саясат таануучулар айтмакчы, Казакстанда “персоналисттик автократияга” жакын саясий режим орногон. Мынчалык өзгөртүүлөргө карабастан, жаңы Баш мыйзам боюнча да радикалдуу трансформация болбойт жана суперпрезиденттик башкаруу кала бермекчи. Референдумга байланыштуу кыймыл-аракеттин көбү бийликти бир кландан экинчисине өткөрүүгө жана элге тил эмизүүгө багытталгандай болуп турат.

Учурда казак коому өтө тез улутчулдашып, улуттук жана исламчыл талаптар барган сайын күчөп бара жатат. Мындай көрүнүштөр социалдык тармактарда да кеңири тарап, жакын арада саясий повестканы катуу өзгөртүшү мүмкүн.

Талкууга бир гана ай берилген жана сын-пикирилер анча эске алынбаган конституциялык реформа ийгиликтүү натыйжа берээринде шек көп. Дүйнө орттөнүп, кайнап жаткан кезде казак бийлиги менен элитасы алтындан кымбат убакытты саясий оюндарга коротуп жаткандай көрүнөт.

Сабыр Тентимишов