Адатта мечиттердин оозуна барсаң, айрыкча жума күндөрү, сыртында жапжаш балдар, келин-кыздар, майыптар кайыр сурап турган болот. Бирок эч бир момун-мусулман алардын тагдырын, келечегин ойлобойт. Болбосо ошолор башкаларга эмес, так ушул бизге келишти. Ак үйдүн оозуна барышкан жок, чиркөөнүн алдына барышкан жок. Же акимиятка, мэрияга да барышкан жок. Так ушул момундарга келди. Эми ошол жаш балдар эмне болот? Кандай киши болуп чоңойот? Кыштан кантип чыгышат? Эмне жешет, эмне ичишет?

Жума күнү мечиттерге миңдеп-миңдеп чууруп кирип, чууруп чыгып жатабыз. Баарыбыз алардын абалын көрдүк. Жараткан Алла аларды бизге көргөздү. Мэрлерге эмес, депуттарга эмес, баптисттерге эмес, так ушул бизге көргөздү. Демек, Алланын бир эсеби бар окшобойбу. Демек эртең акыретте бизден сурайт тура. Көрбөсөк, билбесек бир жөн. Билбей калдык деп кутулмакпыз. Бирок биз көрдүк. Жаш балдар чуркурап ар бир кишиге кол сунуп турат. Энелер, эжелер суукту суук дебей, ысыкты ысык дебей кол сунуп отурат. Майыптар отурат. Калп майыппы, чын майыппы, калп муктажбы, чын муктажбы, билбейм, бирок отурушат. Демек аларды көрдүк биз. Калп муктаж болсо анысын билип, чын муктаж болсо анысын билип, жардам берүү мойнубузга кандайдыр бир даражада илинип калды. Ушуну кантебиз, боордоштор?

Ошол эле маалда ичкериде жумасына жети күн (жума күнкү бир сааттан сырткары), жылына 365 күн такыр колдонулбаган эбегейсиз байлык бош турат. Эң кымбат килемдер, эң кымбат курулуш материалдары, эң кымбат люстралар, эң кымбат жасалгалар… Эч кимге пайдасы тийбеген каражаттар турат. Аларга көз салыш керек, аларды жууп-тазалаш керек, аларды камсыздаш керек. Кышында ичин жылытыш керек, жайында суутуш керек. Суу керек, свет керек, көмүр керек. Тазалыкчы керек, кароолчу керек… Колдонулбаган байлыктар багылып жатат. Багып атабыз аларды. Чаң жугузбай, кор кылбай багып атабыз. Демек, мунун баары акча. Саат сайын толтура байлык кетип жатат. Сыртта болсо кайырчылар, боордошторубуз турат. Баптисттерге барбаган, христиандарга барбаган, ак үйгө барбаган, көк үйгө барбаган биздин садык, кыйбас кайырчыларыбыз, муктаж боордошторубуз отурат. Балким, мечиттер кыйрап калбаганынын себептери мечитке кирип кеткен биз эмес, сыртта калган ошолор болуп жүрбөсүн…

Эми ушул эки карама-каршылыкты кандайдыр бир жолун таап бири-бирине байланыштырууга болобу? Бүгүн мен ушул тууралуу кеп кылгым келет.

Мен аалым да, улама да эмесмин. Бирок, ысырапкорчулукту, кайдыгерликти жана кашайган эскичиликти Жараткан жакшы көрбөсүн эң жакшы билем. Пайгамбарыбыздын убагында, өзгөчө Худайбия келишиминен кийин араб жергесине орногон тынччылыктын мезгилинде, Мадинага ар тараптан уруулардын, элдердин өкүлдөрү топ-топ болуп келе баштаган. Ошондо ал топторду тосуп алып, коноктоп, узатуу үчүн Пайгамбарыбыздын мечитинин короосуна чатырлар тигилчү экен. Келгендер ошол чатырларда түнөп, тамактанып жашашчу дейт. Ал тургай кээ бир учурларда өздөрүнө таандык оюн-зоокторун да өткөрүшүптүр жана Пайгамбарыбыз аларга каршы болгон эмес. Алардын жүрөгүн жибитүү үчүн эч кимге катуу айттырган эмес.

