Германиянын Советтер Союзуна кол салуусунан тартып экинчи дүйнөлүк согуштун активдуу фазасы башталган. Учурда Орусия жетекчилиги колдоном деп коркутуп аткан өзөктүк бомбалар жапондордун Хиросима жана Нагасаки шааларында жардырылган. Үрөйдү учурган өзөктүк бомба адамзаттын тарыхында биринчи жана (азырынча) акыркы жолу ошондо колдонулган. 2-дүйнөлүк согуштун биз үчүн белгисиз бойдон турган элестеринен

1941-жылы Улуу Британия Түштүк жана Түштүк-Чыгышта кеңири колониялары бар импердик дөөлөт болгон. Ошол жылдын декабрында Жапония Гонконг, Мазайзия, Сингапур жана Бирмадагы британ аймактарына басып кирген.

Малаяны (Малайзиянын) басып алуу

Жапон аскрлери Малаяга 1941-жылдын 8-декабрында кол салган. Алардын башында генерал Ямасита турган. Анын чабуулу Малаянын британ, индус жана австралиялыктардан турган согушкерлеринин үрөйүн учуруп, коргоно албас абалга алып келген.

Японские войска ликвидируют очаги сопротивления на улицах малайского города Куала-Лумпур, январь 1942 года.
Жапон аскерлери Малаянын борбор шаары Куала-Лумпурдагы айрым коргонуу очкторун жок кылып жатат. 1942-жылдын январь айы.

Сингапурдагы багынуу

1942-февралында жапон куралдуу күчтөрү Малаяны толук алып бүткөн. Андан кийин алар Малак жарым аралынын түштүк учунда жайгашкан стратегиялык мааниси чоң Сингапур аралына карата кайра чабуулга өткөн. 1942-жылдын 15-февралында Сингапурдагы британ аскерлери жапондорго багынып берген. Бул желекти башка офицерлер менен бирге багынып берип жаткан кезде, британ бригада генералы Томас Ньюбиггинг көтөрүп барган. Ал кездеги британ премьер-министри Уинстон Черчилль бул капитуляцияны “британ тарыхынын эң оор катастрофасы” деп баалаган.

флаг, древко Флаг Союза в овсянке.  Флаг в целом находится в плохом состоянии и готов только на восемьдесят процентов.  Металлический столб состоит из двух частей, которые свинчиваются и окрашиваются золотой краской.
Томас Ньюбиггинг көтөргөн желек

Бирмадан качуу

Жапониянын Бирмага кол салуусу индус жана британдардын өлкөдөн коопсуз Индияга качуусуна түрткү болгон. Колунда барлар аба жана суу менен качса, жүз миңдеген качкын Бирма менен Индиянын ортосундагы тоолор аркылуу жөө-жалаңдап качууга мажбур болгон. Бул оор сапарда миңдеген киши оору, ачкалыктан жана дайралардан агып өлгөн.

Отступление в Индию: бирманские беженцы бегут по Пром-роуд в Индию, январь 1942 года.

Пром-роуд жолу менен Рангун шаарынан качып бара жаткан индустар. !942-жыл, январь.

«Өлүм темир жолу»

Сингапур багынганда британ аскердик кошуундун миңдеген аскерлери жапондордун колуна түшкөн. Аларга карата зомбулуп кылынып, ачка-ток кара жумушка салынышкан. 1942-жылдан тартып туткун аскерлерди Бирма-Таилан темир жолун салууга кубалап барышкан. Ал, жол колго тушкөн аскерлер менен жумушчулар көп өлгөндүктөн, “Өлүм темир жолу” атаккан. Бул алтын казыкта “1943-жыл 25-октябрь Сева 18” деп, темир жол ошол кездеги жапон императору Сева Хирохитонун өкүмдарлыгынын он сегизинчи жылы аяктаганы ишатат кылынып турат.

Памятный гвоздь периода Второй мировой войны, использованный для соединения двух концов железной дороги Бирма-Сиам возле перевала Трех пагод на японской церемонии в ознаменование ее завершения, октябрь 1943 года.

Бирма-Таиланд темир жолу аяктагандагы алтын казык

Тропикалык оорулардан өлүү

Жапондор менен согушкан британ кошуундары буга чейин билип көрбөгөн тропикалык ооруларга чалдыккан. 1943-жылы жарадар болуп согуштан чыгарылган ар бир аскерге 120 тропикалык ооруга чалдыккан согушкер туура келген. Алардын көбү малярия менен оорушкан, андан башка оорулар болсо ич өткөктөн сырткары тери кеселдери жана бөртмө келте менен коштолгон. Бул эскертме плакатты график-сүрөтчү Эштон, Цейлондогу (Шри-Ланка) Падышалык аба куралдуу күчтөрү үчүн тарткан. Ал британ аскерлерине колго тийген нерсени эле дары катары колдоно берүүгө болбойт экенин эскертип турат.

