Саресеп
Глобальный мир

Украиндер орустарга каршы “гибрид согушун” баштады

Бул аптанын башында Орусиянын Белгород шаарына Украина тараптан куралдуу кишилер кирип, “Орусияны Путиндин кылмыштуу режиминен куткарабыз”, – деп жар салды. Аларга Украин да Орусия чек арачылары да тоскоол боло алган жок окшойт. Ал кишилер кимдер? Мындай соккулар кийин да уланабы? – деген сыяктуу көп суроолор бар

Бул кол салган кишилер тууралуу телеберүүлөргө Кремлдин пропаганда каналдары үч күндүн ичинде жарым саатка жетпеген убакыт айырды. Мунусу менен “бизди чымын чаккандай да болгон жок” дегендей түр көрсөткөнсүдү. Бирок кол салуунун экинчи күнү Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков, элдин нааразылыгынан улам: “Менин да, селердей эле, биздин куралдуу күчтөрүбүзгө көптөгөн суроолорум бар”, – деп айтканга мажбур болду.

Анткени согуш башталып, орус аскерлери чегинип баштагандан тартып, Белгород облусунун чек араларын бекемдөөгө 10 млрд рубль чукталып, эки-үч катар коргонуу жайлары даярдалганы жар салынган. Бул тууралуу комментарий берген “Путиндин ашпозчусу” деп атаккан, “Вагнер” жеке аскердик кошуунунун кожоюну Евгений Пригожин “албетте, бул каражатты да бөлө тартып, жеп салышкан” деп, адатынча ОФтун коргоо министри Сергей Шойгуга асылды.

Бул дүйшөмбүдө Орусиялык ыктыярчы корпусу (ОЫК) жана “Орусия эркиндиги” легиону Белгород облусуна чабуул койгонун моюндашты. Аталган облустагы кагылышуулар шейшемби күнү да уланды. Орусиянын ондогон жараны жаракат алып, жүздөгөн киши же эвакуацияланган, же турак-жайын таштап, өз алдынча качкан.

Кол салуу болгондон кийин бир нече убакыт өткөн соң, Орусиянын коргоо министрлиги Белгород облусуну кол салган согуш кошундары Украинага кире качты деген. Министрликтин маалыматы боюнча, ал кишилердин 70тен ашыгы жок кылынган. Учурда бул билдирүүнүн канчалык чындык экени али белгисиз, себеби өлтүрүлгөн бир да согушкердин фото же видеосу жок.

Украинага айып таккан орус расмийлери “террорчулук” беренеси менен кылмыш ишин козгогон, бирок Киев бул согушкерлерге эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Бул окуяга тиешелүү бир нече суроого жооп издейли.

Белгород кайсыл жерде жайгашкан?

Орусиянын Белгород облусу Украинанын Луганск, Сумск жана Харьков облустары менен чектешет. Белгород менен украиндердин Харьков шаарынын ортосунда болгону 80 чакырым. Анын чегинен Москвага чейин 600 чакырым бар. Бул облус украин аймактары менен шаарларына сокку урганга активдүү колдонулуп келет.

Бирок бул аптада Белгород Орусиянын эң коргоосуз калган аймагы экени билинди. Анткени аскерлер менен техника Украинага каршы согушта колдонулгандыктан, бул аймакта саналуу аскер менен регионалдык милийса гана калган.

Андан сырткары, Белгороддо бир нече жолу өзгөчө кырдаал жаралган. Мисалы, бир жылдан бери күйүүчү май жана курал-жарак сакталган жайлар улам өрттөнүп же жарылып, тургундардын шаштысын кетирген болсо, өткөн айда орус учагы Белгородго капыстан эки бомба таштап алган.

Акыркы чабуул учурунда эмне болду?

Дүйшөмбү эртең менен Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков украиндердин “диверсиялык тобу” Грайворон районуна кирип келгенин кабарлап, абал “өтө курч” деген. Райондун тургундары соцтармактарда сиреналар айкырып, орус КППлары чабуулга учураганын жайып кирген.

Аларга удаа, кол салган Орусиялык ыктыярчы корпусу (ОЫК) жана “Орусия эркиндиги” легиону да орус КППсын талкалап, аскердик техниканы тартып алгандарын көрсөтө баштаган. Кагылышуу, эң азы, эки сутка уланып, кээ бир пабликтерде Белгород шаарынын ФСБ жана МВД имараттары да соккуга учураганы чыккан.

Шейшембиде Вашингтондо жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) орусиялык булактарынан алып, “украиндерди жактаган орус” топтору Орусиянын чек арасын танк, бронетранспортер жана башка курал менен өтүп кеткенин айткан.

Бир аздан кийин Москва бул облуста котртеррордук операция (КТО) жүргүзө баштаганын кабарлаган.

Кимдер кол салган?

Орусия кол салууга Украинаны айыптаган, бирок Киев ага такыр тиешеси жок экенин айткан. Мынчалык катуу болбосо да, Орусиянын аймагына буга чейинки кол салуулардын бирин да украин тарап, “коргонуп гана жатабыз” деп, моюндаган эмес.

Кремлдин пресс-катчысы Дмитрий Песков Белгороддогу окуялар менен Киев “Бахмуттан кол жууганынан алаксыткысы келет” деген. Владимр Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк болсо Киевдин бул топторго “эч кандай тиешеси жок, балким, бул тоталитардык башкарууга каршы партизандык кыймылы” деп божомолдогон.

Расмий каналдардын арасынан Украиндердин “Громадское” маалымат агенттиги Белгород облусуна Орусиялык ыктыярчы корпусу (ОЫК) жана “Орусия эркиндиги” легиону кол салганын билдирген. Песков буга жооп катары “Украинада этникалык орус көп, бирок алар баары бир украин согушкерлери” деген.

Кремлге каршы аттанган согушкерлер ким?

Орусиялык ыктыярчы корпусун, өткөн жылдын август айында, орусиялык жаран түптөгөн. Бул кошунга орусиялык жарандар кирип, алар украин тарапта согушуп келет. ОЫК март айында Орусиянын Брянск облусуна кол салганын да билдирген.

Дүйшөмбү күнү кечинде ОЫК өзүнө тиешелүү Телеграм-каналда Орусиянын айылынын ичинде брондолгон машина менен кетип баратканын чыгарган. Алардын бири 2015-жылы Киевди коргогону үчүн украин жарандыгы берилген орус жараны Илья Богданов болуп чыккан.

“Орусиянын эркиндиги” легиону 2022 жылы жазында “орусиялыктардын Украин куралдуу күчтөрү менен бирге Путиндин куралдуу бандасына каршы согушуу үчүн” түптөлгөн. Бул топ да Белгород облусуна кол салганын жана аты аталган облустун Козинка шаарын “толугу менен бошотуп”, эми Грайворон районунун баш калаасына жеткенин айткан. “Тереңдеп кирип баратабыз. Орусия эркин болот!”, – деп жазган алар.

Эми эмне болот?

Украина орустар жакшы көргөн “гибрид согушун” алардын өздөрүнө каршы колдоно баштады. Украиндер болсо, эки айдан бери күтүлүп жаткан, котрчабуулунун алдында Орусиянын дагы бир алсыз тарбын билип алды десек болот. Ушундан тартып украин тарапта согушуп жаткан орус жарандары да Кремлге каршы активдүү колдонулаары маалым болду.

Таалайбек Маматов

Related posts

“Элди сүйбө, жагынып, элди пайдалан”

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Приднестровский конфликт в контексте войны в Украине

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Крах газового шантажа Кремля

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version