Эми ал кезде заман башка болчу. Азыркыдай заңгыраган мечиттер да болгон эмес. Азыр канча бир гектар аянтты ээлеп турган Пайгамбарыбыздын мечити да ал убакта кичинекей эле жерде болуп, төрт тарабы жөнөкөй кирпич менен курчалган, бир капталы гана үстү бастырма болуп курманын бутактары, жалбырактары менен жабылган жай эле. Мындай айтканда, эң эле жөнөкөй имарат болчу.

Баса, ошол кезде аны азыркыдай болбосо да, ошол кездин эң жакшы имараты кылып коюуга шарт болгон эмес дейсиздерби? Менимче, андай шарттар да болгон. Таиф казатына 600 төөнү үстүндөгү жүгү менен берген, килейген курма багын садага кылам деген сахабалар Пайгамбарыбыз чакырык салса бул мечитти эң көркөм абалга келтирип коюшмак. Бирок, негедир Пайгамбарыбыз мечиттерди кооздогонго анча маани бербеген сыяктуу. Ал анын ордуна жетим-жесирге, кары-картаңдарга, кул-кутандарга жана улуу диндин бактысын тата элек кишилерге көбүрөөк маани берген. Хунайн казатынан кийин бир кокту толо байлыкты бир кишинин жүрөгүн жибитиш үчүн тартуу кылган Пайгамбарыбыз, эгер кааласа ошол малдын баарын мечиттерди гүлдөтүүгө коротуп коймок. Бирок, Пайгамбарыбыз мечиттер үчүн баланча байлыкты, баланча малды коротту дегенди укканым жок.

Айтмакчы, ошол эле Пайгамбарыбыз жубайлары менен мечиттин короосуна жанаша салынган үжүрөлөрдө (бир бөлмөлүү үйлөр) жашаган. Ошол эле мечиттерде асхабы-суффа деп аталган сахабалар жашаган. Мындай айтканда, ал убакта мечиттер бош турган эмес.

А бүгүн миллиондогон акчалар кеткен мечиттер бош турат. Сыртында бей-бечаралар, карыптар, жетимдер кайыр сурап жүрөт…

Жетим-жесирди кой, мечиттердин өздөрү карып болуп, имамдары светке, сууга акча сурап турганын көрөсүң. Албетте, ошончо заңгыраган имаратты жылуулаганга, жарык кылганга, ошончо келип-кеткен кишини суу менен камсыз кылганга оңой акча коробойт. Аны бирөөлөр же өз эрки менен жасап берет, же садагадан, зекеттен түшкөн акчага жасалат. Садага-зекеттин акчасы сыртта турган муктаждарды жылытканга, тойгузганга эмес, заңгырата салынган мечиттин өлүү буюмдарын тейлегенге кетет. Демек мечиттерибиз бей-бечаранын акысын жеп жатат десек болобу?

Кудай сактасын, мечит Алланын үйү. Бирок, Алла биздин кымбат килемдерге, жалтыр-жултур люстраларга, кызыл-тазыл бойокторго муктажбы? Жумасына бир гана саат колдонулган, калган убакта аңгырап бош турган имаратка Алла муктажбы? Эгер Жараткан ошону жакшы көргөндө, сахабалар Арабияны толугу менен мечит кылып таштамак. Бирок, алар бир да мечит салган эмес. Уккан эмесмин. Салса салгандыр кайсы бир алыскы аймактарга, салса салгандыр кандайдыр бир намазкана. Бирок, алары да даңаза болуп, сабак болуп айтылбайт. Себеби, ал муктаждык үчүн гана салына калган чакан үжүрөлөр болгон. Күнүнө беш маал киши үзүлбөгөн жайлар болгон. Күүлдөп сабактар өтүп турган, кай бирде сырттан киргенде кишилер менен периштелерден бут басарга орун калбаган ыйык жерлер болгон. Бирок, аларда да кымбат килемдер, кымбат асма шамдар болгон эмес.

Кыскасы, бүгүнкү мечиттер ысырап болуп турат. Ушуну айткым келет. Ошол эле маалда бир сунуш кошумчалагым келет.

