Эрдогандын Түркиясына Катардан 10 млрд, Сауд Аравиясынан 5 млрд доллар келмекчи. Орусиянын президенти Владимир Путин түрк бийлигине карт-бланш берип атат. Дүйнөнүн диктаторлошуп бара жаткан автократтары бири-бирине жардамдашууга өттү. Турк оппозициясы чукул чараларды көрүүгө мажбур

Түркиянын акыркы жылдардагы бардык, айрыкча экономикалык фиаскосун “сырткы күчтөр” көрө албастыктан бут тосуп атат деген шылтоого байлаган Эрдоган, бийликте кайра калуу пландарын ошол сырткы күчтөргө сүйөнүп түзүп калды.

Ошентип түрк саясатында “Түркияны жакшы көргөн жана ага карасанатайлык кылган сырткы күчтөр” пайда болду. Албетте, көрө албагандар – бул Эрдогандын жеке бийлиги Түркияны сазга батырат деген Батыш демократиялары.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өзүнө керек учурда “тирандар” маанисинде маал-маалы менен боктогон Орусия, Катар жана Саудия сыяктуу мамлекеттердин автократ лидерлери Эрдогандын бийликте калуусу үчүн ага жардамга келе баштады.

Ошентип учурда жеке бийлик алдында эзилген мамлекеттердин лидерлери Эрдоган үчүн бир-тууган, дос жана өнөктөш болуп калды. Мисалы, Тайып Эрдоган Иранга барып, ал жактагы молдолордун башкаруусуна суктанып “бул жер менин экинчи үйүм” деп жибергени бар. Ошентип Түркиянын “улуттук лидерине” дүйнөнүн бардык автократтары “империалисттик күчтөргө” каршы жардам бере баштады.

Түркияга качууга мажбур болгон сирия жана афган 5-10 млн (канча экени так белгисиз) качкындан жана жаалданган Орусиядан чочуп турган Батыш, Эрдогандын аша чабууларына жарым сөз сын айтып коеру менен түрк ажосу көрө албас “сырткы күчтөр” деген кине менен аларды бетке урат. Мунун баарынан чочулаган Батыш демократиялары түрк оппозициясына жардам берүүгө чамасы чектелүү жана аны “шайлоодо жеңип чыкчу машина” атаккан Эрдоган менен жалгыз калтырууга мажбур.

Ал убакта өлкөлөрдүн кредиттик рейтингин өлчөгөн Fitch компаниясынын изилдөөсүндөгү үч түрдүү сценарий боюнча 2023-жылкы шайлоодо баары бир Тайып Эрдогандын жеңээри жазылган. Болгону бир сценарийде гана аябай аракет кылса, оппозициянын жеңип чыгууга бир аз ыктымалы бар экенин айткан.

Түркиянын тышкы саясаты менен машкулданган Суат Кыныклыоглу да Fitchтин божомолун кубаттаган билдирүү кылган. Кыныклыоглу дүйнө саясатында таасирдүү өлкөлөрдүн дипломаттары менен көрүшкөндө, алар Эрдогандын бийликте калаарын келечектеги реалдуулук катары кабыл алганын жана саясатын ошого катара пландаганын айтышкан.

***

Ошол эле учурда түрк бюджетинен миллиарддаган лира алган оппозициялык ЖХПнын лидери Кылычтароглунун санаалаштары Тайып Эрдоганды оппозициянын потенциалдуу үч талапкери тең (Имамоглу, Анкаранын мэри Мансур Яваш жана Кылычтароглу) оңой эле жеңип алат деген негизсиз үмүтүн кайталап киришти.

Түрк саясат таануучулары коомдук изилдөөлөргө таянып, мындай ыктымалды өткөн жайда божомолдосо болот эле, бирок исламист Эрдоган менен аны сүйөгөн ультра-улутчул Девлет Бахчелини колдогондордун саны акыркы айларда арта баштаганын айтууда. Ошондуктан оппозиция Эрдоганга каршы эң күчтүү фигураны – Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун талапкерлигин сүрөш керек дешүүдө.

Бул ыктымалдарды эсепке алган түрк оппозициясы 2023-жылкы президенттик шайлоого Эрдоганды жеңип чыга алчу, бирок өздөрү чочулап турган Стамулдун мэри Экрем Имамоглунун талапкерлигин колдоого мажбур экенин сезе баштады. Ошондон улам негизги оппозициялык партиясы ЖХПнын өнөктөшү ИЙ партиясынын башчылары ЖХПнын лидери Кемаль Кылычтароглуна президенттикке талапкерлигин койбосо жакшы болот эле деген кабар учура баштады.

Оппозициячыл ультра-улутчул ИЙ партиясынын аткаминери Али Агыроглу: “ЖХП лидери Кемаль Кылычтароглу Эрдоганды ута албайт деп чочуп турабыз. Ошондуктан талапкер дайындоодо абайлашыбыз керек”, – деди.

Агыроглуна ЖХПнын парламенттик өкүлү Энгин Алтай: “Тайып Эрдоганды оппозициянын бардык талапкери жеңе алат. Кылычтароглу аны ойноп-күлүп утат”, – деп жооп кайтарды. Агыроглу буга эгер ЖХП Кылычтароглунун талапкерлигин койсо: “Элдин үмүтүн ойноп-күлүп өчүрүшү мүмкүн”, – деди.

ЖХПны колдогон башка беш оппозициялык партия Экрем Имамоглунун популизми, харизмасы жана авторитардык дымагынан чочуласа да, Эрдоганды жеңе алчу жалгыз талапкер катары аны колдой баштады. Бирок ЖХПнын май кесип, бармагын жалаган аксакарлдары өзүнө жакын Кылычтароглуна жан тартып турат.

Ал арада түрк бийлиги Имамоглуна небак кылмыш ишин козгоп, буктурмада бугуп жатат.

Жансакта Сарбашов