Жакында эле бир түрмөдө, 20дай киши сонун кылып өлкөдөгү эң башкы кылмыш дүйнөсүнүн анабашын туулган күнү менен куттуктап, анын сүрөтү бастырылган футболкелерди жаркыратып кийип түшкөн сүрөтү калың элге тараганда, аны көргөн калың эл мыйзамдуулук жөнүндө, туура-осол жөнүндө, жоопкерчилик жөнүндө кандай ойдо болот? Ошол крим чөйрө анабашын анан сот тарабынан дагы бир жолу (көптөгөн жолу болгон иш), “кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетиптир” деп кайра боштондук бергендигичи? “Бул киши анда эмне себептен, кайсы кылыгы үчүн өлкөнүн эң башкы крим-анабашы болуп таанылып жүрөт?” – деген суроолор сөзсүз келет, өтө туура суроолор булар.
Анан эле, бир демден уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө аралаштырып Олжобай Шакир агайды – жазуучу, акын, укук коргоочу активист, блоггер жана жөнөкөй активист – уюшкан турсун, эң майда мыйзамын да бузбаган кишини кошуп сүйлөө – бул, менимче, кеминде бир орунсуз аралаштырып салуу, адашкандык.
Олжобай Шакирдин маселесинде биз “эркиндикти ашкере колдонуп жатабыз” деген сыяктуу сөз өзү орунсуз. Сөз эркиндиги, эркин жыйын, эркин пикирди бөлүшүү, жана бийликтин чечимдерине эркин түрдө тынчтык жолдор менен макул болбоо – бул эң негизги, фундаменталдык жарандык укуктар, эркиндиктер! Олжобай Шакирдин 31-августта элди тынчтык митингине чакыруусунда эч кандай мыйзам бузуу жок. Эгемендик күнүндө митинг болбошу керек деген мыйзам жок, демек ал чакырык мыйзамга ылайык. Эгемендик күнүндө болгон себеби, мүмкүн, бийликтин кылган иши эгемендикке доо келтирип жатат дегенидир, ушул күнү эгемендикти коргоо үчүн чыкпаганда качан чыккан оң. Айтылган митингде ЭЧ кандай төңкөрүш кылуу, бийлик алмаштыруу, же андан берирээги жөнүндө сөз да жок. Анысы аз келгенсип, ал митинг болоор-болбосун эч ким айта албайт, ал күнгө дагы бир жума бар.
Ананчы, акыркы кезде бир нерсе болсо эле дароо ЛГБТ дегенди кошо сүйлөгөн адатты таштасак, элдин башын айлантып, сөздү тескери бурбоо үчүн. Олжобай Шакир элди Эгемендик күнү ЛГБТ болгула деп чакырып жатыппы? Жок да. Өз перзенти ошондой бала болуп чыкканына кайыл болуп, ошол тагдырын кабыл алып, ал жөнүндө ачык сүйлөп чыккан жалгыз кыргыз болсо керек. Өз балабыз андай кыйын тагдырга туш болбосо, үй-бүлөбүз андай болбосо, кудайга миң мерте шүгүр деп эле калса болбойбу, туура келсе, келбесе да ошол сөздү кечке кошуп сүйлөбөй? Менимче, болот эле, жакшы коом болобуз десек.
Бир сөздө уюшкан кылмыш тобунун бир төбөлүн (УКМКнын түздөн-түз карамагы) жөнөкөй, чымынды да жөн жерден капа кылбаган, бирок өз оюн эркин айта жүргөн жаранга (УКМКга такыр тиешеси жок) кошо сөз кылуу – кеминде орунсуз. Олжобай байкенин көп сөздөрүнө, стилине, мүмкүн мен да кошулбайм, бирок эч качан анын мыйзамсыздыкка чакырганына, же өлкө үчүн терс келчү бир нерсе көтөргөнүнө күбө боло элекмин. Сөздү көтөрө билүү, ар түркүн сөз болоорун кабыл алуу – эркин өлкөнүн жакшы бийлигинин биринчи милдети болушу керек.