изображение ног сидящего солдата.  Он поставил бутылку пива на землю между ног.  Комары летают вокруг его ног.  текст: ПИВО ЭШТОН НЕ ЗАЩИТИТ ОТ МАЛЯРИИ.
Эштондун плакаты, 1943-жыл.

Индияга кол салуу

1944-жылы жазында Жапония Индияга бастырып кирген. Чабуулдун максаты британдардын Бирмага кайтып келүүсүн алдын алуу үчүн согуштук гарнизону бар Импхал шаарын каратуу эле. Импхалды Димапурдагы камсыздоо базасынан ажыратуу үчүн жапон аскерлери Кохима аттуу чакан айылга чабуул кылышкан. Ал жерде айбыгышкан салгылашуу болгон.

Бул жез сурнай Падышалык Батыш Суррей полкунун 22 жаштагы капитаны Жон Смитке таандык. Ал сурнайды Кохимадагы салгылашууда аскерлерди багыттоо үчүн колдонгон. Смит 1944-жылдын 7-майында курман болгон. Анын сөөгү кайда жашырылганы билинбей калган, ошондуктан аты Рангундагы Мемориалга жазылган.

Охотничий рожок, связанный со службой во время Второй мировой войны капитана Дж. Л. Смита, 1-го батальона Королевского королевского полка.  Рог использовался капитаном Смитом, чтобы сплотить свою роту, сражаясь с японскими войсками в Бирме.  Капитан Смит погиб в бою 7 мая 1944 года в Джейл-Хилл, Кохима, Бирма.

Капитан Жон Смиттин жез сурнайы

Бирмадагы согуш

Бирмадагы согушка Британ империясынын бардык аймактарынын аскерлери катышкан. Мында эки согуш кошуунунун эн белгилери берилген. Биринчиси 81-түштүкафрикалык дивизияныкы. Анда батышафрикалык уламыштарынын каарманы Анансе жөргөмүчү тартылган. Бул дивизия Британиянын Нигерия, Сьерра-Леоне жана Гамбия сыяктуу колонияларынан чогултулган. Ал, көбүнчөсүн, 1944-45-жылдары Бирманын Аракан тарабындагы мухит жээктерин бойлоп согушкан.

Экинчиси болсо Индиялык дивизиянын “Кара мышык” эн белгиси. Бул кошуун Непалдын гуркхтарынан, Индия менен Пенжабдын түндүк-батыш тарабынын жана Англиянын түндүгүнүн жарандарынан куралган. Алар бирма компаниясы башталгандан тартып аягына чейин согушкан.

слева: эмблема черного паука, напечатанная на желтом прямоугольном пятне с тканевой подложкой (высота 2,2 дюйма x ширина 2 дюйма).  У этого примера есть белая металлическая кнопка на обратной стороне каждого из его углов.  справа: прямоугольная нашивка из ткани цвета хаки (В 53 мм x Ш 50 мм) с черной печатной эмблемой кошки «гардант».

Хиросима

1944-жылдын жайынан тартып, Тынч мухитинин багындырылган аралдарында жайгашкан америкалык оор авиация, жапон шаарларын бомбалоого өткөн. 1945 жылынын жайына чейин мындай бомбалоо Жапониянын ири шаарларынын көп бөлүгүн талкалап, өлкөнү оор жоготууларга учураткан.

1945-жылы жапондордун Хиросима шаарына “Бөбөк” аттуу өзөктүк бомба ташталган. Бомбанын жарылуу толкуну, өрт жана радиациядан 100 миңден ашык киши набыт болгон. Бул айнек бөтөлкө Хиросимада табылган. Ал атом бомбасынын таасиринен ушундай абалга келген.

Стеклянная бутылка, искаженная последствиями атомного взрыва.

Багынуу

Хиросимадан кийин Нагасакиге да өзөктүк бомба ташталган соң, жапон өкмөтү капитуляцияны талкуулап баштаган. Америкалык авиация жапон шаарларын каалаганындай талкалоого өткөн. Советтер Союзу жапондор колго алган Манчжурияга кирип, жапондорго таандык аралдар да кол салуу коркунучу алдында калган. 15-августта император Хирохито Жапониянын капитуляциясын жар салган.

1945-жылдын 2-сентябрында Токио булуңунда якорун таштаган америкалык кемеде багынуу актына кол коюлган. Андан кийин жапондар багынтып алган аймактардын баарында капитуляция жар салынган.

Бул калемди согуштук кошуун бирикмесинин улуу башкы командачысы лорд Луис Маунтбэттен Жапониянын капитуляциясына кол коюу үчүн 1945-жылдын 12-сентябрында Сингапурда колдонгон.

2 перьевая ручка с подносом, зеленый вулканит.  Одна из ручек, которыми лорд Луи Маунтбеттен подписал статьи о безоговорочной капитуляции японцев в Сингапуре 12 сентября 1945 года.

Саресеп