Бүгүнкү күнү коворкинг борборлор көбөйүп келатат. Заманыбыздын талабы да ушул болууда. Мурункудай заводго, же фабрикага, же жок эле дегенде бир кеңсеге барып алып иштөө деген түшүнүк жоюлуп баратат. Иштейм деген кишилерге ыңгайлуу жай, электр булагы анан бир стол, отургуч болсо болду. Ноутбугун көтөрүп барып иштеп, кайра көтөрүп кетип калат. Азыр ошондой жайлар ачылды. Бир орунга айына 3000ден 10 000ге чейин төлөйсүң. Эртең менен барасың, бир столго отурасың да, иштеп алып кетип каласың.

Мындан келди, эмнеге мечиттерди коворкинг борбор катары колдонууга болбосун? Ичинде чогулуп намаз окуп турганга, жергиликтүү жамаат келип намаз окуганга ылайыктуу чакан зал гана бош турсун. Болду. Калган бөлмөлөр, аянттар коворкинг борбору катары колдонулсун. Жума күндөрү, айт күндөрү иштебей эле койсун алар. Жума күндөрү, жумасына бир күн иштешпесин. Эртең менентен тартып орундар жыйналып, килемдер салынып, түштө жумага даяр болуп калсын. Кайра жумадан кийин килемдер жыйналып, стол-стулдар орду-ордуна жайгаштырылсын. Болду, эртеси күндөн баштап ижарага орун алгандар иштей берет. Ошондо алар балким намаз окуп калышаар. Же намаз окугандары беш маал жамаат менен намаз окуур. Балким, мечиттин ичинен конференция залы сыяктуу бир жерди даядап, ошол жерде ыйман сабактары өтүп турар. Аалымдарыбыз, уламаларыбыз келип таасирдүү баяндарды өтөөр. Жанагы мусулманмын, бирок беш маал намазды тургуза албай жүрөм дегендердин ыйманы бекемделер. Мындай жайга эптеп аларды жакындатып алып, анан алар менен көп тажатпай, үркүтпөй, коркутпай жакындашсак болбойбу? Айрыкча азыр Орусиядан келген програмисттер көп болуп жатат. Алар көбүнчө ушундай бир орундук коворкинг борборлордо иштешет. Себеби, аларга жылуу-жумшак жай менен стол-стул болсо болду. Балким алар ушул жол аркылуу мечиттер менен таанышып, дин Исламга жүрөгү жибип калат беле? Азыркы жаштар да бир башкача. Алар насаат айткан кишини уккусу келбейт, алар керек болсо тамака да кызыкпайт. Демек аларды кызыктырган нерселер бар. Демек аларга ошол аркылуу жетсек болот…

Керек болсо мындай жайга ылайыктуу мечиттердин баары сүйлөшүп алып тармакташып иштесин. Ал тармакка абонент болгон киши каалаган районундагы мечитке кирип иштей алгыдай болсун. Мен мисалы Туңгучка барсам Туңгучтагы мечитте иштей берейин, Жалга келсем жалдагы мечитте иштей берейин. Ал тургай жайында көлгө барсам да нотбугумду ала барып, бир мечитине кирип отура бергидей болоюн. Айына, мисалы, 5000-10 000 сом төлөп коюп, кайсы район мага ыңгайлуу болсо, ошол райондогу мечитте иштейин. Намазымды жамаат менен окуюн, дааратымды алайын. Мечиттин короосундагы чайканадан тамактанайын. Бош маалымда устаздардын сабагын угайын, бош маалымда ибадат кылайын. Менин кайсы бир борборго төлөп жаткан акчам мечиттин светин, суусун жапсын. Андан ашса сырттагы кайыр сурап тургандардын чөнтөгүнө түшсүн.

Болбойбу? Шарияттын кайсы өкүмү тосот мындан?

Аялдар үчүн өзүнчө эшик болсун, өзүнчө отурган бөлмөлөр болсун. Алар да мечиттерге келип турушсун. Мусулман эместерге шарттар түшүндүрүлсүн. Арам нерселерди киргизбе дейли, арам иштерди кылба дейли. Арамдын деле чеги аз го.

Баса, коворкинг борборунан сырткары, мечиттерди китепкана кылса болот. Бир бөлмөсү жалаң китептер менен толсун. Бош убакта эл кирип китеп окусун. Китеп сатылсын. Китепчилер ижара акысын берип иштетишсин. Сыртта кайсы бир байдын чөнтөгүнө ижара бергиче, мечиттин светине, суусуна кетсин акчасы. Эл каттасын мечитке, жандансын мечиттер. Ысырап болбосун.

