4 января 2016 г. 12:51 2395
Марага чуркаган бууданга алды жагын гана көрсүн деп баш кийим кийгизип коюшат. Алагды болсо чуркай албайт да. Туш тарапты карап алаксыбай, максатты так коюп умтулган адамды эртедир-кечтир ийгилик күтөт деп ишенем
– Сиз Жапонияда болгонсуз жана азыр да башка улуттун адамдары менен жолугуп турасыз. Ыйман түшүнүгү боюнча кыргыздар башка элдерден эмнеси менен айырмаланат? Ыйман жана ыймандуулук жаатында башка элдерден алчу жана бере алчу эмнелерибиз бар?
– Ыйман – бул кыргызбы, түркпү, араппы, малайбы же өзбекпи, бардыгы бирдей түшүнгөн ыйык түшүнүк. Жараткандын бардыгына жана бирдигине, Анын китептерине, пайгамбарларына, акыретке, периштелерге, тагдырга ишенүү – бул ыйман да, туурабы? Бирок, буларга ишенсем эле ыйманым укмуш болот десек жаңылышабыз. Ыймандын нуру, шарапаты жүргөн-турганыбызда, кылган-эткендерибизде бекер чагылып турбаса керек. Кыргыздар тегин жерден адептүү, жакшы кулк-мүнөздүү адамды ыймандуу, ыйманы ысык дешкен эмес. Кызыгы, ыйман түшүнүгү жок туруп, адеби, тарбиясы укмуш элдер бар. Жапондор ошолордон. Ыймандан кабары болбосо да сабырдуулугу, убакытка тактыгы, ишке берилгендиги, аманатка бекемдиги жана чынчылдыгы менен таң калтырат. Бирок, кыргыздардай айкөл, кечиримдүү эл башка эч жерде болбосо керек.
– Жаңы жыл башка майрамдардан айырмаланып, бардык улуттарды бириктирген майрам болчу. Бирок бүгүнкү күнү бул майрам тууралуу ар кандай пикирлер айтылып, бөлүнүп жарылуулар пайда боло баштады. Бул тууралуу сиздин пикириңиз кандай?
– Менимче, мурдагы СССРде бул улуттарды бириктирген майрам эле. Ар бир айылдык мектепте жаңы жылдык балатынын алдында 15 республиканын улуттук бийлери бийленчү. Көрсө, бул майрам – советтик идеологиялык машинанын зарыл тетиги болгон экен. Ошон үчүн дүңгүрөтүп өткөрчүбүз. Бирок АКШда, Жапонияда жаңы жыл ың-жыңсыз эле өтүп кетет. Ал жакта да мурдагы СССРден баргандар майрамдашат. Кыскасы, СССР ураганы менен ал берген тарбиянын эпкини дагы көпкө жетет көрүнөт. Жаңы жылды майрамдоо же майрамдабоо ар кимдин өз иши. Болгону, жаңы жыл десе эле шампан ичүүнү, табигаттын көркү болгон арча-карагайды кыюуну түшүнгөн деңгээлден өтсөк жакшы болмок. Ден-соолук менен табиятка зулумдук кылып да майрамдачу беле? Миллиондогон акчалар бир түндө асманга кытайдын оюнчук от дүрмөтү менен кошо атылып кеткени да жакпайт. Кайырчыдан он сом аягандар болгону беш-он жолу атылчу дүрмөттөн миңдеген сомун аябайт. Жеке мен үчүн 1-январь Кудай берген 365 күндүн бири гана. Демейдегидей эле эрте жатып, эрте туруп, таза абада басам, буюрса.
– Жаш экениңизге карабай чоң-чоң жетишкендиктериңиз бар. Азыркы жаштарга кыска убакта чоң натыйжага жетүү боюнча кандай сунуштарды берет элеңиз?
– Жаш деле эмесмин. Пушкин менен Алыкулдан улуумун (күлүп). Бирок, алардын адамзатка мурас кылган адабий казынасы өзүнчө эле бүтпөс кенч. Айтматов менин курагымда дүйнөгө таанылып калган экен. Жусуп Абдракманов менен Исхак Раззаков жыйырма-отуздарында мекендин жүгүн аркалаптыр. Алар деле биздей адамдар. Болгону, азыр биз фейсбукта, же одноклассникте отуруп ысырап кылган убакытты алар максаттуу, пайдалуу ишке жумшаган. «Жаштын тилегин берет» дейт. Жаштар убакытка береке тилеп, дуба кылсын демекмин. Марага чуркаган бууданга алды жагын гана көрсүн деп баш кийим кийгизип коюшат. Алагды болсо чуркай албайт да. Туш тарапты карап алаксыбай, максатты так коюп умтулган адамды эртедир-кечтир ийгилик күтөт деп ишенем. Болгону, максат туура коюлушу абзел. Мисалы, бай-бий болоюн эле дегенден, бай болуп кедейлерге жардам берейин, же бий болуп мекенге кызмат кылайын деген ниет асман-жердей айырмаланат да, туурабы? Кадимки коңуздан деле тарбия алса болот. Кайра-кайра кулаганына карабай, көгөрүп жатып акыры даракка чыкканын көп эле байкаган чыгарсыз. Анан, ийгиликке тез жана жеңил жетем деген адам да терең жаңылат.
