Саресеп
Архив

730 күн тынбай жүгүргөн кишинин сунуштары

1 сентября 2020 г. 14:17 398

Киши бир нерсени кырк күндөн ашык кылып көргөндө гана башка бирине сунуштаганга акысы бар дешет. Август айы өткөндө, 730 күн бою жүгүргөн болдум. Ошондуктан жүгүрүү тууралуу бир нерселерди айтууга акым бардай.

Жүгүрүүнү эң демократиялык, башкача айтканда, баары кыла алчу спорттун түрү дешет. Ал үчүн атайын каражат, убакыт же жердин кереги жок.

Спорттук кийимге окшогон (бут кийим дагы) бардык нерсе жарай берет. Жүгүрүүгө эң ылайыктуусу – бул көп кийилгендиктен эскилиги жетип, элдин арасына кийип чыгууга болбой калган, бирок ыргытканга кол барбаган нерсе. Жүгүрүп келген сайын аларды жайып кургатасыз. Күндө душ алгандыктан, мындай кийимдерди бир аптада бир жолу которсоңуз жетиштүү. Жайкысын кандай болбосун кермеде, кышкысын жылыткычтарга кургатасыз.

Кышкысын “термобелье” деген нерсе алып алсаңыз жакшы экен. Аны менен жукарак кийинип жүгөргөнгө болот. Болушунча азырак кийим кийгенге аракеттениңиз. Жайкысын буту-колду эшикте чойсоңуз болот, кеч күз-эрте жаз жана кышкысын үйдөн чоюп алып, сыртка чыкканда дароо жүгүрүп баштаган жакшырак.

Атайын кийим сатып алып отурбай жылтырак баштыкты пайдалансаңыз жакшы экен. “Фрунзе” же “Глобустун” эң чоң баштыгын алып, түбүн түздөп кесип (шашпасаңыз узунурак болгондой кесүүнүн жолун табасыз), майке сымал кийип аласыз. Баштыктын алдына футболка кийип, сыртынан канча керек болсо, ошончо кийим кийсеңиз болот. Таштанды чыгарган баштыкты да көлөмүңүзгө жараша кесип-бычып кийип алсаңыз болот. Мындай баштыктын, бери дегенде, эки пайдасы бар – биринчиден өпкөңүз шамалдап калбайт, экинчиден катуу тердеп ыракат алып, ашыкча салмактан да кутуласыз. Баса, термобелье экинчи тери сымал кийилет.

Күн ичинде жүгүрүү убактысын ден-соолугуңуз жана иш күнүңүзгө жараша тандайсыз. Мен көбүнчөсүн түшкө чейин жүгүрөм. Шаардын абасы кир жерлеринде жашасаңыз, эртең мененки жетиге чейин жүгүрүп алсаңыз жакшы болот. Ботсадга окшогон машине жолдору менен жер тамдардан алысырак аймактарда жашагандарга, күндүн каалаган убагында жүгүрүүгө мүмкүн.

Көп киши кар же жаан жааса, шамал болуп калса жүгүрбөй коёт. Бирок дал ушундай күндөрү жүгүрүү өтө маанилүү. Эшке чыгып жүгүрүп баштаганда гана кишинин организми бардык нерсеге тез эле көнүп кетерин байкайсыз. Мындай күндөрдүн өзгөчө жыттары бар. Кар жааган күндүн эртесиндеги жаңы жуулган табияттын жыты, жаандан кийинки күзгү жалбарактардын аңкыганы, кар жана жаан, шамал учурлары, ар бири өз-өзүнчө, башкача сезимдерди тартуулайт. Кыштын чилдесинде мурунуңуздагы муз үч мүнөттөн кийин ээрип кеткени өзүнчө бир керемет. Бир аз суу болуп, бир аз үшүп калышыңыз мүмкүн, бирок бонустары сөз жеткис. “Баары бир жүгүрдүм, эркимди колдонуп, дагы бир тоскоолду жыктым” деген сезим эң сонун да.

Жер тамыңыз болсо короону, батирде бөлмөнү тегеренип жүгүрсөңүз болот. Жалаң аяк буттун алдына жумшак бир нерсе жая салып, ордуңузда жүгүрсөңүз, эшке чыгып жүгүргөдөн да катуу көл-шал болуп тердейсиз. Кайсыл жерде болбосун жарым сааттык жеңил желип жүгүрүү (ЖЖЖ) бөйрөк жана өттөгү кум, ар бир клеткада уюп баштаган ашыкча нерсенин баарын организмден сыртка чыгарат. Үйдө же короодо жүгүргөндө телефонуңузду кол жеткенчелик жерге коюп, будильник менен жарым саатты үчкө бөлсөңүз, жүгүрүү бир топ эле жеңил болот.

Башында ылдыйды карай жүгүрүү да оор. Ошондуктан бир мүнөт жүгүрүп, төрт мүнөт жай басып демиңизди калыбына келтиресиз. Алты жолу ошентсеңиз, алгачкы күнкү жарым саат бүтөт. Кийинки күндөрү жүгүрүүнү көбөйтүп, жай басууну азайтып кете бересиз. Акыры жарым саат токтобой жүгүрүп каласыз. Андан кийин белгилүү бир аралыктарды тез жүгүрүп баштасаңыз болот.

Бир жылча жүгүргөндө салмактын кетүүсү токтойт (меники 100дөн 87ге төмөндөдү). Ошондо канча көлөмдөгү кандай тамак ашыкча болуп жатканын даана сезип билесиз. Калганы эркиңизге калат. Же нормалдуу салмакка чейин аракет кыласыз, же ушул салмак менен жүгүрүүнү улантасыз.

Телефонсуз, пикирди ирээттеп, жеке өзүнө же үй-бүлөгө тиешелүү пландарды, окуган китеп же көргөн тасманын пайдалуу жактарын ойлонуп жүгүрүү жакшы экен. Бир чети “жол кыскарып” жеңил болот, экинчиден күн тартибин же бир көйгөйдү иреттеп алууга мүмкүндүк болот экен. Ойду оорураак нерселерге багыттап, башкара билүү жөндөмү да пайда болчудай.

Физикалык ден-соолукка тиешелүү жүгүрүүнүн пайдасы тууралуу, быйыл корона-вируска чалдыкканымда, эң оор күнү эртең менен жүгүрүп келгенимди айтканым жетиштүү го деп ойлойм.

Киши жүгүрүшү керек. Жүгүрүү – бул алдыны карай ыкчам жүргөн кишинин жыгылуудан активдүү сактануусу десек да болот. Капталга же арканы көздөй жүгүрө албайсыз. Алдыны карай баскандан көрө ЖЖЖ пайдалурак. Кыргыз эли Союздун мемиреткен карынынан чыкканда, кайда болсо да алдыны карай жүгүрүү менен азаптан кутулду десек да болот.

Related posts

Нуржигит Кадырбеков:”Самурай кылычын дайыма курч кармайт”

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Жоопсуз аталар жоругу

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Дүйнөнү (тымызын?) башкарам дегендер

Эсен Ырыскелди
3 года ago
Exit mobile version