Керек болсо бир капталы дайыма ачык турсун. Ичинде керебеттер болсун. Түндө түнөк таппагандар келип акысын төлөп жатып алышсын. Шайтан аралаган бузуку жерге баргыча, мечитте болуп, багымдатын окуп, куптанын окуп жатып алышсын. Албетте, аял-эркек жупташпасын. Эркектер үчүн өзүнчө, аялдар үчүн өзүнчө жайлар ачылсын. Мисалы, 7-апрел мечитинин жертөлөсү бош эле турат. Чоң-чоң бөлмөлөрү бар. Анда-санда сабак болот, калган убакта бош. Түнкүсүн такыр эле бош. Көп эле мечитте үжүрөлөр бар. Бош эле турат. Анда-санда дааватчылар келип жатат. Алар жатканга болот, башкалар жатса болбойбу? Башка момундар деле жатсын. Акчасы мечиттин кем-карчына кетсин. Жакырларга кетсин. Эң негизгиси бузукулук болбосун, арам кирбесин. Ыймандуулар көбөйүп эле калдык го. Шаарга келгенде кайсы бир мейманканага баргыча, намазын окуп, жан дүйнөсүн да эс алдырып алганча мечиттин бир бурчуна түнөп калса болбойбу? Акчасы адалга кетет.

Эмнеге башкача ойлонуп көрбөйбүз? Кандай тыюулар бар буга? Ким жолтоо болот?

Босогодо кайыр сурап турган бала-чакаларды ойлойлу? Алардын келечеги кандай болот? Аларды каттап, үй-жайын карап, чын эле муктажбы, тактайлы. Айына канча сом бөлүнсө кайырчылыктан кутулат, айына канчадан бере алабыз, ушуларды эсептейли. Мечиттерден түшкөн акчалар, же мечиттерди камсыздоого кетип жаткан акчалар ошондой иштерге коротулсун. Бухгалтериясы болсун, менежери болсун. Эң негизгиси имамдары айлык алсын, азанчысы айлык алсын, кароолчусу айлык алсын. Имамдар башка жумуштарга чуркабай, имамдыгын мыктылап аткарсын. Акчадан маселеси болбосун.

Бирок канча акча түшкөнү, канча жетпей атканы, канча ашып жатканы белгилүү болсун мечиттердин. Ал жерде жүргөн молдокелерибиз деле периште эмес. Башкаларга караганда кыйла таза болушу мүмкүн, бирок баары бир периште эмес. Алардын да напси бар, аларды да шайтан азгырат. Көп акча түшсө көзү кычышат, аз акча түшсө айласы кетет. Демек, аларга да жардам берели. Акыреттеги эсебин жеңилдетели. Өзүнө бөлүнгөн айлыгын алып, ошол жерди иштетсин. Бирок бардык акчага жооп берүү милдетин аларга таштабай, системага салалы. Көзөмөлдөшөлү. Бул акчаны кайда короттуң, бул акчаны кимден алдың, эмнеге алдың, кимге бересиң деп эсептешип койолу. Чөнтөктөрүн алмаштырып албасын. Мечиттин шамын өчүрүп, өзүнүн шамын күйгүзгөн Умарлар жок азыр. «Жалпы фондго түшкөн кездемеден уулуңа чапан тигип берипсиң го», – деп халиф Умарга тайманбай кыйкырып чыккан, «Ал кездеме жалпы фонддон алынган жок. Баланча белек кылыптыр, ошонун кездемеси», – деген жоопту угуп дароо ыкласын түздөгөн жамаат да жок. Чынында бул өзүнчө кеп кылчу маселе…

Бүгүнкү айтарым, мечиттерди колдонуу. Бир айласын таап Алла жактырбаган ысыраптардан сактануу. Кимдир бирөөгө катуу тийсе кечирим сурайм. Ниетим түз, тилегим жакшы, кандайдыр бир ката кетирсем, кайсы бир арам ойлууларга жолдош болуп калсам, Жараткан Алла Өзү кечирсин.

Насыпбек Асанбаев