– Максатка жетүү темасында жаштарга семинар бергениңизди угуп жүрөбүз. Сиздин максат «Ыйман» фондуна окшогон жерде иштөө беле? Же бул ишиңиз мурун койгон максатыңызга анча дал келбейби?
– «Ыйман» фондунда иштейм деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Мага сунушташты, баш тартканым жок. Суранып барбай, өзү оң келген иште Кудайдын жардамы болот деген улуу накыл бар го. Ушул фонддо иштегениме, Ал себеп болуп аздыр-көптүр жакшы саамалыктарды баштаганыбызга чексиз шүгүр келтирем. Кайда иштесем да, нанымды актап жесем, эл-жерге, ыйманга, адамзатка кызмат кылсам, пайдам тийсе, тапканым адал болсо, Жаратканга жаксам деп тилейм. Семинар бериш кыйын деле эмес. Семинарда айткандарың менен кылгандарыңдын дал келгени маанилүү. Максатым – жакшы адам болуу. Самурайлар тынчтыкта деле кылычын дайыма курчутуп турушкан. Жоо келгенде чапсаң, кеспей атса балээ да. Анын сыңарындай, ыйманды, адамдык сапаттарды күн сайын «курчутуп» туруу керек. Беш убак намаз окуунун парз экени ушуну айтып турбайбы.
– Жаштар окууну бүткөндөн кийин жеке ишкердикке, коомдук же мамлекеттик ишке киргенге мажбур. Сиз жаштарга кайсыл багытка бет алуусун сунуштайт элеңиз?
– Ар ким көңүлү тарткан, сүйгөн иши менен алек болсун. Албетте, бирөөгө зыяны тийбеген, тапкан кирешеси адал, пайдалуу иш болсун. Ар бир адамдын Кудай берген өзгөчө жөндөмү, таланты болот. Ошону таап, байкап, бапестеп өстүрүү маанилүү. Томас Эдисонду жөндөмсүз, шыксыз, акылы кем деп мектептен чыгарып коюшкан. Анын генийлик көрөңгөсүн байкашкан эмес. Азыр Эдисонду мектептен айдагандардан тарыхта ким калды? Эдисон болсо улуу илимпоз, ишкер жана менеджер катары аты өчпөй келет.
– Буга чейин «Жапон кереметинин сырлары» жана «Ант» адабий чыгармаларын жаздыңыз эле. Келечекте дагы кандай чыгарма жаратайын деген пландарыңыз бар?
– «Юконун сүйүүсү» деген повестимди аягына чыгарып алсам жакшы болмок. Михиро аттуу Жапон кызынын тагдыры аркылуу жапон коомундагы маселелерди чагылдырсам дегем. Биз кыргыз жергесинин берекесин, кутун биле бербейбиз. Көк тиреген үйлөрүн көрүп эле Чыгыш, Батыштын өнүккөн мамлекеттерине кеткиси келгендер көп. Ичинен байкаган кишиге ал жакта абдан курч көйгөйлөр толтура. Биздикиндей берекелүү, бейкапар жашоо түшүңө да кирбейт. Анан мотивациялык багыттагы китептерди жазсам деген тилегим бар.
– Анча-мынча өзүңүз тууралуу да айта кетсеңиз. Бир күнүңүздү кантип өткөрөсүз? Спорттун кайсыл түрү менен машыгасыз?
– Күндү тосуп алам. Уктап калып, күн мени тосуп албаса экен деп тилейм. Эртең менен мечитке барууда чексиз береке бар. Жымжырт, таза абада сейилдөө жана Жаратканга сыйынуу жашоого эбегейсиз эпкин тартуулайт. Бала-бакыра ойгоно электе китеп окуп, бирдеме жазып аласың. Ишиң арбыйт. Үйдөн жакшы маанай менен чыгып, кечинде жакшы маанайда кайтсам деп тилейм. Жумасына үч жолу карате клубуна барам. Кээде жумушка маршрутка менен келем. Чындыктан алыстабай жашоо үчүн эл-журт менен аралашып туруу өтө маанилүү.
– Элибизге Жаңы Жылдык каалоо-тилектериңиз.
Пейилдер жайкы күндөй жылуу болсун,
Жүрөктө ыйман, адеп нуру болсун.
Эң башкы сулуулук бул – ден соолук дейт,
Тилегим – ар бир инсан сулуу болсун.
Адам бололу.
Муфтият менен биргеликте иш-чара
Эсен Ырыскелди